Үйдөн намазга чыгаардагы дуба • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Үйдөн намазга чыгаардагы дуба

Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккам дейт: «Кимде-ким намаз үчүн үйдөн чыгаарда төмөндөгүдөй дубаны сураса, Алла Таала ал үчүн кечирим сурай турган жетимиш миӊ периштени дайындайт жана намаз убагында Алла Таала Өзү ага өзгөчө көӊүл бурат:

اللَّهُمَّ إِنِّي أَسْأَلُكَ بِحَقِّ السَّائِلِينَ عَلَيْكَ وَأَسْأَلُكَ بِحَقِّ مَمْشَايَ هَذَا فَإِنِّي لَمْ أَخْرُجْ أَشَرًا وَلَا بَطَرًا وَلَا رِيَاءً وَلَا سُمْعَةً وَخَرَجْتُ اتِّقَاءَ سُخْطِكَ وَابْتِغَاءَ مَرْضَاتِكَ فَأَسْأَلُكَ أَنْ تُعِيذَنِي مِنْ النَّارِ وَأَنْ تَغْفِرَ لِي ذُنُوبِي إِنَّهُ لَا يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلَّا أَنْتَ ۔ سنن ابن ماجه

Окулушу: Аллаа-хумма иний ас′алука би-хаккис-сааилийна алайка ва ас′алука би-хакки мамшая хаазаа, фа-инний лам ахруж ашаран ва-лаа батаран ва-лаа рияан ва-лаа сумъатан ва харажту иттикаа-а сухтика, вабтигаа,-а марзаатика фа-ас′алука ан-туъийзаний минан-наари ва ан-таг-фиралий зунуубий. Иннахуу лаа ягфируз-зунууба иллаа анта. (Ибн Маажаа, Китаабул-Масаажид)

Котормосу: Эй, Алла! Мен Сенден сурай тургандардын акысын ортого салып, ошондой эле (намазга) өзүмдүн ушул жөө басуу акымды ортого салып, Сага кайрылам. Мен кандайдыр бир текеберлик, сыймыктнуу, эл көрсүндүк жана даӊктуулук үчүн чыккан жокмун, тескерисинче Сенин нааразычылыгыӊан сактануу жана Сенин ыраазычылыгыӊа жетишүү үчүн чыккам. Мени оттон сактагын жана күнөөлөрүмдү кечиргин, анткени Сенден башка күнөөлөрдү кечирүүчү эч ким жок деп Сага кайрылам. («Сунан Ибн Маажа», Мечиттер жана жамааттар китеби)

Share via