Орозо айт жана курман айт майрамдары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Орозо айт жана курман айт майрамдары

Бир жылда эки Айт майрамы бар. Биринчиси – Ийдул-Фитр (орозо айт), экинчиси – Ийдул-Азхаа (курман айт) деп аталат. Ал орозо айтынан он жумадан кийин келет. Орозо айт Рамазан айынын куттуу күндөрү бүткөндөн кийин өткөрүлөт. Ошол күнү мусулмандар өздөрүнө парыз кылынган орозолорду аткарууга Алла Таала тарабынан берилген күч-кубат үчүн майрамдашат.

Курман айт Зулхаж айынын онунчусунда Азирети Ибраахийм (алайхиссалаам) жана анын уулу Азирети Исмааийл (алайхиссалаам)дын сүннөтүн эскерүү максатында белгиленет. Алла Таала ал экөөнүн курмандыгын жана баш ийүүсүн кабыл кылып, Азирети Исмааийл (алайхиссалаам)дын ордуна кой союлсун, – деп көрсөтмө берген. Ажылык максатында Меккеге барган мусулмандар Ибраахийм (алайхиссалаам)дын сүннөтүн ээрчип, Курман айтта курмандык чалышат. Бүтүн Ислам дүйнөсү Курман айт маалында кой же башка малды союп, курмандык чалышат.

Бүткүл мусулмандар – эркектер, аялдар жана балдар Орозо айтта жана Курман айтта окулуучу эки рекеттен турган жамаат намазын мүмкүн болсо, шаар же кыштак четинде, ачык жайда окушат.

Мусулмандар жаш-кары дебей, таң заардан туруп, намазды орундатуу үчүн гусул кылып, таза кийимдерди кийишет. Айрыкча балдар жаңы кийим кийишет. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Айт күндөрү денесине атыр жыт себинчү экен. Ушул сүннөт боюнча аял-эркектер атыр жыт себинип чыгышат. Мусулмандар Айт күндөрү, үйүндө атайын тамактарды даярдашат.

Орозо айт маалында ар бир мусулман Айт намазынын алдында Фитраана (битир) бериши керек. Фитраана кембагал жана муктаж адамдарга таратылат. Ошондо, алар да Айтты көңүлү көтөрүңкү маанайда майрамдагандай өткөрүшөт. Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү ошол жылы белгиленген өлчөмдө Фитраана берет. Фитраана жаш балдар үчүн, а түгүл ата-энелери жаңы туулган бала үчүн да  берүүсү керек. Айт намазы үчүн Айт намазы окула турган жайга баруудан мурда мусулмандар тамактануулары керек. Бирок, Курман айтта Айт намазы бүткөнгө чейин орозо тутканы абзел. Хадисте жазылгандай, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) курмандык максатындагы малды сойоордон мурда эч нерсе жебеген жана курмандыкка чалынган ошол малдын этин күндүн биринчи тамагына пайдаланган. Бирок, андан мурда жеп-ичүүгө тыюу салынган эмес.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сүннөтү боюнча мусулмандар Айт намазына бир жол менен барып, кайра башка жол менен кайтышат.

Айт намазынын маалы түшкө чейин. Жума намазы сыяктуу Айт намазы да жамаат менен окулат. Айт намазы үчүн азан жана коомат айтылбайт.

Айт намазынын биринчи рекетинде имам Такбийри Тахрийманы айтып, Санаа окугандан кийин жети жолу колдорун көтөрүп, баш бармактарын кулактын жумшагына тийгизип, үнүн чыгарып Аллааху Акбар, – дейт. Ар бир жолу колдорун эки жагына түшүрөт. Жетинчи жолкудан кийин колдорун байлап, намаз окууну улантат. Имам аткаргандай, ага кошулгандар да колдорун көтөрүп, баш бармактарын кулагынын жумшагына тийгизип, үн чыгарбай, ичинен Аллааху Акбар, – дешип, ар бир жолкусунда колдорун эки капталына түшүрүшөт. Экинчи рекетте Такбийрлер беш жолу айтылат. Имам жана ага ээрчигендер беш жолу колдорун көтөрүп, баш бармактарын кулагынын жумшагына тийгизип, беш жолу Аллааху Акбар, – дешип, ар бир жолу колдорун эки капталына түшүрүшөт.

Экинчи рекеттин аягында, Ташаххуд, Дурууд жана башка баяндалган дубаларды окуп бүткөндө, имам жүзүн а дегенде оң, андан кийин сол тарапка буруп, Ассалааму Алайкум Ва Рахматуллаах, – дейт. Бул намаздын бүткөндүгү белгиси.

Айт намазынан кийин имам кутба окуйт. Жума намазындагыдай, Айт намазындагы кутба да эки бөлүктөн турат. Бирок, эске тутуучу нерсе, Жума кутбасы намаздан мурун окулат, ал эми Айт намазындагы кутба намаздан кийин окулат.

Курман айттын эки рекет намазын окуп бүткөндөн кийин, имам менен жамааттагылар чогуу үн чыгарышып, Алланы мактап-улуктаган төмөндөгү дубаны окушат:

Хадис дуба зикир

Окулушу:

Аллааху акбар, Аллааху акбар, лаа илааха иллаллааху валлааху акбар, Аллааху акбар, ва лиллаахил хамд.

Котормосу:

Алла баарынан улук; Алла баарынан улук. Алладан башка кудай жок; Алла баарынан улук; Алла баарынан улук жана баардык мактоо-алкоо Аллага гана таандык.

Зулхаж айынын тогузунчу күнү Багымдат намазынан баштап, Зулхаж айынын он үчүнчү күнкү Дигер намазына чейин ар бир Парыз-жамаат намазынан кийин жогорку дуба үн чыгарылып окулат.

Эскертүү: Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Айт намазына бара жатканда жана кайтканда, жогорку дубаны окучу экен. Мусулмандар Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мына ушул сүннөтүн ээрчишет.

Share via