Намаздарды кошуп окуу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Кириш сөз
  2. Ибадат
  3. Исламдын беш парызы
  4. Намазды аткаруу парыздуулугу
  5. Намаздын маанилүүлүгү
  6. Намаздын убакыттары
  7. Намаздын шарттары
  8. Даарат
  9. Даараттын бузулушунун факторлору
  10. Гусул
  11. Суу
  12. Кийим
  13. Азан
  14. Коомат
  15. Ниет
  16. Намаздарды кошуп окуу
  17. Намазды аткаруунун жолу
  18. Дурууд (Ассалаату алан-Набий)
  19. Намазды жалгыз окуу
  20. Жамаат менен аткарылуучу намаздар
  21. Намаздан кийин Алланы эске алуу
  22. Намаздын түрлөрү жана рекеттердин саны
  23. Жума намазы
  24. Орозо айт жана курман айт майрамдары
  25. Витр намазы
  26. Намаздын өзгөчө бөлүктөрү
  27. Намазды бузган амалдар
  28. Сужуудус-сахв
  29. Ооруу маалындагы намаз
  30. Сапарда окулуучу намаз
  31. Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
  32. Каза намазы
  33. Тахажжуд намазы
  34. Таравийх намазы
  35. Күн жана ай тутулганда окулган намаз
  36. Жамгыр тилеп окулган намаз
  37. Истахаара намазы
  38. Салаатул-хажаат (жардам тилеп окулган намаз)
  39. Ишраак намазы
  40. Жаназа намазы
  41. Айрым сөздөрдүн жана терминдердин түшүндүрмөсү
  42. Азирети Мырза Гулам Ахмад Масийхи Мавъуд жана Махди Маъхуд (алайхиссалаам)дын китептеринен жана «Малфузаатынан» айрым үзүндүлөр

Намаздарды кошуп окуу

Намаз убагы

Айрым өзгөчө жагдайларда эки намаздын кошулуп окулушу мүмкүн. Мисалы: Пешин намазын Дигер намазына, ошондой эле Шам намазын Куптан намазына кошуп окуса болот. Бул үчүн төмөндөгү себептер болуш керек:

а) киши оорулуу болсо;

б) киши сапарда жүрсө;

в) жамгыр же бороон болсо;

г) катуу жамгыр себебинен мечитке барууга мүмкүн болбосо.

Кийинки намазды алдынкы намазга кошуп окуган жакшы. Бирок, айрым аргасыз жагдайларда абалкы намазды кийинки намазга кошуп окуса да болот.

Эки намазды кошуп окуганда, ага бир жолу азан айтса жетиштүү. Бирок, коомат ар бир намазга өз-өзүнчө айтылат.

Намаздарды кошуп окуганда, Сүннөт намазы окулбайт. Бирок, жума намазынан мурун сөзсүз эки Сүннөт окуш керек, аны таштоого болбойт.

Эгер Аср намазы жамаат же имам менен аткарылып жатса, кечигип келген адам кайсы намаз окулуп жатканын билбесе, анда баары бир кошулуп, окуй бериши лаазым. Кийинчерээк алдыңкы намазын калтырганын билип, жамаат намазынан кийин ошол каза болгон намазды жалгыз окуйт. Ал эми кечигип келген киши имамдын кийинки намазды окуп жатканын билсе, ал алгач алдыңкы намазды жалгыз өзү окуп, кийин жамаатка кошулушу керек. Мисалы: эгер имам Куптан намазын окуп жатса, кечиккен адам алгач каза болгон Шам намазын окуйт, анан жамаатка кошулат. Эгер ал имамдын Куптан намазына башчылык кылып жатканын билбей, Шам намазын окуп жатат, деп ойлосо, анда ал имамга кошулуп, намаз окуй бериши керек. Андан кийин Шам намазын жалгыз өзү окуйт, анткени ал имамга баш ийип, Куптан намазын аткарганга эсептелет. Адатта алдыңкы намаз биринчи, андан соң кийинки намаз окулушу лаазым.

Share via