Күн жана ай тутулганда окулган намаз
Күндүн тутулушу – Кусууф, ал эми айдын тутулушу Хусууф деп аталат. Асмандагы телолордун тутулушун ачык көрүп турган ыймандуу киши күн менен ай нурларын бир аз убакытка чачпай койсо, анын жанган жалынын табы азайып, өзү рухий оорууга кабылаарын терең сезет. Алла Тааланын ырайымы менен гана ушундай рухий караңгылыктан кутулушу мүмкүн. Ошондуктан, күн менен ай тутулганда, мусулмандар эки рекет намаз окууга жана моралдык көркөмдүккө умтулса, Алла Тааланын ырайымын тилеп, Жаратуучусуна жалынуусу лаазым.
Бир кыштак же шаарда тургандар эки рекет намазды жамаат болуп, кааласа мечитте, кааласа ачык талаада аткарышат. Бул намазда Курани Каримден «Ал-Фаатиха» сүрөөсү жана башка узун сүрөөлөр ачык үн менен окулушу зарыл. Ар бир рекетте эки жолу Руку кылынат. Курани Каримден бир нече сүрөөлөрдү окуган соң, биринчи Руку аткарылат, андан кийин имам кайрадан Кыямга туруп, Курандан дагы бир нече сүрөөлөрдү окуп, экинчи жолу Рукуга барат. (Айрым бир хадис китептеринде жазылгандай, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир рекетте үч жолу да Рукуга барган). Андан кийин имам Саждага барат. Бул намаздын Рукусунда да, Саждасында да Алла Тааланын ырайымын сурап, көбүрөөк жалынуу керек. Намаздын акырында имам кутба окуйт. Имам өз кутбасында Алла Тааладан кечиримдүүлүгүн тилөөгө үндөйт. Ошондой эле ал чөйрөнү оңдоо жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү туурасында ой жүгүртөт.