Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
Адамзатка боорукер болуу, айрыкча өз туугандарына боорукер болуу жана аларды колдоого насаат кылып жатып, бир кезде Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай айткан:
«Менин ахвалым ушундай: эгер кимдир бирөөнүн бир жери ооруса, ошондо мен намаз окуп жаткан болсом, анын үнү кулагыма жетери менен, намазды бузууга туура келсе да, эгер ага пайда келтире алсам, пайда келтирүүнү жана колуман келишинче ага боорукер болууну каалаймын. Кандайдыр бир туугандын кыйынчылыгында жана оор ахвалында ага жардам бербөө – адеп-ахлакка каршы нерсе. Эгер силер ал үчүн эч нерсе кыла албасаңар, анда жок дегенде дуба кылгыла. Өзүбүздүкү турсун, мен айтамын: жаттар жана хиндуларга да ошондой адеп-ахлак үлгүсүн көрсөткүлө жана аларга боорукер болгула. Кайдыгер мүнөзгө эч качан ээ болбош керек.
Бир жолу мен сейилге чыкканымда, Абдул Карим Патваарий[1] мени менен чогуу болгон. Ал кичине эле алдыраак болчу, мен артта болчумун. Жолдо жетимиш же жетимиш беш жаш курагындагы бир кемпир менен туш келип калды. Ал бир кат берип, аны окуп берүүсүн суранды, бирок ал ага орой мамиле жасап, кагып койду. Мен аябай санаа тарттым. Ал катты мага берди. Мен аны алып, туруп калдым, аны окуп жакшылап түшүндүрүп бердим. Ошондо ал катуу уят болуп калды. Себеби, күтүп калууга да туура келди жана сооптон да куру калды». («Малфузаат», жаңы басылыш, 4-том, 82-83-беттер)
Дагы мындай деп айтат:
«Анын пенделерине ырайым кылгыла жана аларга тил менен же кол менен же башка кандайдыр бир чара менен зулумдук кылбагыла. Ошондой эле макулуктун жакшылыгы үчүн аракет кылып тургула. Эч кимге текеберлик кылбагыла, мейли кол астыңардагы киши болсун. Эч кимди сөкпөгүлө, мейли ал сөгүнсө да. (Алланын алдында) кабыл болушуңар үчүн карапайым, ак көңүл, ак ниет жана адамдарга боорукер болгула… Улуу болсоңор, кичүүлөрдү кемсинтпей, аларга боорукер болгула. Аалым болсоңор, текеберликтен улам билимсиздерди басынтпай, аларга насаат айткыла. Бай-дөөлөттүү болсоңор, өзүмчүлдөнбөй, текеберленбей кедей-муктаждарга кызмат кылгыла. Ойрон болуу жолдорунан коркуп тургула». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 11-12-беттер)
Дагы мындай деп айтты:
«Адамдар силерге азап беришет жана ар кандай жол менен жапа чектиришет, бирок биздин Жамаатыбыздын мүчөлөрү эч кызыбасын. Ачуулануу айынан көңүлүн калтыра турган сөздөрдү сүйлөбөгүлө. Алла Таала андай адамдарды жактырбайт. Биздин Жамаатыбызды Алла Таала бир үлгү кылмакчы».
Дагы мындай деп айтат:
«Алла Таала такыба адамды сүйөт. Кудай тааланын улуктугун эстеп, баарыңар Андан коркуп тургула жана баары Алла Тааланын пенделери экенин билип койгула. Эч кимге зулумдук кылбагыла, шашмалык кылбагыла. Эч кимди акаарат кылбагыла. Эгер Жамааттын ичинде бир эле адам ыпылас болсо, ал баарын булгайт. Эгер силердин табиятыңар ачууга ооп турган болсо, анда бул толкундануу кайсы булактан чыккан деп өзүңөрдү талдап чыккыла. Бул абдан кылдаттыкты талап кылган жер». («Малфузаат», 1-том, 8-9-беттер)
Мындай деп кошумчалады:
«Ушундай болгула, силердин чынчылдыгыңар жана жалбарууңар асманга чейин жетсин. Алла Таала кимдир бирөөнүн көкүрөгүн чынчылдык жана сүйүүгө толгонун көрсө, ошондой адамды коргойт жана ага береке берет. Ал жүрөктөргө көз салып, карайт, үстүрттөн эле айтылган куру сөздөргө карабайт. Ар кандай булганыч жана ыпыластыктан оолак жана таза жүрөккө түшүп, аны Өзүнө үй кылып алат». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 181-бет)
Дагы мындай деп айтты:
«Мен кайталап айтамын: адамдарга пайда келтирүүчү адамдар жана ыйманы менен чынчылдыгы боюнча жетик адамдар, албетте, коргоодо болот. Ошол үчүн силер өзүңөрдө ошол касиеттерди пайда кылгыла». («Малфузаат», жаңы басылыш, 4-том, 184-бет)
Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:
«Ырас, силердин ичиңер менен тышыңар бирдей болмоюнча силер Анын алдында кабыл кылынбайсыңар. Улуу болсоңор, кичүүлөрдү кемсинтпей, аларга боорукер болгула. Аалым болсоңор, текеберликтен улам билимсиздерди басынтпай, аларга насаат айткыла. Бай-дөөлөттүү болсоңор, өзүмчүлдүктөн улам текеберленбей кедей-муктаждарга кызмат кылгыла. Ойрон болуу жолдорунан коркуп тургула. Алла Тааладан коркуп тургула жана такыба болгула…. Алла Тааланын оозунан чыккан, мен баяндап берген сөздөргө кулак салбай турган киши – өтө бактысыз адам. Эгер асманда Алла Таала силерге ыраазы болушун кааласаңар, анда өз ара бир курсактан чыккан эки бир тууган сыяктуу болгула. Араңарда өз тууганынын көптөгөн күнөөлөрүн кечире турган бирөө гана эң улук адам. Ал эми өжөрлүк кылып кечирбеген бирөө – бактысыз». («Руханий хазаайин», 19-том, «Кашти-э-Нух», 12-13-беттер)
Дагы мындай деп айтты:
«Чынында, Алла Тааланын макулугуна боорукерлик көрсөтүү абдан чоң нерсе. Алла Таала аны абдан жактырат. «Ал (да) ага боорукер болот» дегендиктен да чоңураак эмне болушу мүмкүн? Жалпысынан, дүйнөдө да ошондой болот: эгер кимдир бирөөнүн кызматчысы анын досуна барса, ал киши ага жакшы мамиле кылбаса, анда ошол кызматчынын кожоюну өз досуна ыраазы болобу? Эч качан. Чындыгында, анын досу ага эч жамандык кылган эмес го? Жок, андай эмес. Ошол кызматчыны тосуп алуу жана ага жакшылык кылуу – кожосу менен жакшы мамиле кылуу дегендик. Ошондой эле эгер кимдир бирөө Алла Тааланын макулугуна кош көңүл болсо, аны Алла Таала да жаман көрөт, анткени Алла Таала Өз макулугун абдан сүйөт. Ошондуктан, Алла Тааланын макулугуна боорукер боло турган бирөө өз Кудайын ыраазы кылгандай болот». («Малфузаат», жаңы басылыш, 4-том, 215-216-беттер)
Алла Таала бизге Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын ошол насааттарына амал кылуу мүмкүнчүлүгүн насип этсин. Ага биз кылган Байъат убадасын орундатууга күч-кубат берсин.
(Англиянын Лондон шаарында жайгашкан «Фазл» мечитинде 2003-жылы 12-сентябрда окулган жума кутбасынан алынган)
[1] Айыл-кыштак катчысы жана счетоводу.