Алла Таалага ишенүү жана Кудайга жалынып-жалбарып дуба кылуу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жетекчиси Ганада жайгашкан «Jamia Ahmadiyya International» менен тарыхый сабак өттү

Кудайга ишенүүнүн кут-берекелери

«Мени биринчи Африкага которушкан, ошол учурдан баштап, Аллах Таала менин колумду кармап, мени бир жерден экинчи жерге алып бара баштаган жана мен аны эч көзөмөлдөй алган эмесмин», – Азирети Мырза Масрур Ахмад

2020-жылдын 5-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад «Эл аралык Жамия Ахмадиянын» (Ганада жайгашкан Ахмадия Мусулман Миссионерлерин даярдоо колледжи) 185 студенттери менен жетимиш беш мүнөттүк онлайн-сабагын алып барды.

Ал Азирети биринчи жолу «Эл аралык Жамия Ахмадия» менен сабак өттү жана ушундай жол менен Гана, Нигерия, Сенегал, Танзания, Иордания жана Казакстан сыяктуу бир катар өлкөлөрдөн келип, тарбияланып жаткан миссионерлер катышып, өздөрүнүн руханий жана диний лидери менен чогуу жолугушуп, жетекчилик жана батасын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Кудайга ишенүүнүн кут-берекелери

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан өзүнүн кеңсесинен жолугушууну алып барды, ал эми Эл аралык Жамия Ахмадиянын студенттери жана окутуучулары Гананын Борбордук аймагына караштуу Манкессимде жайгашкан «Эл аралык Жамия Ахмадия» комплексинде чогулушту.

Аталган иш-чара Ыйык Куран аяттары жана анын котормосун окуу менен башталып, андан соң Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) жазган ырлары жана баяндаган сөздөрү окулду.

Жолугушуунун учурунда Ал Азиретиден 1970-80-жылдарда Ганада жашаган мезгилиндеги кээ бир өзгөчө эскерүүлөрү тууралуу сурашты.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ганада болгонумда, Үчүнчү Халифа, Азирети Мырза Насир Ахмад (рахимахуллах) өлкөгө иш сапары менен келген. Эсимде, иш сапарынын биринчи күнүндө адамдар аны тосуп алуу үчүн Аккрага чогулушкан, ошондо Үчүнчү Халифа алар менен жолугушуп, кыскача кайрылуу жасаган. Жолугушуу учурунда, катуу жамгыр жаай баштаган жана Үчүнчү Халифанын кийимдери башына зонтик көтөрүлүп турганына карабастан, суу болуп кеткен. Нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан, ганалык эркектер, аялдар жана балдар бир сантиметр да жылышкан эмес жана анын кайрылуусун бүт кунт коюу менен уга беришкен. Үчүнчү Халифа алардын жогорку чыдамдуулук жана сабырдуулук сапаттарына абдан таасирленип, кийинчерээк алар кандайча жамгыр жааган мезгилде Халифатул Масийхтин сөздөрүн кунт коюп угушкандыгын жана өз ордуларынан жылбагандарын белгилеп айткан».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Ушундай эле маанайда, 2005-жылы Танзанияга барганда, ошол күндөрү бир нече жолу жаанчачын болгондугу эсимде. Ошондо мен Жалса Салананын учурунда айымдарга кайрылганымда, күтүлбөгөн жерден асман жогорудан ачылды. Алардын үстүнө жабылган там туруштук бере албай, күтүлбөгөн жерден көптөгөн жамгыр суулары атырылып, айымдар отурган жерге агып түшкөн, бирок эч кимиси ордуларынан жылган эмес. Тескерисинче, алар өз ордуларын сактап, чыдамдуулук жана кунт коюу менен менин кайрылуумду уга беришкен».

Кудайга ишенүүнүн кут-берекелери

Ал Азирети кыйынчылыктарга карабай, сабырдуулук жана тартиптүү болуу ийгиликтүү мамлекеттердин мүнөздүү белгиси экендигин белгилеп, Африка элдери жана мамлекеттери бул жагынан башкаларга үлгү болгонун айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жалпылап айтканда, африкалыктардын чыдамдуулук жана толеранттуулук босогосу жогору жана алар табиятынан тартиптүү адамдар. Бул сапаттардын сакталып калуусу жана өнүгүүсү маанилүү. Демек, миссионер болуп бара жаткан баарыңыздар, кийинки муундарга ыйман маселелерин үйрөтүүдөн тышкары, аларга Ислам дини тартиптүүлүккө чоң маани берерин үйрөтүшүңүздөр керек жана, албетте, мындай сапатка ээ болгон элдер гана өнүгүп-өсөт. Жогоруда мен айткандай, табигый түрдө африкалыктар тартиптүү адамдар жана бул сапатты колдонуп, натыйжалуу уюштурууну талап кылат. Эгерде силердин мамлекеттериңер буга жетише алса, анда Кудай кааласа, Африка дүйнөнү жетектейт жана бул үчүн силер, миссионерлер катары өз ролуңарды ойношуңар керек».

Ал Азиретиден атеисттерди Аллахтын бар экенине кантип ынандыруу керектиги жөнүндө суралды.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Ыйман келтирген адам үчүн Аллахтын бар экендигинин эң күчтүү далили – бул алардын жеке үлгүсү жана тажрыйбасы. Эгер атеист Кудайды четке какса, анда биз аларга Кудайдын бар экендигин көргөнүбүздү жана жашообузда ага күбө болгонубузду билдиришибиз керек. Ар бирибиздин башыбыздан Алла Таалага дуба кылып, Ал биздин дубаларыбызды кабыл кылган учурлар болот. Ошентип, араңардан бирөөӊөр атеисттер менен жолукканыӊарда, аларга Кудай Тааланы көргөнүңөрдү жана Аны сезгендигиңерди билдиришиңер керек, ошондуктан аны четке кагуу мүмкүн эмес деп айтышыӊар керек. Аларга эгерде силер чын жүрөктөн, калыстык менен аракет кылсаӊар, анда силер да Кудайды табышыӊар мүмкүн деп айткыла».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Кудайды четке каккан адамдардын көпчүлүгү өз ишенимдеринде өтө өжөр, ал тургай, алар буга каршы эч кандай далилдерди же аргументерди уккусу да келбейт. Бир нече жыл мурун, белгилүү бир атеист Кудайдын бар экендигин четке каккан белгилүү китеп жазган, ошондо ага жооп катары мен ага 5 томдук Курани Каримдин англис тилиндеги тафсирин (түшүндүрмөсүн) жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалам)ды «Ислам Окууларынын Философиясы» китебин жибердим жана мен андан аларды окуп, Кудайдын бар экенине байланыштуу ишенимдерибизди жана далилдерибизди түшүнүшүн сурандым. Бирок, ал аларды окууга кызыкдар эмесмин деп жооп берген. Ошентсе да, ал биздин анын китебин окушубузду каалаган, бирок биздикин окууну каалаган эмес. Ошого карабастан, башка жүрөгү ачык атеисттер дагы жок эмес, алар башкаларды уккусу келет, ошондуктан силер андай адамдар менен жакындан таанышып, аларды Кудайга жакындатууга аракет кылууӊар керек».

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мурда мени менен жолукканы көптөгөн адамдар келишкен, кийинчерээк алар Кудайга ишенбесек дагы, бирок качандыр бир кезде өз ишенимдерибизди өзгөртө турган болсок, ал Халифанын аркасынан болот, анткени ал Кудайдын бар экенин эң логикалуу түрдө түшүндүргөн деп моюндарына алышкан. Ошондой эле, башкалардын жүрөгүн жумшартуу жана буруу үчүн дубанын чексиз күчүн колдонуп, башкалар үйрөнө турган жана пайда ала турган мыкты жеке үлгү көрсөтүшүңөр керектигин унутпагыла».

Жолугушуу аяктайын деп жатып, Ал Азиретиден өзү студент кезинде кайсы тармакта же жумушта иштөөнү каалагандыгын сурашты.

Буга жооп кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Мен өзүм каалагандай боло алган жокмун, бирок өзүмдүн жеке каалоом жок жерге келип калдым».

Кудайга ишенүүнүн кут-берекелериӨ

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Башында илимге кызыгып, медицина жаатында билим алсам деп ойлочумун. Андан кийин мен айыл чарба экономикасын окуп, магистрдик экзамендерден жакшы балл алсам, өз өмүрүмдү Ахмадия Мусулман Жамаатына кызмат кылууга жумшайм деп дуба кылып, жүрөгүмдө убада бердим. Ошентип, Кудай мага жакшы бааларга жетишип, биринчи орунга эч кандай күч-аракет жумшабай эле ээ болдум, ошондо мен өз өмүрүмдү (Исламга) арноо убадамды аткардым».

Азирети Мырза Масрур Ахмад андан ары мындай деди:

«Мени биринчи Африкага которушту, ошол учурдан баштап, Аллах Таала менин колумду кармап, мени бир жерден экинчи жерге алып бара баштады жана мен аны эч көзөмөлдөй алганым жок. Демек, биз ар дайым Аллахтын колун бекем тутуп, бардык маселелерде Андан жардам суроого аракет кылышыбыз керек. Эгер биз чын ыклас менен ошону жасасак, анда Аллах бизди Өзү жетектейт жана Ал Өзү адамга кам көрөт. Айрыкча, биздин миссионерлерибиз Аллахтын колунан кармап, Ал бизди Өзү каалаган жана биз үчүн жакшы деп эсептеген жерге алып барышы үчүн жана өзүбүздө Өзү каалаган сапаттарды өрчүтүшү үчүн Ага жалынышыбыз керек. Куттуу адамдардын жападан жалгыз жолу ушул».

Share via