Ыйса(ас)дын тирүүлүгү деген акыйданын (ишеним) түпкү булагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ыйса(ас)дын тирүүлүгү деген акыйданын (ишеним) түпкү булагы

Мусулмандардын арасынан бир тайыпа: «Азирети Ыйса(ас)ды Алла таала денеси менен асманга көтөрүп алган, акырзаманда ал киши кайрадан ошол эле денеси менен асмандан түшүп келет», – деп ойлойт.

Бул – Курани карим жана хадистен такыр колдоо таппаган акыйда (ишеним). Тескерисинче, Курани каримдин бир топ аяттары ачык-айкын Азирети Ыйса(ас)ды куду башка пайгамбарлар сыяктуу каза тапканын айтат жана хадисте Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) ал кишинин 120 жыл өмүр сүргөнүн айткан экен. («Канзул-Уммаал» 11-том, 479-бет, «Муассатур-Рисаалах» – Бейрут)

Сахаабалар жана үммөт уламаларынын акыйдасы (ишеними)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав) дүйнө менен коштошкондо, бардык сахаабалар бир ооздон Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын куду мурунку бардык пайгамбарлар каза тапканындай эле каза тапканына пикирлеш болушту. («Бухарий» Китаабул-Магаазий, Баабу марзин-Набий)

Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) жана анын Жамааты да куду ушул эле ишенимде. Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад(ас) Курани каримдин оттуз (30) аяты жана бир канча хадистер менен Азирети Ыйса(ас)дын каза тапканын далилдеген жана ушул темада ачык беттешүүгө да чакырган.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Негиздөөчүсү – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын беттешүүгө чакыргандыгы

«Эгер Азирети Ыйса(ас)дын өзүнүн денеси менен асманга көтөрүлүп кеткенинин кандай далили бар деп суралса, анда эч бир аятты да, эч бир хадисти да көрсөтө алышпайт, болгону [نُزُوْل][1] сөзүнө өз тарабынан «асман» сөзүн кошуп алып, калайык-калкты алдашат. Бирок эсиӊердер болсун, эч бир марфуъ[2] муттасил[3] хадистте «асман» сөзү кезикпейт, ал эми  [نُزُوْل]сөзү араб тилиндеги атамаларда мусаапыр үчүн колдонулат жана  [نَزِیْل]«назийл» мусаапырга айтылат. А түгүл биздин өлкөбүздө да ушул эле атама бар: шаарга кирген адамды сыйлап туруп: «Сиз кайда түштүӊүз?» – деп сурашат. Ушул сүйлөшүүдөн: «Бул киши асмандан түштү», – деген маанини эч ким чыгарбайт. Эгер бардык исламий агымдардын хадис китептерин изилденип көрсөӊөр да, «Азирети Ыйса(ас) өзүнүн денеси менен асманга чыгып кеткен эле, анан кайсы бир доордо жерге кайтып келет» деп жазылган сахих (туура) хадисти кой, вазъий (жасалма) хадис бар экенин да таппайсыӊар. Эгер бирөө (ошондой) хадисти сунуштаса, биз мына ошондой адамга жыйырма миӊ рупийге чейин штраф пулун бере алабыз, ошондой эле тобо келтирүү жана бардык адабияттарыбызды өрттөтүп жиберүү мындан тышкары болот». («Китаабул-Бариййа», «Руханий Хазааин» 13-том, 225-беттеги түшүндүрмө)

Ушул беттешүүгө 1898-жылы чакырылган эле, буга жүз жылдан да ашуун убакыт өттү, бирок буга каршы бир да мисал келтирилген эмес. Чындыгында, Ыйса(ас)дын тирүүлүгү деген акыйда (ишеним) исламий акыйда эмес, тескерисинче сахаабалар доорунан кийин христиандар тарабынан келген. Байыркы жана азыркы уламалар менен муфассирлердин (Куранды чечмелегендер) изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы да ушул жана алар үзгүлтүксүз ушул чындыкты моюндап келишүүдө.

Улуу сөзмөр Аллама Ибни Каййим

Ыйса(ас) жөнүндө «ал оттуз үч жашында асманга көтөрүлгөн» деп айтылат, ушул ой эч бир марфуъ муттасил хадистен далилденбейт». (Имам ибн Каййим: «Заадул-Маъаад» 1-том, 20-бет, «Меймания» басмаканасы – Мисир)

Ханафий аалым Аллама Ибн Аабидайин Аш-шамий

«Имам ибн Каййимдин көз карашы туура жана ушул акыйда чынында эле христиандардан мусулмандарга келген». (Наваб Сыддык Хасан Хан: «Тафсир Фатхул-Баян» 2-том, 49-бет, «Кубраа мирия» басмаканасы – Мисир (1301-х.)

Атактуу муфассир жана мусулман төбөл Сэр Саййид Ахмад Хан

Үч аяттан Азирети Ыйса(ас)дын өзүнүн ажалы менен каза тапкандыгы ачык-айкын байкалат. Бирок Ислам уламалары айрым христиан агымдарды ээрчип, Курани каримдин маани-маӊызына көӊүл бурбай эле, Азирети Ыйса(ас) тирүү бойдон асманга чыгып кеткен деп кабыл кылып алгандыктан, алар ушул аяттардын кээ бир сөздөрүн өздөрүнүн түбү жок түшүнүгүнө ылайыкташтырууга орунсуз аракет жасашкан». («Тафсир-ул-Куран» 2-том, 43-бет)

Мавлана Убайдуллах Синдхий

Адамдардын арасында кеӊири таралып кеткен Ыйса(ас)дын тирүүлүгү деген акыйда бир жөөт адам жартып алган жомок жана бир саабий токуп чыгарган жасалма миф. Мусулмандардын арасында бул нерсе Усман (доорундагы) фитна-чагымчылык убакта Ансаар бани Хаашим аркылуу таралган, алар саабий жана жөөт болчу. Куранда Ыйса(ас) өлбөгөнүн далилдей турган эч бир аят жок». (Урду тилиндеги «Илхамур-Рахман фий тафсир-ил-Куран» 1-том, 240-бет, «Байтул-Хикмат» башкармалыгы – Кабийрвала Мултан (Пакистан)

Наваб Аъзамяр Жанг Мавлавий Чырагалы

«Рафаъ»[4] сөзүн чечмелеп жатып мындай айтат: «Бул нерсе улуктоо, урматтоо жана сыйлоо үчүн айтылат. Бул чынында эле асманды көздөй булуттардын арасында учуп барып, кайсы бир асманга отурганын туюнтпайт. Бизде мына ошондой ойлордун түбү жок. Кийинчерээк Азирети Ыйса(ас) албетте каза тапты, андан Курани каримдеги башка жайда кабар берилген». (Наваб Аъзамяр: «Тахзийбул-Ахлак» 3-том, 221-бет, 1896-ж. жарык көргөн)

Белгилүү ойчул Гулам Ахмад Парвиз

Азирети Ыйса(ас)дын азыркыга чейин тирүү экенин Курани карим колдобойт. Курани карим анын каза тапканын ачык-айкын баян кылат… Азирети Ыйса(ас)дын тирүү бойдон асманга көтөрүлгөндүгү деген түшүнүктү кийинчерээк христиан дини чыгарган. (Гулам Ахмад Парвиз: «Шуула-э-Мастур» 79-83-бет «Тулуъ-э-Ислам» башкармалыгы Лахор (Пакистан).

Атактуу адабиятчы жана муфассир Абул-Калаам Азаад

Ушул акыйда негизинен ар жактан христиандык акыйда болуп, исламий форма жана кийимде ачыкка чыкты». (Абул Калаам Азаад: «Накш-э-Азаад» 102-бет, «Китааб манзил» Лахор (Пакистан), 2-басылма, июль 1959-ж.)

Белгилүү араб аалым Абдул-Карим Ал-Хатиб

Курани каримде Ыйса(ас)дын кайра келүүсү жөнүндө такыр сөз кылынган эмес, Ыйса(ас) тууралуу көпчүлүк рабаяттарды Китеп ээлеринин уламалары Ислам динине киргизишкен». («Ал-Масих фил-Куран» 538-бет, «Дарул-Кутуб ал-Хадисия» шаариъ жумхурия 1-басылма 1965-ж.)

Аллама Шуурай

Христиан уламалары жөөттөрдү христиандык алкагына алып келүү үчүн негизи жок курулай кептерди калайык-калктын арасында жайылтып жиберишти. Анын өлүмү жөнүндө да «Азирети Ыйса(ас) албетте крестте жан берген, бирок үч күндөн кийин тирилип, асманга көтөрүлүп кетти жана кыяматка жакын жерге түшүп, христиандардын душмандарын жексен кылат» деген ой адамдарга салынды. (Аллама Шуурай: «Сайнтифик Куран» 2-пара, 76-бет, «Куран сусайти» Карачи (Пакистан)

Эми кайсынысы туура экенин чечүү – бул силердин жеке абийириӊер.


[1] «Нузуул» сөзү «түшүү» дегенди билдирет.

[2] Кайсы хадистин рабаяты адилеттүү жана ишенимдүү рабаятчылар аркылуу үзгүлтүксүз сүйүктүү Пайгамбарбыбыз Мухаммад(сав)га чеийн жетсе, ал «марфуъ» хадис деп аталат.

[3] Кайсы хадистин рабаятында эч бир жерде эч бир рабаятчы үзүлбөсө, ал хадис «муттасил» деп аталат.

[4] Көтөрүү, жогорулатуу.

Share via