Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
Ушул шартта баяндалган нерселердин эң биринчиси – бул Алла жана Анын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)дын буйругуна ылайык беш маал намазды калтырбай окуйт. Алла жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын «намаз окугула» деген буйругу – эркектер менен аялдардын экөөсүнө тең тийиштүү. Ошондой эле он жашка жеткен балдарга да тиешелүү. Намазды убагында окугула. Эркектерге мындай буюрулган: намазды жамаат менен окугула. Мечиттерге баргыла, аларды абат кылгыла жана Анын берешендигин издегиле. Беш маал намаздан эч уруксат жок. Сапарда жана ооруп калганда бир аз жеңилдик бар. Намазды кошуп же кыскартып окуу өңдүү да жеңилдик бар, бирок андай уруксаттан жамаат намазынын канчалык зарыл экендигин билсе болот. Анын зарылдыгы тууралуу айрым башка үзүндүлөрдү окуймун. Ал эми: «Ар бир Байъат кылган киши өзүн сатып жиберүү убадасын бергени менен Курандын ушул ачык-айкын буйругуна канчалык амал кылганына көңүл буруусу керек», – деп айтамын. Ар бир Ахмадий өзүнө-өзү насаатчы. Өзүңөрдү өзүңөр көзөмөлдөгүлө, өзүңөрдү карагыла. Эгер биз өзүбүздү-өзүбүз көзөмөлдөсөк, өзүбүздү текшерсек, анда бир улуу ыңкылап жүз бериши мүмкүн. Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:وَ اَقِیۡمُوا الصَّلٰوۃَ وَ اٰتُوا الزَّکٰوۃَ وَ اَطِیۡعُوا الرَّسُوۡلَ لَعَلَّکُمۡ تُرۡحَمُوۡنَКотормосу: Силерге ырайым кылынсын үчүн намаз окугула, зекет бергиле жана Пайгамбарга баш ийгиле. («Ан-Нур» сүрөөсү: 57)
Анан «Таахаа» сүрөөсүнүн он бешинчи аятында мындай кезигет:اِنَّنِیۡۤ اَنَا اللّٰہُ لَاۤ اِلٰہَ اِلَّاۤ اَنَا فَاعۡبُدۡنِیۡ ۙ وَ اَقِمِ الصَّلٰوۃَ لِذِکۡرِیۡКотормосу: Албетте, Мен – бир гана Алламын. Менден бөлөк эч кандай кудай жок. Ошондуктан, Мага гана ибадат кыл жана Менин зикирим үчүн намаз оку.
Ошентип, Курани Каримде намаз тууралуу оголе көп буйруктар келген. Бир хадисти ортого таштаймын. Азирети Жаабир (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Намазды таштоо – адамды Ширк жана каапырлыкка жакындатат», – деп айтып жатканын укканын рабаят этет. («Сахих Муслим», Китаабул-Ыйман, Баабу баяни иттилааки исмул-Куфри ъалаа ман таракас-Салаата)
Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Менин көз кубанычым – намазда». («Сунан ан-Нисааий», Китаабу ъишратин-Нисааи, Баабу хуббин-Нисааи)
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Кыямат күнү пенделерден эң биринчи эсеп-кысап алына турган нерсе -намаз болот. Эгер ушул эсеп-кысап туура болсо, анда ал ийгиликке жетти жана кутулду. Эгер ушул эсеп-кысап туура эмес болсо, анда ийгиликсиз калды жана зыян көрдү. Эгер анын Парыздарында[1] кандайдыр бир кемчилик болсо, Алла Таала: «Карагыла, Менин пендемдин кандайдыр бир Нафлдары[2] барбы?» – деп сурайт. Эгер Нафлдары болсо, Парыздарындагы кемчилик ошол Нафлдар менен толукталат. Ушинтип, анын башка амалдары текшерилет жана тергөөгө алынат», – деп айтканын рабаят этет. («Сунан Тирмезий», Китаабус-Салаат, Баабу Инна аввала маа йухаасабу бихил-Ъабду)
Анан дагы бир хадисте мындай деп баяндалган: Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Ойлоп көргүлөчү, эгер кимдир бирөөнүн эшик алдынан дарыя агып өтсө жана ал күнүнө беш маал анда жуунса, анын денесинде кандайдыр бир кир калабы?» Сахаабалары[3]: «Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Эч кандай кир калбайт», – деп жооп беришти. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деди: «Беш маал намаздын мисалы да дал ошондой. Алла Таала ал аркылуу күнөөлөрдү кечирет жана кемчиликтерди алып таштайт». («Сахих Бухарий», Китааб Маваакитус-Салаат, Баабус-Салаатил-Хамси каффарату лил-Хатааи)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Намаз окугула, намаз окугула, ал бардык бакыт-таалайдын ачкычы». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 829-бет)
Ал (алайхиссалаам) мындай деп кошумчалайт: «Намаздын маңызы жана руху да – бул дуба». («Руханий хазаайин», 14-том, «Аййаам-э-Сулх», 241-бет)
Ал (алайхиссалаам) дагы мындай деп кошумча кылат: «Эй, өзүңөрдү менин Жамаатым деп билген бардык адамдар! Чындыгында, силер такыба жолдорунан жүргөнүңөрдө гана асманда менин Жамаатым деп эсептелесиңер. Ошондуктан, силер Кудай Тааланы көрүп турганыңардай, намаздарыңарды ушунчалык кооптонуу жана берилүү менен аткаргыла. Орозолоруңарды Кудай Таала үчүн чын ыкылас менен орундаткыла. Зекет парзы болгон ар бир киши зекет берсин, ажылык парзы болгон жана эч кандай тоскоолдук болбогон киши ажылыкка барсын. Жакшылыкты бапестөө менен жасагыла жана жамандыкты жийиркенүү менен таштагыла. Билип койгула, такыбалыктан куру болгон эч бир амал Кудай Таалага чейин жетпейт. Ар бир жакшылыктын тамыры – бул такыба. Кайсыл амалда ушул тамыр текке кетпесе, ал амал да текке кетпейт». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 15-бет)
Ал (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Намаз деген эмне? Ал – Тасбийх[4], Тахмийд[5], Такдийс[6], Истигфаар[7] жана Салаваат менен жалбарып сурала турган дуба. Ошол үчүн силер намаз окуп жатканыңарда, кабарсыз адамдар сыяктуу өз дубаларыңарда арабча сөздөргө эле чектелбегиле. Анткени алардын намазы жана кечирим суроосу – акыйкаттан куру болгон каада-салттар гана. Бирок силер намаз окуп жатканыңарда, силердин жүрөктөрүңөр жалынуу-жалбаруудан бир аз таасирленсин үчүн Алла Тааланын Сөзү Куран жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын сөзү болгон айрым Маасура[8] дубалардан башка бардык жалпы дубаларыңарды жалынуу-жалбаруу сөздөрү менен өз тилиңерде сурагыла». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 68-69-бет)
Дагы мындай деп айткан:
«Намаз ушундай нерсе: ал аркылуу асман адамга ийилет. Намазды толук орундатуучу өзүн өлгөндөй сезет жана анын руху эрип, Кудай Тааланын алдында жыгылып түшөт… Кайсы үйдө ушундай намаз болсо, ал үй эч качан ойрон болбойт. Хадисте: «Эгер Нух (алайхиссалаам)дын доорунда намаз болгондо, ал коом эч качан ойрон болбойт эле», – деп кезигет. Ажылык да адамга шарттуу парыз болгон, орозо да шарттуу, зекет да шарттуу, бирок намаз шарттуу эмес. Алардын баарысы жылына бир эле жолу болсо, бул күнүнө беш маал орундатууга буюрулган. Ошондуктан, намаз жетик болмоюнча андан алына турган берекелер да насип болбойт жана ушул Байъат дагы такыр пайда бербейт». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 627-бет)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Намаз ар бир мусулманга парыз. Хадисте кезиккендей, бир коом Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)га келип ыйман келтирди жана:
«Эй, Алланын Пайгамбары (саллаллааху алайхи ва саллам)! Биз жумушчу адамдар болгондуктан бизди намаздан бошотуп бериңиз. Мал чарба ж. б. себептүү кийимибизге ишенүүгө болбойт жана бизде убакыт да жок», – деп айтты. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам): «Карагыла, эгер намаз болбосо, анда эч нерсе жок», – деп жооп кылган. Кайсы динде намаз болбосо, ал дин да дин эмес. Намаз деген эмне? Өзүнүн жалынуу-жалбаруу жана алсыздыгын Кудай Тааланын алдында коюп, өзүнүн муктаждыгын кандыруусун Андан суроо гана (намаз). Кээде Анын бийиктиги жана Анын амирлерин орундатуу үчүн адептүүлүк менен туруу, кээде жетик алсыздык жана жалынуу-жалбаруу менен Анын маңдайында саждага жыгылуу; Андан өз муктаждыктарын кандыруусун суроо гана намаз. Бир кайырчы сыяктуу кээде кайрылып жатканды: «Сен ушунчалык жакшысың, ушундай сулуусуң», – деп мактап, Анын улуктугу жана кудуреттүүлүгүн улуктап, Анын ырайымдуулугун козутуп, анан Андан суроо. Демек, кайсы динде бул жок болсо, анда ал кандай дин?
Адамзат ар дайым муктаж. Ал Андан Анын ыраазычылык жолдорун сурап туруусу жана Анын берешендигин тилеп туруусу лаазым, анткени Ал тартуулаган күч-кубат менен гана бир нерсе кылса болот. Эй, Алла! Биз Сеники болуп калуубуз жана Сенин ыраазычылыгыңа татыктуу болуп, Сени ыраазы кылуубузга бизге күч-кубат насип эткин. Кудай Тааланы сүйүү, Андан кооптонуу, Аны эске алып туруу намаз. Ошол гана дин.
Анан намазды окубай коюуну каалаган киши айбандардан ашыгыраак эмне иш кылган болот? Ошол эле айбандар сыяктуу жеп-ичүү жана уктоо. Бул эч кандай дин болбойт. Бул каапырлардын амалы, тескерисинче «жо дам гафил вох дам кафир»[9] дегендик. Бул туура жана дурус». («Ал-Хакам» газетасы, 7-том, 8-бет, 1903 ж. 31-март)
Намаздан кантип лаззат алууга болот? Бул жөнүндө Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай дейт:
«Эй, Алла! Сен менин канчалык көр жана сокур экенимди билесиң. Ушул маалда мен куду өлүктөймүн. Бир аздан кийин: «Мага келе кал», – деген үн мага келерин билемин. Ошондо эч ким мени токтото албайт. Ал эми менин жүрөгүм көр жана кабарсыз. Сен буга ушундай нур түшүргүн: Сенин сүйүүң жана шыктуулугуң анда пайда болсун. Ушундай берешендик кылгын: мен көр болуп турбайын жана сокурларга кошулбайын».
Ушундай дубаны сураганда жана аны улантканда, ал «даамы жок» намаз маалында асмандан ага бир нерсе түшүп, анын намазында ырахат пайда кылуучу кез келгенине күбө болот». («Малфузаат», жаңы басылыш, 2-том, 616-бет)
______________________________________
[1] «Зарыл» дегенди билдирет. Беш маал намаздагы аткарылышы зарыл бөлүктөр.
[2] Кошумча сооп алуу үчүн атркарыла турган намаз бөлүктөрү.
[3] «Жолдоштор» дегенди билдирет. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын тирүү кезинде ага ыйман келтирген момун-мусулмандар.
[4] Алла Тааланы улуктоо.
[5] Алла Таалага мактоо-алкоо айтуу.
[6] Алла Тааланы Ыйык деп билүү.
[7] Алла Тааладан кечирим суроо.
[8] Куран жана хадистерде баяндалган дубалар.
[9] Качан кайдыгер болсо, ошол замат каапыр болду.