Халифа мусулман жаштарды ар дайым чындыкты сүйлөөгө чакырат
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Германиядагы Мажлис Худдам-ул-Ахмадиянын 100дөн ашуун мүчөсү Ахмадия Мусулман Жамаатынын Башчысы менен Виртуалдык Жолугушуу сыймыгына ээ болушту

Халифа мусулман жаштарды чындыкты сүйлөөгө үндөдү

Ал Азирети менен жолугушкандар Пакистандан келген иммигранттар болушту, алардын көпчүлүгү буга чейин Ал Азирети менен жолуккан эмес

2020-жылдын 6-декабрында Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад Германиядагы Мажлис Худдам-ул-Ахмадиянын (Ахмадия Мусулман Жаштарынын Жардамчы уюму) жүздөн ашуун мүчөлөрү менен виртуалдык онлайн жолугушуу өткөрдү.

Ал Азирети жолугушууну Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен алып барды, ал эми Мажлис Худдам-ул-Ахмадиянын мүчөлөрү Германиянын Гросс-Герау шаарындагы «Crystal Palace» залына чогулушту.

Халифа мусулман жаштарды чындыкты сүйлөөгө үндөдү

Пакистандагы Ахмадия Мусулман Жамаатынын мүчөлөрүнө каршы куугунтуктоолорго байланыштуу, акыркы жылдары Германияда башпаанек сураган иммигранттар Ал Азирети менен жолугушту.

Ар бир адам өзүнүн Ал Азирети менен жеке сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду жана Ал киши жеке адамдар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн дуба кылды.

Бардык иммигранттарга кайрылып жатып, Ал Азирети аларды ар дайым Аллах Тааланын жакындыгын издөөгө жана Аны эч качан унутпоого үндөдү. Ошондой эле ал иммигранттарга башпаанек учурунда алардын чындыкты гана сүйлөөгө көрсөтмө берди.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Башпаанек арызын берүү учурунда эч качан жалган маалымат айтпашыңар керек жана эч кандайча апыртпагыла. Ал эми, жөн гана Пакистанда болуп жаткан окуялардын чындыгын түшүндүрүп бергиле, ал жерде ар бир Ахмадий мусулман мени каалаган учурда бутага алышы же кандайдыр бир жалган айып тагышы мүмкүн экендигин билип, куугунтуктоолордун булут астында жашап жатат. Аларга ушул адилетсиз жагдайлардын айынан жана дин тутуу эркиндиги астында жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болуу максатында көчүп келгениңерди айткыла. Эгерде силер ар дайым чындыкты сүйлөсөңөр, анда Кудай кааласа, башпаанек арызыӊар кабыл алынат».

Халифа мусулман жаштарды чындыкты сүйлөөгө үндөдү

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн мындай деп улады:

«Жеке деңгээлде, беш убак намазды калтырбай, үзгүлтүксүз аткарып турушуңар керек жана чын жүрөктөн чыккан сезимдер менен чын ыкластан Алла Тааладан жардам сурап, саждага жыгылууӊар керек. Андан тышкары, ыктыярдуу түрдөгү (Нафл) намаз окууну да адат кылып алышыңар керек. Башпаанек суроону угууга барганыӊарда, Сотко кирерден мурун «Ал-Фатиха» сүрөөсүн окууӊар керек. Андан тышкары, арызыӊар кабыл алынып, жагдайыңар оңолгондо, намазды кылдаттык менен жана үзгүлтүксүз окуйм деп жүрөгүңөрдө бекем убада беришиңер керек. Эгер мунун баарын жасасаңар, анда Кудай буюрса, Аллах Тааланын Ырайымына жана Мээримине күбө болосуңар».

Халифа мусулман жаштарды чындыкты сүйлөөгө үндөдү

Аягында, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эгерде силер менин айткандарыма ылайык иш кылсаңар, анда Кудай кааласа, башпаанек арыздарыӊар кабыл алынат. Ар дайым эсиңерде болсун, бардык муктаждыктарыңар үчүн Аллах Таалага гана кайрылгыла жана жогоруда мен айткандай, абалым оңолгондо, Аллахты унутпай, Анын жакындыгын издей берем, намазды калтырбай үзгүлтүксүз аткарам жана жакшылыкка умтула берем деп жүрөгүңөрдө бекем убада беришиңер керек. Аллах Таала адамдын чыныгы ниети эмнеде экендигин жана анын жүрөгүндө эмне бар экендигин билет, ошондуктан кийинчерээк материалисттик каалоолорго берилип кетсеңер, анда силер кыйналып, оорчулуктарга туш болосуӊар. Эмнеси болсо дагы, Аллах Таала баарыңарга береке берсин, ошондой эле Жардамчыӊар жана Коргоочуӊар болушун тилейм. Амин».

Халифа мусулман жаштарды чындыкты сүйлөөгө үндөдү

Share via