Боикоттун шарият боюнча орду кандай?
بِسۡمِ اللّٰہِ الرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِ(Бисмиллаахир Рахмаанир Рахийм)
(Эӊ Мээримдүү (жана) Эӊ Ырайымдуу Алланын аты менен (баштайым)
Боикоттун (өз ара мамиле кылбоонун) шарият боюнча орду кандай?
- Бир жүз жыйырма төрт миң (124,000) пайгамбар, ошол пайгамбарлардын бардык халифалары, бардык пайгамбарлардын бардык сахаабаларынын арасында каапырлар менен боикот кылган (сүйлөшпөй койгон) бир дагы адам болгон эмес, анткени бардык пайгамбарлар каапырларга даават кылуу максатында келишкен эле. Эгер алар каапырлар менен сүйлөшпөсө, каапырларга каршы боикотту жарыялашса, алар менен достошпосо, каапырлар менен карым-катышта болбосо, анда даават кыла алмак эмес. Ошентип, алардын келүү максаты да текке кетмек.
- Жөөттөр Азирети Узайыр (алайхиссалаам)ды Алла тааланын уулу, Азирети Марям (алайхаассалаам)ды {نَعٌوْذٌ بِاللهِ} (Кудай сактасын) зынаакор жана уулу – Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды арам бала деп айтышат. Курани карим жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды {نَعٌوْذٌ بِاللهِ} (Кудай кечирсин) жалганчы деп айтышат. Айрым христиандар Азирети Марям (алайхаассалаам) менен Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Кудай деп билишет, кээ бир христиандар Жабрайил периштеси менен Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Кудай деп билишет, Курани карим менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды {نَعٌوْذٌ بِاللهِ} (Кудай кечирсин) жалганчы дешет. Мына ошондой каапырлар, тагыраак айтканда, жөөттөр менен христиандар жөнүндө «Аль-Мааида» сүрөөсүндө Китеп ээлери бышырган тамак силер үчүн адал жана Китеп ээлеринин абийирдүү-таза аялдарына никеленүү да силер үчүн адал деп жазылган. Мисалга, Алла таала мындай деп айтат:
اَلۡیَوۡمَ اُحِلَّ لَکُمُ الطَّیِّبٰتُ ؕ وَ طَعَامُ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ حِلٌّ لَّکُمۡ ۪ وَ طَعَامُکُمۡ حِلٌّ لَّہُمۡ ۫ وَ الۡمُحۡصَنٰتُ مِنَ الۡمُؤۡمِنٰتِ وَ الۡمُحۡصَنٰتُ مِنَ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ مِنۡ قَبۡلِکُمۡОкулушу: Ал-йау-ма у-хилла ла-кумут-таййи-баа-ту ва таъаа-мулла-зий-на уу-тул-ки-таа-ба хиллул-ла-кум ва таъааму-кум хил-лул-ла-хум вал-мух-са-наа-ту ми-нал-муʹми-наа-ти вал-мух-са-наа-ту ми-налла-зий-на уу-тул-ки-таа-ба мин каб-ли-кум. (5:6)
Бул аятта мындай деп айтылган: мурда турмушка чыгышкан яхудий жана христиан аялдар эгер абийирсиз болбосо, тескерисинче таза жана абийирдүү болсо, анда момун эркектердин аларга үйлөнүүсү жана тууганчылык алака-байланышты түзүүсү да адал болот. Кимде-ким жогорудагы аятка амал кылып, жогоруда жазылган акыйдага (ишенимге) ээ болгон яхудий же христиан аялга үйлөнсө, ачыгы, (же белгилүү болгондой), ал киши өзүнүн ошол каапыр аялынын колунан жасалган тамакты ичет, ага кир жуудурат, аны менен сүйүү-махабат алакасын түзөт, анын тууган-туушкандарына жакшы мамиле кылат жана алар (үйүнө) келишкенде, колдон келишинче аларды коноктойт. Өз жубайынын яхудий жана христиан, тагыраак айтканда, каапыр тууган-туушкандарынын кайгы-капачылык жана той-мааракелеринин учурунда алардын алдына барат, өзүнүн кайгы-капачылык жана той-мааракелеринин учурунда аларды чакырат, антпесе анын үй-бүлөлүк турмушу ачуулукка кабылып, бузулуп кетет.وَ طَعَامُ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ حِلٌّ لَّکُمۡТаъаа-мулла-зий-на уу-тул-ки-таа-ба хил-лул-ла-кум, (Китеп берилгендердин тамагы силер үчүн адал) деген сүйлөм айтып бергендей, дүйнөлүк мамилелерде мусулмандардын каапырлар менен алака-байланыштары жана достугу мыкты болушу керек, ушунчалык мыкты болушу керек: мусулмандар каапырлардын үйлөрүнө барышсын, алардын нике-тойлоруна жана конок чакырууларына катышышсын, ошондой эле каапырлар мусулмандардын үйлөрүнө барышсын, алардын нике-тойлоруна катышышсын жана конок тосууларына катышышсын. Качан мына ошондой алака-байланыштар (карым-катыштар) бар болсо, ошондо мусулмандар яхудий жана христиан каапырлардын алдына барышса жана алар чай-пай, тамак-аш ж.б. сунуш кылышса, андай жагдайда эмне кылуу керек деген суроо туулат?
Алла Таалаوَ طَعَامُ الَّذِیۡنَ اُوۡتُوا الۡکِتٰبَ حِلٌّ لَّکُمۡТаъаа-мулла-зий-на уу-тул-ки-таа-ба хил-лул-ла-кум, Китеп ээлеринин тамагы силер үчүн адал деп айткан.
Эгер мусулмандар яхудий жана христиан каапырлар менен такыр сүйлөшпөсө, алар менен дүйнөлүк мамилелер боюнча карым-катышта болушпаса, алардын үйлөрүнө барышпаса, алардын той-майрамдарына жана башка чакырууларына такыр катнашпаса, анда ушул сүйлөмдү Курани каримге түшүрүүнүн кажети деле жок болчу.
Качан мусулмандар яхудийлер, христиандар ж.б. каапырлар менен достошсо жана ошол каапырлар мусулмандардын кеңселерине жана үйлөрүнө келишсе, ошондо каапырлар келгенде, аларга чай-пай, суу-пу жана тамак-аш ж.б. сунуштоо адалбы же адал эмеспи деген суроо туулат. Буга жооп кылып, Алла Таала мындай деп айтат:وَ طَعَامُکُمۡ حِلٌّ لَّہُمۡва таъаа-му-кум хил-лул-ла-хум, (силердин тамагыңар алар үчүн адал).
- Пайгамбарлардан аша чаап эч ким дин үчүн намыскөй (намыстуу) болбойт. Диний мамилелерде биз өз намыскөйлүгүбүздү пайгамбарлардын намыскөйлүк үлгүлөрүнө ылайыкташтыруубуз керек. Мисалга, Алла таала пайгамбарлардан сөз кылып, мындай деп айтат:
اُولٰٓئِکَ الَّذِیۡنَ ہَدَی اللّٰہُ فَبِہُدٰٮہُمُ اقۡتَدِہۡ ؕ قُلۡ لَّاۤ اَسۡـَٔلُکُمۡ عَلَیۡہِ اَجۡرًا ؕ اِنۡ ہُوَ اِلَّا ذِکۡرٰی لِلۡعٰلَمِیۡنَу-лаааи-калла-зий-на ха-даллаа-ху фа-би-худаа-хум-мук-та-дих, аларды Алла таала туура жолго баштаган эле, демек сен алар берген көрсөтмөнү жана алардын үлгүлөрүн ээрчигин (7:91).
Анан «Юсуф» сүрөөсүнүн акыркы аятында Алла Таала мындай деп айтат:لَقَدۡ کَانَ فِیۡ قَصَصِہِمۡ عِبۡرَۃٌ لِّاُولِی الۡاَلۡبَابِла-кад каа-на фий ка-са-си-хим иб-ра-тул-ли-улил-ал-бааб, аларды эскерүүдө акылы барлар үчүн кандайдыр бир ибарат (үлгү) бар (12:112).
Ушул принципти (усулду) баяндаган соң Курани карим бизге төмөнкүлөрдү айтып берген: Азирети Нух (алайхиссалаам) жана Азирети Лут (алайхиссалаам) экөөсү тең пайгамбар болчу жана экөөсүнүн аялдары каапыр болушчу. (66:11)
Бирок ушуга карабастан ал экөөсү өз аялдары менен ажырашканы да эмес, үйдөн айдашкан да эмес, алар менен сүйлөшпөй койгон да эмес, аларга каршы бойкотту да жарыялашкан эмес. Алла таала да ал пайгамбарларга өздөрүнүн каапыр аялдарына ошондой кылууга көрсөтмө берген эмес. Ошолордун колунан эле жасалган тамакты алар ичишчү. Ошол эле каапыр аялдар пайгамбарга тамак-жасашчу, идиш жуушчу, пайгамбарлар кирин жуушчу, аларга төшөк салышчу.
Азирети Нух (алайхиссалаам) пайгамбар болчу, ал (алайхиссалаам)дын өз уулу каапыр болчу. Азирети Нух (алайхиссалаам) өзүнүн каапыр уулун өмүр бою үйүнөн айдаган да эмес, жаман мамиле да жасаган эмес. Ал гана эмес, топон келген учурда аны сактап калуу үчүн акыркы убакытка чейин өзүнүн кемесине чыгууга чакырып турган. Нух топону келгенде, Азирети Нух (алайхиссалаам) өзүнүн каапыр уулуна мындай деген: «Эй, сүйүктүү уулум! Кел, биз менен бирге кемеге чык» (11:43). Аны «уулум» эле деп чакырган эмес, тескерисинче «сүйүктүү уулум» деп чакырган.
- Курани карим мындай деп айтат: ширк баарынан да оор күнөө, аны Алла таала кечирбейт, бирок ушуга карабастан мындай деп айтат: «Эгер ата-энелериңер мушрик жана бутпарас болсо, ошондой эле өз бутпарастыгында ушунчалык катуу болуп, силерди да ширк кылууга жан-талашып аракеттенишсе, ошондо ширк кылуу жөнүндө алардын сөзүнө кирбегиле».
Ал эмиوَ صَاحِبۡہُمَا فِی الدُّنۡیَا مَعۡرُوۡفًاва саа-хиб-ху-маа фид-дун-я маъ-ру-фан, дүйнөлүк мамилелерде аларга жакшы мамиле кылып тургула. (31:16)
- Меккелик Курейиштер үч жылга чейин Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үй-бүлөсүнө жана сахаабалары (разияллааху анхум)га каршы бойкотту жарыялашкан, өздөрү да Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына барышчу эмес, алардын (мусулмандардын) арасынан да эч кимге өздөрүнүн алдына келүүгө уруксат беришчү эмес. Бирок Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өмүр бою бир дагы каапырга каршы бойкотту жарыялаган эмес. («Табрий» Шаъби Аби Таалибдеги бойкот; «Ибни Саъд»; «Ибн Хашаам»)
- Абу Жахл Мекке көчөлөрүндө айрым жаштарды аңдоочу катары дайындаган эле, алар шаарга кирген ар бир адам менен жолугушуп, ага мындай деп айтышчу: «Сиз биздин шаарыбызда чоочун адамсыз, шаардын ал-ахвалынан бейкапарсыз. Биздин шаарыбызда Мухаммад аттуу бир адам бар. Анын алдына барбаңыз, ал сиздин ыйманыңызды бузуп салат».
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эч качан бир дагы сахаабасы (разияллааху анхум)га: «Каапырлардын алдына барбагын», – деп айткан эмес, тескерисинче ал (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабалар (разияллааху анхум)га: «Жалгыз бир аят болсо да, менин кабарымды (дааватымды) адамдарга жеткиргиле», – деп буйрук берчү. («Бухарий» Китаабу ахаадийсил-Анбия, Баабу маа зукира ан Бани Исраила)
- Алла таала «Аль-Мааида» сүрөөсүнүн 6-аятында мындай деп айтат: «Бүгүнкү күндө силерге бардык таза (пакиза) нерселер адал кылынган жана Китеп ээлеринин таза (пакиза) тамагы да силерге адал, ал эми силердин тамагыңар аларга адал (5:6).
«Марям» сүрөөсүнүн 89-аятынан тартып 92-аятына чейинки аяттарында Алла таала мындай деп айтат: алар Рахмаанга (Мээримдүүгө) уул бар экенин билдиршкен. قَالُوا اتَّخَذَ الرَّحۡمٰنُ وَلَدًالَقَدۡ جِئۡتُمۡ شَیۡئًا اِدًّاتَکَادُ السَّمٰوٰتُ یَتَفَطَّرۡنَ مِنۡہُ وَ تَنۡشَقُّ الۡاَرۡضُ وَ تَخِرُّ الۡجِبَالُ ہَدًّااَنۡ دَعَوۡا لِلرَّحۡمٰنِ وَلَدًاва каа-лут-та-ха-зар-Рах-маа-ну ва-ла-даа. Ла-кад жи’тум шай’ан ид-даа. Такаа-дус-самаа-ваа-ту йата-фат-тар-на мин-ху ва тан-шак-кул-ар-зу ва та-хир-рул-жи-баа-лу хад-даа. Ан даъа-у лир-Рах-маа-ни ва-ла-даа, жана алар айтышат: «Рахмаан Өзүнө уул тандаган». Албетте, силер абдан бекер сөз сүйлөдүӊөр! Андан асмандар жарылып, жер бытырап, тоолор титереп кулап түшүүсүнө аз калды (19:89-92).
«Сахих Бухарийде» мындай деп жазылган: «Кимде-ким Алла тааланын уулу бар деп ишенсе, ал адам Алла тааланы сөккөндөй болот». («Бухарий» Китаабу Тафсийрил-Кураана, Баабу «ва каалут-тахазаллааху валадаа»)
Христиандар Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Алла Тааланын уулу деп билишет, Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Алла Тааланын шериги деп ишенишет, ширк баарынан оор күнөө. Алла Таала мындай деп айтат:
Алла Таала бардык күнөөлөрдү кечирип жиберет, бирок мушрик адамды кечирбейт, эгер мушрик ширктен тобо кылса, анда бул башка кеп.
Христиандар Курани Каримди, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жана Ислам динин жалганчы деп ойлошот. Курани карим мына ошондой акыйдага (ишенимге) ээ христиандардын тамагы адал экенин айтат.
- Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары (разияллааху анхум) каапырлар менен алды-сатты кылышчу жана дүйнөлүк соода иштерин жүргүзүшчү. А түгүл Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дүйнө менен коштошкон убакытта да ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын калканы ал (саллаллааху алайхи ва саллам) арпа карыз алган бир яхудийде күрөө катары турган эле. («Бухарий» Китаабул-Буюъ, Баабу шурааин-Набий (саллаллааху алайхи ва саллам) бин-насия)
- Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына яхудий, христиан, мажусий, мушрик жана бутпарас адамдар келишчү, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга Медина шаарынын эң ыйык жери болгон Пайгамбар мечитинин ичинен орун берчү жана өз үйлөрүндөгү идиштеринде өз үйүнөн ошол каапырларды тамактандырчу. Качан ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын өз үйүндө меймандостуктун шарттары болбосо, ошол каапыр меймандарга меймандостуктун шарттарын түзүү кызматын сахаабалар (разияллааху анхум)га жүктөчү. Ал каапыр конокторду Пайгамбар мечитинде жана анын короосунда уктоого жай салчу жана аларга өз төшөктөрүн берчү. Белгилүү бир окуя бар эмеспи. Бир жолу бир яхудий мейман түндө ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төшөгүн булгап кетти, эртеси ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз колу менен жууп тазалаган.
- Яхудийлер менен христиандар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды жалганчы деп ишенгендигине, Курани каримди жалганчы деп билгендигине, Таухидди (Алла тааланы жалгыз деп билүү) таштап, ширк кылгандыгына карабастан ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдына келген каапыр коноктор Пайгамбар мечитинин ичинде отуруп, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) менен диний маселелерде сүйлөшчү жана талашып-тартышчу. Алар өз ишенимдерин далилдөөгө аргументтерди келтиришчү. Алар Ислам динине каршы өзүнүн сын-пикирлерин жана шек-күмөндөрүн билдиришчү. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз далилдерин келтирчү жана алардын сын-пикирлерине жоопторду түшүндүрчү. Каапырлар өз акыйдаларын (ишенимдерин) жактап, далилдерди келтиришкенине, Ислам динине каршы өз сын-пикирлерин жана шек-күмөндөрүн билдиришкенине Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сахаабалары (разияллааху анхум) эч качан: «Силердин кеп-сөздөрүңөр биздин намысыбызга тийген, ошон үчүн сак болгула! Өз акыйдаңарды жактоочу эч бир сөздү сүйлөбөгүлө жана биздин акыйдабызга каршы кандайдыр бир сын-пикирди жана шек-күмөндү такыр билдирбегиле», – деп айтышкан эмес. Андай эмес, Курани карим каапырларга улам-улам мындай деп кайрылган: эгер чынчыл болсоңор, өз акыйдаңарды жактап кандайдыр бир далилди келтиргиле. Эгер каапырлардын өз акыйдаларын жактап, ар кандай далилдерди келтирүүсү бирөөнүн намысына тийе турган болсо жана ичтерин оорутса, анда Курани карим аларга улам-улам буга уруксат бермек эмес. Антпесе, мындан төмөндөгүдөй маани-мазмун чыгат: эй, каапырлар! Эгер чынчыл болсоңор, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана сахаабалар (разияллааху анхум)дун ичтери оорусун жана намысына тийсин деп өз акыйдаңарды жактап далил келтиргиле. Наъуузубиллаах (Кудай кечирсин).
Курани Каримде Алла Таала мындай деп айтат:قُلۡ ہَاتُوۡا بُرۡہَانَکُمۡ اِنۡ کُنۡتُمۡ صٰدِقِیۡنَкул хаа-туу бур-хаа-на-кум ин-кун-тум саа-ди-кийн, эй, Пайгамбар! Каапырларга айтып кой, эгер силер өз акыйдаларыңарды туура деп ойлосоңор, анда анын чынчылдыгына далилдерди келтиргиле (27:65).
Дагы мындай деп айтат:اُدۡعُ اِلٰی سَبِیۡلِ رَبِّکَ بِالۡحِکۡمَۃِ وَ الۡمَوۡعِظَۃِ الۡحَسَنَۃِ وَ جَادِلۡہُمۡ بِالَّتِیۡ ہِیَ اَحۡسَنُудъу илаа са-бий-ли Рабби-ка бил-хик-ма-ти вал-мауъ-иза-тил-ха-са-на-ти ва жаа-дил-хум бил-ла-тий хия ах-са-ну, каапырларды өз Раббиңдин жолуна хикмат (даанышмандык), тагыраак айтканда, акыл жана көркөм насаат (сөзү) аркылуу чакыр жана каапырлар менен өтө жагымдуу ыкмада талашып-тартыш (16:126).
Эгер каапырларга өз акыйдаларын жактап далилдерди сунуштоого жана Ислам акыйдаларына каршы сын-пикирлерди сунуш кылууга уруксат болбосо, анда {جَادِلْهٌمْ}, жаадилхум, )каапырлар менен талашып-тартыш( деген буйрук курулай болуп чыгат. Себеби, талашып-тартышуунун мааниси ушул гана: эки тарап өзүн жактап далилдерди келтиришсин жана бири-биринин акыйдаларына каршы өз далилдерин жана сын-пикирлерин ортого салышсын.
- Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) эч качан кандайдыр бир яхудий, христиан, мажусий, мушрик ж.б.ны өз акыйдаларына ылайык ибадат кылуудан токтоткон эмес. А түгүл бир жолу Нажран деген өрөөндөн христиан поптордон турган бир делегат Мединага келген жана алар Пайгамбар мечитинин ичинде отуруп, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана сахаабалар (разияллааху анхум) турганда христиан динин жактап сүйлөшүп турушкан жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алар менен диний маселелерди сүйлөшүп турган. Бир күнү сүйлөшүүлөрдүн арасында алар мечиттен кетмекчи болушту. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) себебин сураганда, алар: «Ибадатыбыздын маалы болуп калды, ошон үчүн биз тышкары чыгып ибадат кылмакчыбыз», – деп айтышкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: ибадат үчүн мечиттен чыгуунун кажети жок. Ушул эле жерде отуруп, өз ыкмаңарга жараша ибадат кыла бергиле. Ошентип, Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Кудай жана Кудайдын уулу деп билген жана өз акыйдаларына жараша Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Кудай деп ага ибадат кылуучу ошол христиан поптор Пайгамбар мечитинин ичинде өздөрүнүн акыйдаларына ылайык ибадат кылышкан. («Ибни Саъд» 1-том, 357-бет, «Дарул-Фикр» Бейрут)
- Каапырлар жөнүндө Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:
لَا یَنۡہٰٮکُمُ اللّٰہُ عَنِ الَّذِیۡنَ لَمۡ یُقَاتِلُوۡکُمۡ فِی الدِّیۡنِ وَ لَمۡ یُخۡرِجُوۡکُمۡ مِّنۡ دِیَارِکُمۡ اَنۡ تَبَرُّوۡہُمۡ وَ تُقۡسِطُوۡۤا اِلَیۡہِمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ یُحِبُّ الۡمُقۡسِطِیۡنَاِنَّمَا یَنۡہٰٮکُمُ اللّٰہُ عَنِ الَّذِیۡنَ قٰتَلُوۡکُمۡ فِی الدِّیۡنِ وَ اَخۡرَجُوۡکُمۡ مِّنۡ دِیَارِکُمۡ وَ ظٰہَرُوۡا عَلٰۤی اِخۡرَاجِکُمۡ اَنۡ تَوَلَّوۡہُمۡ ۚ وَ مَنۡ یَّتَوَلَّہُمۡ فَاُولٰٓئِکَ ہُمُ الظّٰلِمُوۡنَОкулушу: Лаа йан-хаа-ку-муллаа-ху а-нилла-зий-на лам ю-каа-ти-луу-кум фид-дий-ни ва лам юх-ри-жуу-кум-мин ди-я-ри-кум ан та-бар-руу-хум ва тук-си-туу илай-хим иннал-лаа-ха ю-хиб-бул-мук-си-тийн. Инна-маа йан-хаа-ку-мул-лаа-ху а-нил-ла-зий-на каа-та-луу-кум фид-дий-ни ва ах-ра-жуу-кум-мин дия-ри-кум ва заа-ха-руу алаа их-раа-жи-кум ан та-вал-лау-хум ва ман я-та-валла-хум фа-у-лааа-ика хумуз-заа-ли-муун. (60:9-10)
Котормосу: Дин маселесинде силерге каршы уруш кылбаган жана силерди мекениңерден кууп чыгарбагандардан – аларга карата жакшылык кылууңарды жана алар менен адилеттүү мамиледе болушуңарды Алла силерге тыюу салбайт. Албетте, Алла адилет кылуучуларды сүйөт. Дин туурасында силерге каршы уруш кылган, силерди үйлөрүңөрдөн кууп чыгарган жана силерди кууп чыгарууда бири-бирине жардамдашкандардан – алар менен достошууну Алла силерге тыюу салат. Ким алар менен достошсо, мына ошолор заалимдер. (60:9-10)