Салаатул-Хавф (Кооптуу учурдагы намаз)
Коркунуч туулганда, мисалы, согуш маалында намазды кыскартып окуса болот. Куран жана хадистерде жазылгандай, он бир түрдүү учурда намазды Каср (кыска) кылып окуса болот. Негизи, катуу согушта, душмандын кокусунан жасаган чабуулунан сактанып же аскерлер коргонууда жатканда кооптуу абал түзүлгөн жагдайда окулат. Туш келген жагдайда карап эки рекет окуганга мүмкүнчүлүк болсо эки рекет, болбосо бир рекетти окуу да жетиштүү болот. Ахвал өтө кооптуу болуп, намазды жамаат менен окуганга мүмкүндүк болбосо, жалгыз окуса да болот. Эгер жалгыз окуганга да шарт болбосо, анда жөө басып бара жатканда же унаанын үстүндө окуса да болот. Бул учурда жүзүн Кыбыла тарапка каратса да, каратпаса да болот. Эгер өтө жаман-оор кооптуу ахвал болсо, анда киши: «Намаз окууга ниет кылдым», – деп намаз окуп жаткандай, жөнөкөй аракеттерди жасаса же айрым сүрөөлөр, аяттарды окуса, ошол жетиштүү болуп, намаз аткарылганга эсептелет. Мындай жагдайларда бир нече намазды кошуп окуса жарайт. («Сахийх Бухарий», Китаабуль-Магаазий, Бааб Газвах Хандак; «Сахийх Муслим», Китаабус-Салаат, Бааб Салаатул-Хавф)