6 - Аль-Анъаам сүрѳѳсү • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

6 – Аль-Анъаам сүрѳѳсү

Бул сүрѳѳ Мекке доорунда түшкѳн.

 [بِسْمِ اللّٰہِ الرَّحْمٰنِ الرَّحِیْمِ]

«Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахиймди» кошо эсептегенде, бир жүз алтымыш алты (166) аяттан турат.

Ѳткѳн сүрѳѳнүн акыркы аятында бүт ааламдар жана алардын ортосунда бар нерселердин Кожоюну Алла экендиги баяндалган. Ушул сүрѳѳнүн башында мына ошол эле баян дагы ачык-айкын жана бийик салтанат менен баяндалды: бардык мактоо – жер менен асманды жараткан жана алардын сырларын билүү жолунда ар түрдүү караңгылыктар бар экендигине карабастан акыл-парасат нурун да берген Аллага таандык. Ал нур аркылуу караңгылыктар жоголуп кете берет. Ошентип, бүгүнкү илим-билимдин ѳнүгүшү асман менен жердин пайда болуусу жѳнүндѳгү караңгылыктан мындай деп парда кѳтѳрдү: алардын сырлары жана алардын ортосундагы бар нерселерден адамзат кѳбүрѳѳк кабардар болууда жана ар бир караңгылык нурга айланып кетүүдѳ. Башында асмандагы караңгылыктардын жоголуп кеткендиги тууралуу баян ѳңдүү, кургактык жана деңиз караңгылыктарынын нурга айланышы туурасындагы баян да бул сүрѳѳдѳ учурайт. Ошондой эле асмандан адамдарга азаптар да түшѳт, ошол азаптарды адамдардын ички караңгылыктары тартат. Мына ушул маани-мазмун бул сүрѳѳнүн алтымыш алтынчы (66) аятында учурайт.

Бир тарапта илимпоздор бар, алардын изилдѳѳсүнүн натыйжасында асман менен жердеги караңгы нерселер ѳздѳрү үчүн айкындаштырылат, экинчи жакта Азирети Ибраахийм(ас) сыяктуу Алла тааланын улук пенделери бар, жетимиш алтынчы (76) аятта баяндалгандай, Алла таала аларга асман жана жердеги падышачылыкты кѳрсѳтѳт жана асмандан алардын үстүнѳ нур жаадырат.

Бул сүрѳѳдѳ үзгүлтүксүз түрдѳ пайгамбарлар жана аларга китептер менен хидаят (туура жол) нуру түшүшү туурасында баян бар.

Кабыктагы дандар-данектерди жарып, алардын караңгылыктарынан жап-жашыл ѳнүмдѳрдүн чыгарылышы да ушул сүрѳѳдѳ баяндалган. Ошондой эле жылдыздардын кургактык жана суудагы караңгылыктарды кандайча алып коюп, жолоочуларга багыт кѳрсѳтүү куралы болгондугу да зикир кылынган.

Токсон алтынчы (96) аят менен башталган Рукуда маани-мазмун жагынан жогорку даражалуу бир аят бар: хлорофиллден ар кандай сорттогу кат-кат урук чыгат, анан ар кандай сорттогу мѳмѳ-жемиштер ѳсүп чыгат. Мына ошол мѳмѳ-жемиштердин бышып жетилүү системасына кѳңүл бургула. Алла тааланын аят-алааматтарына ыйман келтире тургандар үчүн мында чексиз белги-жышаандар бар.

Ѳсүмдүктүн жашыл түс алуусу – бул (CHLOROPHYLL) хлорофиллден болот. Ал ѳзү бир улуу белги-жышаан. Анда окумуштууларга эч кандай эволюциялык ѳнүгүү кѳрүнбѳйт. Ал абдан татаал химиялык элемент болуп, башка ар кандай химиялык элементтерден да татаалыраак. Жашоонун башталышында хлорофилл керек болот, андан адам баласы жаратылат. Ошол убакта «хлорофилл кандай баскычтардан ѳтүп пайда болгон?» деген суроого азыркыга чейин жооп жок. Дагы кѳңүлгѳ алуучу нерсе: хлорофилл нурдан жашоону жаратат, оттон эмес. «Ал Зат (Алла таала) жер менен асманда эмне деген революцияларды алып келген?» деген ошол нурдун маани-мазмуну мына ушул сүрѳѳнүн акырында ѳзүнүн чокусуна жетти.

Ушул сүрѳѳдѳ мушриктердин «анъаам» (айбандар) жѳнүндѳгү айрым эски куру ойлору жана үрп-адаттары да баяндалган. Алла таала айыл чарба малдарын адам жашоосунун туруктуулук куралы кылган, бирок алар ѳздѳрүнүн мушриктик үрп-адаттары аркылуу чарба малдары жѳнүндѳгү акылман сѳздѳрдү бекерге кетиришти.

Ушул сүрѳѳнүн акырында айыл чарба малдарына тиешелүү адал менен арам айкындаштырылган, ошол сыяктуу адеп-ахлакка таандык бардык адал менен арам нерселер да ачык-айкын баяндалып коюлган. Биологиялык тамактын адал жана арамы менен бирге руханий адал жана арам да айтылды. Ѳз балдары үчүн кѳп азап чегүүчү ата-энелер менен жакшылык мамиле кылууга да буюрулган.

Бул сүрѳѳнүн акырында тѳмѳнкүдѳй аят да бар: анда Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)дын ѳз Раббисине толук баш ийүүчү экендиги жогорку деңгээлде айтылган. Андан жакшыраак баянды элестетип болбойт. Мындан тышкары бүткүл дүйнѳдѳгү Алла таала тарабынан келген китептерден дагы ушул маани-мазмундагы аят табылбайт. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад(сав)га: «Менин намаздарым жана менин бардык курмандыктарым – жалаң «анъаам» (мал) курмандыктары гана эмес, тескерисинче бардык арзуу-үмүттѳрүм, менин тирүүлүгүм, менин ѳлүмүм толук бойдон Раббиме арналган», – деген жарыяны жарыяла!» – деп буюрулган.

Share via