Азирети Мавлана Нуруддин(разияллааху анху)нун өмүр баяны • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Азирети Мавлана Нуруддин(разияллааху анху)нун өмүр баяны

Азирети Мавлана Нуруддин(разияллааху анху)нун өмүр баяны


Азирети Имам Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 1-Халифасы – Азирети Хаким Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) 1841-жылы Пакистандагы байыркы жана тарыхий шаары – Бхерада жарык дүйнөгө келген. Атасынын аты Азирети Хафиз Гулам Расул мырза жана апасынын аты Нур Бахт айым болчу. Ал кишинин санжырасы отуз (30) адам аркылуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын экинчи Халифасы Азирети Умар Фарук (разияллааху анху) жана апасынын санжырасы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын 4-Халифасы Азирети Али (разияллааху анху)га чейин жетип барат. Бул жактан ал (разияллааху анху) Фарукий да болот, Алавий да болот. Ал (разияллааху анху)нун үй-бүлөсү абдан илимдүү жана такыба болчу. Ушул үй-бүлөдө күнү-түнү Курани Каримди окуп-үйрөтүү иштери үзгүлтүксүз уланган. Ал киши апасынын кучагында эле Курани Каримди үйрөнгөн эле. Ал киши жаштайынан эле күчтүү эске тутуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болчу, а түгүл апасынын аны эмчектен чыгаруусу да эсинде. Ал киши балалыгынан эле сууда чабак чабууга өтө шыктуу болчу. Чоңойгондон кийин дин илимин үйрөнүү максатында Лахор, Рампур, Дехлий, Лакхнау, Бхупал ж.б. жашаган. Андан тышкары илим алуу максатында 1865-1866-жылдары ал киши Мекке менен Мединага да барган. Ал жерде бир жарым жыл жашап, диний илимдерди алып, ажылык зыярат кылгандан соң өз мекенине кайткан жана Бхера шаарында Курани Каримди жана хадистерди окутуп-үйрөтүү максатында сабактарды баштаган. Аны менен бирге табыпчылыкты да баштаган. Табыпчылыкта ушунчалык аты чыккандыгы үчүн алыс жерлерден да адамдар келип дарыланышкан. А түгүл Кашмир өрөөнүнүн Ражасынын (өкүмдары) өтүнүчү менен ал киши ошол жерге барып жана көп убакытка чейин падышалык табып катары Жамму Кашмир өрөөнүнүн сарайында кызмат аткарган. Ушул убакыт аралыкта ал киши табыпчылыктан тышкары аталган штатта Ислам динине даават кылууга, аны жайылтуу иштерине аракет жасап турган жана окутуп-үйрөтүү иштерин да токтоткон эмес.

1885-жылы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) эң алгачкы жолу Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) бастырган кулактандыруусун окуп, андан ушунчалык катуу таасирленди: Азирети Имам Махий (алайхиссалаам)ды көргөнү Кадиянга (Индия) барып жана Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)га көрөөрү менен ал (алайхиссалаам)дын чынчыл экендигине ишенген. Бул – ал (разияллааху анху)нун Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) менен эң алгачкы жолугушуусу болчу. Ушул жолугушуудан кийин ал (разияллааху анху) түбөлүккө Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)га берилген кызматчыларынын сабына кошулуп калат. Лудхияна деген жерде Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) биринчи жолу байъат алганда, ал (разияллааху анху) биринчилерден болуп, баарынан мурда байъат берүү бактысына ээ болгон. 1890-жылы Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн Убада кылынган Масийхи экенин билдиргенде, ал (разияллааху анху) такыр эки анжылуу болбой, дароо Азирети Абу Бакр (разияллааху анху) сыяктуу Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын билдирүүсүнө ыйман келтирет.

Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) биринчи жолу отуз жашында Бхера шаарынын өзүндө Муфтий Шейх Курейший Усманий мырзанын кызы урматтуу Фатима Бүбү айымга үйлөнгөн. Ал (разияллааху анху)нун ошол жубайы 1905-жылы каза тапкан. Ошол жубайынан тогуз уул жана беш кыз перзентин көргөн. Эки кызы Хафса жана Амама эрезеге жеткен, калган балдары жаштайында эле чарчап калышкан. Ал киши экинчи жолу 1889-жылы Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын үндөөсү менен Лудхияна шаарынан Азирети Суфи Ахмаджан мырзанын кызы Азирети Сугра Бегам айымга үйлөнгөн. Ал киши 1955-жылы Рабвах шаарында каза тапкан. Андан алты уул жана бир кыз перзентин көргөн.

Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) жазган китептери

Ал киши 1887-1888-жылдары Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын көрсөтмөсү менен христиан дини акыйдаларын далил менен сындыруу максатында «Фаслуль-хитаб» (чечкиндүү сөз) аттуу бир китепти жазган. Анан 1890-жылы Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын көрсөтмөлөрүнүн негизинде индус (молдо) Пандат Лекхрамдын «Такзийб Бараахийн-э-Ахмадия» («Бараахийн-э-Ахмадияны» четке кагуу) аттуу китебине жооп катары «Тасдийк Бараахийн-э-Ахмадия» («Бараахийн-э-Ахмадияны» тастыктоо) аттуу дагы бир китепти жазган. Ошондой эле Аария агымдагы Дхарам Пал аттуу бир муртад (мурунку аты Абдул Гафур) «Тарк-э-Ислам» (Исламды таштоо) аттуу бир китеп жазган эле, буга жооп катары ал (разияллааху анху) «Нуруддин» (диндин нуру) аттуу бир көлөмдүү китепти жазган. 1904-жылы ал киши «Абтал-э-улухият-э-Масийх» (Ыйсанын кудай экенин жокко чыгаруу) аттуу бир китепчеде христиан динине каршы күчтүү далилдерди келтирген. Ошондой эле эркек балдар жана кыздарды жөнөкөй тил менен намаз маселелери менен тааныштыруу үчүн ал киши 1906-жылы «Динияттын биринчи китепчиси» аттуу китепчени да жазган, ал китепче аябай белгилүү болгон.

Кызматынан бошотулуусу жана Кадиянга көчүп келүүсү

Ал киши 1892-жылы Жамму Кашмир аттуу штаттан баштаган кызмат тепкичи 1886-жылы аяктаган. Ал (разияллааху анху) ал шататта Курани каримди окутуп-үйрөтүү жана Ислам динине даават кылуу иштерин баштаган, ошол нерсе анын кызмат тепкичинин токтошуна себеп болгон. Мах Ража Ранбир Синг мырзанын ажалынан кийин анын тактыга отурган Мах Ража Партап Синг жана анын сарайындагы айрым адамдар Ислам динин жана өзгөчө Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху)ну жаман көрчү. Ошентип, алар ал (разияллааху анху)ну жумушунан бошотушту. Ал киши андан кийин өзүнүн жери болгон Бхера шаарына кайтып келди. Ал жерде ал (разияллааху анху) бейтапкана курууну чечет жана кооз бир үйдү сала баштаган. 1893-жылы ал үй курулуп жатканда эле кандайдыр бир жумуш менен Лахор шаарына барган, ал жерге барып Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)ды зыярат кылууну ойлогон. Ошентип, ал (разияллааху анху) Кадиянга жөнөгөн. Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам): «Эми кызматтан бошоп калыптырсыз, эми ушул эле жерде жашай бериңиз», – деп айткан. Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху): «Дагы төрт-беш күн турам го», – деп ойлогон. Бирок, бир жумадан кийин Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: «Сиз ушул жерде жалгыз жашайсыз, өз жубайларыңызды да ушул эле жерге чакыртып алыңыз». Ошентип, Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) эки жубайын чакыртып алды. Анан бир күнү Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан: «Сиз китептерге аябай кызыгасыз, китепканаңызды да ушул жерге алып келип алыңыз». Ошентип, китепкана да Бхерадан Кадиянга көчүрүлгөн. Бир аз күндөрдөн кийин Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам): «Молдоке! Туулган жериңизди эми ойдон өчүрүп таштаңыз», – деп айткан. Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Ал окуядан кийин туулган жеримди оюдан ушундай чыгарып салгам: түшүмдө да туулган жеримди көргөн эмесмин».

Кадиянга көчүп келген соң бир топ адамдар аны Лахор же Амратсар шаарларына барып, клиника ачууга үндөшкөн, бирок ал (разияллааху анху) өзүнүн жолбашчысынын (Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) буттары астында турууну эле жактырган. Ушул эле жерде күнү-түнү динге кызмат кылууга алектенип турган жана ар бир көз ирмемде Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын көрсөтмөлөрүн жана буйруктарын аткаруу үчүн даяр болуп турган. Оорулууларды көрчү, Курани карим жана хадис сабактарын өтчү, намаздарды окутчу, диний насаат сөздөрүн сүйлөчү, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын китептерин корректуралоо жана китептерди изилденүү иштерин аткарчу. Анан колледж ачылганда, анда араб тилинен сабак берчү. Садр Анжуман Ахмадия түзүлгөндө, Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам) ал (разияллааху анху)ну ага төрагасы кылып дайындаган. Жакырлар жана колунда жокторго жардам берүүгө жана аларга боорукер болууга көңүл бурчу. Кыскасы, Кадиянга келип, Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) өз жашоосун биротоло динге арнап койгон. Эрте таңдан кечке дейре ошол эле иш менен алектенчү. Ал киши Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын үйлөрүнө жакын жерден ылай менен үй салып, анда жашай баштаган. Оорулуу адамдарды даарылоо аркылуу түшүүчү акчадан көп бөлүгүн Чанда катары Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын кызматына сунуштап койчу же жетимдерди жана жакырларды багууга сарптачу.

Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху)нун кайтышы

Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) бир-эки ай ооруп, 1914-жылдын 13-мартында жума күнү түшкү саат 2:15те Кадиянда ааламдан өттү. [اِنَّالِله وَاِنَّا اِلَیْهِ رَاجِعُوْنَ], «Иннаа лиллаахи ва иннаа илайхи раажиъуун». 1914-жылдын 14-мартында Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы болуп шайланып, ал (разияллааху анху)нун жаназа намазын окуткан. Жаназа намазынан кийин миңдеген Ахмадий мусулмандар өзүндө чексиз касиеттерди камтыган жана өмүр бою Ислам динине кызмат кылып турган Курани Каримдин, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жана Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын ушул чыныгы сүйүктүүсүн Кадияндагы «Бахиштий Макбара» аттуу мүрзөдө Азирети Имам Махдий (алайхиссалаам)дын жанында жерге ташырышкан.

Share via