Алла Тааланы дүйнөдөн жогору койгон Алланын пенделери • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Тааланы дүйнөдөн жогору койгон Алланын пенделери

Алла Пайгамбар мечит ыйман Ислам дин Намаз Куран орозо Мусулман Момун

Адам баласы Алла Тааланыкы болуп калганда, ошондой эле бардык рахаттарын жана лаззаттарын Алла Тааланын ыраазычылыгынан гана тапканда, дүйнө да анын алдына келээрине шеккүмөн жок

Дүйнөгө эле жүздөнгөн адам бир аз жол жүргөн соң чарчап калат, анткени ийгиликсиздиктер жана жеңилүүлөр акыр аягында аны жок кылып коёт. Ал эми өзүнүн бардык күч-кубаттары жана жөндөмдөрү менен Алла Таалага жүздөнгөн жана бардык иш-аракеттери Алла Таалага гана тандык болуп калган инсан үчүн Алла Таала дүйнөнү да кулагынан кармап туруп, ага кул кылып коёт. Туура, мына бул ахвалда чоң айырмачылык бар. Дүйнөкор адам дүйнөгө эле берилген болот, бирок ал Алла Таалага жүздөнгөн жана дүйнө ага кулу болуп калган инсан дүйнө жана анын көңүл ачуучулуктарынан эч кандай лаззат таппайт. Тескерисинче, бир түрдүү жагымсыздык болот, себеби анын рахаты жана кызыгуусу дүйнөгө таандык болбой, кандайдыр бир башка жакка таандык болот.

Адам баласы Алла Тааланыкы болуп калганда, ошондой эле бардык рахаттарын жана лаззаттарын Алла Тааланын ыраазычылыгынан гана тапканда, дүйнө да анын алдына келээрине шек-күмөн жок. Бирок ошондо рахаттын жол-жоболору башкача болуп кетет, ал дүйнө жана анын көңүл ачуучулуктарынан эч кандай лаззат жана рахатты таппайт. Кудум ушундай пайгамбарлар жана олуялардын астыларына дүйнө алып келинип коюлган, бирок алар дүйнөдөн эч лаззатты алышкан эмес. Анткени, алар башка жакка жүздөнгөн болушкан. Табигат мыйзамы да кудум ошондой. Адам баласы дүйнөнүн лаззатын тилегенде, ал лаззат ага табылбайт, бирок качан өзүн Алла Таалага жоготуп салып, дүйнө лаззатын таштаганда, ошондой эле ага болгон тилеги жана каалоосу калбай калганда, дүйнө ага табылат, бирок ошондо ага рахаты калбай калат. Бул кандайдыр бир бекем принцип, аны эстен чыгарбоо керек, дүйнөнүн табылуусу Алла Тааланын табылуусу менен тыгыз байланышкан. Алла Таала кайра-кайра кимде-ким такыба болсо, ал бардык кыйынчылыктардан кутулуп калат жана ал билбеген жеринен ага ырыскы тартууланат деп айтат. Ар түрдүү кыйынчылыктар жана оорчулуктардан кутулуп калуу жана анын ырыскысы үчүн Алла Тааланын Кепилчи болуусу бул канчалык берекелүү жана зор белек! Бирок, Ал Өзү айткандай, ал (белектер) такыбага байланыштуу, кандайдыр бир дүйнөлүк айла-амал менен ушул белектер насип этилээри эч бир жерде айтылган эмес.

Алла Тааланын пенделеринин белгилеринин дагы бири: алар табиятынан эле дүйнөдөн жийиркенишет. Демек, кимде-ким Алла Тааланын ага ыраазы болушун, ошондой эле дүйнө менен акырет ырахаты ага берилишин кааласа, ал ушул жолду тандасын. Эгер ушул жолду таштап, башка жолдорду тандаса, анда башын уруп жүрө берсин, ага эч нерсе табылбайт. Көптөгөн бирөөлөргө бул насаат жакпай калышы мүмкүн жана алар күлүшөт, бирок алар билип коюшсун, акыр аягында убакыт келип, алар ушул нерселердин акыйкатын түшүнүп, жана атаганат, биз өмүрүбүздү текке кетирдик дешет. Бирок ал убакыттагы өкүнүү эч жардам бербейт. Алтын учур колдон чыгып кетет жана ажалдын кабары келип калат.

Мен кайрадан айтам: Алла Тааланы ыраазы кылууну ойлогула. Анткени, эгер Алла Таала мээрбан болуп калса, анда бүткүл дүйнө мээрбан болуп кетет. Бирок эгер Ал нааразы болсо, анда эч ким жардам бере албайт. Анын каары келген мезгилде, ал кандай гана айла-амалды колдонбосун, зикир чалсын, чепкен менен жашыл кийим кийсин, дүйнөдө эч бир мээрбаны калбайт. Дүйнө баары бир аны пас-төмөн деп ойлойт. Эгер дүйнө бир аз күндөргө ага алданса да, акыр аягында анын сыры ачылат жана анын айла-амалы ачыкка чыгат. Бирок Алла Таала тарабынан келген инсанга дүйнө канчалык каршылык көрсөтпөсүн, ал өзүнүн каршылыгы жана кутумдары боюнча ийгиликке чыкпайт. (Дүйнө) аны сөксө да, аны каргыштаса да, бирок убагы келип, ошол эле дүйнө ага кайрылат жана анын чынчылдыгына моюн сунууга аргасыз болот. Мен чындыкты айтам, Алла кимдики болуп калса, дүйнө дагы ошонуку болуп калат. Бул да туура, Алла Таала тарабынан келгендерге башында дүйнөдөгүлөр душман болушат, аны ар түрдүү кысымдарга алышат жана анын жолуна бут тосушат. Азап-тозокторго кабылбаган, ошондой эле «алдамчы», «айлакер» жана «соодагер» сыяктуу аттар өзүнө коюлбаган бир дагы пайгамбар жана элчи келген эмес. Миллиондогон адамдар ага ар түрдүү окторду атышкан, алар таш ыргытышкан, аларды тилдешкен, ушуга карбай, алар эч нерсеге көңүл бурган эмес жана эч бир нерсе алардын жолун токтото алган эмес. Алар дүйнөгө Алла Тааланын Сөзүн угузуп турушкан жана алар алып келген кабарды жеткирүүгө эч бир мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган эмес. Акылсыз дүйнөкорлор тарабынан аларга жеткен азап-тозоктор жана кысымдар аларды жалкоолонткон эмес, тескерисинче алар мурдагысынан да дагы алга кадам ташташкан, а түгүл Алла Таала алардын кыйынчылыктарын аларга жеңилдетип койгон заман келген жана каршылаштар түшүнө башташкан, ошол эле каршы болгон дүйнө алардын буттарына келип жыгылып, алардын акыйкаты жана чынчылдыгын моюнуна ала башташкан.

Жүрөктөр Алла Тааланын колунда болот, Ал каалаганда аларды өзгөртүп жиберет

Албетте, билип койгула! Бардык пайгамбарлар өздөрүнүн дааватында кыйынчылыктарга туш болушкан. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык пайгамбарлар (алайхимуссалаам)дан абзел жана жакшы болчу, а түгүл ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га Алла Таала пайгамбарчылык курамын токтотуп салган, тагыраак айтканда пайгамбарчылыктын бардык касиеттери ал (саллаллааху алайхи ва саллам)да табигый түрдө аяктаган. Ушунчалык улуу салтанаттуу Пайгамбар экендигине карабай, ага пайгамбарчылык даават жолунда эмне деген кыйынчылыктар жана оорчулуктар туш келгенин жана каапырлар аны канчалык көп кысымдарга алып, башына азап-тозок салганын ким билбейт экен. Ошол каршылык көрсөтүүдө анын коому, агасы (атасынын иниси) жана башка аксакалдар алдыңкы сапта болушкан. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) башынан өткөргөн балээ-кырсыктары жана кысымдарынын доору ушунчалык созулуп, он үч жылга чейин өз коомунун колунан ар түрдүү азаптарды көрүп турган. Мына ошондой абалда бул киши ийгиликке жетет деп эч ким айта албайт эле. Себеби, туш тарапта каршылык кызыган болчу жана өзүнүн тууган-туушкандары эле анын канына чаңкашкан болчу. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын жакын жана кандуу туугандары кабыл кылбагандан кийин башкалар андан дагы көп мүшкүлдөргө кабылышкан. Кыскасы, ушинтип, ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын башына түшкөн балээ-кырсыктарынын доору созулуп кеткен». (Малфузаат, 7-том, 195-198-бет)

٭…٭…٭

Share via