Алла Тааланын мээримдүүлүк жана ырайымдуулук деген эки сапаты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Тааланын мээримдүүлүк жана ырайымдуулук деген эки сапаты

Алла Тааланын мээримдүүлүк жана ырайымдуулук деген эки сапатынын маани-мазмуну

Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахийм

Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахийм

Эӊ Мээрмидүү жана Эӊ Ырайымдуу Алланын аты менен (1:1). Баарыӊар билгениӊердей, Курани карим да ушул эле аят менен башталат, Курани каримдин сүрөөлөрү да ушул эле аят менен башталат. Ушул кичине эле аятта Курани карим тууралуу абдан маанилүү, абдан пайдалуу жана өтө зарыл нерсе айтылган, анан ушул аят улам-улам кайталанып, төмөнкүдөй маани-мазмуну бар экендиги баяндалган:

Алла таала Курани каримди бүткүл дүйнөнү туура жолго баштоо жана багыттоо үчүн түшүргөн: бул – Алла тааланын дүйнөгө көрсөткөн айкөлдүгү гана. Бул – адамдарга берилген Алла тааланын кут-берекеси жана берешендиги. Бул үчүн бир дагы адам аракет да жасаган эмес, эмгек да кылган эмес, бул үчүн кандайдыр бир амалды да жасаган эмес, бул үчүн дуба да сураган эмес, Алла таала [رَحْمٰن] (Рахмаан), Эӊ Мээримдүү. Ал адамдардын кандайдыр бир иши, эмгеги, аракети, дубасы жана акысы жок эле Өз берешендигин жана ырайымын кылат. Мисалга, Ал мындай деп айтат:

Ар-Рахмаану Алламал-Кур’анана

Ар-Рахмаану Алламал-Кур’анана

Эң Мээримдүү Алла Өзүнүн берешендиги жана ырайымдуулугу менен адамдарга жакшылык кылган бойдон Куранды үйрөткөн. (55:2-3)

Бирок Алла таала [رَحِیْم] (Рахийм), Эӊ Ырайымдуу да. [رَحْمَانِیَّت] (Рахманият), мээримдуулук да Анын сыпаты, [رَحِیْمِیَّتْ] (Рахиймият),ырайымдуулук да Анын сыпаты. Кимде-ким Курани каримди окуса, ага ой жүгүртсө, ага ыйман келтирсе, анын буйруктарын аткарса, Курани карим тыюу салган нерселерден тыйылса, ал Алла тааланын [رَحِیْمِیَّتْ] (Рахиймият), ырайымдуулук деген сыпатынан пайда көрөт жана Алла таала ага чоӊ-чоӊ сыйлыктарды берет, ага ырайым кылат, анын дубаларын кабыл кылат, ага Курани каримдин кылдат жана көркөм маани-мазмундарын үйрөтөт. Карагыла, чакан бир аятта Алла таала абдан кылдат маани-мазмундарды кантип кыскартып айтып берген экен. Алла таала Өзүнүн берешендиги менен бизге Курани карим сыяктуу нээмат (белек) тартуулаганына шүгүрчүлүк кылууга күч-кубат берсин. Алла таала бизге Өзүнүн [رَحِیْمِیَّتْ] (Рахиймият), ырайымдуулугунан пайдаланган бойдон Курани каримге чын жүрөктөн ыйман келтирүүгө, Курани каримди окуп, анын котормосун үйрөнүп, анын маани-мазмундарына ой жүгүртүп, өз илим-билимибизди өстүрүүгө, анын буйруктарына амал кылып, Курани карим тыюу салган нерселерден тыйылууга күч-кубат берсин.

Share via