Жихад - ыйык согуш • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Жихад – ыйык согуш

Бул бардык Илахий кабарлардын таркатылуусуна байланыштуу абдан маанилүү маселе. Ал үгүт-дааваттын ар кандай куралына байланышкан. Дээрлик баардык диндердин жолдоочулары убакыт өтүп, түпкү булактарынан алыстаган сайын адамдарды дининде кармоо үчүн же башкаларды дининин карамагына киргизүү үчүн күч колдонуп келгени так белгилүү. Бирок Ыйык Куран боюнча, бул жагдай адамдардын диндеринин мажбурлоого болгон мамилесин чагылдырбайт. Эч бир дин өзүнүн башатында кандай түрдө болбосун, күч колдонууга уруксат берген эмес. Чындыгында, бардык диндер зордук-зомбулукка учурап келген. Ал эми алардын каршылаштары диндин таралышына аларды башынан эле кысымга алып жана толугу менен жок кылуу үчүн болгон аракеттерин аяган эмес. Улам жаӊы пайгамбар келген сайын душмандар ар тарабынан анын кабарын күч колдонуу аркылуу аеосуз куугунтукка алып, такай басынтууга аракеттерди жасап келишкен. Андыктан азыркы заманда Ыйык Куран үгүт жүргүзүү үчүн мажбурлукту колдонуунун жактоочусу катары бардык Китептерден жалгыз бөлүнүп чыкканы эӊ оор кайгылуу көрүнүш болуп турат. Андан да катуу каран түн – мусулман дин кызматчылары өздөрү ушул көз карашты такып сунуш кылып, аны Ыйык Куранга ачыктан-ачык жабыштырганында болууда.

Каерде болбосун, кайсы заманда туулбасын, дүйнөнүн бардык пайгамбарларын «өздөрүнүн кабарын таратууда мажбурлоого аргасыз болгон» деген айыптан бошоткон жападан-жалгыз Илахий Китеп – Ыйык Куран экендигин унутпоо керек. «Курани карим өзүнүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам)ды доордун тынчтык атынан кан төгүүчүлүктүн жана Алла тааланы сүйүү атынан жек көрүмчүлүктүн жетекчиси катары сунуш кылат» дегенди ойго да келтирүүгө болбойт. Албетте, бул жер чиелешкен полемикалык талаш-тартыштарга берилүүчү жай эмес, ошондуктан, бул кыскача кириш сөз жетиштүү болуш керек. Куран боюнча, «жихад» деп аталуучу Ыйык Согуш, чындыгында, Курандын жардамы менен ааламда руханий ыӊкылапты алып келүүчү ыйык демилге.

الفرقان

Окулушу: фа-лаа ту-тиъил-каа-фи-рийна ва жаа-хид-хум би-хий жи-хаа-дан ка-бийраа. (25:53)

Котормосу: Ушул (Куран) аркылуу алар менен улуу жихад кыл.      (25:53)

Курандын так ушул сөздөрү жихаддын маӊызын түшүндүрөт. Куран аркылуу жана жалгыз Курандын кабары менен гана урушуу керек. Бирөөнүн кежир мүнөзүн Алла таалага толук баш ийдирүүгө көндүрүү – Исламдын Ыйык Пайгамбары Мухаммад (саллааллааху алайхи ва саллам)дын ою боюнча, эӊ Улуу Жихад болгон жихаддын дагы бир формасы. Бир салгылашуудан кайтып келе жатканда, анын мындай дегени баяндалат:

الكشاف

Окулушу: ра-жааъ-наа минал-жи-хаа-дил ас-гари илал-жихаа-дил ак-бар. (Тафсир ал-Кашааф, 3-том, 173-бет)

Котормосу: Биз кичи жихаддан улуу жихадга кайтып келе жатабыз. (Тафсир «Ал-Кашшааф», 3-том, 173-бет, «Аль-Хаж» сүрөөсүнүн 78-аятынын чечмесинде)

Албетте, мусулмандардын: «Алла – биздин Раббибиз», – деген «күнөөсү» үчүн гана алсыз, коргоосуз адамдарга кылыч көтөрүп, кастык кылып, согуш баштаган душмандарга каршы коргонуу согушуна уруксат берилген. («Исламдын элементардык окуусу», 46-47-бет, Бишкек – 2008)

Share via