Алла Таалага сыйынуу жана Андан жардам суроо • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Таалага сыйынуу жана Андан жардам суроо

Алла Таалага гана сыйынуу жана Андан гана жардам суроо

اِہۡدِ نَا الصِّرَاطَ الۡمُسۡتَقِیۡمَ ۙ ۔ صِرَاطَ الَّذِیۡنَ اَنۡعَمۡتَ عَلَیۡہِمۡбизге туура жолду көрсөткүн, Сен белек кылгандардын жолун (1:67)

Өткөн сабакта төмөндөгүдөй маани-мазмун баяндалган эле: Алла Таала «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө пенденин Алла Таала менен болгон алака-байланышына «ибадат» деп ат койгон жана мындай деген: адам баласынын табияты мына төмөнкүдөй күбөлүк берет:اِیَّاکَ نَعۡبُدُбиз Сага гана ибадат кылабыз (1:5). Тагыраак айтканда асманга да эмес, жерге да эмес, кандайдыр бир бутка да эмес, кандайдыр бир инсанга да эмес, болгону Сага гана ибадат кылабыз. Бүткүл Куранда кезиккен «ибадаттын» кеӊири-кесири мааниси бул: адамзат Алла Таалага гана кулчулук кылсын, чын жүрөктөн Алла Тааладан корксун, анын көкүрөгү Алла Тааланын сүйүүсүнө толуп кетсин, баарынан да аша чаап өзүнүн кудуретине, жөндөмүнө жана куч-кубатына жараша Алла Тааланын көркөм сапаттарынын изин өзүндө жаратсын.

Белгилүү болгондой, бул нерсе зарыл болгону менен өтө кыйын дагы. Ошондуктан,اِیَّاکَ نَعۡبُدُСага гана ибадат кылабыз дегенден кийинوَ اِیَّاکَ نَسۡتَعِیۡنُжана Сенден гана жардам сурайбыз (1:5) деп айткан. Алла Тааланын жардамына татыктуу болуунун баарынан да улуу куралы – бул дуба. Ошондуктан,اِہۡدِ نَا الصِّرَاطَ الۡمُسۡتَقِیۡمَбизге түп-түз, баарынан да дурус жана баарынан да мыкты болгон жолду көрсөткүн (1:6). Эми ушул жерде Алла Таала бизге ар бир иш үчүн, ар бир муктаждык үчүн Алла Тааладан суроо мүмкүн болгон бир дубаны үйрөткөн. Ушул дубада бизге мал-мүлк бергин, бизге бала-чака бергин, бизге такыбалык тартуулагын, душмандын үстүнөн бизге жеӊиш тартуулагын деп сөз кылынган эмес, тескерисинче бизге туура жолду көрсөткүн деп дуба үйрөтүлгөн. Ошондуктан, ибадат кылуу мүмкүнчүлүгү насип этилүүсү үчүн да ушул дубаны кылса болот, ден-соолук үчүн да кылса болот. Кыскасы, Алла Таала «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө абдан жеткилеӊдүү бир дубаны үйрөткөн.

Айрым кишилер: «Диний адамдар куру билдирүүлөрдү эле жасашат жана эч бир ишти кылышпайт», – деп сын-пикир айтышат. Бул сын-пикирге Алла Таала ошол эле жерде жооп берип койгон: силер туура жолду сурап дуба кылгыла жана ушул дубаны жөн эле дуба деп ойлобогула. Алла Таала ушул белек берген миӊдеген, миллиондогон инсандар дүйнө тарыхында өтүп кетишкен, алар Алла Тааланын берешендиги менен ошол туура жолдон басып, алар пайгамбар, сыддык (чынчыл), шейит жана саалих (такыба) деген белек менен сыйланышкан.

Share via