Гусул
Ислам адамдын тек жан-дүйнөсүн гана эмес, денесинин да таза болушуна терең көңүл бөлөт, гусулга да ошончолук чоң маани берет. Айрым жагдайларда намаз окуудан мурда гусул алуу шарты коюлат. Төмөнкү учурларда даараттын өзү жетиштүү болбой, гусул алуу зарыл болот:
1) Аял киши болсо:
а) айыз каны келип бүткөндөн кийин;
б) бала төрөгөндөн кийин келе турган кан токтогондо;
Эскертүү: Ушул кандар келип турган учурларда аялдарга намаз окууга болбойт.
2) Эркектер жана аялдар үчүн:
а) маний келгенде, мейли аял-эркек кошулганда чыксын, мейли уйку маалында чыксын;
б) аял-эркек кошулганда, мейли маний келсе да, келбесе да;
в) мусулмандыкты кабыл кылган учурда баардык мусулман эместер гусул алып, жаңы мусулмандык сергек жашоону башташы лаазым.
Гусул важиб болгон айрым башка жагдайлар
Ар бир жаңы төрөлгөн наристе киринтилет, ошондой эле маййттин (өлүктүн) денеси жаназа намазынан мурда гусул кылынышы керек. Ал эми, шейит (шахийд) болгондор, урушта өлтүрүлгөндөр же кандайдыр бир жол менен өлтүрүлгөндөр гусул кылынбайт.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) гусул зарыл болгон жагдайдан тышкары ар бир жума күнү, Айт майрамдарында жана ажылыкка чыгаарда гусул алуу керектигин өзгөчө белгилеп өткөн.
Исламдын Негиздөөчүсү – Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) төмөндөгүчө гусул алганын эске тутуу керек:
Алгач буттарын жуубастан даарат алган. Анан денесинин оң жагына кеминде үч жолу, анан сол жагына үч жолу суу куюп, эң акырында буттарын жууп, денесинин кенедей да жерин кургак калтырбастан, толук суу жеткирип чайкануучу экен.
Гусул важиб болгон жагдайларда, гусул кылбаган киши намаз аткарууга, мечитке кирүүгө жана Куран окууга болбойт. Ал эми айыз маалында аялдар Куран окуса болот, бирок ачык колдору менен Курани Каримди кармабоого насаат кылынат.
Эгер киши оорукчан болсо же доктур суу колдонууга тыюу салса же жакын жерден суу табылбаса, анда ага гусулдун ордуна Таяммум кылууга уруксат берилген. (Таяммумдун шарты жогоруда берилип өтүлгөн).