Ахмадиянын Башчысы Палестина элинин укуктары үчүн сүйлөйт
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Бүткүл Дүйнөлүк Башчысы Айт кутбасында Палестина элинин укуктары үчүн сүйлөйт

Ислам халифасы

Азирети Мырза Масрур Ахмад мусулман элдерин бирдиктүү фронт көрсөтүүгө жана палестиналыктарга жасалган зулумдуктарга жана адилетсиздиктерге каршы турууга чакырат

Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа Азирети Мырза Масрур Ахмад бүгүн Орозо айт кутбасында Израиль тарабынан Палестина элине жасалган зулумдуктарды кескин айыптады.

Ахмадия Мусулман Жамаатынын эл аралык штабынан, Исламабаддагы Тилфорддо жайгашкан «Мубарак» мечитинде сүйлөп жатып, Ал Азирети акыркы күндөрү Израиль мамлекети тарабынан палестиналыктарга каршы жасалган адилетсиз күч колдонулуп жатканын жана палестиналык үй-бүлөлөрдү Шейх Жаррахтагы үйлөрүнөн кууп чыгуу аракеттерин айыптады.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү күндө биз катуу ырайымсыздыкка дуушар болуп жаткан Палестина эли үчүн чын жүрөктөн дуба кылышыбыз керек. Акыркы күндөрү алар «Аль-Акса» мечитине намаз окууга барышканда, аларга мамлекеттик бийлик тарабынан мыкаачылык менен кол салынып, сабалышкан. Ошо сыяктуу эле, алар ага чектеш чакан кварталдан, өзүлөрүнүн жери болгон Шейх Жаррахтан чыгып кетүүгө аргасыз кылышууда».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн улады:

«(Израиль) полициясы көздөн жаш агызуучу газ жана окторду колдонуп, эми аба чабуулдарын баштады. Алар душмандарыбыз жана согушчандарды бутага алып жатабыз деп жатышат, бирок чындыгында үрөй учурган жана адилетсиз мыкаачылыктар болуп, бейкүнөө жарандарга кол салынууда. Ошондой эле, Израиль полициясы жарадар болгон адамдарга медициналык жардам жана дарылануу мүмкүнчүлүгүн бербей жатат деген кабарлар да маалымат каражаттарында жарыяланган».

Палестиналыктар үчүн дуба кылып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Аллах Таала зулумдук көргөндөргө ырайым кылсын жана заалымдарды жоопкерчиликке тартсын».

Ал Азирети Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти ушул күнгө чейин Израилдин аба соккуларынан дүйшөмбүдө тогуз бейкүнөө балдардын өлтүрүлүшүн айыптай электиги жөнүндө да айтты. Андан бери дагы көптөгөн бейкүнөө палестиналыктар өлтүрүлдү.

Ал Азирети Адам Укуктары боюнча уюмдардын, анын ичинде Хюман Райтс Уотч жана Амнести Интернейшнл берген отчёттордо жазылгандай Палестина элине карата басмырлоочу саясат жана катуу зулум болуп жаткандыгына шилтеме кылды.

Ал Азирети учурдагы кырдаалды сүрөттөгөн медиа репортаждарынын билдирүүлөрүнө дагы токтолду.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деп кошумчалады:

«Израилдин «Хаарец» гезитиндеги макалада: «Бул жерде адилеттүүлүктүн уникалдуу версиясы колдонулат: меники түбөлүк меники, ал эми сеники дагы – түбөлүк меники», – деп айтылат. Палестиналыктардын укуктары дал ушундай узурпацияланган. Аллах Таала аларга ырайым кылсын. Бул айт палестиналыктарга кубанычтын ордуна, чоӊ кайгы-капа алып келди. Аллах Таала алардын кайгысын кубанычка айлантып, алар коопсуздукта жана бейпил жашоодо жашай алышсын».

Азирети Мырза Масрур Ахмад сөзүн улады:

«Палестина эли аларды туура жолго сала турган лидерлерди тапсын. Албетте, мусулман өлкөлөрү чогулуп, дүйнөдө зулумдукка кабылып жаткан палестиналыктарды жана башка мусулмандарды коргоо үчүн өз ролун ойношу керек. Бирок, мусулман дүйнөсү өз ара бөлүнүп, мусулман элдеринин ортосунда биримдиктин жоктугу байкалууда. Албетте, бул учурда мусулман өлкөлөрү эч кандай реакцияны көрсөтө алышкан жок. Алар алсыз билдирүүлөрдү беришти, ал эми бардыгы биригип, бирдиктүү билдирүү жасашса, анда ал андан да чоң таасирин тийгизип, салмагы чоң болмок».

Корутундусунда Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Аллах Таала мусулмандардын жетекчилигине акыл жана даанышмандык берсин. Ал израилдиктерге да адилетсиздиктен баш тартууга жана чегинүүгө мүмкүнчүлүк берсин. Андан тышкары, эгерде палестиналыктар тарабынан кандайдыр бир адилетсиздик болсо, анда лидерликтин жетишсиздигинен жапа чеккен палестиналыктарга да Аллах хидаят берсин, бирок чындыгында андай эмес. Эгер алар (палестиналыктар) таяктарды колдонуп жатышса, анда алар (израилдиктер) оор ракеталарды жана заманбап куралдарды колдонуп жатышат, бул тууралуу мен буга чейин да айтып өткөнмүн. Эки тарапты күч жагынан салыштырууга болбойт. Ошондуктан, биз палестиналыктар үчүн дуба сурашыбыз керек. Аллах Таала алардын абалын жакшыртып, эркиндигине мүмкүнчүлүк түзүп, алгачкы келишимде өзүлөрүнө бөлүнүп берилген жерлерин жана жайларын сактап калышсын».

Ал Азирети Ахмадий мусулмандарга Айт кутбасында бүткүл дүйнө үчүн дуба кылууну, ошондой эле дүйнөдөгү бардык муктаж адамдар жана адилетсиздикке дуушар болгондор үчүн дагы дуба кылуу керектигин айтты.

Share via