Азан • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

Исламдын алгачкы доорунда адамдарга намаз убакыты болгонун билдирүүчү же мусулмандарды жамаат намазы үчүн мечитке чакыруучу атайын жол же эреже жок болчу. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) жөөттөр, христиандар жана башкалардын бул максатта музыкалык аспаптарды жана коңгуроолорду пайдаланышканын билген. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз сахаабаларын жыйнап, мусулмандарды жамаат намазына чакырууга атайын бир жол табуу туурасында кеңеш курган.

Бир күнү эртелеп Азирети Абдулла ибн Азиз (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га барып, түндө көргөн түшүн айтып берет. Ал (разияллааху анху) түшүндө кимдир бирөөнүн адамдарды жамаат намазы үчүн мечитке чакырган сөздөрдү көтөрүңкү үн менен айтып жатканын көрөт. Азирети Абдулла (разияллааху анху) түшүндө уккан Азан сөздөрүн айтып берет. Ал төмөнкү сөздөр:

Азан намаз

Окулушу:

Аллааху Акбар. (4 жолу кайталанат).

Котормосу: Алла баарынан улук.

Азан намаз

Окулушу:

Ашхаду аллаа илааха иллаллаах. (2 жолу кайталанат).

Котормосу: Алладан башка кудай жок экенине күбөлүк берем.

Азан намаз

Окулушу: 

Ашхаду анна Мухаммадар расуулуллаах. (2 жолу кайталанат).

Котормосу: Мухаммад Алланын Элчиси экенине күбөлүк берем.

Азан намаз

Окулушу:

Хаййа алассалаах. (2 жолу айтылат).

Котормосу: Намазга келгиле.

Азан намаз

Окулушу:

Хаййа алалфалаах. (2 жолу кайталанат).

Котормосу: Ийгиликке келгиле.

Азан намаз

Окулушу:

Аллааху Акбар. (2 жолу кайталанат).

Котормосу: Алла баарынан улук.

Азан намаз

Окулушу:

Лаа илааха иллаллаах.

(1 жолу айтылат).

Котормосу: Алла Тааладан башка кудай жок.

Экинчи Халифа Азирети Умар (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ошол кеңеш жыйынына катышып отурган экен. Ал (разияллааху анху) дагы түш көрүп, түшүндө дал ошол Азан сөздөрүн укканын айтты. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бул сөздөрдүн Алла Таала тарабынан вахий-аян болгонуна эч бир шек кылбастан, ибадат кылуучуларды мечитке чакыруу үчүн Азан ыкмасын кабыл кылган. Ушундан улам Азан намазга чакыруучу ыкма катарында бүтүн ааламга белгилүү болуп калган.

Азан айтуунун жолу

Муаззин (Азан айтуучу киши) жүзүн Кааба тарапка каратып, көрүнөө жайда турушу керек. Азыркы заманда азан айтканда микрофонду да пайдаланышат. Муаззин оң жана сол сөөмөйүн кулактарынын ичине коюп, азан сөздөрүн көтөрүңкү үн менен окуйт. Ал Хаййа алассалаах, – дегенде, жүзүн оң жакка, Хаййа алалфалаах деген сөздөрдү айтканда, жүзүн сол тарапка бурат.

Багымдат намазында Муаззин Хаййа алалфалаахтан соң эки жолу төмөнкү сөздөрдү айтышы керек:

Азан намаз

Окулушу:

Ассалаату хайрум минаннауум. (2 жолу айтылат).

Котормосу:

Намаз уйкудан жакшыраак.

Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деген:

Азан намаз

Окулушу:

Изаа самиътумуннидаа’а факуулуу мисла маа якуулул муаззин.

Котормосу:

Азанды укканыңарда муаззин айткан сөздөрдү силер да айткыла. («Бухарий», Китаабуль-Азаан, баабу маа якуулу изаа самиъал мунаадий).

Демек, азан сөздөрүн уккан киши Муаззиндин артынан сөзмө-сөз кайталашы керек, бирок Муаззин Хаййа алассалаах жана Хаййа алал фалаах, – дегенде, Лаа хавла валаа куввата иллаа биллаахил алиййул азийм, – деп айтышы керек.

Котормосу: Баардык күч-кубат Бийик жана Улук Аллада гана.

Шийъа мазхабдагылар азан айтканда төмөндөгү сөздөрдү кошуп айтышат:

Азан намаз

Окулушу:

Ашхаду анна Алиййан валиййуллаах.

Хаййа алаа хайрил амал.          

Котормосу:

Али олуя экенине мен күбөлүк берем. Эң жакшы ишке келгиле.

Ошондой эле айрым мусулман агымдар төмөнкү сөздөрдү кошуп айтышат:

Азан намаз

Окулушу:

 Ассалаату вассалааму алайка йаа Расуулаллаах.       

Котормосу:

Эй, Алланын Элчиси! Сизге тынчтык жана рахмат болсун.

Ушул сөздөрдү эмнеге негиздеп, кошумча кылганы бизге маалым эмес. Биздин пикирибиз боюнча жогоруда биз берген азан сөздөрү эң туура. Эгер жамаат намазы мечиттен башка жайда окула турган болсо да, намаздан мурун азан айтылышы керек. Азан окулган соң Муаззин жана азанды уккандар төмөндөгү дубаны окушат:

Азан намаз

Окулушу:

Аллаахумма Рабба хаазихид даъватит таааммати вассалаатил каааимах. Ааати Мухаммаданил васийлата вал фазийлата ваддаражатар рафийъата вабъасху макаамам махмууданиллазий ваъаттахуу иннака лаа тухлифул мийъаад. («Бухарий», Китаабуль-Азаан, Баабуд Дуа инданнидаа)

Котормосу:

Эй, Алла! Ушул жеткиликтүү чакыруу жана жамаат намазынын Ээси жана Кожоюуну! Өзүңө (мээримиңе) жетишүү үчүн Мухаммадды бизге курал кылгын. Ага абзелдик жана бийик даража бергин. Аны Өзүң ага убада кылган эң жакшы орунга жеткизгин. Албетте, Сен убадаңа кыянат кылбайсың.

Share via