Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы

Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү

Дагы намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазын аткаруу туурасында да Байъат шарттарында буюрулган. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай айтат:

«Мага Байъат кылгандардын жөмдөмдүүлүк жана такыбанын күндөн-күнгө өсүп-өнүгүп келе жатканын мен көрүүдөмүн. Мубаахалах[1] күндөрүнөн кийин биздин Жамаатыбызда кандайдыр бир жаңы аалам пайда болгондой көрүнөт. Мен көбүнчө саждада ыйлап жаткан жана Тахажжудда жалбарып жаткандарын көрөмүн. Булар – Исламдын боору жана жүрөгү. Ал эми жүрөгү таза эмес адамдар аларды каапыр деп аташат». («Руханий хазаайин», 11-том, «Замийма Анжаам-э-Атхам», 315-бет, түшүндүрмө)

Ушул жерде Ганадан дагы бир мисалды келтиремин. Алар ушунчалык өздөрүн өзгөртүшкөн: айрымдарына мен өзүм да күбөмүн. Узак жол жүрүп келишти, түн ичинде келип, саат он экилерге барып уктоого үлгүрүштү. Түнкү бир жарым, экилерге жакын ойгонуп карасам, мечитте отурушуптур жана айрымдарынын маңдайлары саждада экен.

Бир рабаятта мындай деп кезигет: Азирети Мунший Мухаммад Исмааийл (разияллааху анху)[2] мындай деп айтат: «Бир гана намазды аргасыздыктан жамаат менен окуй албай калганым эсимде. Ал да мечиттен зарыл муктаждык үчүн кайра чыгууга аргасыз болгом». («Асхааб-э-Ахмад», 1-том, 196-бет, 1951-жылдагы басылыш)

Азирети Мунший Мухаммад Исмааийл (разияллааху анху) туурасында мындай учурайт: Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)га Байъат кылып, өз шаары – Сиалкотко кайтканда, адамдар төмөнкү нерсеге күбө болушту: ал өзүнүн мурунку бардык курулай адаттары – карта ойноо, көчөдө отуруп курулай сүйлөшүү өңдүү иштерин таштап, Тахажжуд намазын калтырбай окуй баштады. Анын абдан өзгөргөн ахвалына карап, бардык адамдар аябай таң калышты. («Асхааб-э-Ахмад», 1-том, 200-бет, 1951-жылкы басылыштан кыскартылып алынды)

Кадиянда намаздар жана Тахажжудду калтырбай орундатуу туурасында Азирети Навааб Мухаммад Алихан Сахиб (разияллааху анху)[3] мындай дейт: «Мен күн тутулган күндөгү намазда Кадиянда болчумун. Мавлавий Мухаммад Ахсан Амрухий Сахиб[4] намаз окутту, намазга катышкандардын баары абдан ыйлашты. Ошол Рамазанда эртең мененки саат экиден баштап, Ахмадия Чавук[5] калың элге айланып кетчү. Көпчүлүгү үйлөрүндө, кээ бирөөлөр Мубарак[6] мечитине келип, Тахажжуд намазын аткарышчу. Саарлыкты жегенден кийин Багымдат намазы алгачкы убагына аткарылчу. Андан кийин бир топко чейин Курани Карим окулчу. Чамасы саат сегизден кийин Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) сейилдөөгө чыкчу. Баардык кызматчылар – сахаабалар аны менен чогуу барышчу. Бул иш чамасы он бирге чейин уланчу. Анан Пешин намазына азан чакырылчу жана саат бирден мурунураак бүтчү, анан Дигер намазы өзүнүн алгачкы убактында аткарылчу. Ошентип, Дигер менен Шамдын ортосу тыныгуу маалы болчу. Шамдан кийин тамак ичип болгон соң сегиз-сегиз жарымга чейин Куптан намазы аткарылчу. Анан эч ким жашабагандай жымжырттык өкүм сүрчү. Бирок саат экиде баары ойгончу жана ар тарапта калың эл болчу». («Асхааб-э-Ахмад», 2-том, 77-бет, 1952-жылкы басылыш)

Дагы Навааб Мухаммад Абдуллахан Сахиб[7] туурасында Азирети Халифатул-Масийхир-Раабиъ (рахимахуллах)[8] бир рабаят жазган: «Намазга ашык болчу. Айрыкча, намазды жамаат менен орундатууга карата шыгы жана аракети өзгөчө салтанатка ээ болчу. Дайыма үзгүлтүксүз мечитке беш маал намазга барчу. Жүрөк оорусунан улам төшөккө жатып калганда, кандайдыр бир сүйүүчү өзүнө сүйүктүү болгон үндү уккандай эле азандын үнүн ушунчалык берилүү менен укчу. Анан бир аз күчүнө келип, басып калганда, көпчүлүк учурда үйдөгү балдардын бирөөсүн имам кылып, жамаат намазына карата ышкыбоздугун ишке ашырчу. Же Ратан багында[9] намаз окулуучу бөлмөгө жакыныраак жерге отургучун коюп, жамаат намазына кошулчу. Анан Модал Таундагы[10] үйүн алганда, ошол жерде беш маал намазын уюштуруп, үйүн бир түрдөгү мечитке айландырып алды. Беш маал азанды чакыртчу. Аба-ырайына жараша кээде короодогу чөп майданында, кээде бөлмөнүн ичинде паластарды салдыртчу. Көбүнчө эң биринчи болуп, мечитке барып башка намаз окуучуларды күтчү. Ар кандай кишилер үчүн өз үйүн беш маал келип-кетүү жайына айландырып жиберүү жөн эле жакшылык эмес. Айрыкча, адамдын жашоо шарттарынын деңгээли жогорку даражалуу жана социалдык карым-катыш чөйрөсү да абдан кең болгондо, ошондой жакшылык көбүрөөк баага ээ болот». («Асхааб-э-Ахмад», 12-том, 152-153-бет, 1965-жылкы басылыш)

Беш маал намазды орундатуу боюнча Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) Шайх Хаамид Али Сахиб (разияллааху анху)[11] туурасында мындай дейт: «Хибби филлаах[12] Шайх Хаамид Али Саалих-такыба жигит, Саалих үй-бүлөсүнөн болуп, чамасы жети-сегиз жылдан бери мага кызмат кылып жатат. Албетте, мен анын мага карата ыкыласын жана сүйүүсүн билемин. Туура, такыбанын майда-чүйдөсүнө жетүү Аарифтер менен Саалихтердин иши, бирок аң-сезимине жараша сүннөттү ээрчүү жана такыба болуу менен алектенүүдө. Мен ага күбөмүн: абдан катуу жана өлүм алдында жаткан ооруда алсыздыгы жана арыктыгынан өлүк сыяктуу болуп калган эле. Ошондо да, беш маал намазды калтырбай орундатууда ушунчалык активдүү болчу: эстен танып жана оор ахвалда болсо да, намаз окучу эле. Мен билемин: адамзаттын такыбалуулугун болжолдоо үчүн анын намазды канчалык шыктануу менен окуусуна кароо жетиштүү болот. Мен ишенемин: намазды толук орундаткан, ошондой эле ооруу, чагымчылык жана кооптуу абалда да намазды таштабаган киши шек-күмөнсүз Алла Таалага чын ыйман келтирет. Бирок ушул ыйман кедейлерге тартууланган. Бай-дөөлөттүүлөрдүн арасында ушул нээматка ээ болгондор аз гана». («Руханий хазаайин», 3-том, «Изаала-э-Авхаам», 540-бет)

Анан «беш маал намазды калтырбай, Алла Таала жана Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын көрсөтмөсүнө ылайыктуу орундайт» деген шарт туурасындагы Азирети Мырза Айюббек (разияллааху анху)нун[13] үлгүсүн баяндап жатып, Мавлавий Фазл Илаахий Сахиб (разияллааху анху)[14] мындай рабаят этет: «Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) Азирети Мырза Айюббек (разияллааху анху)ну абдан жакшы көрчү. Бир күнү мен Шам намазын Мырза Айюббек (разияллааху анху)нун үйүндө окудум. Азирети Муфтий Мухаммад Саадик Сахиб (разияллааху анху)[15] дагы ошол жерде болчу. Мырза Айюббек (разияллааху анху)нун намазы «Ас-Салаату миъраажул-Муъминийнанын»[16] түсүнө ээ болгон эле. Ал намаз окуганда, дүйнө ойлорунан алыс болуп, көздөрүнөн жаш акчу. Ошол күнү адаттан тыш узун намаз окуду. Намаздан кийин баардык адамдар отурушуп, андан: «Бүгүн абдан узак намаз окудуңуз, мунун себеби эмнеде?» – деп сурашты. Биринчи, жооп берген жок. Анан кайра-кайра такып сураганда, мындай айтты: «Мен Салаваатты окуй баштаганымда, Кашфта Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды кандайдыр бир вокзалда басып жүрүп, дуба сурап жатканын көрдүм. Ал арапча сөздөрдү жана анын котормосун да айтты. Котормосу төмөнкүдөй болчу: Эй, Алла! Менин үммөтүмдү адашуудан сактагын жана ушул Кемени жээкке чейин жеткиргин. Мен ошол дуба менен кошо Аамийн деп отурдум. Анан мен Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын да дуба сурап жатканын көрдүм: Эй, Алла! Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын дубаларын кабыл алгын жана анын үммөтүн адашуу айлампасынан сактагын. Ошентип, Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) дубасын токтоткону менен мен дагы намазымды бүтүрдүм». («Асхааб-э-Ахмад», 1-том, 194-195-беттер, 1997-жылкы басылыш)

Демек, өңүндө (Пайгамбардын) дидарын көрүү – мына ошол ыңкылап!

Дагы Азирети Доктор Мырза Яъкууббек (разияллааху анху)[17] жана Азирети Мырза Айюббек (разияллааху анху)га Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын Байъаты кандайча таасир эткендиги туурасында төмөндөгүдөй рабаят бар. Алар өздөрү мындай дешет: «Биздин атабыз досуна мындай айтты: менин ушул эки уулум 1892-1893-жылкы жайкы каникулда Мултан (Пакистан) районуна караштуу Какар Хатта деген жерге келишкенде, мен аларда зор өзгөрүүнү көрүп, таң калып мындай айттым: «Эй, Алла! Аларга кандай шарттарды түзүп бердиң, ал шарттар алардын жүрөктөрүн таптакыр өзгөртүп, аларды Нурун ъалаа Нур[18] кылып койду. Булар баардык намаздарды орундатышат. Өз убагында, абдан шыктанып, ашыктык, муңдуулук, жалбаруу жана өтө чоң берилгендик менен аткарышат, а түгүл алардын үндөрү да угулат. Көбүнчө алардын жүздөрү көз жашы менен нымдашып калганын көрөмүн. Алла Таалага карата кооптонуулары беттеринен көрүнчү». Ошол убакта бул эки бала жаш болчу, жаңы эле сакал өсө баштаган. Мен алардын ошол ахвалына карап, кайра-кайра Алла Таалага шүгүрчүлүк кылчу элем. Илгерки руханий алсыздыгы айынан жүрөгүмдөгү оор жүк жеңилдей түштү.

Атабыз ошол доско мындайча кошумчалады: алардын ошол зор салтанаттуу өзгөрүүсүнүн сыры мага ачылбады: алар ушул жаш кезинде эле ушунчалык зор жакшылык жана руханий берекелерге кайдан ээ болушту? Кийинчерээк ушул хидаят ага Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын Байъатына кирүүгө курал болду. (Тактап айтканда, балдардагы өзгөрүү аркылуу Ахмадий болду). Ошол өзгөрүү ага Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын тазалыгы жана таза деми туурасында болжолдоого жакшы мүмкүнчүлүк берди». («Асхааб-э-Ахмад», 1-том, 186-бет, 1997-жылкы басылыш)

Азирети Чавхдрий Зафруллахан (разияллааху анху)нун атасы Азирети Чавхдрий Насруллахан (разияллааху анху)нун[19] үлгүсүн уулу мындай айтат:

«Менин табиятым бала чагыман эле төмөндөгүдөй таасирленген: атам (Чавхдрий Насруллахан (разияллааху анху) намазды калтырбай, абдан бапестеп аткарчу. Тахажжудду дагы дайыма орундатчу. Мен элесимде көбүнчө атамды намаз окуп жана Курани Каримди окуп жатканын көрөмүн. Байъат кылган соң Багымдат намазын «Кабутаран Валий» мечитинде[20] жамаат менен аткарчу. Мечит үйүбүздөн алыс болгондуктан, атам өтө эле караңгыда үйдөн жөнөчү». («Асхааб-э-Ахмад», 11-том, 163-бет, 1962-жылкы басылыш)

Дагы намазды калтырбай аткаруу туурасындагы Азирети Бабу Факийр Али (разияллааху анху)нун[21] үлгүсүн ортого таштаймын: ал «Даст ба каар дил ба яар»[22] дегенге амал кылчу. (Азирети) Мырза Башийр Ахмад[23] мындай дейт: «Англичандардын өкүмү күч алган күндөрдө дагы ал (бир англичан): «Мавлавий Азирети! Ар дайым намаз окуп отуруп, кандайдыр бир кырсыкка учуратасыз», – деп айтчу. Анын сөздөрү аны абдан тажатып жиберди. Бир күнү эшик менен терезени (офис-кеңсенин) жаап, аны менен сүйлөшмөкчү болду. Ал мага кол салбасын деп коркуп кетти. «Мен кастык ишке баруучу эмесмин», – деп аны ынандырды. Мен обочолонуп сүйлөшмөкчүмүн: сиз убактыңызды кеңседе, ажатканада өткөрөсүз, ошондой эле чай ичүү да, тамеки тартуу да сиздин адатыңыз. (Намаз менин адатым). Анан эмнеге мага каршылык көрсөтөсүз?» Ал: «Бул иштер табият талабына байланыштуу», – деп жооп кылды. Ал мындай жооп берди: «Мен сиздин колуңузда иштеймин, бирок мага милдет кылып берилген иштер боюнча гана сизге баш ийемин. Башка иштер боюнча баш ийүү мага парз эмес. Ошондуктан, сиздин айтууңуз менен намаз окууну токтото албаймын. Эгер менин кайдыгерлигим себептүү кырсык болсо, же поезд кечигип калса, анда мага катуу талап коюңуз». Муну айтып, эшик менен терезени ачып койду. Ал анын сүйлөшүүсүнө айран калды…. Ошол сүйлөшүү ага ушунчалык зор таасир кылды: ал кумганды кармаары менен: «Мавлавий Азирети! Сиз көңүл толгончо намазыңызды аткарсаңыз болот, мен сиздин иштериңизге да карап турамын», – деп айтты. Бир күнү анын каткан наны менен суусун көрүп: «Булар ошентип жашашабы?» – деп аябай таң калды». («Асхааб-э-Ахмад», 3-том, 61-бет, кошумчалангандан кийинки басылыш, Кадиян (Индия)

Ушул жерде – Англияда биздин бир эски Ахмадий – Билаал Натал Сахиб Ахмадий болгондо, өзүнө «Билаал» атын тандады, анан Азирети Билаал (разияллааху анху)нун жолун жолдоп, азан чакыруу боюнча өзгөчө орунду ээледи. Ал чынында азан чакырууга абдан шыктуу эле. («Маахнаама Ансааруллаах», 1965-жылы, июнь айы, 36-беттен кыскартылып алынган)

[1] Шарият боюнча өз ара кандайдыр бир келишпестик туурасында Алла Тааланын жардамы жана колдоосун тилеп, жалганчыларга Алла Тааланын каргышы болсун деп дуба суроо.

[2] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабасы.

[3] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[4] Таанымал аалым. Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[5] Кадиянда Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын үйүнүн маңдайындагы төрт тарапка чыккан көчө.

[6] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын мечитинин аталышы.

[7] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[8] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын төртүнчү Халифасы – Азирети Мырза Тахир Ахмад (рахимахуллах). (1928-2003)

[9] Пакистандын Лахор шаарында жайгашкан бак-парк.

[10] Пакистандын Лахор шаарындагы бир көчөнүн аталышы.

[11] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын кызматчысы.

[12] «Алла жолундагы бир тууган» дегенди билдирет.

[13] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[14] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[15] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири. Ахмадия Мусулман Жамааты тарабынан Америкага жиберилген алгачкы Ислам үгүтчүсү.

[16] Намаз момун-мусулмандардын Миъраажы (туу чокусу).

[17] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[18] Нур үстүндө нур.

[19] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[20] Пакистандын Сиалкот шаарында жайгашкан Ахмадия Мусулман Жамаатынын Жаамиъ мечитинин аталышы.

[21] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын сахаабаларынын бири.

[22] Кол жумушта, ал эми жүрөк Алла Тааланы эскерүүдө.

[23] Азирети Масийхи Мавъуд жана Имам Махдий (алайхиссалам)дын экинчи уулу.

Share via