Аллах Таалага жакындоо жолу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар гүлдөр

Алла Таалага жакын болуунун жолу – бул Ага чынчылдыкты көрсөтүү. Азирети Ибрахим (алайхиссалам)дын (Аллага) жакындыгынын себеби ушул эле. Мисалы, Ал мындай деп айтат.وَاِبْرٰهِيْمَ الَّذِيْ وَفّٰى(النّجم: 38)۔(Жана Ибрахийм өз убадасын аткарган (инсан) (53:38)

Ыбрахим берилгендикти көрсөткөн Ыбрахим. Алла Таалага берилгендик, чынчылдык жана чын ыкластуулукту көрсөтүү кандайдыр бир өлүмдү талап кылат. Адам дүйнө жана анын бардык ырахаттары жана салтанаттуулуктарынан айрылууга даяр болмоюнча, ошондой эле Аллах үчүн ар бир кордукту, кыйынчылыкты жана оорчулукту кабыл алууга даяр болмоюнча, бул сыпат болуусу мүмкүн эмес. Кандайдыр бир даракка же ташка сыйынуу гана бутпарастык эмес, жок Алла Таалага жакындашына тоскоол болгон жана андан жогору турган нерселердин бардыгы – бул пут. Адамдын ичинде ушунчалык көп буркандар бар, ал буркандарга сыйынып жатканын да билбейт. Алла Тааланыкы гана болуп калмайынча жана Анын жолундагы бардык кыйынчылыктарга туруштук берүүгө даяр болмоюнча чындыктын жана чын ыкластуулуктун түсүн жаратуусу кыйын. Ибрахим (алайхиссалам)га насип этилген даража жөн жерден насип этилгенби? Жок, эч качан.

Ал өз уулун курмандыкка чалууга даярданып калганда гана агаاِبْرٰهِيْمَ الَّذِيْ وَفّٰی(убадага бек Ибрахийм (53:38) деген үн угулган. Алла Таала иш-аракетти каалайт жана иш-аракетке гана ыраазы. Ал эми иш-аракет кайгыдан келип чыгат. Бирок адам Аллах Таала үчүн азап чегүүгө даяр болгондо, Аллах Таала аны кайгыга кабылтпайт дагы. Карагыла, качан Ибрахим (алайхиссалам) Улуу Жараткандын буйругун ишке ашыруу үчүн уулун курмандыкка чалмакчы болуп, бардык даярдыктарды көрүп алганда, Алла Таала уулун сактап калды. Ал (Ибрахим) отко ыргытылган, бирок өрт ага таасир берген эмес. Адам Аллах жолунда азап тартууга даяр болуп калганда, анда Аллах Таала аны азаптан сактап калат. Денебиз биздин колубузда, жаныбыз (колубузда) эмес. Бирок рухтун денеге таандык экендиги жана дене иштери жанга таасир этери талашсыз. Демек, дененин рухка эч кандай таасири болбойт деп эч качан ойлобошубуз керек. Адамдардын колунан чыккан иш-аракеттеринин баары ошол эле жуп формадан чыгат, жалгыз дене же жалгыз жан эч кандай жамандык же жакшылык кылбайт. Ошондуктан, жаза жана сыйлоодо дагы экөөсүнүн ортосундагы мамиле эске алынган. Кээ бир адамдар ушул эле сырды түшүнбөгөндүктөн, мусулмандардын бейиши физикалык деген сын-пикирди билдиришет. Алар муну да билишпейт, эгер иш-амалдарды жасаган учурда, дене да чогуу болсо, анда эмне үчүн сыйлык учурунда аны бөлүп салыш керек? Кеп мындай, Ислам «көккө чыгаруу» жана «жерге түшүрүүнүн» эки ыкмасынан баш тартып, орточо жолду көрсөткөн. Бул экөө тең кооптуу нерселер, алардан сактануу керек. Тек денени азапка салуу менен эч нерсе чыкпайт жана тек эс алдырууда дагы эч кандай натыйжа чыкпайт.

Вилаятка ким жетишет?

Бир жолу мага Танда деген жерден Нур Мухаммад аттуу бир адам келди. Ал Гулам Махбуб Субханий (мага) олуя болуу күбөлүгүн берди деп айткан. Эми Вилаяттын[1] стандарты ушул эле калды: Гулам Махбуб Субханий же башка бирөө күбөлүк берип жатат. Чындыгында, адам Кудай үчүн өлүүгө даяр болмоюнча, эч кандай Вилаят насип этилбейт. Дүйнөдө эмне үчүн пайда болгонун билбеген адамдар да көп. Чындыгында, бул биринчи кезекте чечилиши керек болгон суроо. Өзүн-өзү таанып-билүү менен гана Кудайды таанып-билүү мүмкүн. Ал өз милдеттерин түшүнүп, жашоонун максаттарын ойлогондо гана, өз жашоосунун максаты Кудайды таанып-билүү экенин билет, ошондо Ага ыйман келтирет жана Ага ибадат кылат. Ошондо гана ал милдеттерин аткарып, Нафлдарды тааныйт. Ыймандан кийин пайда боло турган руханияттын кайда экенин издегиле? (Ал руханият) молдолордо да эмес, ыр уккан сопуларда да эмес. Булар музоо сыяктуу, Руханияттан кабардар болбой туруп, миң жыл бою мээлерин ура берсе дагы, эч нерсе болбойт. Булар такыбалык эмес, жөн гана эт менен кан эле. Андай болсо, эттер жана кан Алла Таалага кантип жетет? (Малфузаат, 4-том, 429-431-бет, 1984-жылы басылган нускасы)

Жамаат Алла Таала менен чыныгы мамиледе болушу керек

Биздин Жамаатыбыз Кудай Таала менен чыныгы мамиледе болушу керек жана Алла Таала аларды жөн таштап салбай, тескерисинче, алардын ыйман күчтөрүн ишеним деңгээлине жеткирүү үчүн Өз кудуретинин жүздөгөн белгилерин көрсөткөнүнө ыраазы болушу керек. Араңарда мен бир дагы белги-жышаанды көргөн жокмун дей ала турган бирөөңөр барбы? Биздин жаныбызда болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон жана Аллах Тааланын кандайдыр бир жаӊы белгисин өз көзү менен көрбөгөн бир дагы адам жок деп билдирем.

Биздин Жамаатыбыздын ыйманы өсүшү керек, Аллах Таалага чыныгы ишеним пайда болуп, Ал жөнүндө маърифаты (билими) өсүп-өнүксүн. Жакшы иштерде жалкоо жана эринчээк болбосун. Себеби, эринчээк болсо, анда Тахажжуд намазын аткарууну кой, даарат алуу дагы кандайдыр бир оордой көрүнөт. Эгерде такыба иштерин жасоо күчү пайда болбосо жана кайрымдуулук иштери боюнча жарышууга дилгирленбесе, анда биз менен мамиле түзүүнүн пайдасы жок». (Малфузаат, 4-том, 438-439-бет, 1984-жылы басылган нускасы)

٭…٭…٭

[1] Олуялар ээлеген даража-мартаба.

Share via