Намаздан кийин Алланы эске алуу
Намаздан кийин Алла Тааланы зикир кылууну улантып, Тасбийх жана Тахмийд окулат. Ал Курани Каримде ачык-айкын жазылган. Курандын «Ан-Нисаа» сүрөөсүнүн 104-аятында Алла Таала мындай айтат:
Окулушу: Фа изаа казайтумуссалаата фазкуруллаах.
Котормосу: Намазды аткарып бүткөн соң Алланы эске алгыла. (4:104)
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ар дайым ушул сөздөргө амал кылган. Азирети Айша (разияллааху анхаа) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын намаздан кийин бир топко отуруп, Алла Тааланы зикир этип, төмөнкү дуба окуганын айтат:
Окулушу: Аллаахумма антассалааму ва минкассалааму табааракта йаа залжалаали вал икраам.
Котормосу: Эй, Алла! Сен тынчтык Ээсисиң, Өзүң гана тынчтык берүүчүсүң. Эй, бийиктик жана улуу урмат Ээси! Сен өтө берекелүүсүң. («Сахийх Муслим», Китаабуль-Масаажид ва маваазиус-Салаат, Бааб истихбаабуз-Зикри баъдас- Салаат).
Хадис китептеринде жазылышынча, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) сахаабаларынын арасында отуруп, алардын өтүнүчүнөн улам колдорун көтөрүп, дуба кылган. Бирок, Азирети Айша (разияллааху анхаа) айткан сөздөрүнө көңүл бурсак, намаздан кийин дуба окуп жатканда, колдорун көтөрүү Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) дайыма жасаган амалы-адаты (сүннөтү) болбогону айкын болот. Ошондуктан, хадис китептериндеги Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дуба окуп жатканда, колдорун көтөргөн, – деген баяндар акыйкаттан алыс. Кээ бир мазхабдагылардын: «Намаздан кийин, колдорун көтөрүп, дуба кылуу -Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дайыма жасаган сүннөтү болгон», – дегени жаңылыш пикирге такалат. Жогорудагы хадистен келтирилген далилге караганда, бул Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дайыма жасаган амалы болгон эмес.
Ахмадия Мусулман Жамааты: «Намаздан кийин колдорун көтөрүп, дуба кылуу Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дайыма жасаган амалы болгон эмес», – деген пикирде. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бир аз отуруп, колдорун көтөрбөстөн Алланы зикир этип дуба окучу.
Жогоруда зикир этилген дубадан тышкары Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намаздан кийин төмөнкү дубаларды да окуган:
Окулушу: Лаа илааха иллаллааху вахдахуу лаа шарийка лахуу, лахул мулку валахул хамду ва хува алаа кулли шайин кадийр.
Котормосу: Алладан башка кудай жок. Ал – жалгыз, Анын шериги жок. Падышачылык жана мактоо-алкоолор Ага гана таандык. Ал баарынан кудуреттүү.
Окулушу: Аллаахумма лаа мааниъа лимаа аътайта валаа муътийа лимаа манаъта валаа йанфаъу залжадди минкал жад. («Сахийх Бухарий», Китаабус-Салаат, Баабуз-Зикри баъдас-Салаат).
Котормосу: Эй, Алла! Сен тартуулаганыңды эч ким токтото албайт жана Сен токтотконуңду бирөө да бере албайт. Ким болбосун, ал канчалык улук болбосун, анын улуктугу Сага каршы эч кандай пайда жеткизе албайт.
Окулушу: Аллаахумма аъинний алаа зикрика ва шукрика ва хусни ибаадатик. («Сунан Абий Давуд»).
Котормосу: Эй, Парбардигерим! Сага зикир, шүкүр жана сонун ибадат кылуума жардам кылгын!
Окулушу: Субхаана Раббика Раббил иззати аммаа ясифуун. Ва салаамун алал мурсалийна вал хамду лиллаахи Раббил ааламийн. («Термизий», Китаабус-Салаах, Баабу маа якуулу изаа саллам).
Котормосу: Урмат ээси Раббиңиз алар (каапырлар) баяндаган баардык кемчиликтерден таза. Баардык пайгамбарларга тынчтык болсун жана бүткүл ааламдардын Кожоюну Аллага мактоо-алкоолор болсун!
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айрым сахаабалардын суранычтарына карата, Алланы улуктаган төмөнкү дубаларды окууга көрсөтмө берген. Айрым мусулман агымдар ушул дубаларды дайыма окушат. Бирок, ушул дубаларды окуш анчалык зарыл эместигин билүү керек. Андыктан, мечитте Парыз намазы бүткөн соң, ошол дубаларды окуу важиб эмес.
а) Субхааналлаах (Алла баардык кемчиликтерден таза) 33 жолу кайталанат.
б) Аль-Хамдулиллаах (баардык мактоолор Алла Таалага гана таандык) 33 жолу окулат.
в) Аллааху Акбар (Алла баарынан Улук) 34 жолу кайталанат.