18-хадис сабагы • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Пенделердин акы-укуктарын орундатуу

Биздин Ислам динибиз эки бөлүктөн турат: биринчи бөлүгү – Алла Таалага ибадат кылуубуз керек, Алла Тааланын бизге берген буйруктарына баш ийүүбүз керек, Аны сүйүүбүз керек, Ал бизге тартуулаган нээмат-белектерине шүгүрчүлүк кылуубуз керек, буларды Алла Тааланын акы-укуктарын орундатуу деп айтышат; экинчи бөлүгү бул – Алла Тааланын жаратылышына мээримдүү болуубуз керек, аларга ырайым кылуубуз керек, аларга кызмат кылуубуз керек жана бардык жаратылыштарынын арасынан айрыкча адамдардын акы-укуктарын орундатуубуз керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла Тааланын акы-укуктарын орундатууга өзгөчө басым жасоо менен бирге пенделердин акы-укуктарын орундатууга да өзгөчө басым жасаган. Азирети Бараа ибн Аазиб (разияллааху анху) Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:

амаранаа Расулуллаахи би-сабъин

амаранаа Расулуллаахи би-сабъин

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизди жети нерсеге буюрган,

18-2

амаранаа би-иядатил-марийзи

эгер арабыздан бирөө ооруп калса, андан кабар алганы баруу бизге милдет экенин айткан,

ва иттибааъил-жинаазати

эгер бирөө өлүп калса, анын жаназасына баруубуз керек,

ва ташмийтил-аатиси

эгер чүчкүрсө, биз ага

йархамукаллааху

Алла таала сизге ырайым кылсын деген дубаны айтуубуз керек,

ва ижаабатид-дааъий

эгер кимдир бирөө бизди чакырса же бизди тамакка (же конокко) чакырса, анын чакыруусуна жооп кылуубуз керек жана чакыруусун кабыл кылуубуз лаазым,

ва ифшааис-салаами

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге мындай деп да айткан: саламдашууну жайылтуубуз керек, кимдир бирөө менен жолукканыбызда, бирөөнүн жанынан өткөнүбүздө, бирөөнүкүнө барганыбызда, ага салам берүүбүз керек,

ва насрил-мазлуми

жана зулумдук көрүп жаткан адамга, акы-укугу тебеленип жаткан адамга жардам берүүбүз керек. Жетинчиси бул: эгер кимдир бирөө касам ичсе (ант берсе), белгилүү болгондой, Алла тааланын аты ортого салынып ант берилет, ошондо анын берген анты жалганга чыкпай, тескерисинче ал ант берип, берген сөзүнүн же убадасынын орундалуусуна аракеттенүү бизге милдет.(Бухарий, Китаабул-ашрибати, Баабу Аниятил-физзати, 5635-хадес)

Эми карагыла, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бизди жети (7) нерсеге буюруп, кандайдыр бир жакшы үй-бүлөнү, кандайдыр бир мыкты коомчулукту курган. Кайсы коомчулукта адамдар бири-бирине салам беришсе, зулумдукка учураган адамга көмөк көрсөтүшсө, ооруган адамдарды көргөнү барышса, Кудай сактасын, бирөө каза тапса, анын жаназасына катышса, өзүнүн кандайдыр бир жумушуна бизди чакырган адамдын чакыруусуна жооп кайтарышса, анда ал коомчулук канчалык сонун жана канчалык тынчтык болот.

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын насааттарына кулак салып, пенделердин акы-укуктарын аткарууга Алла Таала бардыгыбызга күч-кубат берсин. (Аамийн)