Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
Дагы ушул үчүнчү шартта «ар дайым Алла Таалага мактоо-алкоо айтып турат» деген нерсе да кезигет. Бул жөнүндө Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ رَبِّ الۡعٰلَمِیۡنَКотормосу: Бардык мактоо бүткүл ааламдардын Раббиси – Аллага таандык. («Ал-Фаатиха» сүрөөсү: 2)اَلۡحَمۡدُ لِلّٰہِ الَّذِیۡ لَہٗ مَا فِی السَّمٰوٰتِ وَ مَا فِی الۡاَرۡضِ وَ لَہُ الۡحَمۡدُ فِی الۡاٰخِرَۃِ ؕ وَ ہُوَ الۡحَکِیۡمُ الۡخَبِیۡرُКотормосу: Баардык мактоо асмандар жана жердеги баардык нерселердин ээси – Аллага гана таандык. Акыретте дагы баардык мактоо Аныкы болот. Ал өтө акылман (жана) дайыма кабардар. («Сабаа» сүрөөсү: 2)
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Эгер ар бир маанилүү иш Алла Тааланын мактоо-алкоосусуз башталса, анда ал кемчиликтүү болот», – деп айтканын рабаят этет.
Бир башка рабаят боюнча Алла Тааланын мактоо-алкоосусуз башталган иш берекесиз жана таасирсиз болот. («Сунан ибни Маажа», Китаабун-Никаах, Баабу хутбатин-Никаах, 1894-хадис; «Сунан Абу Давуд», Китаабул-Адаб, Баабул-Хадаа фил-Калаам, 4832-хадис)
Бир хадисте мындай кезигет: Нуъман (разияллааху анху) бин Башийр Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) минбарда туруп: «Ким азчылыкка шүгүр кылбаса, ошондой эле ким адамдарга ыраазычылык билдирбесе, ал Алла Тааланын мээримдүүлүктөрүнө да ыраазычылык билдирбейт. Алла Тааланын Нээмат[1]тарын жакшылык менен эстөө дагы -шүгүрчүлүк жана Алла Тааланын Нээматтарын жакшылык менен эстебөө – шүгүрсүздүк», – деп айтканын рабаят этет. («Муснад Ахмад бин Ханбал», 4-том, 278-бет, Бейрут)
Азирети Муъааз бин Жабал (разияллааху анху) мындай рабаят эткен: Пайгамбарыбыз (саллаллааху алайхи ва саллам) мени колдон кармап: «Эй, Муъааз! Аллага касам! Албетте, мен сени жакшы көрөмүн», – деп айтты. Анан кошумчалап: «Эй, Муъааз! Ар бир намаздан кийин: «Аллаахумма аъинний ъалаа зикрика ва шукрика ва хусни ибаадатика»[2] деген дубаны унутпашыңа мен сага насаат кыламын», – деп айтты». («Сунан Абу Давуд», Китаабул-Витр, Баабу фил-Истигфаар)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай дейт:
«Эгер адамзат жакшылап, кылдаттык менен көңүл бурса, чынында баардык мактоо-алкоого Алла Таала гана таандык экенине күбө болот. Эч бир адам же макулук чындыгында мактоо-алкоолорго укуктуу эмес. Эгер адам ар кандай кызыкчылыктан оолак болуп караса, анда ага төмөнкү нерсе айкын болот: кимдир бирөө төмөнкүдөй себептер аркасынан мактоо-алкоого акылуу болушу мүмкүн: кайсы бир доордо эч ким жок болчу жана эч кимдин бар экендиги тууралуу кабар да жок болчу, ошондо бул киши аны жаратты; же кайсы бир мезгилде эч ким жок болчу жана кимдир бирөөнүн бар экендиги, туруктуулугу, сак болуусу жана жашоонун туруктуулугу үчүн кандай каражаттар керек экендиги тууралуу маалымат да жок болчу, ошондо бул киши бардык каражаттарды камсыздады; же кайсы бир доордо ага көптөгөн кырсыктар келиши мүмкүн болчу, бул киши ага ырайым кылды жана аны сактады; же кандайдыр бир эмгек кылуучунун эмгегин текке кетирбей, эмгек кылуучунун эмгегин толук баалагандыктан мактоо-алкоого акылуу болушу мүмкүн. Ачыгын айтканда, эмгек кылуучунун укугун орундатуу – бул акысын төлөө. Бирок толук бойдон укуктарды орундата турган адам дагы Мухсин[3] болушу мүмкүн. Мына ошол сыпаттар жогорку даражалуу сыпаттар болуп, кимдир бирөөнү мактоо-алкоого таандык кылат. Эми көңүл буруп көргүлө, толук бойдон ушул сыпаттарга ээ болгон Алла гана чынында ушул баардык сыпаттарга таандык. Башка эч кимде мындай сыпаттар кезикпейт. …Кыскасы, а дегенде Өз Затында эң жетик жана бийиктик жагынан Кудай Таала гана мактоо-алкоого таандык. Ага каршы жекелик жагынан эч ким ага акылуураак эмес. Эгер башка кимдир бирөө мактоо-алкоого акылуу болсо, өтмө мааниде гана. Ал жалгыз, Анын эч кандай шериги жок, буга карабастан, айрымдарды Өзүнүн сыпаттарына өтмө мааниде шерик кылуусу да Алла Тааланын ырайымдуулугу». («Руханий хазаайин», 15-том, «Руидад жалса дуа», 598-602-беттер)
Жалпысынан, Жамаатка насаат кылып жатып, ал (алайхиссалам) мындай деди:
«Эгер силер: «Асманда периштелер дагы бизге мактоо-алкоо айтсын», – деп кааласаңар, анда таяк жегиле, ыраазы болгула жана сөгүнүүлөрдү уккула, бирок шүгүр кылгыла. Ошондой эле ийгиликсиздерге туш болгула, бирок алакаңарды үзбөгүлө. Силер Кудайдын акыркы Жамаатысыңар. Ошондуктан, жетиктик жагынан өзүнүн туу чокусуна жеткен жакшы амалдарыңарды көрсөткүлө. Араңардан жалкоолонгон ар бир кишиңер булганыч сыяктуу Жамааттан алып ташталат, өкүнүч менен өлөт жана Кудайга такыр зыян жеткире албайт. Карагыла, мен өтө кубаныч менен кабар беремин: силердин Кудайыңар чынында бар. Баардык (адамдар) Кудайдын макулуктары болсо да, бирок ким Аны тандаса, Ал да аны тандайт. Ким Ага барса, Ал да ага барат. Ким Ага сый-урмат көрсөтсө, Ал да ага сый-урмат көрсөтөт. Силер өз жүрөктөрүңөрдү оңдоп, тилдериңер, көздөрүңөр жана кулактарыңарды тазалап, Ага келгиле, Ал силерди кабыл алат». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 15-бет)
Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) мындай кошумчалайт:
«Кудай Таала силерди текке кетирет деп эч ойлобогула. Силер жерге себилген Кудай Тааланын колундагы үрөнсүңөр. Кудай Таала мындай дейт: бул үрөн өнүгөт жана гүлдөйт. Ар тараптан анын бутактары чыгат жана чоң бак-даракка айланып кетет. Демек, Кудай Тааланын сөзүнө ыйман келтире турган жана арадагы туш келген сыноолордон коркпогон киши – куттуу. Анткени, Кудай Таала ким өз Байъат убадасында чынчыл, ал эми ким жалганчы экендигин аныктоо үчүн сыноолордун келүүсү да зарыл. Кандайдыр бир сыноодон тайгаланган бирөө Кудай Таалага кенедей да зыян келтире албайт жана бактысыздык аны тозокко чейин жеткизет. Ал төрөлбөгөндө, ал үчүн жакшыраак болмок. Бирок акырына чейин сабыр кыла турган бардык адамдарга кырсык зилзалалары келет, кырсык шамалдары үйлөйт жана элдер аларды маскара кылат, ошондой эле дүйнө аларга жек көрүүчүлүк менен мамиле жасайт. Акыры аягында алар жеңишке жетишет жана берекелер эшиктери аларга ачылат. Кудай Таала мага өз Жамаатымды мындай деп кулактандыруума буюрган: ыйман келтиргендер – эгер алардын ыйманы дүйнө аралашуусунан оолак болсо жана ошол ыйман эки жүздүүлүк же кайратсыздык менен булганбаса, ал ыйман баш ийүүчүлүктүн эч бир даражасынан куру болбосо, анда ошондой адамдар Алла Тааланын сүйкүмдүү пенделери. Алла Таала: «Ошол эле адамдардын кадамы – чыныгы кадам», – деп айтат». («Руханий хазаайин», 20-том, «Ал-Васият», 309-бет)
Алла Таала баарыбызды буга туруктуу болууга күч-кубат берсин! Алла Таала бизди нукура маанидеги чынчыл Ахмадий мусулман кылсын, бизди Байъат убадабыздын үстүндө туруп, аны орундатууга күч берсин. Кудай Таала жана Пайгамбар Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын чыныгы жана жетик баш ийүүчүсү кылсын. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын сүйүктүү Жамаатына так түшүрө турган эч бир иш биздин колубуздан келбесин. Эй, Алла! Биздин каталарыбызды кечиргин. Күнөөлөрүбүздү жашыргын. Бизди дайыма Өзүңө баш ийүүчүлөр жана берилгендердин сабына кошкун. Бизди тууганчылык келишими жана Байъат убадабыздын үстүндө туруктуу кылгын. Бизди Өзүңө сүйүктүү болгондордун сабына кошкун. Ушул убаданын үстүнөн чыгууга тукумдарыбызга да күч-кубат бергин. Бизди эч качан Өзүңдөн ажыратпагын. Бизге Өзүң тууралуу нукура илим-билим тартуулагын. Эй, баардык ырайым кылуучулардын ырайым кылуучусу! Эй, Кудай! Бизге ырайым кылгын жана бардык дубаларыбызды кабыл алгын. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) өз Жамааты үчүн, өз Жамаатына мүчө болуп киргендер үчүн кылган дубалардын баарына бизди мураскер кылгын. (2003-жылдын 27-июлунда Англиядагы «Жалса салаанада» сүйлөгөн сөздөрүнөн алынган)
[1] «Белек, тартуу жана береке» дегенди билдирет.
[2] Эй, Алла! Сени эске алууга, Сага шүгүр кылууга жана Сенин ибадатыңды жакшылап орундатууга мага күч-кубат бергин.
[3] Ихсан кылуучу; бирөөгө анын акысынан да көбүрөөк тартуулоочу.