Дажжал - анын түпкү акыйкаты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Дажжал – анын түпкү акыйкаты

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) акырзаманда мусулман үммөтүн реформалап-оңдоо үчүн Масийх жана Махдийдин чыгуусу жөнүндө алдын-ала кабар берген, ошондой эле анын чыгуу белгилеринин эӊ маанилүүсү деп Дажжалдын чыгуусун айткан. Дажжал жөнүндө калайык-калктын арасында абдан ажайып жана таӊкаларлык жомоктор белгилүү болуп кеткен. Адамдар аны өзгөчө бир жаратылыш деп, табигаттан тышкары даражадагы күч-кубаттар жана кудуреттер ээси деп ойлошот. Бирок чындыгында Дажжал жөнүндө Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) алдын-ала кабарлаган кабарлар ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын түштөрүнѳн жана ачылыштарынан (вахий-аяндарынан) турат. Мисалга, Дажжал тууралуу сөз кылып Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

{بَيْنَا أَنَا نَائِمٌ أَطُوفُ بِالْكَعْبَةِ} (صحيح البخاري, كتاب الفتن)

«Байнамаа ана нааимун атууфу бил-Каъбати», мен уктап жатканымда, түштө Каабаны зыярат кылып жатканымды көрдүм. («Бухарий», Китаабуль-Фитан, Баабу зикрид-Дажжали)

Түштөр, ачылыштар жана алдын-ала кабалар туурасында төмөндөгүдөй кеңири кабыл алынган доктрина бар: алардын көбү жорулууга муктаж болот. Мисалга, Азирети Юсуф (алайхиссалаам) түшүндө он бир жылдыз, ай жана күндү өзүнүн алдында саждага жыгылганын көргөндө, ал кадимки эле күн, ай жана жылдызды билдирген эмес, тескерисинче ал анын бир туугандарынын жана ата-энесинин андан жардам сурап, алдына келүүсүн түшүндүргѳн.

Кудум ушундай «Сахих Муслим», Китаабуль-Фитан, Баабу зикри Ибни Саййаадиде мындай деп кезигет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединадагы Ибни Саййаад аттуу бир яхудий баланын (кийинчерээк ал мусулман болуп кеткен эле) Дажжал экенинен күмөн санаган жана Азирети Умар (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында ошол эле Дажжал деп касам ичкен, Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) аны четке каккан эмес. А чындыгында сыртынан караганда Ибни Саййааддын ичинде Дажжалдын белгилеринин көбү такыр кезикпейт эле. Андан далилденгендей, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана сахаабалар (разияллааху анху) да Дажжал жөнүндө алдын-ала кабарларды каймана маанидеги кабарлар деп билишчү жана бардык билгилердин ачык жана физикалык түрдө орундалуусун такыр зарыл деп билишчү эмес.

Курани карим, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) хадистери жана «дажжал» сөзүнүн сөздүк маанилеринен маалым болгондой, «дажжал» кандайдыр бир «таӊгаларлык жаратылыш» дегенди билдирбейт, тескерисинче бүгүнкү күндөгү өнүккөн христиан коомдорунун диний жетекчилери «дажжал» болуп саналышат. Тѳмѳндѳ бир канча мисалдар сунушталат:

  1. 1.   ДАЖЖАЛДЫН СӨЗДҮК МААНИСИ

 (i) Каззааб, ашынган жалганчы;

(ii) Бай-дөөлөттүү жана казыналар ээси;

(iii) Өзүнүн сан көптүгүнөн жерди каптап алуучу тайпа;

(iv) Соода товарларын көтөрүп жүргөн топ. («Лисаануль-Араб» сѳздүгү)

Тагыраак айтканда, «дажжал» сөзүнүн лексикалык мааниси – бул саны көп соодагер, өзүнүн товарларын дүйнөдө көтөрүп жүргөн, абдан бай-дөөлөттүү жана казыналар ээси, бүткүл дүйнөдө кыдырып жүргөн, ар бир жерге жетип барган жана ал жетпеген бир дагы жай калбаган жана дин жагынан абдан жалган ишенимге ээ болгон тайпа жана жамаат. Мына ушул белгилердин баары Батыш өлкөлөрүнүн христиан коомдорунун диний жетекчилеринде кезигет.

ДАЖЖАЛ ЖАНА КУРАНИ КАРИМ МЕНЕН ПАЙГАМБАР ХАДИСТЕРИ

 2.           Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Дажжалдын фитна-чагымчылыгынан сактануу үчүн «Ал-Кахф» сүрөөсүнүн алгачкы аяттарын окууга буюрган. «Ал-Кахф» сүрөөсүнүн башталгыч он аятында христиан дининин ишенимдери четке кагылган. Алла таала мындай деп айтат:وَّیُنۡذِرَ الَّذِیۡنَ قَالُوا اتَّخَذَ اللّٰہُ وَلَدًا «ва юнзираллазийна каалут-тахазаллааху валадаа». («Аль-Кахф» сүрөөсү: 5)

Жана ал: «Алла Ѳзүнѳ уул кылып алды», – дегендерди дагы кулактандырсын үчүн. (18:5)

Демек, Дажжалдын фитна-чагымчылыгы менен христиан дининин фитна-чагымчылыгы бир эле нерсе, себеби дарылоо оору жана дартка жараша болот. Эгер Дажжалдын фитна-чагымчылыгы христиан дининин фитна-чагымчылыгынан бөлөк нерсе болсо, анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сыяктуу даанышман инсан Дажжалдын фитна-чагымчылыгынан сактануу үчүн өзүндө такыр сөз болбогон аяттарды окууга буюрмак эмес.

  1. 3.           Хадисте Дажжалдын фитна-чагымчылыгы бардык фитна-чагымчылыктардын эӊ улуусу деп айтылган. («Сахих Муслим», Китаабуль-Фитан, Баабун фий бакиййатин ахаадийсид-Дажжали)

Курани Каримден маалым болгондой, фитна-чагымчылыктардын эӊ коркунучтуусу – бул христиандардын Ыйса (алайхиссалаам)ды Алла тааланын уулу деп айтуусу. Мисалга, Алла таала мындай деп айтат:اَنۡ دَعَوۡا لِلرَّحۡمٰنِ وَلَدًا «ан даъау лир-Рахмаани валадаа». («Марям» сүрөөсү: 92)

Себеби, алар Рахмаанга (Мээримдүү Аллага) перзентти таандык кылышты. (19:92)

Мына ушул коркунучтуу фитна-чагымчылыктын негиздөөчүлөрү жана баш-кашы Азирети Ыйса (алайхиссалаам)ды Алла Тааланын уулу деп айткан христиан поптору гана жана Дажжал да ошолор гана.

4. «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө Алла Таала мусулмандарга эки фитна-чагымчылыктан сактануу дубасын үйрөткөн.الۡمَغۡضُوۡبِ عَلَیۡہِمۡ«аль-магзууби алайхим», (Алла тааланын каарына дуушар болгондор) (1:7) деген фитна-чагымчылыктан яхудийлер назарда тутулган;الضَّآلِّیۡنَ«аз-заааллийн», (адашкандар) (1:7) деген фитна-чагымчылыктан христиандар назарда тутулган.

Яхудийлерди «дажжал» деп атоого болбойт, себеби алар жөнүндө Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:ضُرِبَتۡ عَلَیۡہِمُ الذِّلَّۃُ اَیۡنَ مَا ثُقِفُوۡۤا«зурибат алайхимуз-зиллату айна маа сукифуу» («Аали Имраан» сүрөөсү: 113), алар кайда гана болушпасын, кордук аларга түшүрүлгөн (3:113). Тагыраак айтканда, яхудийлер түбөлүккө жеӊилүүгө дуушар болуп турушат, бирок Курани Карим жана хадистерден маалым болгондой, Масийх жана Махдийдин доорунда христиан дини жеӊишке жеткен болот.

Демек, «Дажжал» христиан поптору эле экендиги белгилүү болду. Эгер андан кандайдыр бир башка коом же адам назарда тутулган болсо, анда «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө андан сактанууга дуба үйрөтүлмөк.

5. Курани Каримде Алла таала Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын жолун жолдогондордун жеӊишинен сөз кылып, мындай деп айтат:وَجَاعِلُ الَّذِیۡنَ اتَّبَعُوۡکَ فَوۡقَ الَّذِیۡنَ کَفَرُوۡۤا اِلٰی یَوۡمِ الۡقِیٰمَۃِ«ва жааъилуллазийнат-табаъуука фаукаллазийна кафаруу илаа йаумил-кияати». («Аали Имраан» сүрөөсү: 56)

… ошондой эле сени ээрчигендерди кыямат күнүнѳ чейин каапырлык кылгандардан ѳйдѳ коюучумун. (3:56)

Жогорудагы аятка ылайык жеӊиш жана падышалык кыямат күнүнө чейин Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын расмий ээрчүүчүлөрүнө белгиленген же ал (алайхиссалаам)дын чыныгы ээрчүүчүлөрү болгон мусулмандарга белгиленген. Мусулмандарды «дажжал» деп атоого болбойт, себеби хадисте «дажжал» «каапыр» деп айтылган. Ошондуктан, жогорудагы аятта жеӊишинен сөз кылынган Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын расмий ээрчүүлүлөрүн эле «дажжал» деп айтууга болот.

6. «Сахих Муслим», Китаабуль-Фитан, Баабу зикрид-Дажжалиде төмөндөгүдөй кезигет: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Азирети Тамим Дарий (разияллааху анху) аттуу сахаабасы Дажжалды Батыш аралдарынын биринде жайгашкан бир чиркөөдө камалганын көргөн эле. Андан да «дажжал» Батыш коомдору эле экендиги маалым болот.

ДАЖЖАЛДЫН БЕЛГИЛЕРИ 

 1. «Сахих Бухарий», Китаабуль-Анбия, Баабу «вазкур фил-Китааби Марямада» «Дажжалдын бир көзү көр болот», – деп жазылган.

Анан мындай деди:

«Анын сол көзү абяай жаркыраган болот, тим эле берметтей». («Канзуль-Уммаал», 4-том, Баабу фий хуружид-Дажжал, 38784-хадис, «Мактабатут-тараас» – Халаб)

Бул деген, анын сол көзү, тагыраак айтканда дүйнөлүк көзү өтө өткүр болот жана дүйнөлүк мамилелелерге өтө тереӊ көз салат, бирок оӊ көзүнөн сокур, тактап айтканда динден куру-жалак болот.

2. «Анын эки көзүнүн ортосунда [ک۔ف۔ر], «кааф», «фа», «ра» деп жазылган болот, аны сабаттуу бирөө да, сабатсыз бирөө да окуй алат». («Сахих Бухарий», Китаабуль-Фитан, Баабу зикрид-Дажжали)

Тагыраак айтканда, анын каапырлыгы ачык-айкын болот.

3. Анан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тышкы келбет жагынан көкүрөгү кеӊ, өӊү ак, бешенеси жарык келишкен бир жигит катары көргөн. «Мусанниф ибн Аби Шайба» 15-том, Китаабул-Фитан, маа зикира фий фитнатид-Дажжал)

Батыш коомдорунун жүз көрүнүшү дал ошондой, анын өкүлү катары бир адам ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га көргөзүлгөн.

4. «Сахих Муслим», Китаабул-Фитан, Баабун фий бакиййатин мин ахаадийсид-Дажжалиде мындай деп жазылган: «Асфахаан» деген жердин жетимиш миӊ (70,000) яхудийи Дажжал менен бирге болушат».

Бүгүнкү күндө яхудийлер христиан коомдоруна толук кандуу жардам беришүүдө.

5. Дажжал нандар тоосун жана суу арыгын өзү менен кошо алып жүрөт жана өтө тездик менен дүйнөгө жайылып кетет. Ар жакка фитна, бузукулук жана кыйроо салат, өзү каалаганын өлтүрөт, каалаганын тирилтет, анын буйругу менен жаан жаайт, жер эгинди өстүрөт жана өз казыналарын тышка чыгарат. («Сахих Муслим», Китаабул-Фитан, Баабу зикрид-Дажжали)

Жогорудагы хадистин ачык-айкын көрүнүп турган мааниси жагынан Дажжалды Кудай же Кудайга таандык кудуреттер ээси деп кабыл алууга туура келет, ал болсо, Ислам дининин негизги акыйдасы – Тавхийд (Алла тааланын жалгыздыгы) деген акыйдага каршы келет. Ошондуктан, ушул хадисти төмөнкүдөй чечмелөөгө биз аргасызбыз: Дажжал өзүнүн өзгөчөлүктөрү жана ишмердүүлүктөрү менен Алла таалага эле таандык иштерге кол салат жана жаан жаадыруу, жаанды токтотуу, көптөгөн сууну жаратуу жана аны кургатуу деген ѳӊдүү табигат түзүмүн өз колуна алууга аракет кылат. Нандар тоосу жана суу арыгынын аны менен бирге болуусунда мына ушул Батыш коомдорунун бүтүн дүйнөнүн үстүндѳ экономикалык жана социалдык жеңишинен сѳз кылынган. Экинчи жакта ал жараткан унааларына, поезддерине, учактарына жана суу кемелерине (пароходдоруна) ишаарат кылынган, алардын ичинде сапар аралыгында азык-түлүк ж.б. бардык шарттар камсыздалган болот.

6.  Аны менен бирге бейиш да болот, от да болот, ал бейиш деп жүргөн нерсе чындыгында от болот. («Сахих Буханий», Китаабуль-Анбия, Баабу каулиллаахи азза ва жалла: «вала кад арсалнаа Нухаа»)

Мунун да кѳзгѳ кѳрүнгѳн ачык маанисин кабыл кылуу кыйын жана Тавхийд деген акыйдага каршы келет. Мына ошондон улам «Сахих Бухарий» деген китептин чечмелөөчүсү Аллаама ибн Хажар буга төмөнкүдөй түшүндүрмѳ берген:

«Дажжал сыйлоо жана жазалоого кудуреттүү болот, кимде-ким ага моюн сунса, аны сыйлайт, тактап айтканда, аны өзүнүн бейишине киргизип коёт, бирок чындыгында акырет жагынан ал тозок болот. Кимде-ким ага баш ийбестик кылса, ал анын дүйнөсүн тозокко айландырат, бирок мына ошол адамдар акыреттеги бейишке ээ болушат». («Фатхуль-Барий шарх Бухарий», Китаабуль-Фитан, Баабу зикрид-Дажжали)

Жогорудагы сапаттар жана касиеттер да бүгүнкү күндө христиан коомдорунда толук кандуу кезигет.

7. Дажжалдын ар бир кулагы отуз (30) карыш узун болот. («Канзуль-Уммаал», Китаабул-Кыямах мин кисмил-афъаали Баабуд-Дажжал, 39709-хадис)

Тагыраак айтканда, Дажжал мына ушундай нерселерди (технологияны) жаратат: аны менен кабарларды таратуу иши жеӊил болуп кетет. Мисалга, телефон, факс, электрондук почта ж.б. Мына ушулардын баарын Батыш коомдору эле жараткан.

8. Убада Кылынган Масийх «Лудд» эшигинин жанында Дажжалды өлтүрөт. («Сахих Муслим», Китаабул-Фитан, Баабу зикрид-Дажжали)

«Лудд» сѳзү «талашып-тартышуучу адамдар» деген маанини билдирет.

Алла таала Курани каримде мындай деп айтат:وَتُنۡذِرَ بِہٖ قَوۡمًا لُّدًّا«ва тунзира би хий кауман луддаа», Курани Карим аны менен талашып-тартышуучу коомду эскертүүӊ үчүн келген. (Марям: 98)

Жогорудагы хадистин мааниси: Убада Кылынган Масийх Дажжалдын жалган ишенимдерин илим жана акыл далилдери менен талкалайт жана аны жеӊилүүгө дуушар кылат. Ошентип, Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) христиан динине каршы ушундай ачык-айкын далилдерди келтирген: ошол далилдер анын пайдубалдарын бузуп салган.

9. Дажжал Убада Кылынган Масийхты көрүп, туз сыяктуу ээрип кетет жана Алла Таала Масийх аркылуу Дажжалды жок кылат. («Сахих Муслим», Китаабуль-Фитан, Баабу фий фатхи Кустантиниййати ва хуруужид-Дажжали ва нузуул Исабни Маряма)

Дажжал Чыгыштан чыгат. Ал доор ынтымаксыздык жана бѳлүп-жаруу доору болот жана Дажжалдын жеӊиши кырк күнгө барат (тагыраак айтканда, толук кандуу жеӊишке жетишет). Момундар кейиштүү ахвалда болушат, ошондо Азирети Ыйса (алайхиссалаам) келип, адамдарга имамчылык кылат. Ал киши рукудан башын көтөргөн заматы Алла таала Дажжалды өлтүрөт жана мусулмандар жеӊишке жетишет. («Мажмаъуз-завааид ва манбаъул-фавааид» 7-том, 349-бет, «Мактабатуль-кудусий» Аль-Кахира -1353-хижра)

Жогорудагы хадистерден маалым болгондой, Убада Кылынган Масийх жана анын Жамааты Дажжалдын каршысында ибадаттар жана дубалар менен жеӊишке жетишет.

10. Дажжал Каабаны тавааф кылат (тегерегине айланат).

Жогорудагы хадисти чечмелеп, Аллаама Таурбиштий мындай деп жазат:

«Ушул хадис Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын түштөрү жана ачылыштарынын бири. Азирети Ыйса (алайхиссалаам)дын Каабаны тавааф кылуусунун мааниси: ал (алайхиссалаам) динди реформалап-оӊдоо жана аны орнотуу максатында диндин тегерегинде айланат жана Дажжал динди бузуу жана анда ийриликти пайда кылуу үчүн диндин тегерегинде айланат. («Миркаат шарх» Мишкаат», 9-том, 411-бет, Китаабуль-Фитан, Баабу алаамаат байна йадийис-саати)

Ошол эле «Шарх Мишкаатта» Мавлавий Абдул-Хак Мухаддис Дехлавий да Дажжалдын Каабанын тегерегинде айлануусун мындай деп түшүндүргөн:

«Дажжал Каабаны бузуп-талкалоо ниетинде болот». («Мазаахируль-хак шарх Мишкаат», 4-том, Китаабуль-Фитан, Баабу алаамати байна йадай ас-сааъати ва зикруд-Дажжал)

Жогорудагы белгилер да Батыш коомдорунда жана алардын попторунда толук кандуу кезигет. Анткени, алар Ислам динине сын-пикир билдирүү жана мусулман үммөтүнө зыян келтирүүнүн бир дагы учурун колдон чыгарышпайт.

ДАЖЖАЛДЫН ЭШЕГИНИН БЕЛГИЛЕРИ

Дажжал абдан жарык болгон бир эшекти минген болот, анын эки кулагынын ортосунда жетишмиш (70) кез (метр) аралык болот. («Мишкаатуль-Масаабих», Китаабуль-Адаб, Баабуль-алаамаат ва зикрид-Дажжал)

Дажжалдын эки бутунун ортосундагы аралык бир күн менен бир түнгө тете болот жана ал бүт жерди кыдырып чыгат. Ал булуттарды кармоого кудуреттүү болот жана күн батары жакка жол тартып, күндөн да ары ѳтүп кетет. Ал деӊизде жүрөт жана деӊиз суусу томуктарына чейин келет. Ал жолго чыкканда бийик үн менен: «Туугандарым, мага келгиле! Сүйүктүүлөрүм! Мени көздөй келгиле!» – деп жар салат. («Канзуль-Уммаал», Китаабуль-Кыямах мин кисмил-афъаали Баабуд-Дажжал, 39709-хадис)

Мына ошол унааларда тешиктер (эшиктер) да болот жана тепкичтер (отургучтар жана орундар) да болот. (Имам Мухаммад Бакир Мажлисий: («Бихааруль-Анваар», 52-том, 192-бет, «Даруль-ихйаа ат-тураас аль-Арабий» – Ливан)

Жогорудагы хадистерде Дажжал коомдорунун таӊгаларлык ачылыштарынан (технологиясынан) сөз кылынган. Тагыраак айтканда, алар абдан тез жүрүүчү унааларды жаратышат, ошол унааларда чырактар орнотулган болот, адамдардын отуруусу үчүн отургучтар болот, ал унаалар жерде да жүрөт, тактап айтканда, поезддер, машиналар ж.б., ошондой эле мейкиндикте да учат, тагыраак айтканда, учактар, ошондой эле деӊизде да жүрөт, суу кемелери (пароходдор). Эшектин эки кулагынын арасындагы аралык дегендин мааниси: ал коомдор ушундай технологияны жаратышат: аны менен кабарларды жеткирүү иши өтө эле аз мөөнөттө аткарылат. Мисалга, телефон, домофон (intercom) ж.б. Кабар жеткирүүнүн ушул жеӊилдиктери Дажжал жараткан унааларда да камсыздалган болот. Иш жүзүндө бүгүн дал ошондой болуп жатат.

Айрым уламалар Дажжалдын эшегин поезд деп да түшүндүрүшкөн. («Хадия Махдавийа», 89-90-бет, «Канпур» (Индия) басмаканасы, 1393-хижра)

Кыскасы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтып берген Дажжалдын белгилеринин баары бүгүнкү күндө сөзмө-сөз орундалып калган. Эгер Дажжал ачыкка чыккан болсо, анда Убада Кылынган Масийхтын да ачыкка чыгуусу лаазым. Чынында Убада Кылынган Масийх да ачыкка чыккан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругуна ылайык Дажжалдын кыйроолорунан сактануунун жападан-жалгыз жолу – бул ошол Убада Кылынган инсанды кабыл кылуу гана.

Share via