Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
Баш ийүүчүлүк темасында баш ийүүчүлүктүн маанилүүлүгүнө жарык чача турган кээ бир хадистерди ортого таштаймын.
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Оорчулук, молчулук, кубаныч жана кайгы, укук тепселенсе да, өзгөчө мамиле кылынса да – кыскасы, ар кандай жагдайда учурлук акимдин буйругун угуу жана ага баш ийүү – сага парыз». («Сахих Муслим», Китаабул-Имаара, Бааб вужубу таъатул-Умараа фий маъсияти ва тахриймухаа фил-Маъсия)
Азирети ибни Аббаас (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Кимде-ким өзүнүн жетекчиси жана Амиринде өзүнө жакпаган кандайдыр бир нерсени көрсө, сабыр кылсын, анткени жамааттан бир карыш болсо да, алыстап кеткен бирөө наадандык өлүмү менен өлөт». («Сахих Бухарий», Китаабул-Фитан, Баабу Кавлун-Набий са таравна баъдий умууран танкируунахаа)
Дагы Азирети Урфажа (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккан: «Силер бир колго топтолгонуңарда, силердин бир Амириңер болсо, ошондо кимдир бирөө келип, жамаатыңарды бөлүштүрүү үчүн силердин ынтымактуулук таякчаңарды сындырмакчы болсо, аны өлтүрүп салгыла». Тактап айтканда, андан алакаңарды үзгүлө жана анын сөзүнө кулак салбагыла (анын айтканына такыр көңүл бурбагыла). («Сахих Муслим», Китаабул-Имаара, Баабу хукми ман фаррака амрал-Муслимийна ва хува мужтамиъун)
Азирети Убаада (разияллааху анху) бин Саамит мындай деп рабаят этет: биз төмөнкү нерсеге Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)га Байъат кылдык: биз угабыз жана баш ийебиз, мейли бизге жакса да, жакпаса да. Ошондой эле кайда болбосок, кандайдыр бир амирге акылуу болгон бирөө менен талашып-тартышпайбыз. Акыйкаттын үстүндө турабыз же акыйкат сөздү гана сүйлөйбүз жана Алла таала жөнүндө эч бир жемелөөчүнүн жемесинен кооптонбойбуз». («Сахих Муслим», Китаабул-Имаарати, Баабу вужууби тааътул-Умарааи фий гайри маъсиятин ва тахриймухаа фил-Маъсияти, 4768-хадис)
Азирети ибни Умар (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын уккан: «Кимде-ким Алла Таалага баш ийүүдөн баш тартса, ал кыямат күнү Алла Таала менен ушундай жолугат: анын колунда эч кандай далил да болбойт, эч кандай шылтоо да. Кимде-ким учурлук Имамга Байъат кылбай туруп өлсө, ал наадандык жана адашуучулук өлүмү менен өлөт». («Сахих Муслим», Китаабул-Имаара. Баабу вужууби малаазимати жамаатул-Муслимийна ъинда зухуурил-Фитан)
Демек, силер бактылуусуңар: силер учурлук Имамды кабыл алдыңар жана ага Байъат кылдыңар. Эми силер Алла Таала үчүн гана ага баш ийүүңөр керек, анын бардык амирлерин аткарууңар лаазым, болбосо Алла Тааланын баш ийүүчүлүгүнөн чыгып кеткен болуп каласыңар. Алла Таала ар бир Ахмадийге баш ийүүчүлүктүн туу чокусуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн насип кылсын. Ошондой туу чокуга кандайча чыкса болот? Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын таалимине амал кылуу жолу менен гана ошого жетүүгө болот.