Жамгыр тилеп окулган намаз • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну

Жамгыр тилеп окулган намаз

Кургакчылык келгенде, эл намаз окуу үчүн ачык жайга чогулуп, бир күн бою Алла Тааланын ырайымын сурап, дуба кылуусу керек. Имам бир кездемени кийиминин үстүнө жабып, эки рекет намазына башчылык кылат. Бул намазда да сүрөөлөр үн чыгарылып окулат. Намаздан кийин имам жана ага кошулган бардык кишилер колдорун көтөргөн бойдон төмөнкү дубаны окушат:

Жамгыр жаана намаз ибадат

Окулушу:

Аллаахуммаскинаа гайсам-мугийсам-мурийъан, наафиъан гайра зааран, аажилан гайра аажил. Аллаахуммаски ибаадака ва бахааимака ваншур рахматака ва ахйи балдакал маййит. Аллаахуммаски ибаадака ва бахааимака ваншур рахматака ва ахйи балдакал маййит. Аллаахуммаскинаа, Аллаахуммаскинаа. («Сунан Абий Давуд», Китаабус-Салаат)

Котормосу:

Эй, Алла! Бизге жаачу, коркунучту жок кылуучу, жакшы акыбеттүү, пайдалуу жана зыянсыз, таза, кечикпей тез келүүчү суудан ичиргин. Эй, Алла! Пенделериңди да, айбандарыңды да сууга кандыргын. Рахматыңды чачкын жана өлүк шаарыңды тирилткин. Эй, Алла! Пенделериңди да, айбандарыңды да сууга кандыргын. Рахматыңды чачкын жана өлүк шаарыңды тирилткин.Эй, Алла! Бизди сууга кандыргын! Эй, Алла! Бизди сууга кандыргын!  

Анан имам Дуруудду окуп, дубасын улантып, өзүнүн алсыздыгын айтып, Алла Тааланын улуктугун мактайт. Андан соң имам үстүндөгү кездемени аңтарат. Бул жакшылык жышааны болуп, Жаратуучусуна калктын мүшкүл ахвалга түшкөнүн айтып, тилектери кабыл болуп, имам кездемесин алып салган сыяктуу кургакчылык балээсинен кутулушун сурап жалбарат.

Share via