Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Пайгамбарларга ишенүү

Исламдагы ишенимдин төртүнчү негизги шарты – бул бардык пайгамбарларга болгон ишеним. Чынында, бул шарт үчүнчүсүнүн эле логикалык тыянагы. Бардык Китептерге болгон ишенимдин негизинде жаткан философиянын өзү эле бардык пайгамбарларга ишенүү зарыл экенин айтат. Ыйык Куран Адам (алайхиссалаам)дан баштап, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га чейинки дээрлик Орто Чыгышка тиешелүү пайгамбарчылыктарга ээ болгон көпчүлүк пайгамбарлар жөнүндө сөз кылат. Бирок, эрежеде айрым өзгөчөлүктөр бар. Ушул маселеге байланыштуу Куранда өзгөчөлүк менен айтылган эки нерсе кезигет:

А) Туура, Исламдын Ыйык Негиздөөчүсү – Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га кээ бир пайгамбарлардын аттары жана кыскача тарыхтары аян болуп берилген, бирок тизме толук эмес. Алар үлгүлүү аттар, бирок көптөгөн пайгамбарлардын баян этилгенин Курандан таппайбыз.

Б) Өзгөчө айтылып кетилген пайгамбарлардын тизмесинде Израаийл пайгамбарларына тиешеси болбогондой көрүнгөн аттар да бар. Андыктан, көптөгөн комментаторлор алардын араб эмес пайгамбар экенине жана алар башка өлкөнүн өкүлдөрү катары эле тизмеге киргизилгенине ынанышат. Мисалы, Зуль-Кифл араб же семиттик булактарда кездешпеген пайгамбарлардын тизмесиндеги ат. Кээ бир илимпоздор бул атты Индия менен Непалдын чек арасында жайгашкан кичине штаттын борбор шаары болгон Капийлден чыккан Буддага байланыштырышат. Будда Капийлге эле тиешелүү болгон эмес, бирок бир узак мезгилге чейин Капийлден делинип келген. Зуль-Кифл деген сөз дал ошону билдирет. Араб тилинде «п» деген үнсүз тамганын жок экени жана ага эӊ жакын «фа» экенин эстен чыгарбаш керек. Андыктан, «Капийл» арапчага «Кифл» деп которулат.

Курандын далилдеринен тышкары муфассирлер[1]дин арасында талаштуу болгон дагы бир далил бар. Индиялык бир пайгамбар жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтып өткөн хадис бар. Анын айтуусунда:

Ислам Алла Мухаммад

Котормосу: Индияда өӊү кара болгон Кахан7 аттуу (Кудайдын) пайгамбары бар эле.

Эми индиялык диндердин тарыхы менен ким тааныш болсо, ал бул сүрөттөөнү шыр эле хинди адабиятында өӊү кара болуп кайра-кайра сүрөттөлгөн Кришна кудайынын сүрөттөлүшүнө байланыштырат. Ошондой эле анын Кришна атына Канхая деген титул кошулат. Канхая Кахан деген атта болгон «К», «Н», «Х» деген үнсүз тамгалардан турат – маани бербей турган окшоштук эмес. Бирок аты боюнча араб эмес пайгамбар болобу же жокпу бул жалаӊ гана академиялык талаш-тартыш. Ыйык Куран ар бир мусулманга бардык пайгамбарларга ишенүүнү да парыз кылат, ошондой эле Алла таала дүйнөнүн бардык аймагында жана ар бир доордо элчилер менен пайгамбарларды жибергенинен да бизге ачык-айкын кабар берет.

Негиздөөчү пайгамбарлар жана башка диндердин жөнөкөй пайгамбарларынын чындык принцибине ишенүү – бул башка Илахий Китептерде кездешпеген, Курандын уникалдуу баяндоосу. Бул жаратылыштын көп жактуулугуна жарык чачкандай эле Исламдын универсалдуу экенин ырастайт. Эгер «Курандын таалими бүткүл дүйнөгө таандык» деген Курандын айтканы чын болсо, анда бардык пайгамбарлардын ырастыгын таануу керек. Антпесе, ушунчалык көп ар кыл диндердин жолдоочулары өздөрү менен Исламдын ортосунда бириктирүүчү көпүрөнү таппай калышат.

Бардык Китептердин жана бардык пайгамбарлардын чындыгын таануу бүткүл адамзатка эбегейсиз көп пайдаларды келтирүүчү ыӊкылаптуу жарыя. Башка нерселер менен катар ал диндер аралык тынчтык жана гармония үчүн басым менен жол ачат. Эгер кимдир бирөө башка диндердин жолдоочуларын алдамчы деп билсе жана өзүнүн дининдеги Алла тааладан келген чындыктар менен гана акыйкатты монополизациялап алса, анда алар менен кандайча тынчтыкта боло алат?

Эл аралык байкоолорго караганда, ар түркүн диндердин жолдоочулары өздөрүнүн ишенимдеринин доктриналык аспектилери жөнүндө маалымат алууга көп деле көӊүл бурушпайт. Диний жетекчилик зарыл болгондо, жалпы адамдар диний билимдин сакчылары болуп көрүнгөн, даражасы бар кызматчылар жана жетекчилерге кайрылышат. Мындай адамдар Алла таала менен Анын кадырына тийиштүү маселеге караганда, өздөрүнүн пайгамбарлары менен кудайчылдарынын кадыры жөнүндөгү суроого келгенде көбүрөөк эмоционалдуу болушат.

Исламдан башка Илахий Китептердин бирөөсү да башка диндердин негиздөөчүлөрүнүн ырастыгын тастыктабайт. Өздөрүнүн дининдеги пайгамбарлардан башка диндердеги пайгамбарлардын чындыгын таанып-билүүсүнүн жоктугу диндерди бири-биринен таптакыр бөлүп салган. Ар бири чындыкты жеке менчиктеп, башка диндердин пайгамбарларын алдамчылар дейт. Туура, биз муну күндөлүк турмушта терминдерде басым менен айтылганын таппайбыз, бирок эгер кайсы диндин болсо да жолун жолдогондор өз ишенимдерине олуттуу карашса, башка диндерди жана алардын башатын да жалган дегенге мажбур болушат. Бүгүн өзүн чыныгы христианмын деген христиандын Будда, Кришна жана Зороастранын чындыгына күбө болгонун көрүүгө мүмкүн эмес. Мисалга, Исламдын улуу Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га каршы турган христиандык позиция дал жогоруда айтылып өтүлгөндүн өзү; алар аны алдамчы деп айыптоого аргасыз, антпесе өздөрү мусулман болуп кетүүдөн башка аргалары болбой калат. Ушул маселени талкуулаган Чыгыш таануучулары дайыма ушул позицияны ачык колдоп, арасынан көбү Исламдын Негиздөөчүсү – Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жалган болушу керек деген шылтоо менен ачыктан-ачык каршылашуусун көрсөткөнгө чейин барышат. Башка диндер да дал ошондой. Мынчалык кашкайган адепсиздиктин жана кемсинтүүнүн мисалына күнүмдүк турмушта беттешкенибиз менен кимде-ким оюн ичине сактайбы же ачык айтабы тоскоолдук кыла бермекчи. Мындан айкын болуп тургандай, бардык диндердин жолдоочулары өздөрүн башкалардан таптакыр бөлүп салышкан. Ошондой эле чындык менен жалган жана туура менен туура эместин ортосундагы тоскоолдук азыркы убакта адамзатка абдан керек болгон диний гармонияга кедерги болуп калды.

Албетте, сылыктыгынан Исламдын улуу Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га жалганчы деп мусулмандардын сезимдерин таарынтууга барбаган дүйнө жүзүндө маданияттуу жана билимдүү христиандар да бар. Ошондой болгону менен өз ишенимдерине байланыштуу христиандар Исламдын Негиздөөчүсү – Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чындыгын четке кагууга мажбур болушат. Мусулман кишинин жагдайы болсо, таптакыр башкача. Мусулман адам Ыйса Христос, же Муса, же Кришна, же Будда жөнүндө сүйлөгөндө, урмат-сый жана сүйүү менен сүйлөйт, анткени башка аргасы жок. Анын ишениминин негизги шарттарынын бөлүгү – тек гана адамдык адептүүлүктү көрсөтүү эмес, тескерисинче, чын жүрөктөн алардын чындыгына жана кадырына да ишенип жүрүү. Мунун негизинде ишенимдин ушул шарты глобалдуу масштабдагы маанини ээлеген болуп чыгат. Ал диндердин ортосундагы тынчтык менен гармонияны орнотот жана өз ара ишенүү менен сүйүүдөн турган чөйрөнү чын ыкылас менен жаратат. Алла тааланын Биримдигиндей эле ал баа жеткис түпкү жөндөмдүүлүккө ээ болот – буга эч алтернатива жок.

Убада Кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад Кадияний (алайхиссалаам) башка пайгамбарларга болгон Исламдын ишеничин мындайча жыйынтактаган:

«Менин ишенимимдин негизин түзгөн принциптердин бири – дүйнөлүк туруктуу диндерге тиешелүү. Бул диндер жердин ар түркүн аймактарында кеӊири кабыл алынууга ээ болушту. Алар жаштын ченемине ээ болушуп, жетилүү баралына жетишти. Алла таала: «Бул диндердин бири да башталышында жалган болгон эмес жана ошол пайгамбарлардын бири да жалганчы болгон эмес», – деп мага кабар берди»[2].

«Бул тынчтык менен гармонияга өбөлгө түзүп, жарашуу үчүн негиз салган жана (адамдын) моралдык абалына жардам берген ажайып принцип. Дүйнөгө келген пайгамбарларга, мейли алар Индияга келгенби, Персияга келгенби, Кытайга келгенби же башка бир өлкөгө келгенби, биз алардын бирин да калтырбай, баардыгынын ырастыгына ишенебиз»[3].

Бардык доорлордо, бүт дүйнө жүзүндө Алла Тааладан болгон пайгамбарлар болушу керек деген фактынын орношу менен эл аралык Пайгамбардын чыгышына жол даярдалганы көрүнөт. Эл аралык Пайгамбарды кабыл алуу эки жактуулукту талап кылат. Сиз ишенип жүргөн бирөөгө башкалар да ишенсин десеӊиз, анда башкалар ишенген ыйык адамдардын чын экенин ырастап турганыӊыз, албетте, жакшы болот.

Ошондуктан, Ислам дини жалгыз Пайгамбардын универсалдуулугу үчүн негиз салат. Ошондой эле Курандын «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Арабия үчүн гана эмес, бардык адамзат үчүн жөнөтүлгөн» деген баяны сергек философияга негизделген. Бардык адамзат бир эле туунун астында чогултулган утопиялык келечек же алтын доор жөнүндө баяндоону ар бир динден табабыз. Бирок адамдын ишенүүсү менен догмаларынын биригиши үчүн эч кандай деле негиз салынбагандай көрүнөт. Ар кайсы заманда дүйнөнүн бардык элдерине Алла тааланын батасы тийип, Алла тааланын пайгамбарларынын келишин жар салып, Исламдын универсалдык динге жол салганы диндердин тарыхында биринчи болуп олтурат.

Ыйык Куран боюнча, пайгамбарчылык – бүткүл дүйнөлүк жана мезгилге баш ийбеген система. Ошол эле системаны түшүндүрүү үчүн бир аз эле айырмасы бар, бири-бирин толуктоочу эки термин бар. [النَّبِی] «Ан-Набий» деген термин алдын ала кабардан далалат берет. Алла таала Өзү үчүн өкүл кылып тандап алгандарга келечекте жүз бере турган маанилүү окуялардан кабар берет. Ошондой эле, алар башка адамдарга белгисиз болгон, өткөн доордо жүз берген окуялар жөнүндө дагы билим берет жана алардын ошол билими баарын Билүүчү тарабынан маалымат берилген көрсөткүч белгиси болот. Ошентип, алдын ала кабар пайгамбарлардын чындыгын далилдейт, натыйжада адамдар аларга баш ийип, алардын кабарын кабыл алуулары мүмкүн.

Пайгамбарларга байланыштуу колдонулган экинчи термин – бул  [الرَّسُوْلُ]«Ар-Расуул» (Элчи). Бул Алла таала атынан адамзатка берилген маанилүү кабарлар пайгамбарларга аян болгонунан белги берет. Андай кабарлар мыйзамдын жаӊы беренеси жөнүндө кабарлап жатканы же жөн эле өтүп кеткен мурунку аян болуп берилген мыйзамдарды бузууга байланыштуу адамдарга эскертүү болушу мүмкүн.

Ушул милдеттин экөөсү теӊ бир эле адамда чогулуп, ошондой бардык пайгамбарлар элчи аталышы жана бардык элчилер пайгамбар аталышы мүмкүн.

Ислам дини боюнча бардык пайгамбарлар пенделер жана эч кимиси адамдан өйдө болгон мүнөздөмөлөргө ээ эмес. Адамдан артыкчылык мүнөзү бар экенин көрсөтүү аракетинде пайгамбарларга кереметтерди каерде болбосун жалгаганды, Куран кескин жана айкын көрсөтмөлөрү менен андай түшүнүктү четке кагат. Өлгөндөрдүн тирилүүсү кээ бир белгилүү пайгамбарларга жалганган кереметтердин бири. Ошого окшош сүрөттөөлөр көптөгөн Илахий Жазылмаларда же Китептерде табылганы менен Курандын таалими боюнча аларды сөзмө-сөз түшүнбөш керек. Ооба, алардын кубулуштук түшүндүрмөсү бар. Мисалга: Ыйса (алайхиссалаам)га ал өлгөндөрдү кайта тирилткен жөндөмдүүлүгүн байланыштырышат. Бирок, Ыйык Куранда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ошол эле мааниде ошол эле сөздөр менен сыпатталган руханий кайта тирилтүүсүнүн керемети жөнүндө баяндалат. Куштарды ылайдан жасап, Алла тааланын атынан аларды учурган окуясы да ошого окшош. Ал куштар адам эле болуп, жердеги адамдарга караганда, руханий учуу жөндөмү берилген жөнөкөй пенделер.

Эч бир пайгамбарга өзү таандык болгон башка пайгамбарлардын тобунан артыкча, таптакыр башкача кылып бөлүп тура турган өзгөчө узун өмүр да берилген эмес. Эч бир пайгамбардын денеси ааламдын тээ алыскы ээн жерлерине көтөрүлүп кеткен да эмес. Кайсы жерде ошондой учкай сөз болгон болсо, бул пайгамбарлар артыкчылыгына каршы болгон, дененин эмес рухтун (жан) көтөрүлүшү деп Куран ишенимдүү жар салат. Китеп ээлери Исламдын Ыйык Негиздөөчүсү – Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дан физикалык түрдө асманга көтөрүлүп, китеп алып келиши жөнүндө сурашканында, Алла таала ага үйрөткөн жооп мындайча болгон:

Ислам Алла Мухаммад

Котормосу: Айткын: «Раббим бул нерселерден таза жана мен болсо, болгону бир адам-пайгамбармын». (17:94)

«Айрым башка пайгамбарлар физикалык түрдө денеси менен асманга көтөрүлүп кетишкен» деген түшүнүктөрдүн баарын ушул жооп четке кагат. Бул жоопто камтылган аргумент – эч бир адамзат жана эч бир пайгамбар тулку бою менен асманга көтөрүлүп кете албайт, болбосо Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) да дал ошол кереметти кайталай алмак. Пайгамбарлардын адамдык өзгөчөлүктөрүн жана чектөөлөрүн баса белгилегени – Исламдын негизги таалимдеринин эӊ сонун өзгөчөлүктөрүнүн бири. Пайгамбарлар өздөрүндөй адамзаттан артыкча сапаттарынын аркасында өйдө көтөрүлбөстөн, жөн гана аларга Алла таала берген касиеттерин жакшы баалашкандыктарынан улам өздөрүндөй эле башка адамдардан өйдө көтөрүлүшкөн. Зор руханий бийиктерге жеткен жүрүш-туруштарын, башка адамдар туурай албаса дагы, алар адам эле бойдон калышкан.

Пайгамбарчылыктын улануу маселеси боюнча Ислам дини чечкиндүү түрдө Исламдын Ыйык Пайгамбары Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын шарият алып келүүчү пайгамбарлардын акыркысы экенин жана Курани каримдин толук жана кыяматка чейин корголгон акыркы шарияттуу Китеп экенин баяндайт. Ачыгы, өзгөртүүлөрдөн оолак, корголуп коюлган толук Китеп. Эки жактан теӊ өзгөртүүнү актаганга болбойт. Китеп кынтыксыз жана адамдын кошумчаламайынан корголгондон кийин эч кандай өзгөрүүнү туура дегенге болбойт.

Шарият алып келүүчү пайгамбарчылыктан башка пайгамбарчылыкка байланыштуу болсо, Куранда анын уланышы мүмкүн экендиги тууралуу ачык-айкын алдын ала кабар баяндалган. Кайталап айтамын: бул жөнүндө Исламдын Негиздөөчүсү – Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) менен Ыйык Курандын ачык баяндаган ачык-айкын алдын ала кабарлары бар. Төмөндө келтирилген «Ан-Нисаа» сүрөөсүнүн аяты бул жөнүндө эч кандай күмөн саноону калтырбайт:

Ислам Алла пайгамбар

Котормосу: «Ким Аллага жана ушул Пайгамбарга (Мухаммад) баш ийсе – мына ошолор Алла белек кылгандар менен бирге болушат: Пайгамбарлардан, Сыддыктардан, Шейиттерден жана Саалихтерден болушат. (4:70)

Кыскасы, Курани карим Ислам дини жөнүндө төмөнкүлөрдү билдирет:

Ислам адамзаттын пайдасы үчүн жаралган акыркы толук дин;

Ислам таалимдерин жокко чыгара турган башка эч кандай жаӊы таалимдер түшүрүлбөйт;

Исламдын карамагынан тышкары турган, ага баш ийбеген жаӊы пайгамбар да болбойт;

Кандайдыр бир пайгамбар чыкса да, ал толук бойдон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га көз каранды болот.

Пайгамбарлар дайыма кабар жеткирүү үчүн келип турушкан. Ошол кабар ишенимдердин аймагын эле камтыбастан, практикалардын аймагы менен ишенимдердин ишке ашырылуусун да камтып келген. Ушул таалимдер эки чоӊ категорияларга бөлүнгөн:

1. Кимдир бирөөнүн Алла таала менен болгон байланышын кантип жакшыртса болот;

2. Кимдир бирөө адамдар менен болгон алакада өзүн кандай алып жүрүшү керек.

Ушул эки категория, чындыгында, шарият мыйзамдарынын бардык аспектилерин камтыйт. Биз бул маселенин Исламда кандайча ишке ашуусу жөнүндө узун талкууга кирише албайбыз; бирок эл аралык мүнөздөгү бул таалимдердин бир аз маанилүү өзгөчөлүктөрүн сүрөттөгөнүбүз ылайыктуу иш болоор. («Исламдын элементардык окуусу», 25-33-бет, Бишкек – 2008)


[1] Ыйык Куранды чечмелеген адамдар.

[2] «Тухфа-э-Кайсария», «Руханий хазааин», 12-том, 256-бет.

[3] «Тухфа-э-Кайсария», «Руханий хазааин», 12-том, 259-бет.

Send this to a friend