Кечиримдүүлүк
«Алла-зийна юн-фи-кууна фис-саррааи ваз-заррааи вал-каази-мийнал-гайза вал-аафийна анин-наас. Валлааху юхиббул-мухси-нийн».
Алар токчулукта да, жокчулукта да сарп кылышат. Алар ачуусун ичине жута турган жана адамдарды кечире турган заттар. Алла марттык кылуучуларды сүйөт. (3:135)
«Ва жазаа-у саййи-а-тин саййи-а-тум-мис-лу-хаа, фа-ман афаа ва ас-ла-хаа фа-ажру-ху алаллаах, иннаху лаа юхиббуз-заали-мийн».
Жамандыктын жазасы жасалган жамандыкка тең болот. Ал эми ким кечирип жиберсе жана оңдоочу болсо, анын сыйлыгы Алланын алдында. Албетте, Ал (Алла) зулумдук кылуучуларды жактырбайт. (42:41)
«Ан Аби Хурайрата (разияллааху анху) анин-Набиййи (саллаллааху алайхи ва саллам) маа накасат садакатан мин маал ва маа заадаллааху абдан яъфуу иллаа иззаа».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин рабаят этет: «Садага берүү менен мал-мүлк кемибейт жана кимде-ким башкаларды кечирип жиберсе, Алла Таала ага дагы сый-урмат тартуулайт жана кимдир бирөөнү кечирүү менен адам уят болбойт». («Cахих Муслим», Китаабул-Бирри вас-Силах вал-Адааб)
«Ан Муъаазибни Анаса ан абийхи ан Расулиллахи (саллаллааху алайхи ва саллам) аннаху каала: афзалул-фазааили ан тасила ман катаъта ва туътий ман манаъака ва тасфах амман шатамак».
Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай дегенин айтып берет: «Баарынан да улуу артыкчылык – сен менен алакасын үзүп алган бирөө менен да алакаңды байланыштырууң, сага бербеген бирөөгө да берүүң жана сени сөккөн бирөөнү кечирүүң». («Муснад Ахмад бин Ханбал», Китааб муснадул-Маккиййин)
Чындыгында, «афуввун» (кечиримдүүлүк) Алла Тааланын сапаттарынын бири. Мисалы, бир хадисте мындай деп кезигет: «Азирети Айша (разияллааху анхаа) бир жолу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан: «Эй, Алланын Элчиси (саллаллааху алайхи ва саллам)! Эгер мага кадыр түн насип этсе, анда Алла Тааладан кайсы дубаны сурашым керек?» – деп сураган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) төмөндөгүдөй дубаны сурагын деп айткан:
«Аллаахумма иннака афуввун тухиббул-афва фаъфу анний».
Эй, Алла! Сен өтө кечирүүчүсүң жана кечиримдүүлүктү жакшы көрөсүң. Демек, мени кечиргин». («Сунан Термизий», Китаабуд-Даъваат ан Расуулиллах)
Кечиримдүүлүк маселесине байланыштуу Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эң мыкты үлгүсүн байкаганыбызда, анын хадистерде баян этилген толтура мисалдары менен чыныгы кечиримдүүлүктүн маани-мазмуну ачык-айкын болот. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам)га аябай жакын болгон сахаабасы – Азирети Хинд Аби Хаала (разияллааху анху) ал (саллаллааху алайхи ва саллам) жөнүндө мындай деп айткан:
«Лаа тугзибухуд-дунё ва-лаа маа каана лахаа фа-изаа таъаддал-хакка лам якум ли-газбихий шай-ун хаттаа янтасира лаху лаа ягзабу ли-нафсихий валаа янтасир лахаа».
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кандайдыр бир дүйнөлүк мамиленин айынан капаланбайт эле, таарынбайт эле. Бирок эгер кайсы бир акы-укуктар урматсыздалса же тебеленсе, анда ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын ачуусунун маңдайында эч ким тура алчу эмес болчу. Ал (акы-укуктар) аткарылмайынча ал (саллаллааху алайхи ва саллам) тынчтана албайт эле. Жеке өзү үчүн эч качан капа болбойт эле жана ал үчүн өч албайт эле». («Шарх ас-Суннах лин-Набвий», Бааб Жаамиъу сифаатихий (саллаллааху алайхи ва саллам)
Азирети Абдулла бин Абу Бакр ага бир араб киши мындай дегенин айтып берген: Хунайын согушунда эл калың болгондуктан менин бутум Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын бутуна тийип кетти. Мен кийген тапочканын асты катуу болгондуктан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буту катуу жаракат алды. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кыйналгандыгы үчүн кичине камчы уруп: «Абдулла! Сен бутумду жаракат кылдың», – деп айтты. Мен ошондон катуу шерменде болуп, эмнеге менден ушул ката кетти деп түн бою тынчсызданып чыктым.
Эртең менен кимдир бирөө сени Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) чакырып жатат деп үн салды. Мен кече күнү кеткен катанын айынан балээге калдым окшойт деп коркуп кеттим. Кыскасы, мен барганымда, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өтө мээримдүүлүк менен мындай деди: «Кечөө сен бутумды эзип салгансың, ошондо мен сага кичине камчы урдум, ошондон мен кыжаалат болдум. Мен сага 80 эчки берип жатам, аны кабыл алып, менден сага жеткен зыянды ичиңен чыгарып сал». («Муснад Даармий», Бааб фий сахааин-Набий (саллаллааху алайхи ва саллам)
Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн «Ислам окууларынын философиясы» аттуу китебинде адамдык адеп-ахлактар жөнүндө сөз кылып, «кечиримдүүлүк» деген сапат тууралуу мындай деп айткан:
«Адеп-ахлактын экинчи түрү жакшылык кылууга таандык кулк-мүнөздөргө кирет. Бул кулк-мүнөздөрдүн биринчиси – афв, тактап айтканда, бирөөнүн күнөөсүн кечирүү. Мында жакшылык кылуу бул: күнөө кылган адам бирөөгө зыян келтирет. Ага да зыян келтирүү, аны жазалатуу, каматып салуу, штраф салдыруу же өзү ага кол көтөрүү адал иш болуп калат. Ошондой жагдайда эгер кечириш ылайык көрүнсө, аны кечирип жиберүү анын пайдасына жакшылык кылуу эсептелинет. Бул тууралуу Курани Каримдин таалими төмөнкүдөй:
«Алла-зийна юн-фи-кууна фис-саррааи ваз-заррааи вал-каази-мийнал-гайза вал-аафийна анин-наас. Валлааху юхиббул-мухси-нийн». (3:135)
«Ва жазаа-у саййи-а-тин саййи-а-тум-мис-лу-хаа, фа-ман афаа ва ас-ла-хаа фа-ажру-ху алаллаах, иннаху лаа юхиббуз-заали-мийн». (42:41)
Мааниси: ачуусун ичине жутуу керек болгондо ачуусун жуткан жана кечирүү маалы келгенде, бирөөнүн күнөөсүн кечирген адамдар такыба пенделер (3:135). Жамандыктын жазасы ошол кылынган жамандыкчалык. Бирок ким күнөөнү кечирсе жана кандайдыр бир жаманчылык пайда болбой, оңолуу жүз бериши мүмкүн болгон учурда кечирсе, тагыраак айтканда, афв (кечирүү) орунсуз болбой, өз ордунда болсо, анда ал киши сыйлыгын алат (42:41).
Бул аяттан белгилүү болгондой, Куран болсо-болбосо да, ар бир жайда жаманчылыкка каршы күрөшпөөгө, ошондой эле чагымчылар жана заалимдерге жаза бербөөгө таалим бергени жок, тескерисинче ошол орун жана маал күнөөнү кечирүү же жаза берүү маалы экендигине көңүл буруудан таалим берген. Ошондо чынында эле кайсы ыкма айыпкердин жана жалпы калк-калайыктын пайдасына болсо, ошол ыкма тандалсын». (Ислам окууларынын философисы, Рухани Хазааин, 10-том, 351-352)
Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын ыйык жашоосунда да кечиримдүүлүктүн кудум ошондой жарык мисалдары кезигет, чындыгында ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эле жашоо тартуулоочу үлгүсүнүн чагылдырылуусу.
Азирети Мавлавий Абдул Карим Сахиб Сиалкотий мындай деп айтып берген:
«Бир күнү ушундай бир кызык окуя болду: Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) өзүнүн «Аайна камаалаат-э-Ислам» аттуу китебинин арабча бөлүгүн жазып жаткан күндөрдө Имам Махдий (алайхиссалаам) ошол жазылып жаткан китебинин кол жазмасынын эки баракчасын анын фарси тилиндеги котормосу үчүн мага жиберилсин деп Мавлавий Нуруддин Сахибге берген.
Ал ушунчалык күчтүү макала болуп, Алла Таала тартуулаган анын кызыл тилдүүлүгү менен Имам Махдий (алайхиссалаам) сыймыктанчу. Бирок ал эки баракча Мавлавий Сахибдин колунан кайдадыр түшүп кетти. Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) ар күнү жаңы арабча нускасын фарси тилине которуу үчүн жөнөтчү, ошон үчүн ал күнү ашыкча кечигип калгандыктан кабатырлануум табигый көрүнүш болчу. Мен бул жөнүндө Мавлавий Нуруддин Сахибге: «Бүгүн Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) тарабынан эч бир макала келген жок, катчы менин башымда турат, кечигип калууда, эмнеге ошондой болгонун билбейм», – деп сөз кылдым.
Менин тилимен ушул сөздөрдүн чыгаары менен Мавлавий Нуруддин Сахибдин өңү өзгөрүп кетти, анткени ошол эки барак Мавлавий Сахибдин жоготуп алган эле. Аябай издеп көрдү, бирок табылбай калды. Мавлавий Сахиб катуу кайгырган болчу. Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)га кабар кылынганда, ал (алайхиссалаам) адаттагыдай ачык жүз менен жылмайып сыртка чыгып келди жана капа болууну же кайгырууну билдирмек турсун, өзү мындай деп кечирим сурай баштады: Мавлавий Сахиб кол жазманын жоголгондугунун айынан бекерге сар-санаа болду. Мавлавий Сахибдин сар-санаа болгондугу үчүн мен өтө эле өкүнүчтөмүн. Алла Таала Өзүнүн берешендиги менен жоголгон барактардан да жакшыраак маани-мазмун жазууга күч-кубат тартуулайт деп ишенем». (Азирети Мырза Башир Ахмад: «Сийрат-э-Таййиба» 62-бет)
Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам) Жамаат мүчөлөрүнө насаат кылып, мындай деп айткан:
«Алла Таала силерге толук ыңкылап келүүсүн каалайт жана силерден кандайдыр бир өлүмдү талап кылат, анан силерди тирилтет. Силер өз ара батыраак элдешкиле жана бир туугандарыңардын каталарын кечиргиле. Анткени бир тууганы менен элдешүүгө макул болбогон бирөө – ээн баш адам, ал ажыратылып жиберилет, себеби ал бөлүп-жарат.
Силер ар жактан напсилигиңерди таштап, өз ара таарынычты кетиргиле жана кечирилүүгө татыктуу болууңар үчүн жалганчылар сыяктуу ийкемдүү болгула. Напси буюрган көпкөндүк семизин таштагыла, силер чакырылган дарбазадан «көпкөн» адам өтө албай калат. Алла Тааланын оозунан чыккан жана мен айтып берген кептерге ишенбеген адам канчалык бактысыз адам ыя!
Эгер: «Асманда Алла Таала бизге ыраазы болсун», – деп кааласаӊар, анда өз ара бир курсактан чыккан эки эгиз бир тууган сыяктуу болгула. Араӊарда өз тууганынын көптөгөн күнөөлөрүн кечире турган бирөө гана – эӊ улук адам. Ал эми өжөрлүк кылып, кечирбеген бирөө – бактысыз. Аны менен менин эч кандай алакам жок». («Кашти-э-Нух», «Руханий хазааин», 19-том, 12-13-бет)
Дагы мындай деп айткан:
«Мен насаат кылам, эки нерсеге көңүл бургула: бири – Алла Тааладан корккула; экинчиси – бир туугандарыңарга кудум өз жаныңарга камкор болгонуңардай эле камкор болгула. Эгер кимдир бирөө күнөө кылса же ката кетирсе, анда ага басым жасап, кек сактоо адатына ээ болуудан көрө аны кечирүү керек». («Малфузаат» 5-том, 70-бет)
Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 5-Халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад (аййадахуллааху таъаала би-насрихил азиз) мындай деп айткан:
«Алла Таала дагы бир жерде мындай деп айткан:
«хузил-афва ва’мур бил-урфи ва аъриз анил-жаахилийн», кечиримдүү бол, жакшылыкка буюр жана наадандардан жүз бур! (7:200).
Ушул жерде мындай деп айтат: кечиримдүүлүк деген кулк-мүнөзгө ээ болгула жана жакшы иштерге чакыргыла, эгер кимдир бирөө туура эмес иш кылса, аны кечиргиле. Дароо ачууланып, чыр-чатакка, уруш-жаңжалга даяр болуп турбагыла. Аны менен бирге туура эмес иш кылган адамга да: «Сен мына сүйлөгөн сөздөр туура эмес», – деп жумшактык менен түшүндүргүлө. Эгер ал кайтпаса, анда ал наадан адам, анда ал турган жерди таштап, ал жерди таштап, аны өз ахвалына коюп коюуңар эле ылайыктуу иш.
Карагыла, бул кандай сонун буйрук! Эгер мына ушундай ыкмада кечирилсе, анда коомчулукта кандайдыр бир фитна-чагымчылык пайда болушу мүкүн эмес… Коомчулукта элдешүүгө өбөлгө түзүлсүн, элдешүү айлана-чөйрөсү пайда болсун деп майда-барат каталарды кечирүү эле жакшыраак. Жалпысынан, адаттагы кылмышкер болбогон адамдарга кечиримдүүлүк мамилесин кылуу менен алар кыжаалат болушат, өздөрүн да реформалап-оңдошот жана кечиримди да сурашат… Билип койгула, эгер силер Алла Таала үчүн бирөөнү кечирсеңер, анда бул дүйнөдө да Алла Таала силерге мурдагысынан да көбүрөөк сый-урмат тартуулайт, анткени сый-урмат жана кордуктун баары Алла Тааланын колунда». («Хутбаат-э-Масрур», 2-том, 140-143-бет)
Алла Таала бардык момун-мусулмандарга өз ара кечиримдүү болуу күч-кубатын тартууласын. Аамийн!