Сыйынуу жана ибадат деген эмне? • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Сыйынуу жана ибадат деген эмне?

Өткөн сабакта Курани Каримдин баарынан да зарыл, баарынан да негизги милдети – бул бардык адамдарга Алла Тааланын Өзүнөн жана Анын сапаттарынан сабак берүүсү, ошондой эле адамдарга Алла Тааланын канчалык сулуу экенин, Анын бардык ысымдары канчалык мыкты экенин жана Анын бардык сапаттары канчалык көркөм экенин айтып берүүсү деген маселе жѳнүндѳ сөз болгон эле. Бул үчүн Курани Каримде Алла Тааланын бир жүз тѳрт (104) сапаты баяндалган. Бүткүл Курандын корутундусу жана жыпар жыты эсептелген «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө ошол бир жүз тѳрт (104) сапаттан төрт эле сапат баяндалган. Мисалга,رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَالرَّحۡمٰنِ الرَّحِیۡمِمٰلِکِ یَوۡمِ الدِّیۡنِБул төрт сапат ошол бир жүз төрт (104) сапатка кудум эле энедей.

Жогорудагы төрт (4) сапаттан сөз кылган соӊ «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө адамзаттын Алла Таала менен болушу шарт болгон жана аталган төрт (4) сапаттын талабы болгон алака-байланышынан сөз кылынган. Тагыраак айтканда өзүндө жогорудагы төрт (4) сапат кезиккен Зат гана сыйынууга татыктуу экен деп баяндалган. Мисалга,اِیَّاکَ نَعۡبُدُ وَ اِیَّاکَ نَسۡتَعِیۡنُЭй, жогорудагы төрт (4) сапатка ээ болгон Алла! Жогорудагы мына ушул төрт (4) сапаттан бизге Сенин сулуу Жүзүӊ көрүнүп жатат, Сен бардык мактоо-алкоого татыктуусуӊ, себеби бүтүн ааламдарды Сен жараткансыӊ, алардын өсүп-өнүгүүсүнө да Сен бардык шарттарды түзгөнсүӊ. Биз – жандуулардын баарына биз төрөлө электе эле бизге пайда келтирүүчү бардык шарттарды камсыз кылгансыӊ, эгер биз ошол шарттарды пайдаланып, жакшы амалдарды кылсак, анда Сен үстөк менен кун бересиӊ жана кайра-кайра бизге кун бересиӊ. Бул дүйнөдө эле эмес, тескерисинче о дүйнөдө дагы бересиң. Биз Сага гана ибадат кылабыз, ошондой ибадат сыяктуу кыйын жана маанилүү иш үчүн Сенден гана жардам сурайбыз. (1:5)

«Ибадат» деген эмне? Курани Каримде бул жөнүндө ар кайсы жеринде кеӊири-кесири баяндалган. «Ал-Бакара» сүрөөсүндө Алла Таала мындай деп айтат:صِبۡغَۃَ اللّٰہِ ۚ وَ مَنۡ اَحۡسَنُ مِنَ اللّٰہِ صِبۡغَۃً ۫ وَّ نَحۡنُ لَہٗ عٰبِدُوۡنَМунун мааниси бул: Алла Тааланын түсүнө кирүүчүлөр гана, тагыраак айтканда Алла Тааланын кооз жана мыкты сапаттарын өздөрүндө жарата тургандар гана Алла Таалага ибадат кылуучулар деп эсептелинет. (2:139) Алла Таала – (Алийм), Билүүчү, ошондуктан алар илим-билимди алышат. Алла Таала (Гафурур-Рахийм), Кечирүүчү жана Ырайым кылуучу, алар да адамдарды кечиришет жана аларга ырайым кылышат.

«Ибадаттын» дагы бир мааниси – бул «сүйүү» да, «коркуу» жана «таазим кылуу» да. Тактап айтканда Алла Таалага ибадат кылуучулар баарынан да аша чаап Алла Тааланы сүйүшөт, Ага сый-урмат көрсөтүшөт, Анын каалоосуна жараша жүрүшөт, Ага баш ийбестик кылуудан коркушат, Анын жазасынан кооптонушат жана Анын ачуусун келтирүүгө себепчи боло турган бир дагы ишти жасашпайт.

Алла Таала бизге да жогоруда тилге алынган нукура ибдат кылуучулардан болууну насип этсин. (Аамийн)

Share via