Халифатка баш ийүү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Халифатка баш ийүү

وَاَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَاٰتُوا الزَّکٰوۃَ وَاَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَМааниси: Намаз окугула, зекет бергиле жана силерге ырайым кылынсын үчүн Пайгамбарга баш ийгиле. (24:57)

Баш ийүүнүн мааниси 

А дегенде баш ийүүнүн маанисин айта кетели. «Ат-Тааъатун» сөзүнүн мааниси, тек «баш ийүү» гана болбостон, «чын жүрөктөн», «чын ыкыластан» жана «толук ыраазычылык менен баш ийүү».

Чын ыкылас менен Алла тааланын буйруктарын аткаруу жана аларды аткарып жатканда лаззат жана кубаныч сезимин сезүү гана «баш ийүү» деп эсептелинет.

Мына ушул эле «баш ийүүнүн» үлгүсү иш жүзүндө Курани Каримде дагы баяндалган. Азирети Ибраахийм (алайхиссалаам) өзүнүн түшүндө өз уулун союп жатканын көрүп, анан толук ыраазычылык менен өзүнүн он үч жашар уулу Исмааийл (алайхиссалаам)ды курман кылууга даяр болуп калды. Анын уулу Азирети Исмааийл (алайхиссалаам):یٰۤاَبَتِ افۡعَلۡ مَا تُؤۡمَرُ(Эй, атам! Сен өзүңө буюрулган амирди орундаткын. Мени ойлобогун. Мен толук ыраазычылык менен Алла Тааланын ар бир амирине курман болууга даярмын.

Сйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Момундун мисалы ооздукталган төөгө окшош. Аны кайсы тарапка бурсаңыз, ал ошол жакка кете берет. Ал баш ийүүгө адаттанып калган». («Муснад Ахмад», 4-бөлүк, 126-бет; «Абу-Давуд», Китаабус-Суннах, Баабу фий лузуумит-Тааъа)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын биринчи Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху)нун ыкыласы жана баш ийүүсү тууралуу мындай деп айткан:

«Ал ар бир маселеде кандай жүрөк соккондо тамырлар ээрчиген сыяктуу эле мени ээрчийт».

Алла Таала жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) бизден талап кылган «баш ийүү» – мына ушул.

Халифаттын маанилүүлүгү

Халифатка баш ийүү үчүн халифаттын маанилүүлүгүн билип-түшүнүү да зарыл. Халифат эч качан сынбай турган бекем алкак. Ким аны бекем тутуп турса, ал эч качан ойрон болбойт.

Халифат бизди Алла Таала менен жолуктура турган, ошондой эле ар бир бөлүнүү-ынтымаксыздык жана баш аламандыктан сактай турган «Хаблуллаах» (Алланын жиби). Халифат ушундай бир ыйык бак-дарак: аны менен байланышып туруу жолу менен гана биз жап-жашыл бойдон тура алабыз. Ким ал ыйык бак-дарактан ажыралса, ал кесилип ташталууга ылайык болгон кургак бутакка окшоп калат.

«Халифа» пайгамбарга орун басар болот жана анын көлөкөсү катары пайгамбардын касиеттерине ээ болот. Бул жөнүндө Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Эч бир адам түбөлүккө жашабайт. Ошондуктан, дүйнөдөгү бардык инсандардын арасында эң урматтуу, эң ардактуу инсан катары болгон пайгамбарларга түбөлүк жана кыяматка чейин руханий жашоо берүүнү Алла Таала каалаган. Дүйнө эч качан жана эч бир мезгилде пайгамбарлык кут-берекелерден куру-жалак калбасын деп гана Алла Таала халифатты сунуштаган. («Шахаадатул-Куран», «Руханий хазааин», 6-том, 353-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) мындай деп айтат:اَفَلَا یَنۡظُرُوۡنَ اِلَی الۡاِبِلِ کَیۡفَ خُلِقَتۡ(Алар төөлөрдүн кандай жаратылганына көңүл бурушпайбы?) деген аятты чечмелеп, мындай деп айтат:

«(Алла Таала) төөлөрдө бири-бирин ээрчүү жана баш ийүү күчүн жараткан. Карагыла, төөлөрдүн узун бир сабы болот жана алар кандайча бир эле төөнүн аркасынан бир өзгөчө ыкмада жана бир өзгөчө тездик менен жүрүшөт. Эң биринчи болуп бара жаткан төө имам жана жетекчи катары болот. Ал эң тажрыйбалуу жана жолду жакшы билген болот. Анан бардык төөлөр бири-биринен аркасынан бирдей тездик менен жүрүшөт. Алардын биринин дилинде да башка жаныбарлар сыяктуу барабар жүрүү өңдүү жаман арзуу пайда болбойт. … дал ошондой маданияттуулук жана ынтымактуулук ахвалдарын туруктуу бойдон кармоо үчүн бир имам болушу керек. Эске тутуучу дагы бир нерсе, ал сап сапар учурунда болот. Демек, дүйнө сапарын өтүү үчүн имам болбосо, адам адашып-жаңылышып жок болуп кетет». («Ал-Хакам» газетасы, 4-том, 42-сан, 24-ноябрь, 1900-жыл, 4-5-бет)

Имамды кабыл алуу жана аны ээрчүүнүн зарылдыгынын дагы бир себеби, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Хузайфа бин Йамаан (разияллааху анху)га карата мындай деп айткан:

«Эгер силер жаман доорго туш келсеңер, анда

تَلْزَمُ جَمَاعَةَ الْمُسْلِمِينَ وَإِمَامَهُمْ

мусулмандардын Жамаатын жана алардын Имамын бекем туткула. Эгер Жамаат да болбосо, Имам да болбосо, анда бардык агымдардан чыгып кеткиле, мейли бак-дарактардын тамырын жегенге туура келсе да». («Бухарий», Китаабул-Фитан, Баабу кайфал-Амру изаа лам такун жамааъ)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Азирети Хузайфа бин Йамаан (разияллааху анху)га карата дагы бир жерде мындай деп айткан:

ИН РАИТА ЙАУМАИЗИН ХАЛИФАТАЛЛААХИ ФИЛ-АРЗИ ФАЛ-ЗАМХУ ВА ИН НУХИКА ЖИСМУКА ВА УХИЗА МААЛУКА.

ИН РАИТА ЙАУМАИЗИН ХАЛИФАТАЛЛААХИ ФИЛ-АРЗИ ФАЛ-ЗАМХУ ВА ИН НУХИКА ЖИСМУКА ВА УХИЗА МААЛУКА.

Эгер Алланын Халифасын жерде көрсөң, аны бекем туткун, мейли денең тытылып, мал-мүлкүң талап-тонолсо да». («Муснад Ахмад бин Хамбал», хадис Хузайфату бин ал-Йамаан, 22916-хадис)

Мына ушул хадистерде Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге мындай деп насаат кылган: «Силер Имам менен бирге болгула, мейли денеңер тытылып, мал-мүлкүңөр талап-тонолсо жана бак-дарактардын тамырларын жешке туура келсе да, аны эч таштабагыла. Имамдан эч ажырабагыла, болбосо силер руханий өлүмгө кабыласыңар».

«Ан-Нур» сүрөөсүндөгү Истихлааф аятында халифатка убада берилген. Ушул аяттан кийинوَاَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَاٰتُوا الزَّکٰوۃَ وَاَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَдеген аят келет. Анын мааниси: «Намаз окугула, зекет бергиле жана силерге ырайым кылынсын үчүн Пайгамбарга баш ийгиле».

Ушул аятты чечмелеп, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Халифат системасы орнотулганда, намаз окуу жана зекет берүү, ошондой эле Алланын Пайгамбарына баш ийүү силердин милдетиңер. Ошентип, алар Халифа менен бирге динди туруктуу кылып, Пайгамбарга баш ийүүчүлөр эле деп эсептелинишет. Мына ушул эле пикирди Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

МАН АТАЪА АМИЙРИЙ ФА-КАД АТАЪАНИЙ ВА МАН АСАА АМИЙРИЙ ФА-КАД АСААНИЙ.

МАН АТАЪА АМИЙРИЙ ФА-КАД АТАЪАНИЙ ВА МАН АСАА АМИЙРИЙ ФА-КАД АСААНИЙ.

Мен дайындаган амирге баш ийген киши мага баш ийет, мен дайындаган амирге баш ийбестик кыла турган киши мага баш ийбестик кылат». («Тафсир-э-Кабийр», 6-том, 367-бет)

Халифасыз пайгамбарга баш ийүү да болбойт

«Жогорудагы аятта айтылган «Пайгамбарга баш ийүү» да халифасыз болбойт. Себеби, Пайгамбарга баш ийүүнүн түпкү максаты – баарын биримдикке бириктирүү. … бир эле системага байланышкандыктан, сахаабалар (разияллааху анхум)да баш ийүү өзүнүн туу чокусуна чыккан эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) буюрган кезде эле сахаабалар (разияллааху анхум) ага амал кылууга даяр болуп калышчу эле. … «баш ийүү» деген нерсе системасыз пайда болбойт. Демек, халифат болгон мезгилде Пайгамбарга да баш ийилет». («Тафсир-э-Кабийр», 6-том, 367-бет)

Алла Таала ибадаттардын ичинде эң чоң басым жамаат намазына жасаган. Мында кандай даанышмандык бар? Күнүө беш маал намаз окуй тургандар өздөрүнүн имамы менен бирге руку жана сажда кылууга буюрулган. Тагыраак айтканда, иш жүзүндө Тавхийдди (Алланын жалгыздыгын) орнотууга тарбия берилген. Бир чакырыкка турууга жана бир чакырыкка отурууга машыгуу кылдырылган. Жума жана айт учурунда бардык кичине мечиттердин имам-хатибдери да жума жана айт (намаздарынын) имамдарын ээрчип, руку жана саждага барышат. Ушул ыкмада Алла Таала бир эле Имамды ээрчишүүңөр керек деп бизди тарбиялоодо. Убада кылынган Масийх жана Махдийдин доорунда бүт аалам бир эле үммөт болушу керек болчу. Ошондо «Хилаафат алаа минхаажин- нубуввах» (пайгамбарчылык жолундагы халифат) орнотулат. Ошол кезде баарыңар Алла Таала дайындаган Халифага баш ийүүңөр лаазым болот.

Мына ошол эле себептен бир нече кишиге эле имам болгон намаз имамы тууралуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Араңардагы имамдан мурунураак башын көтөргөн киши Алла Таала анын башын эшекке окшош кылып, же анын келбетин эшек келбетине окшош кылып коюусунан коркпойбу?» («Бухарий», Китаабул-Азан, Баабу исма ман рафаъа ра’сахуу каблал-имами)

Эгерде бир канча дүйнөлүк адамдар дайындаган имамдан алдында башын көтөрүүгө аракет кылуучу киши эшек баштуу киши деп аталса, анда бүтүн ааламга Алла Таала дайындаган Имамга, бардык адамдар байъат берген Имамга канчалык деңгээлде баш ийүү лаазым? Ага баш ийбестик кылган киши канчалык чоң күнөөкөр киши деп эсептелинүүсү мүмкүн?

Өз Имамына толук баш ийбеген адамдар сөзсүз зыян көрүшөт. Маселен: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) тоолуу бир жайды көрсөтүп, анан мындай деп айткан: «Биз өлтүрүлсөк же жеңсек, силер ушул жайды таштабагыла». Бирок, мусулмандар жеңишке жетишкенде, ошол жерди таштап коюшкан. Душмандар бош жайды көрүп, артка кайрылып, чабуул жасашты. Натыйжада, мусулмандар көп зыян көрүштү. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) да жаракат алган. Ушул окуяны баяндап, Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айткан:

«Эгерде адамдар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын артынан кудум жүрөктүн согушу жүрүшкөндө, эгерде алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бир буйругу үчүн бүтүн дүйнө өз жанын курман кылса да, бул арзыбаган нерсе деп ойлошкондо, эгер алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) биз өлтүрүлсөк да, жеңсек да, силер ошол жерди таштабайсыңар деп көсөтмө берген жайды өздөрүнүн ижтихады (жорушу) менен ташташпаганда, душмандар кайрадан чабуул жасоого да үлгүрбөйт эле, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жана сахаабалар (разияллааху анхум)га да эч бир зыян жетпейт эле. Алла Таала ушул аятта мусулмандарга төмөнкүдөй нерсеге насаат кылат: Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйруктарын толук бойдон аткарбагандар жана өздөрүнүн жеке пикирин (ойлогондорун) Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйруктарынан жогору койгондор мунун натыйжасында өздөрүнүн үстүнө кандайдыр бир апаат же катуу азап келүүсүнөн коркуулары керек. Тагыраак айтканда, эгер ийгиликке жетишүүнү кааласаңар, анда кол көтөрүлгөндө, тургула, ал эми кол түшкөндө, отургула деп айтылган». («Тафсир-э-Кабийр», 6-том, 410-412-бет)

Чыныгы «баш ийүүнүн» мааниси, зарылдыгы жана берекелери 

 Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) мындай деп айткан:

«Алла, Анын Пайгамбары жана падышаларга баш ийгиле. «Баш ийүү» ушундай нерсе: эгер чын жүрөктөн баш ийилсе, анда жүрөктө кандайдыр бир нур, рухта кандайдыр бир лаззаат жана жарык пайда болот. «Мужаахадалардан» көрө да «баш ийүү» көбүрөөк керек. Бирок, чыныгы «баш ийүү» деген шарт бар жана ушул эле нерсе эң оор иш. «Баш ийүүдө» өзүнүн жеңил ойлорун курман кылууга туура келет. Ансыз «баш ийүүгө» болбойт жана жеңил ойлордун өзү эле чоң-чоң Муваахиддердин жүрөктөрүндө дагы бут боло алат. Сахаабалар (ризваануллаахи алайхим ажмаъийн) кандай улук берешендикке ээ болушкан эле жана алар Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га «баш ийүү» боюнча кантип чөгүп кетишкен болчу? Акыйкатта, «баш ийүү» усулдарына амал кылмайынча эч бир коом, коом деп атала албайт, ошондой эле аларда ынтымак жана биримдик рухун пайда кылып болбойт. … Алла Тааланын колу Жамааттын үстүндө болот. Мында ошол эле сыр бар. Алла Таала «Тавхийдди» (Алланын жалгыздыгы) жактырат жана ушул биримдик баш иймейинче пайда болбойт. Сүйүктүү Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын доорунда сахаабалар күчтүү ой-пикирлерге ээ болушкан. Алла Таала аларды мына ошондой (күчтүү) жараткан эле. Алар саясат усулдарынан да жакшы кабардар болушчу. Анткени, Азирети Абу Бакр (разияллааху анху), Азирети Умар (разияллааху анху) жана башка ардактуу сахаабалар халифа болушканда, падышачылык алардын колуна тийгенде, алар өтө чеберчилик жана зор башкаруучу жөндөмдүүлүк менен бийлик жүргүзүү деген оор ишти алып барышкан. Ушундан алардын ой-пикирге ээ экендиги деген күчтүү жөндөмдүүлүгү байкалат. Бирок, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын алдында алардын ахвалы мындай болчу: Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бир нерсе айтканда, өздөрүнүн бардык ой-пикирлерин, даанышмандыктарын анын (буйругунун) алдында төмөн-пас санашчу. Алла Тааланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) айтканын эле амал кылууга ылайыктуу деп билишчү. … наадан каршылаштар: «Ислам дини кылычтын күчү менен таралган», – деп айтышкан. Мен: «Бул дурус эмес», – деп айтам. Чындыгында, жүрөк түтүктөрү баш ийүү суусуна толуп, агып кетчү. Ошол баш ийүү жана биримдик натыйжасында гана алар башка жүрөктөрдү багындырып алышкан. … Силер Убада кылынган Масийх жана Махдийдин Жамааты деп аталып, сахаабалар жамаатына кошулууну кааласаңар, анда өзүңөрдө сахабаалардын сапаттарын пайда кылгыла. Алардай баш ийгиле. Алардыкындай өз ара сүйүү-махабат жана бир тууганчылыкты пайда кылгыла. Кыскасы, ар жактан сахаабалардай болгула». («Убада кылынган Масийх жана Махдийдин тафсири», 2-том, 246-248-бет. «Ан-Нисаа» сүрөөсүнүн 60-аятынын чечмеси)

Баш ийүү боюнча ыйык үлгүлөр

Эми, силердин алдыңарда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын баш ийүүсүнүн айрым үлгүлөрүн көрсөтүп берүүгө аракеттенем.

Бадр согушунун учурунда Азирети Микдаад бин Асвад (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га карата мындай айткан: «Эй, Алланын Пайгамбары! Биз Муса (алайхиссалаам)дын коому: «Бар сен жана сениң Кудайың согуша бергиле», – деп айтканы сыяктуу айтпайбыз. Тескерисинсе, биз сиздин оң тарабыңызда да, сол тарабыңызда да, алдыңызда да, артыңызда да согушабыз. Менин өмүрүм колунда болгон Алланын атын ортого салып айтам: «Эгер сиз унааларды «Баркул-Гимаад» деген жайга чейин алып барсаңыз да, биз сизди ээрчийбиз». («Сийрат Халбия», 3-том, 386-бет)

Бул куру сөз эле болгон эмес. Тескерисинче, Мекке каапырлары мусулмандардын күчүн (санын) билүү максатында өздөрүнүн өкүлүн жиберишкенде, ал кайра келип, мындай айтыптыр: «Туура, мусулмандардын саны 310 адам. Бирок, эй, коомум! Мен силерге: «Мусулмандар менен согушпагыла», – деп кеңеш берем. Мен ал жерде төөлөрдүн үстүндө адамдарды эмес, өлүктөрдү көрдүм».

Бир согуштун учурунда душмандар найзалар жаанын жаадырышкан. Азирети Талха (разияллааху анху) өз колдору менен Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу жүзүн тосуп турган эле. Жаанын жебелери келип, Азирети Талха (разияллааху анху)нун колдоруна сайылып жатканда, Азирети Талха (разияллааху анху) колдорунун ооругандыгынан колум кыймылдап, кайсы бир жебе Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жүзүнө тийбесен деп «уфф» деп да айткан эмес. Азирети Талха (разияллааху анху) өзүнүн колун кестирди, бирок бир дагы жебеге Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын куттуу жүзүнө чейин жетүүсүнө жол бербеди.

Саъд бин Рабийъ Ухуд майданында каттуу жарадар болуп, өлүмгө жакын ахвалда эле. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мухаммад бин Мусалманы Саъддын ахвалын билүүгө жиберди. Мухаммад бин Мусалма Ухуд майданында чаржайыт чачылган сөөктөрдүн арасында аны издеп, жар сала берген, бирок эч жактан жооп келбеди. Ошондо ал бийик үн менен: «Эй, Саъд бин Рабийъ! Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам) мени сенин ахвалыңды билүүгө жиберди», – деп чакырды. Ушул чакырыкты угаары менен сөөктөрдүн арасында бир аз кыймыл пайда болуп, Саъддын басыңкы үнү угулду. Мухаммад бин Мусалма Алланын Пайгамбарынын сөздөрүн жеткизгенде, Саъд мындай жооп берди: «Эми, мен өлүмгө жакындап калдым. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га менден салам айткын жана кудум биз ант-убадабызды орундатканыбыз сыяктуу силер дагы ант-убадаңарды орундаткыла». («Сийрат Халбия», 2-том, 202-203-бет)

(Ичкиликке тыюу салынган кезде) бир жерде адамдар арак ичип отурушкан. Кимдир бирөө: «Ичкилик арам кылынды», – деп жар салды. Ошондо, бирөө: «Ушул кабар туура экенин же туура эмес экенин тактап келгилечи?» – деп айтты. Бирок, арабдардагы мас ахвалда отурган мусулман ордунан туруп, жолдо бараткан жарчынын «ичкилик арам кылынды» деген жалгыз үнүн угаары менен эле, бүт ичкилик куюлган идиштерди талкалап, Медина көчөлөрүндө ичкиликтин дарыясын агызып жиберет, анан ал андан кийин эч качан ичкиликке жакын да барган эмес.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) өзүнүн сүйүктүү шакирти, Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) тууралуу мындай деп айтат:

«Мавлавий Хакийм Нуруддин өзүнүн ыкыласы, сүйүү-махабаты, курмандык сапаты, Алла үчүн баатырлыгы, жоомарттыгы жана Исламга болгон боорукерлиги үчүн ажайып шаң-шөөкөткө ээ. Мол-арбын байлыгынан бир азын Алла Таала жолунда сарптаган көптөгөн кишилерди көрдүк. Бирок, өзү ачка калып, өзүнүн сүйүктүү мал-мүлкүн Алла Таалынын ыраазычылыгы үчүн сарптоо жана өзү үчүн мал-дүйүнөдөн эч нерсени топтобоо өңдүү сапатты толук бойдон Мавлавий Нуруддинде гана же жүрөктөрүнө анын сухбатынын таасири тийген адамдарда гана көрдүк. … Өзүнүн мал-мүлкү менен ал мага көрсөткөн жардамды башка эч ким көрсөткөн эмес. … Алла Таала ушундай касиет жана жоомарттыкка ээ көп-көп адамдарды ушул үммөттө пайда кылсын! Амийн сумма аамийн.

Sher

(Эгер  үммөттөгү ар бир адам Нуруддиндей болуп калса, бирок ар бир жүрөк ишеничке толгон соң гана ушундай болушу мүмкүн).

(«Нишаан-э-Асманий», «Руханий хазааин», 4-том, 407-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) дагы мындай деп айтат:

ВА ЙАТТАБИЪУНИЙ ФИЙ КУЛЛИ АМРИЙ КАМАА ЙАТТАБИЪУ ХАРАКАТУН-НАБЗИ ХАРАКАТАН-НАФСИ ВА АРААХУ ФИЙ РАЗААИЙ КАЛ-ФААНИЙН. («ААИНА КАМААЛААТ-Э-ИСЛАМ», «РУХАНИЙ ХАЗААИН», 5-ТОМ, 586-БЕТ)

ВА ЙАТТАБИЪУНИЙ ФИЙ КУЛЛИ АМРИЙ КАМАА ЙАТТАБИЪУ ХАРАКАТУН-НАБЗИ ХАРАКАТАН-НАФСИ ВА АРААХУ ФИЙ РАЗААИЙ КАЛ-ФААНИЙН. («ААИНА КАМААЛААТ-Э-ИСЛАМ», «РУХАНИЙ ХАЗААИН», 5-ТОМ, 586-БЕТ)

Тамыр жүрөктүн соккусун ээрчигени сыяктуу эле ал ар бир иште мени ээрчийт. Мен аны өзүмө курман болгондордон экенин көрүүдөмүн.

Өз Имамына баш ийүү боюнча чөгүп кеткен Нуруддинге: «Дехлийге келиңиз», – деп Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) телеграмма жөнөткөндө, телеграммачы: «Дароо келиңиз», – деп жазып койгон экен. Ушул телеграмма Кадиянга келген кезде Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) өзүнүн клиникасында отурган эле. Буйрукту аткарууда кечигип калбайын деп дароо жолго чыгат. Үйүнө да барган эмес, кийимин да алмаштырган эмес, төшөгүн да алган эмес, а түгүл поезд үчүн жол киреси да чөнтөгүндө болгон эмес болчу. Бирок өзүнүн Жетекчисинин буйругун аткаруу зарыл болчу. Алла Таала да ага кереметтүү жардам берди. Бир хиндини Алла Таала вокзалга жиберди. Ал Дехлиге чейинки билетти да сатып алып берди жана бир аз акча белек катары берди. Ушинтип, ал (разияллааху анху) Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын алдына барыптыр. («Хаят-э-Нур», 285-бет)

Ал (разияллааху анху) Бхера шаарында бейтапкана жана зор бир үйдү кура баштаган. Курулуш материалын алуу үчүн Лахор шаарына барган, анан зыярат үчүн Кадиянга келген. Дароо кайтыш ниетинде болгондугу үчүн кайтыш шарты менен ат-арабаны да жалдап койгон. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) менен жолугушканда, ал (алайхиссалаам): «Эми, сиз бошоп калгансыз» – деп айткан. Мавлавий Азирети: «Ооба, Азиретим! Мен бошодум», – деп жооп берди да, дароо барып ат-арабачыны коё берип койду. Бир канча күндөрдөн кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Мавлавий Азирети! Сиз жалгыз жашап, кыйыналып кетесиз, аялдарыңыздын бирин чакырып алыңыз», – деп айтты. Ал (разияллааху анху) аялын чакырып алды жана: «Курулуш иштерин токтотуп койгула. Мен жакын арда бара албасам керек», – деп кат жазды. Анын жубайы келген соң, бир канча күндөрдөн кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Сиз китептерди жакшы көрөсүз, ошондуктан китепканаңызды да келтирип алыңыз», – деп айтты. Дагы бир канча күндөрдөн кийин Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Сиздин экинчи аялыңыз сиздин табыятыңыздан жакшы кабардар жана ал улуу, аны да чакыртырып алыңыз», – деп айтты. … Анан бир күнү Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Мавлавий Азирети! Эми, ата журтуңуз, Бхера шаарын ойго да албаңыз», – деп айтты.

Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат: «Башында мен Бхерага барбастыгым мүмкүн, бирок аны ойго да келтирбөө кандайча мүмкүн деп коркуп кеттим. Бирок Алланын кудуреттүүлүгү ажайып эмеспи! Ошондон кийин менин ата-журтум менин оюма эмес, түшүмө да келбеди. Анан биз кадияндык эле болуп калдык».

Батала шаарында бир хиндинин аялы катуу ооруп калды. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дан уруксат алып, Баталага бармакчы болгондо, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Бүгүн эле кайтып келсеңиз керек», – деп айтты. Ал (разияллааху анху): «Ооба!» – деп жооп кылды. Ал (разияллааху анху) ал жерге барып, ооруп жаткан адамды көрдү да, анан кайтууга ниет кылды. Бирок катуу жаан жаап, жердин баары баткак болуп кеткен. Адамдар: «Жол жаман, катуу жаан жаап жатат, жөө басууга да туура келет, сиз эртең кетсеңиз болот», – деп айтышты. Бирок баш ийүүдө теңдеши жок Нуруддин мындай деп жооп кылды: «Жок, менин Имамымдын буйругу ошондой, бүгүн эле Кадиянга жетип барышым керек». Ат-араба алып, жөнөп кетти. Жолдо жөө басууга да туура келди. Тикенектер бутуна кирип, буттары тытылды, бирок Кадиянга жетип барып, багымдат намазына катышты. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам): «Мавлавий Азирети келип калдыбы?» – деп сурады. Ал (разияллааху анху) алдына чыгып: «Ооба, Азиретим! Мен келип калдым», – деп айтты. Буйругуңузду аткаргандыгым үчүн буттарым жаракат алды деп айткан эмес. Жолдо кандай кыйналгандыгы тууралуу такыр эч нерсе айткан эмес.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 1-Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Бал аарыдан адам баласы көптөгөн нерселерди үйрөнсө болот. Ал канчалык даанышмандык менен уя курат жана бал жасайт. … сасык нерсеге да отурбайт, анан өз Амирине (башчысына) баш ийет». («Хакааикул-Фуркаан», 2-том, 68-бет)

Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) дагы бир жерде мындай деп айтат:

«Халифанын милдети – бул намаз окутуу же байъат алуу гана», – деп айтылат. Бул ишти бир молдо да жасай алат го, бул үчүн кандайдыр бир халифанын кажети жок. Мен ушундай байъатка түкүрүп да көрбөйм. Чыныгы байъат мындай: анда толук бойдон баш ийилсин жана Халифанын бир дагы буйругу четке кагылбасын». («Ал-Фуркаан», Халифат аттуу сан, май- июнь, 1967-жыл, 28-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 1-Халифасы Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху)нун баш ийүүсү кандайдыр бир кемчилиги себебинен болгон эмес, тескерисинче Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн гана болчу. Ахмадий болбогондор да анын бийик даражаларга ээ экендигин моюнга алышчу. Бир жолу ал (разияллааху анху) Сэр Саййид Ахмад Хандан мындай деп сураган: «Сабатсыз билим алып, аалым болот, аалым өсүп-өнүгүп, даанышман болот. Даанышман өсүп-өнүгүп суфий болот, ал эми суфий өсүп-өнүгүп эмне болот?» Сэр Саййид Ахмад Хан: «Нуруддин болуп калат», – деп жооп бериптир. («Хаят-э-Нур», 217-бет)

Ошол Нуруддин өсүп-өнүгүп, халифат тактысына отурганда, өз Жамаатына насаат кылып, мындай деп айтат:

«Акырында дагы бир нерсени айтмакчыман жана мындай деп наасат кылам: Хаблуллаах (Алланын жиби) менен байланышкыла. Курани Карим силер үчүн «дастурул-Амал» (колдонмо) болушу керек. Араңарда бир дагы келишпестик болбош керек. Анткени, келишпестик Алла Тааланын берешендигине тоскоол болуп калат. Ошол эле айып-кемчилик себептүү Муса (алайхиссалаам)дын коому токойдо ойрон болуп кетти. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын коому абайлоо менен ийгиликке жетишти. Эми, үчүнчү кезек силерге туш келди. Ошондуктан, маййитти жуй турган адамдын колунда маййит болгондой эле, силер Имамыңардын колунда болушуңар керек. Силердин бардык ой-ниеттериңер жана тилектериңер өлгөн сыяктуу болушу лаазым. Машиналар моторго байланганы сыяктуу силер өзүңөрдү Имамга байланыштыргыла. Анан караңгылыктан чыгышыңарды же чыкпооңорду ар күнү күзөткүлө. Көп-көп кечирим сурагыла жана дуба кылып тургула. Биримдикти колдон кетирбегиле. Башкаларга жакшылык кылуу жана жакшы мамиледе болуу боюнча жалкоолук кылбагыла. Бир миң үч жүз жылдан кийин бул доор насип болду. Анан кыяматка чейин ушул доор кайталанбайт. Ошондуктан, мына ушул нээмат-белекке шүгүрчүлүк кылгыла. Анткени, шүгүрчүлүк кылуу натыйжасында нээмат көбөйтүлөт. لَاَزِیۡدَنَّکُمۡ وَلَئِنۡ کَفَرۡتُمۡ(эгер шүгүр кылсаңар, Мен силер үчүн дагы молчулук кыламын).

Бирок, шүгүрчүлүк кылбай турган бирөө اِنَّ عَذَابِیۡ لَشَدِیۡدٌ(Албетте, Менин азабым абдан катуу экенин) да эске тутсун. («Хутбаат-э-Нур», 131-бет)

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) да өз Имамына чыныгы баш ийүүчү болчу. Мисалы, Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Махмуд мырза балакат жашына жеткен. Андан сурап көргүлө. Ал чыныгы баш ийүүчү. … анын мага чыныгы баш ийүүчү экенин мен жакшы билем. Анын баш ийүүсүнө араңардагы бирөөңөр да жете албайсыңар».

Эми силердин алдыңарда Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун кээ бир үзүндүлөрүн окуп берем. Ал (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Кандайдыр бир сөз халифанын тилинен чыккан кезде эле өзүнүн бардык иш-пландарын, сунуштарын жана иш-чараларын ыргытып, эми учурлук халифа тарабынан буйрулган иш-план, сунуш жана эреже гана пайдалуу экен деп билүү гана «халифаттын» мааниси. Ушул рух Жамаатта пайда болмоюнча бардык кутбалар бекер, бүт иш-пландар калп жана бардык иш-чаралар ийгиликсиз». (1936-жылдын 24-январь күнү окулуп, 1936-жылдын 31-январь күнү «Ал-Фазл» газетасында басылган, 9-бет)

  Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Мен силерге насаат кылам: мейли силер канчалык акылман жана даанышман болсоңор да, өз иш-чараларыңар жана акылдарыңар менен динге кенедей да пайда келтире албайсыңар. Силердин акылдарыңар жана иш-чараларыңар халифатка көз каранды болмоюнча жана силер Имамды ээрчиймейинче, Алла Тааланын жардамы жана көмөгү силерге такыр келбейт. Эгерде Алла Тааланын жардамын алмакчы болсоңор, анын төмөндөгүдөй бир эле жолу бар экенин билгиле: силердин турушуңар, отурушуңар, тик турушуңар жана жүрүшүңөр, ошондой эле сүйлөшүңөр жана сүкүт сакташыңар мага көз каранды болушу керек». («Ал-Фазл», газетасы, 4-сентябрь, 1937-жыл, 8-бет)

عاقل کا یہاں پہ کام نہیں وہ لاکھوں بھی بے فائدہ ہیں

مقصود مرا پورا ہو اگر مل جائیں مجھے دیوانے دو

(Бул жерде акылман кишинин эч бир иши жок, мейли алар жүз миңдеген болсо да, мага эки эле дубана табылса, мен максатмүдөөмө жетишем)

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) дагы мындай деп айтат:

«Өзүн Имамга тыгыз байланыштырып алган киши гана Жамаат үчүн пайдалуу ишти жасай алат. Эгерде кимдир бирөө өзүн Имамга байланыштырбаса, мейли ал дүйнөдөгү бүт баары билимдерге ээ болсо да, эчкинин улагы жасаган ишчелик да иш жасай албайт. («Ал-Фазл», 20-ноябарь, 1946-жыл, 7-бет)

Ар түрдүү артыкчылык Имамга (Халифа) баш ийүүдө гана

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) дагы мындай деп айтат:

«Билип койгула, ыйман кандайдыр бир өзгөчө нерсенин наамы эмес. Тескерисинче, Алла Таала дайындаган өкүлдүн тилинен эмне деген буйрук чыкса, ага баш ийүү жана моюн сунуу гана ыйман деп аталат. … Эгерде кимдир бирөө миңдеген ирет: «Мен Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)га ыйман келтирдим», – деп айтса да, эгерде кимдир бирөө миңдеген жолу: «Мен Ахамдиятка ыйман келтирдим», – деп жар салса да, кайсы адам аркылуу Алла Таала ушул доордо Исламды жайылтуунун каалаган болсо, ал өз колун ошол кишинин колуна бермейинче, ошондой жар салуулар эч нерсеге жарабайт. Жамааттын ар бир мүчөсү өзүнүн акыл-эси жок адамдардай, ага баш иймейинче жана өмүрүнүн ар бир көз ирмемин ага баш ийүүсүнө сарп кылмайынча, ал эч кандай артыкчылык жана бийиктикке ээ боло албайт». («Ал-Фазл» газетасы, 15-ноябарь, 1946-жыл, 6-бет)

Халифатка толук бойдон баш ийүүү жана ага моюн сунуу тууралуу Мавлана Абул-Калаам Азат мындай деп жазат:

«Аны менен бирге болуу, ага шерик болуу, ага баш ийүү, ал кыймылдаганда гана аны менен кошо кыймылдоо, ал турганда туруу, анын талабына жооп берүү, анын чакыруусуна жан жана мал-мүлктү курман кылуу ар бир мусулманга парыз кылынган. Бул ушундай парыз: анысыз ал наадандык караңгылыгынан чыгып, исламий жашоонун нуруна кире албайт. Ислам дининин термини боюнча ушул коомдук борбор «халифа» жана «Имам» деп аталат». (Мавлана Абул-Калаам Азат: «Халифат маселеси», 38-бет)

Ошондой эле Азирети Шах Исмааийл Шахийд (рахимахуллаах) өзүнүн «Мансаб-э-Имамат» аттуу китебинде мындай деп жазат:

«Учурлук Имамга каршы баш көтөрүү жана андан жүз буруу – бул урматсыздыкка кирет. Бул – өзүн Имамга, ал тургай, пайгамбарга тең дегендик жана ичинен: «Ушундай кемчиликтүү адамга толук-жетик адамга кандайча орун басарлык кылуу укугу тартууланган?» – деп Алла Таалага да каршылык билдиргендик. Кыскасы, ансыз Алла Таалага жакын болуу – бул куру ой жана кыял гана, ал бүтүндөй калп жана болбогон нерсе». (Шах Исмааийл Шахийд: «Мансаб-э-Имамат», 111-бет)

Азирети Умар (разияллааху анху)нун доорунда бир жолу Азирети Халид бин Валийд аскер башчысы болгон. Азирети Умар (разияллааху анху) аны бошотуп, анын ордуна Азирети Абу Убайда бин ал-Жаррах (разияллааху анху)ну аскер башчысы кылып дайындап койду. Азирети Халид бин Валийд Азирети Абу Убайда бин ал-Жаррах (разияллааху анху)нун алдына барып, ага мындай деп айтты: «Учурлук халифанын амирин дароо аткарып, аскер башчысы деген кызматты кабыл алыңыз. Сиз мага эмнени буюрсаңыз, мен ошону аткарам, мейли кароолчу ишин тапшырсаңыз дагы».

Халид бин Валийд (разияллааху анху) чынынгы береке халифатка баш ийүүдө гана бар экенин жакшы билчү. Учурлук халифанын дубалары жана колдоосу бар киши гана ийгиликке жетишет. Ал согушта салтанаттуу жеңиш насип болгонуна тарых баракчалары күбө.

Азирети Абдуллаах бин Равааха (разияллааху анху) мечит тарапка бара жатканда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын отургула деген буйругун угуп, ошол эле жерде отуруп калды. Ал эми бул буйрук мечиттин ичиндегилерге тиешелүү болчу. Бирок, ал (разияллааху анху) Пайгамбардын буйругун угуп, ага амал кылбоону эп көрбөдү.

Ушул көрүнүштү Алла Таала Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын доорунда да көрсөттү, анан жакында эле Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таала би-насрихил азиз) халифа болуп шайланган күнү да көрсөттү. Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таала би-насрихил азиз) байъат алуудан мурун Лондондогу «Фазл» мечитинде турган адамдарга карата: «Отургула!» – деп буюрган. Микрофондо Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таала би-насрихил азиз)дын «отургула» деген буйругун жарыялаганда, бүт аалам төмөнкү көрүнүшкө күбө болду: Лондондогу суук түндө миңдеген Ахмадий мусулмандар өздөрүнүн жаңы Имамына байъат берүү үчүн жолдо турушкан эле. Ушул буйрукту угаары менен бир көз ирмемде эле миңдеген адамдар муздак жолдо отуруп калышты. Ушинтип, миңдеген Ахмадий мусулмандар Абдуллаах бин Раваахага окшош өздөрүнүн Сүйүктүү Имамына баш ийишти. Ошондой эле Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын «силер Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын Жамааты деп аталып, сахаабалар жамаатына кошулууну кааласаңар, өзүңөрдө сахаабалардын сапаттарын пайда кылгыла. Алардыкындай баш ийгиле» деген буйругун да аткарышты. Мына ошол Ахмадийлер али өздөрүнүн жаңы Имамына байъат беришкен эмес, ага байъат бере электе анын буйругун аткарып, баш ийүүдө жаңы бир тарыхты жазышты.

Оруссиянын бир падышасы өзүнүн Толстой аттуу кызматчысына: «Эч кимди ичине киргизбегин!» – деп буюрган. Падышанын уулу келип, ичине кирмекчи болду, бирок кызматчы анын жолун тосту. Падышанын уулу нааразы болуп, кызматчыны сабады. Үч-төрт жолу ушундай болду. Кызматчы токмок жей берди, бирок падышанын уулун ичине кирүүсүнө жол бербеди.

Падыша чыгып, кызматчысына карата: «Менин уулумду менин буйругумду укпагандыгы жана сага кол көтөргөндүгү үчүн жазалагын жана аны сабагын», – деп буйрук берди. Шахзаада мындай деп айтты: «Мен падыша үй-бүлөөсүнүн мүчөсү болгонум үчүн кызматчы мага жаза бере албайт. Ошондо, падыша ошол кызматчыны которуп, граф (Count) кылып койду, анан: «Эй, граф (Count) Толстой! Ушул шахзааданы жазалагын!» – деп буюруп, кызматчысына уулун сабаткан жана өзүнүн сөзүнүн бийиктигин сактады.

Ал Оруссиянын падышасы болуп, өзүнүн сөзүн орундатуу үчүн ушунчалык намыскөй болуп, өзүнүн каны болгон уулун кызматчысынын колунан сабаткан. Бирок, Алла Таала бүтүн ааламга Имам кылган, ага баш ийүүнү парыз кылган, Өзүн таануу куралы кылган жана анын ийгилигине Алланын Өзү кепил болгон Имамга баш ийбестик кылуу, тим эле Алла Таалага каршы согушка даярдангандык. Алла Тааланын өкүлү катары Алла Тааланын Тавхийдине (бирөө экендигине) чакыра турган Имамга баш ийбестик кылуу – бул, албетте, Алла Тааланын азабын чакыруу.

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Беш рупий турсун, беш миң рупий турсун, беш жүз миң рупий турсун, миллиондогон рупий турсун, эгер бүтүн дүйнөнүн бардык жандары халифанын бир эле буйругу үчүн курман кылынса да, ал баасыз, арзыбаган нерсе» дегенди дааватчылар жана үгүтчүлөр аркылуу кайра-кайра Жамаат мүчөлөрүнүн кулактарына куюулуп турсун. … Эгерде ушул неселерди ар бир эркек, ар бир аял, ар бир бала жана ар бир карыяга чейин жеткирип, алардын жүрөктөрүнө сиңдирсек, билбестен адашып кете тургандар эмнеге адашсын?» (Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун «Таълиймул-Акааид вал-Аъмаал тууралуу кутбалары», 63-бет)

Баарыңар Имамдын ишааратын карай баскыла жана анын көрсөтмөлөрүнөн кенедей да четтебегиле. Ал буюрган кезде, алгалай бергиле, ал кайра буюрганда, токтоп калгыла. Кайсы жакка буюрса, ошол жакты көздөй кадам таштагыла, кайсы жактан кайтарса, ошол жакка барбагыла». («Анваарул-Улуум», 14-том, 515-516-бет)

Имамдын (Халифа) калканына келгиле

Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) дагы мындай деп айтат:

«Эй, достор! Ойгонгула жана даража-мартабаңарды билгиле. Жер жүзүндөгү башка бир дагы жайда болбогон баш ийүү үлгүлөрүн көрсөткүлө. Келечекте эч болбогондо, жүздөн-жүзңөр толук бойдон баш ийүү үлгүлөрүн көрсөткүлө. Алла Таала силерди коргоо үчүн дайындаган калкандан тышкары бирөөңөрдүн денеси да болбош керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын руху силерге ыраазы болсун үчүн

АЛ-ИМААМУ ЖУННАТУН ЮКААТАЛУ МИН ВАРААИХИЙ

АЛ-ИМААМУ ЖУННАТУН ЮКААТАЛУ МИН ВАРААИХИЙ

(Имам калкан болот, анын аркасында туруп согуш кылынат) дегенге амал кылгыла». («Анваарул-Улуум», 14-том, 525-бет)

Демек, бүгүн Сүйүктүү Имамыбыз, Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы, Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таала би-насрихил азиз)дин бир эле ишааратына карай анын оң тарабында да, сол тарабында да, алдында да, аркасында да согушуу – баарыбыздын милдетибизге кирет.

Келгиле, бүгүн Талханын колу болуп, Ахмадия халифалыгына карата атыла турган ар бир жебени өз колдорубузга алалы. Эч бир душман кулак, эч бир душман көз жана эч бир душман жүрөк жасаган айла-амал Ахмадия халифалыгына кенедей да зыян келтире албасын.

Келгиле, биз чыныгы ыкылас жана толук кубаныч менен Имамыбыздын ар бир сөзүнө кулак салалы. Биздин жүрөктөрүбүздүн түтүктөрү баш ийүү суусуна толуп, агып кетчүдөй даражада моюн суналы.

Күрөө тамыр жүрөктүн согушун ээрчигени сыяктуу Имамыбыздын ар бир амирин ээрчийли.

Маййит сөөк жуучунун колунда болгондой эле, биз өзүбүздү Имамыбыздын колуна берели.

Машиналар моторго байланганы сыңары биз Имамыбызга байланышалы.

Келгиле, биз Ахмадия халифалыгы үчүн жаныбыз, мал-мүлкүбүз, убактыбыз жана абийирибизди курман кылууга дайыма даяр болуп туралы, ошондой эле өзүбүздүн тукумубузга да Ахмадия халифалыгына байланып туруусуна насаат кылалы.

Халифатка болгон сүйүү-махабатыбыз жана баш ийүүчүлүгүбүз жүздөрүбүздөн ушундай көрүнүп турсун: көрүп турган ар бир душман: «Силер Ахмадия халифалыгына каршы эч нерсе кыла албайсыңар, анткени аны сүйгөндөр жөн эле адамдар эмес, ал эми халифат үчүн бүт бардык нерсесин курман кылууга даяр турган сөөктөр», – деп күбөлүк берсин.

Мен сөзүмдү Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам)дын 2-Халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху)нун төмөнкү сөздөрү менен жыйынтыктайм:

«Халифат жашасын жана анын тегерегинде жан курман кылууга ар бир момун даяр турсун. Чынчылдык силердин жасалга-буюмдарыңар болсун, ишенимдүүлүк (аманат) силердин сулуулугуңар болсун, такыба силердин кийимиңер болсун. Алла Таала силердики болсун, а силер Аныкы болуңуздар. Аамийн!» («Ал-Фазл Интернейшнал», 19-май, 2006-жыл, 3, 4, 9-бет)

Share via