Китептерге ишенүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Китептерге ишенүү

Эми ишенимдин үчүнчү беренеси болгон Китептерге ишенүүгө кайрылалы. Мусулмандардан бир эле Исламдын Ыйык Негиздөөчүсү – Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га вахий-аян кылынган, «Куран» деп аталган диний жазылмаларга ишенүү талап кылынбайт, тескерисинче, башка пайгамбарларга түшүрүлгөн бардык Илахий вахий-аяндарга ишенүү, мейли кайда болбосун, кайсы доордо болбосун, ар бир мусулмандан талап кылынат. Эгер кимдир бирөө Алла Тааладан келген Курандагы вахий-аянга ишенсе, бирок «Эски Осуят» менен «Жаӊы Осуят» жана ушул сыяктуу башка Китептерди кабыл алуудан баш тартса, анын Исламды тутканы жокко чыгарылат деген ишенич мусулмандын ишениминин маӊыздуу бөлүгү.

Бул ишеним кээ бир проблемаларды чечкени менен башкаларын пайда кылат жана узагыраак мөөнөткө чейинки изилдөөнү талап кылат. Бул анын Алла тааланын Жалгыз экендигине ишенүүсүнө туура келген, адамдын жер жүзүндөгү биримдигинин курулушу мүмкүн болгон негизди гана камсыз кылат. Ал диндер арасындагы дисгармония менен ишенбестикке жоопкер түпкү себептерди алып таштайт. Бирок ушул бардык Китептердин Алла тааладан болгонуна ишенүү жооп берүүгө кыйын болгон айрым суроолорду көтөрүп чыгат.

Алла Тааладан келген деп эсептелген Китептерди изилдегенибизде, алардын таалимдерин камтыган тармактардан гана эмес, тескерисинче, алардын негизги жана түпкү ишенимдеринин тармагынан да карама-каршылыктарды табабыз. Алар түбөлүктүү Нурдун ошол эле булагынан алынганда, мындай болмок эмес. Биз кеп кылып жаткан учурду Эӊ Жогорку Бирөө менен кудайлык касиетин бөлүшкөн кичи кудайларга ишенүүгө жетелеген жолдоочулар түшүнүп жана чечмелей турган үзүндүлөрдү ушул сыяктуу Китептердеги фактылар менен сүрөттөөгө болот. Кээ бир Китептерде Кудай аялдары, балдары жана кыздары бар кудайлардын үй-бүлөсүнүн башчысы катары сүрөттөлгөн. Дагы айрым башка Китептерде болсо, Алла таалага гана ылайыктуу болгон өзгөчө адамдык жөндөмдүүлүктөр ыйык адамдарга (олуялар) таандык кылынган. Мындан тышкары, кандай гана касиетте болбосун, Алла тааланын сапаттарын бөлүштүрүп алууга эч кимге эч кандай укук бербей турган Алланын Бирдигине ушунчалык күчтүү жана компромиссиз басым кылган башка Китептер да бар. Дүйнөнүн негизги диндердин Илахий – Алла тааладан келген жазылмаларынын ичинен бул жагынан Куран өзгөчөлөнүп турат.

Маселенин баары – бул дилемманы Куран кандайча чечкендигинде. Курани карим боюнча өздөрүнүн дин негиздөөчүлөрүнө вахий-аян болуп түшүрүлгөн диний таалимдерге акырындап кошумча кошуп жиберүү  адамзаттын эл аралык тенденциясы. Биримдик концепциясын политеизмге өзгөртүү – ошол эле тенденциянын ишке ашырылышы. Биз текстеги өзгөртүүлөрдүн же анын бурмалоосунун издерин анын биринчи вахий-аян болуп берилгенинен баштап изин куусак, ушул жерде айтылгандын чындык экенин, албетте, таба алабыз. Мына ошондуктан, Ыйык Куран биздин көӊүлүбүздү бардык диний Китептердин башында фундаменталдык таалимдери боюнча дал келген фактыга атайын такайт. Өзгөрүүнүн тарыхын кууп, түйшүктүү иш кылуунун кажети жок, анткени логикалык жактан Куран чыгарган тыянактан башкасы болушу мүмкүн эмес. Эгер эӊ жогору турган Заттан башка Кудай жок экендиги, ошондой эле бардык диндердин «биздин Китептерибиз Алла тааладан келген» деген билдирүүсү кабыл алынса, анда мындай Китептердин арасында жок дегенде негизги эрежелери боюнча окшоштук болуш керек.

Муну айткандан кийин бардык диндерге жалпы келген баштапкы доктриналык таалимдерди ырастай турган мүнөзгө тиешелүү дагы бир маанилүү суроого такалабыз. Туураны каталыктан иргеп алуу үчүн логикалык жактан жарамдуу ыкманы табуу керек.

Ыйык Курандын айтуусу боюнча фундаменталдык ишенимдер адамдын табиятына абдан туура ыргакталгандыктан, алар жалаӊ чындыктын күчү менен адам жүрөктөрүнө сиӊип кетет. Алар мындайча:

Ислам Алла Куран

Котормосу: Алар динди Ага гана таандык кылган бойдон, дайыма Ага гана ийилген абалда, Аллага ибадат кылуудан, намаз окуу жана зекет берүүдөн бөлөк эч нерсеге буюрулбаган эле. Мына ушунун өзү туруктуу жана туруктуулук берүүчү таалимдердин дини. (98:6)

Мунун мааниси, дүйнөдөгү диндердин бардык негиздөөчүлөрүнө бир Алла таалага чын ыкылас менен, калыс жана өздөрүн бүтүндөй Ага гана арнап сыйынууга тийиш деп катуу буюрулган. Ошондой эле аларга калтырбай намаз окуу (өз дининде көрсөтүлгөндөй) жана (Алла жолунда) муктаж, колунда жоктор үчүн, дагы башка ушул сыяктуу филантроптук максаттар үчүн сарптап туруу айтылган. Ким кандай динге ишенбесин, жогоруда айтылгандарга келишпестиктерди табуу кыйын.

Ушул кыска лекцияда Алла таала буюргандай, сыйынуулардын ар түркүн жолдорун жана алардын ар түрдүүлүгүнүн себептери жөнүндө узак талкууга киришип кеткибиз келбейт. Азыр эмне себептен диндер негизги принциптеринен да, деталдуу таалимдеринен да айырмаланып кеткенине көӊүлүбүздү буруп жатабыз.

Кыскасы, убакыт жебеси ырайымсыз болуп, кризистин концепциясы – убакыттын концепциясынан бөлүнгүс экенин айта алабыз. Жаӊы нерсенин баары эскире да, өзгөрө да баштайт. Бирөөлөр зор сепилдер менен ордолордун урандыларын кызыгуу, таӊ калуу менен карашы мүмкүн, бирок ошол эле монархтар курган жана архитекторлор түзгөн имараттар бул мыйзамдан тышкары эмес. Кээде кийинки муундар, аларга кошумча кылып, түзүлүшүн кескин өзгөртүп жибергендиктен, алар баштапкы кейпине болгон окшоштугун жоготуп коёт. Кээде алар каралбай калып, урандыга айланып калат. Курани карим боюнча бардык диндердеги келишпестиктерден турган айырмачылыктар кийинки убактардагы адамдардын колунан келген иштер. Ыйык Курандын эл аралык деӊгээлде кабыл алынган таалиминин  жарыгында Ислам жок дегенде негиздүү принциптери боюнча бардык диндерди бириктирүүгө болгон жолду ырастап койду окшойт. Ошентип, ал диндерди бөлөк уюм катары кармаган адамдар жараткан тоскоолдуктар менен тосмолорду жок кылат.

Жогоруда аталган себеп, ар түрдүү Китептерде байкалган таалимдердин таралуусунун жалгыз гана себеби эмес. Албетте, кээ бир айырмачылыктар адамдар эмес, убакыт буйруктарынын талабы боюнча жасалган. Адамзатка цивилизациянын, маданияттын, илимдин жана экономиканын бардык тармагы бара-бара илгерилеген сайын, тарыхтын ар кандай баскычтарында ошол убакка ылайыктуу өзгөчө таалимдер керек болгон жана анын көрсөтмөсүнө ылайык Илахий Китеп түшүүсүн күткөн. Ошол убакытка байланышкан таалимдер эл аралык болбостон, өзгөчө кырдаал жана талаптарга байланышып келген. Ошол доорлордо адамдар жетик жашоого жете элек адамдардын жашоосунан аз эле айырмаланган. Анын интелектуалдуу денгээли чектелип, анын аалам жөнүндөгү билими тар болгон. Ал тургай, алар өзү жашап жаткан дүйнөнү да толук билчү эмес. Анын карамагында болгон коммуникациялык мүмкүнчүлүктөрү табият-жаратылышты, жердин кеӊдигин, адамдын көп тараптуулугун түшүнүүгө жарамдуу эмес болчу. Көпчүлүк учурларда анын жашоо жөнүндөгү билими ал жашаган кичине жердин бөлүгүнө же өлкөгө гана чектелген болчу.

Биз ошол убакта вахий-аян аркылуу берилген Илахий Китептердин көбүнөн ошол Китептер багышталган адамдардын ээлигинен сырткары дүйнөнүн бар болгондугу жөнүндө эскертме таба албайбыз. Бирок, бул кээ бир диний эмес философтордун бизди ишендиргиси келгендей, талданылып жаткан Китептер чынында эле Кудайдан эмес, адамдардан экендигине жетиштүү далилдерди сунуш кылат деген фактыны билдирбейт.

Бардык Илахий таалимдер талаптарга эле байланыштуу болбостон, ошол замандагы адамдар ээлик кылган маалыматтарга да байланышкан болчу, болбосо ошол замандагы адамдар ошол доордогу пайгамбарларга каршы чыгып, жалпы белгилүү фактыларга карама-каршы болгондуктары үчүн айып коймок. Бул адамдар билген билимин өз алдынча өздөштүргөнү пайгамбарлар үчүн чечилбеген дилемманы туудурмак. Ошол мезгилдеги адамдардын жаратылышты түшүнүүсү кийинки замандардагы окумуштуулар тарабынан жалган деп далилденгенин Курандан алынган көптөгөн кызыктуу мисалдар менен далилдесек болот. Куран кандай тыянак чыгарбасын, ошол же бул мезгилдин адамдарынын сын-пикиринен корголгон эмес. Куран – бул проблеманы чечиши таӊ калыштуу жана ал эч кандай шылтоо менен азыркы философтор же окумуштуулар тарабынан сынга алынууга мүмкүн эмес.

Төмөнкү сүрөттөө өзүнчө кызыктуу. Азыркы замандагы адам жер өз огу менен айланганын билүү үчүн жогорку билимдүү болушу деле зарыл эмес. Бирок, эгер кимдир бирөө ушул нерсени 1400 жыл мурда жарыялап, аны Алла таалага жалгаган болсо, анда билимсиз катары четке кагылмак же «Алла Таала Өзү жаратканга тартуулаган нерселерин жакшы билбейт» деген сөздөр менен маскарага алынмак. Ыйык Куран бардык замандар үчүн эл аралык Китеп болгондуктан бул маселени таптакыр эскертпей койгон эмес, болбосо кийинки замандагы адамдар «ааламдар жөнүндө кабары жок» деп чын жерден аны айыпташмак. Бул чакырыкка ар тараптуу бет алып, Ыйык Куран төмөнкү аятта тоолор жөнүндө алар булуттардай калкып же сүзүп жүргөндөй сүрөттөйт, адамдар болсо аларды туруктуудай түшүнүшөт:

Ислам Алла тоо

Котормосу: Сен тоолорду көрүп, тек катып турат деп ойлойсуӊ. Чынында, алар булуттарга окшоп кыймылдоодо. (27:89)

Ачыгы, жер алар менен кошо жылбаганда, тоолор калкымак эмес. Бирок колдонулган этиш  [مُضَارِع](музария), ал учур чак менен келер чактын экөөсү үчүн теӊ колдонулат. Ошентип, аятты мындай деп которсо болот:

«Тоолор дайыма сүзгөн калыпта, өздөрү эч кандай аракет кылбастан жылып жүрөт». Аны мындай деп которсо да болот: «Тоолор калкып тургандай болуп жылат». Ыктымал, ошол замандагы адамдар II-вариантына башпаанек кылышкандыр, бирок алар ошол эле аяттын «ал эми силер аларды туруктуу деп ойлойсуӊар» – деген бөлүгүнө көӊүл бурбай коюшкан. Эгерде алар капысынан жыла баштаса, кайсы замандын адамдары болбосун, алар тоолорду кантип туруктуу деп билет? Алардын кыймылынын сүрөттөлүшү кайда болбосун, аятта айтылып өткөн укмуштай кубулушту карап туруп, жер жүзүндө жашоого эч кимге мүмкүндүк калтырбайт эле.

Демек, логикалык жактан бир гана жарамдуу котормо төмөнкү: «Силер тоолорду туруктуу деп ойлойсуӊар, чындыгында алар дайыма кыймылда». Ушуга окшош Курандан келтирүүгө мүмкүн болгон мисалдар көп. Бирок мен аларды «Вахий-аян, акыл, билим жана чындык», – деп аталган дагы бир кайрылуумда сүрөттөп өткөм. Мындан да көбүрөөк үйрөнүүгө кызыккан окурман ошого кайрылса болот.

Биз Индиянын элинин пайдасы үчүн илгерки убактарда аян болуп берилген Ведалардын деӊиздердин аркы жагында жаткан дүйнөлөр жөнүндө индиялыктардын билими аз болгондугун албетте, билебиз. Андыктан, табигый чегара болгон бир жагы Гималай экинчи жагы деӊиздер жана Индиянын сыртындагы өлкөлөр же элдер жөнүндө эч баяндоолор жок. Бул маселе жөнүндө Ведалардын унчукпагандыгы – Алла таала тарабынан туура жана ылайыктуу сүкүт сактоо. Илахий Китептердеги келтирилген фактылар эки категорияда болгондугун жакшылап түшүндүрүү керек. Биринчи категория бардык адамдар кандай динге ээ болбосун, түшүнүп жана аныктай ала турган – бул дүйнөнүн фактыларына туура келет. Жогоруда айтылган талкууга келтирген далилдерибиз мына ушундай. Тиги дүйнөдөгү нерселерге тиешелүү далилдер боюнча кандай адам болбосун, алар жөнүндө кандай болсо да доо кыла алат. Анткени алар адамдын аныктоосу жете албаган чектен ары жатат.     Айырмачылыктарга карабастан, эгер кимдир бирөө окшоштуктардын фундаменталдуу жерлерин түпкү Китептерди тереӊ казып окуу аркылуу издеп тапса болот. Урандыларды изилдөөдөн археолог баштапкы пландын түзүлүшүн кайта куруп ала алган сыяктуу эле, негиздөөчү пайгамбарлардын доорунан алыстаган диндердин жолдоочулары жараткан мунарык жана тумандын чүмбөтү аркылуу дагы көӊүл койгон изилдөөчү үчүн Биримдик кабарын окууга кыйын эмес. Биз адамдардын кошумчалап жазганынан келип чыккандарга каршы атайын түзүлгөн кээ бир айырмачылыктарды кыскача айтып өттүк. Жогорудагы көрүнүштөрдү чечмелөө үчүн биз Жөөт элин кечиримдүүлүк мүмкүнчүлүгүнөн ажыраткандай көрүнгөн Тоораттын таалимине кайрылсак болот. Азыркы замандын өзгөчө позициясынан караган күтүлбөгөн байкоочуга ал өч алууга көбүрөөк ылайыкталган, Илахий деле болбогон таалим көрүнүшү мүмкүн. Ошондо да, ошол замандын талаптарын жакшыраак изилдеп көрсөк, бул таалимди таптакыр башкача жагдайда көрсөтөт. Биз билгендей, Фараондордун кемсинтүүчү жана эзүүчү бийлигинин астында Израаийл балдары өздөрүнүн негизги адамдык укуктарынан да ажыратылган эле. Алар өздөрүнүн укугун коргоп, кемсинткендерге кол кайтаруу укугу жок кордолуунун жана кулчулуктун күнүн көрүүгө мажбур болгон. Ушундай кемсинтилген жашоонун дээрлик эки кылымы, чындыгында, аларды нукура адамдык асыл сапаттардан куру-жалак калтырган. Алар өч алуунун ордуна коркоктуктун башкача аты болгон кечиримдүүлүктү тандап алышкан. Эгерде аларга өч алууну же кечирүүнү тандап алганга ачык мүмкүндүк берилгенде, алардын бир азы гана өч алууну тандап алмак. Ошентип, Тоораттын таалими катуу жана бир тараптуу көрүнгөнү менен учурдун талаптарына жооп бере турган эӊ кынтыксыз таалим болгон. Ал ноокастаган мамлекет болчу, анын оорусун ушул буйруктун ачуу даарысы менен айыктырыш керек болчу. Ырайымсыз өч алууну он үч кылым бою ишке ашырып келгендиги израаийлдиктердин жүрөктөрүн чынында эле ташка айландырып жиберген эле. Доордун мына ушул кошулуусунда кечирим, сүйүү жана карапайымдыктын мисалы болгон Ыйса (алайхиссалаам) келген. Эгерде Алла таала анын доорундагы жөөттөргө кечирим кылууну да, өч алууну да тандатканында, алар сөзсүз эле өч алууну тандап, кечиримдүүлүктү ойлоп да коймок эмес. Ыйса (алайхиссалаам)дын убагына дал төп келген кайсы таалим болгон деген суроо туулат? Албетте, эч кандай өч алуусуз кечиримдүүлүк. Дал ошондой болгон. Бул сүрөттөөдө кээ бир таалимдер карама-каршылыктуу көрүнгөнү менен ошол эле максаттар үчүн кызмат кылып, Кудайдын ойлоп тапкандары тийиштүү болгон иштин ыргагына кирип кеткенин даана-ачык көрсөтөт. Максаты ар кайсы заманда ар кандай даары керек болгон оорулууну айыктыруу эле. («Исламдын элементардык окуусу», 17-25-бет, Бишкек – 2008)

Share via