Алла Тааланын төрт сапаты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Алла Тааланын төрт сапаты

Алла Тааланын бүткүл ааламдардын Раббиси, Мээримдүү, Ырайымдуу жана жаза менен сыйлык күнүнүн Ээси экендиги деген төрт сапаты

Курани Каримдин эӊ алгачкы сүрөөсү, жети гана чакан аяттан турган «Ал-Фаатиха» сүрөөсүнүн бир өтө чоӊ касиети жана эӊ күчтүү өзгөчөлүгү бул: анда Курани Каримдин бардык зарыл жана чоӊ-чоӊ маани-мазмундарына ишаараттар (шилтемелер) кылынган. Курани Каримде баяндалган анын эӊ зарыл жана эӊ маанилүү мазмуну бул: ушул дүйнөнүн Жаратуучусу жана анын Ээси болгон Жалгыз Кудай бар, Анын аты – Алла. Ал – Аллада эң сонун сапаттар бар, Анын эң сонун аттары бар, Анда чексиз жакшылыктар жана касиеттер бар, Ал Эң Сулуу, Эң Мээримдүү, Эң Ырайымдуу. Мына ушул нерселердин баары толук бойдон Курани Каримде кезигет.

Курани Каримдин каалаган сүрөөсүн окуп көргүлө, каалаган бетин ачкыла, калаган рукусун тилават кылгыла, ар бир жайда [صِفَاتِ حَسَنَۃ] «эӊ бийик даражадагы сапаттар» деп аталуучу Алла Тааланын ошол сулуу сөздөрү жазылганын кезиктиребиз. Курани Каримде Алла Тааланын 104 сапаты жазылган жана Курани Каримдин эӊ маанилүү маани-мазмундарынын корутундусу өзүндө жазылган «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө ошол сапаттардан төрт (4) эле сапат жазылган. Ал төрт (4) сапат калган сапаттардын туу чокусу, ошон үчүн араб тилинде аларды [اُمُّ الصِّفَاتِ] (уммус-сифаат), (сапаттардын энеси) дешет. Тактап айтканда ушул сапаттар бардык сапаттардын арасында энелик даражага ээ.

Ушул төрт сапаттын эӊ биринчиси – бул رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَАлла таала бүтүн ааламдарды Жаратуучу жана аларды өстүрүп-өнүктүрүүчү (1:2). Көктүк нерсе болобу же жерлик нерсе болобу, таш болобу же бак-дарак болобу, айбан болобу же инсан болобу, баарын Алла Таала жараткан, ошондой эле ушул нерселердин өсүп-өнүгүүсү жана пайдасы да Алла Тааланын сөзүнө кулак салуусунда.

Экинчи сапаты – булالرَّحۡمٰنِЭң Мээримдүү (1:3). Мунун мааниси төмөндөгүдөй: өздөрүндө рух же жан болгон бардык адамдардын пайдасы үчүн, алардын өсүп-өнүгүүсү үчүн Алла Таала алардын эч бир дубасы жок эле, эч бир аракети жок эле, эч бир эмеги жок эле алардын жаралуусунан да мурун көптөгөн пайдалуу нерселерди жараткан: мисалга, асман, жер, күн, ай, булут, жамгыр, суу ж.б. чексиз нерселерди адамдар үчүн адамдардын жаралуусунан да мурда Алла Таала камсыз кылган.

Үчүнчү сапаты – бул الرَّحِیۡمِЭӊ Ырайымдуу (1:3).

Алла Таала адамзаттын пайдасы үчүн жараткан нерселерге эгер адам баласы дуба кылса, мээнет кылса, аракет жасаса, анда Алла  Тааланын [رَحِیْمِیَّتْ] (Рахиймият), ырайымдуулугу деген сапаты аябай жакшы кунун жана сыйлыгын берет жана кайра-кайра берип турат.

Төртүнчү сапаты – булمٰلِکِ یَوۡمِ الدِّیۡنِСыйлык (жана) жаза күнүнүн Ээси (1:4). Тактап айтканда адам баласынын жашоосу ушул дүйнө менен эле бүтүп калбайт, тескерисинче өлүмдөн кийин анын бир жаӊы жашоосу башталат жана сыйлык менен жаза күнүнүн Ээси болгон Алла Таала адамга анын жакшы же жаман амалдарына жараша кун акысын берет.

Алла Таала бардыгыбызга Курани Каримди окуп-үйрѳнүп, ага амал кылууга күч-кубат берсин!

Share via