Намаздын башында суралуучу дубалар • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Намаздын башында суралуучу дубалар

Азирети Али (разияллаах анху)дан мындай деп рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намазды баштаганда, Такбир-э-Тахрийма (Аллааху Акбар) деп айткандан кийин төмөндөгүдөй дубаны сурачу:

Окулушу: Важжах-ту важ-хия лилла-зий фа-та-рас-са-маа-ваа-ти вал-ар-за ха-ний-фан ва-маа ана ми-нал-муш-ри-кийн, инна са-лаа-тий ва нусу-кий ва мах-яа-я ва ма-маа-тий лиллаа-хи Раббил-аа-ла-мий-на, лаа ша-рий-ка ла-ху ва би-заа-ли-ка у-мир-ту ва ана ми-нал-мус-ли-мийн. Аллаа-хумма ан-тал ма-лику лаа илаа-ха иллаа анта, ан-та Раббий ва ана аб-ду-ка. За-лам-ту наф-сий ваъ-та-раф-ту би-зам-би фаг-фир-лий зу-нуу-бий жа-мий-ъан, инна-ху лаа йаг-фи-руз-зу-нуу-ба иллаа ан-та, вах-ди-ний ли-ах-са-нил ах-лаа-ки, лаа йах-дий ли-ах-са-ни-хаа иллаа ан-та, вас-риф анний саййи-а-ахаа, лаа ясрифу анний саййи-а-хаа иллаа ан-та, лаббайка ва саъ-дай-ка, вал-хай-ру куллу-ху фий йа-дайка, ваш-шарру лай-са илай-ка, ана би-ка ва илай-ка та-баа-рак-та ва таъаа-лай-та, ас-таг-фи-рука ва атуу-бу илай-ка. (Муслим, Китаабус-Салаатул-мусаафирийна ва касрухаа)

Котормосу: Мен Муваахид (Алла Тааланын Жалгыздыгына ишенген адам) болуп, өз көӊүлүмдү асмандар менен жерди жараткан Затка бурдум жана мен мушриктерден эмесмин. Албетте, менин намазым, ибадаттарым, менин тирүүлүгүм жана менин өлүмүм эч кандай шериги жок, бүтүн ааламдар Раббиси Алла үчүн. Ушуга эле буюрулганмын жана мен мусулмандарданмын. Эй, Алла! Сен падышасыӊ, Сенден башка сыйынууга татыктуу эч ким жок. Сен менин Раббимсиӊ жана мен Сенин пендеӊмин. Мен өз жаныма зулумдук кылдым жана өз күнөөлөрүмдү моюнума алам. Ошондуктан, бардык күнөөлөрүмдү кечирип койгун. Сенден башка эч ким күнөөлөрдү кечирбейт. Эй, Алла! Мени эӊ мыкты адеп-ахлактарга багыттагын. Сенден башка эӊ мыкты адеп-ахлактарга багыттоочу эч ким жок. Мени жаман кулк-мүнөздөрдөн сактагын. Сенден башка жаман кулк-мүнөздөн сактоочу эч ким жок. Мен (алдыӊа) келдим жана бул – менин бактылуулугум. Бардык жакшылык Сенин колуӊда жана жаманчылык Сага (таандык) боло албайт. Мен Сен менен биргемин жана Сен жактамын. Сен берекелер Ээсисиӊ жана Бийиксиӊ. Мен Сенден кечирим сурайм жана Сага гана кайрылам.

Азирети Абу Саъийд Худрий (разияллааху анху): «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намаздын башында «Ал-Фаатиха» сүрөөсүнөн мурун төмөндөгүдөй дубаны окучу», – деп айткан:

Окулушу: Суб-хаа-нака Аллаа-хумма ва би-хамди-ка ва та-баара-кас-мука ва таъаа-ла жадду-ка ва-лаа илаа-ха гай-рук. («Термизий» Китаабус-Салаат)

Котормосу: Эй, Алла! Сен Өз мактоо-алкоолоруӊ менен Ыйыксыӊ, жана Сенин ысымыӊ берекелүү. Сенин салтанатыӊ өтө эле бийик жана Сенден башка сыйынууга татыктуу эч ким жок.

Азирети Абу Хурайра (разияллаах анху)дан мындай деп рабаят этилет: «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан: «Сиз Такбийр-э-Тахрийма менен «Ал-Фаатиха» сүрөөсүнүн ортосунда унчукпайсыз, ал убакыт аралыгында эмнени окуйсуз?» – деп суралган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аларга төмөндөгүдөй дубаны айтып берген:

Окулушу: Аллаа-хумма бааъид бай-ний ва бай-на хатаа-яа-яа ка-маа бааъат-та бай-нал маш-ри-ки вал маг-ри-би, Аллаа-хумма накки-ний минал хатаа-яа ка-маа ю-наккас-сау-бул аб-я-зу ми-над-дана-си, Аллаа-хум-маг-сил хатаа-яа-яа бил-маа-и вас-сал-жи вал-бара-ди. («Сахих ал-Бухарий», Китаабул-Азаан)

Котормосу: эй, Алла! Мени менен менин күнөөлөрүмдүн ортосунда кудум Сен Чыгыш менен Батыштын ортосунда жараткан аралыктай аралыкты пайда кылгын. Эй, Алла! Мени кудум ак кийим (жуулуп) кирден таза кылынгандай эле күнөөлөрдөн таза кылгын. Эй, Алла! Менин күнөөлөрүмдү суу, кар жана мөндүрлөр менен жууп (тазалап салгын). («Сахих ал-Бухарий», Китаабул-Азаан)

Share via