Ажылык • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ажылык

Динди кармануу боюнча Исламдын көрсөтмөлөрүнүн универсалдуу экенин көрсөткөн дагы бир мисалы – бул ажылык (зыярат кылуу) болуп эсептелет. Дагы бир ирет, зыярат кылуунун системасын дүйнөлүк диндердин баардыгынан эле тапса болот, бирок зыярат кылуу жайлары бир же андан көп өлкөлөрдүн ар кайсы жерлерине чачырап кеткен. Бир динди туткандардын баардыгы өмүрүндө жок дегенде бир жолу барууга тийиш болгон жалгыз борбордук жерди табууга кыйын. Кызыгы, Ислам көрсөткөндөй, бүт дүйнөдөгү мусулмандар он күнгө чогулуп, толугу менен Кудайды эскерүүгө арналган дал ошондой жерди Меккеден тапса болот. Бардык жаштагы зыяратчылар бардык өлкөлөрдөн, бардык улуттардан жана бардык расалардан келишет. Миллиондогон сандагы эркектер, аялдар жана балдар, баарысы жылына бир жолу уникалдуу зыярат үчүн чогулушат. Эч бир башка динде мындай зор универсалдуулуктун көргөзмөсүн көрө албайсыӊ. Ошентип, Ислам таалиминин ар түрдүү тармактарындагы ибадаттарда көрсөтүлгөн үлгүлөрдүн баары Алла тааланын Жалгыздыгы астында жер жүзүндөгү адамдардын биригүүсүнө ишаарат кылат.

Ажылык кылуу системасынын изин тээ Ибраахиймс)дын убагынан тапса болот. Бирок, Куранда анын Меккеде Алла тааланын биринчи Үйү курулган тээ илгерки замандарда башталган байыркы каада-салт экендиги ачык-айкын баяндалган. Байыркы замандарда Мекке «Бакка» деп аталчу. Ошондуктан, Ыйык Куран биринчи Үйдүн Меккеде эмес, Баккада курулганын эскерип өтөт. Ошондой эле ал Байт-уль-Атийк (эӊ байыркы Үй) деп да аталат. Ибраахиймс) аны Алла тааланын жетегинин астында таап, аны урандыдан тургузган жана уулу Исмааийл(ас)дын жардамы менен кайра куруусу Алла таала тарабынан буюрулган. Дагы Алла тааланын көрсөтмөсү менен аялы Хаажира[1] жана ымыркай перзенти Исмааийлди ошол жерге калтырган эле. Бирок, Алла тааланын Үйүн иштетүү иши Исмааийлдин бир аз болсо да, кандайдыр бир жардам бере ала турган жашка келгенинче күтүп турду. Ошентип, ал экөө чогуу Үйдү кайра курууга киришти жана зыярат системасын кайрадан баштап беришти. Зыярат учурундагы көптөгөн каада-салттар Алла тааланын Үйүнүн кайра курулушунун алгачкы күндөрүндө тамыр алган, айрымдары андан да мурунку доорго такалат. Маселен: Алла тааланын Үйүнө жакын болгон эки тоо – Сафаа менен Марваанын ортосунда чуркоо Хаажира жана анын баласы муктаж болгондо тирүү жандын бир белгисин издегендигинин эстелиги катары жасалат. Бала чаӊкоо агониясынан улам жанталашып тынчсызданып, согончогу менен жерди тепкени сүрөттөлөт. Ошентип, жерден фонтан атылып чыкканы айтылат. Ал ушул күнгө чейин кандайдыр бир түрдө дагы эле агып турат. Анын тегерегинде кийинчерээк жаралган кудуктагы суу касиеттүү суу деп эсептелинип, ажылык кылган зыяратчылардын көбү ошол жердеги суудан береке катары өздөрүнүн туугандарына жана досторуна алып келүүгө аракет кылышат.

Кыскача түшүндүрүп кете турган дагы башка ырым-жырым жана каада-салттар бар. Ажылыкта зыяратчылар эч кандай тигилген кийим кийишпейт; анын ордуна алар эки кенен эндей кездеме кийинишет. Бул ушул салттын эӊ байыркылыгын тереӊ айгинелейт. Ал адамдар тигилген кийимди кийгенди үйрөнө электе эле ажылык системасы башталганын көрсөтөт. Алар жаӊы гана жабына башташкан. Ошондой эле алгачкы кийимди кийип, зыяратчылардан аткарууга талап этилген ошол Алла таалага табынуу үчүн курулган биринчи Үйдү айланып чыгуу байыркы адамдардын эстелиги окшойт. Дагы, чачты кырдырып салуу – бүткүл дүйнөдө кечилдер, молдолор, календерлер жана вишнулардын арасында (Алла таалага) берилгендиктин шарттуу белгиси катары да таанылып келе жаткан маанилүү мүнөздөмө. Бул жагдай зыяратчылыктын мүнөзүнө дагы универсалдуулукту кошот. Аялдарга чачты кырдырбоого уруксат бар, бирок алар чачтарын белги катары шарттуу түрдө кырктырышы керек. Ошондой эле белгилүү болгондой, Азирети Ибраахийм(ас) Алла тааланын сүйүүсүнө мас болгонун эстеп, Анын даӊкын катуу кыйкырып мактаган жерлеринде зыяратчылар дагы ошол жерлерде ошондой кылышы талап кылынат. («Исламдын элементардык окуусу», 41-43-бет, Бишкек – 2008)


[1] Азирети Ибраахийм(ас)дын экинчи жубайы жана Азирети Исмааийл(ас)дын энеси болгон.

Share via