Туура жол жана Алланын каарына учураган жана адашкандардын жолу • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Туура жол жана Алланын каарына учураган жана адашкандардын жолу

Туура жолду сурап, Алла Тааланын каарына дуушар болгондордон жана адашкандардан болбоого дуба суроо

اِہۡدِ نَا الصِّرَاطَ الۡمُسۡتَقِیۡمَصِرَاطَ الَّذِیۡنَ اَنۡعَمۡتَ عَلَیۡہِمۡ ۬ۙ غَیۡرِ الۡمَغۡضُوۡبِ عَلَیۡہِمۡ وَ لَا الضَّآلِّیۡنَбизди туура жолго багыттагын, Сен белек кылгандардын жолуна, каарыӊ түшкөндөрдүн жана адашкандардын жолуна эмес. (1:6-7)

Эгер адам баласы өз ичине тереӊ көз салса, ал төмөнкүдөй нерсеге күбө болот: албетте, анда ал өз жашоосунда жакшы же жаман иштери үчүн колдоно турган толтура жакшы же жаман нерселер жана жөндөмдөр кезигет. Бирок эки ушудай нерсе бар: алар адамдын жашоосунда өтө маанилүү жана анын бардык амалдарына оӊ же терс таасирин тийгизет: алардын бири – адам баласы бир нерседен жийиркенет, аны жаман көрөт, андан сактанууну каалайт, өзүнө жакпаган нерсеге жакындоону да каалабайт, өзү жаман көргөн нерсеге жакындоону да ыраа көрбөйт; экинчиси – кайсы бир нерсени жакшы көрүү, аны сүйүү жана жактыруу. Адамзат өзү жакшы деп билген же андан пайда көрүүнү каалаган адамды, нерсени жактырат, жакшы көрөт.

Ой жүгүртүп көргүлө, адамдын бүтүн өмүрү көбүрөөк мына ошол эле нерселердин тегерегинде айланат. Курани Карим «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө туура жолго ээ болуу дубасын үйрөткөндө, ошол жолго туш келүүчү бөгөттөр менен коркунучтардан да кулактандырган, анткени жакшы жолдон кабар берүүчү тек жакшы жолдон эле кабар бербейт, тескерисинче адам баласы алардан абайласын деп ошол жолдогу коркунучтар менен бөгөттөрдөн да кулактандырат. Бул аятта Алла Таала мындай деп айтат: силерден мурун эки коом туура жолду издөөдө адашып кеткен, алардын бири яхудий коом болуп, Алла Тааланын пайгамбарларын жек көргөн жана аларга баш ийбестик кылган, натыйжада алардын үстүнө Алла Тааланын каары түшкөн; экинчиси – христиан коому болуп, алар Алла Тааланын чыныгы пайгамбары жана Мессиясын сүйгөн. Бирок ошол сүйүүдө ал кишини Кудай даражасына көтөрүп коюшкан. Яхудийлер пайгамбарларды орунсуз жек көрүшкөн, ал эми христиандар Алла Тааланын пайгамбарын орунсуз сүйүп, адашып кетишкен. Алла Таала бизге төмөндөгүдөй дубаны үйрөткөн: силер жөөттөр сыӊары орунсуз жек көрүп, Алла Тааланын каарын өзүӊөргө чакырбагыла жана орунсуз сүйүп, христиандар сыяктуу адашып калбагыла. Алла Таала бардыгыбызды дайыма туура жолдон жүргүзсүн. (Аамийн)

Share via