Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Бөлүмдөр
  1. Баш сөз
  2. Байъат шарттары
  3. Байъат деген эмне?
  4. Байъаттын мааниси – өзүн Кудай Таалага тапшыруу
  5. Алла Таала тарабынан Байъат алууга буюрулгандыгы
  6. Байъаттын максат-мүдөөлөрү
  7. Байъат алуунун башталышы
  8. Биринчи Байъат шарты
  9. Кудай Таала Ширкти кечирбейт
  10. Ширктин ар кандай түрлөрү
  11. Экинчи байъат шарты
  12. Эң чоң жаманчылык – жалган сүйлөө
  13. Зынаадан сактангыла
  14. Жаман көз менен кароодон сактангыла
  15. Баш ийбестик жана бузукулуктардан оолак болгула
  16. Зулумдук кылбагыла
  17. Кыянатчылык кылбагыла
  18. Бүлүк салуудан сактангыла
  19. Чыккынчылык жолдорунан абайлагыла
  20. Кызуу кандуулукка берилбегиле
  21. Үчүнчү Байъат Шарты
  22. Беш маал намазды калтырбай орундаткыла
  23. Тахажжуд намазын орундаткыла
  24. Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га дайыма салаваат окуп тургула
  25. Алладан дайыма кечирим сурап тургула
  26. Истигфаар жана тобо кылуу
  27. Алла Таалага мактоо-алкоо айтып тургула
  28. Абдан маанилүү жана керектүү тема
  29. Төртүнчү Байъат шарты
  30. Кечиримдүү болгула
  31. Эч кимге зыян келтирбегиле
  32. Карапайым жана жөнөкөй адам болгула
  33. Бешинчи Байъат шарты
  34. Кыйынчылыктар күнөөлөргө «каффараат» (кун) болуп калат
  35. Кырсыктын башталышында кылынган сабыр гана чыныгы сабыр болот
  36. Силер Алла Тааланын акыркы Жамаатысыңар
  37. Меникилер менден ажырашпайт
  38. Толук берилгендик жана туруктуулук үлгүсүн көрсөткүлө
  39. Алтынчы Байъат шарты
  40. Бидъат жана жаңы-жаңы (маанисиз) каада-салттарды четке кагуу керек
  41. Исламий таалим үчүн биздин жетекчибиз – Курани Карим
  42. Курани Карим гана – силердин жашооңор
  43. Жетинчи Байъат шарты
  44. Ширктен кийин текеберликтей башка балээ жок
  45. Текебер адам эч качан бейишке кирбейт
  46. Текеберлик менен шайтандын ортосунда кандайдыр бир терең алака бар
  47. Текеберлик – Кудай Тааланын алдында өтө жийиркеничтүү нерсе
  48. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын назарында жардылардын орду
  49. Сегизинчи Байъат шарты
  50. Ислам таалимдеринин корутундусу
  51. Исламдын тирилүүсү бизден кандайдыр бир «Фидя» сурайт
  52. Күнөөдөн кутулуунун куралы – ишенич
  53. Тогузунчу Байъат шарты жөнүндө
  54. Тогузунчу Байъат шарты
  55. Баарына жакшы мамиле кылуу таалими
  56. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана адамзатка карата боорукерлиги
  57. Онунчу Байъат шарты
  58. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) жана Учурлук Халифа менен тууганчылык байланышты орнотуу зарыл
  59. Маъруф жана Маъруф эместин аныктамасы
  60. Баш ийүүчүлүктүн эң бийик үлгүсү
  61. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам) ээлеген ар бир даража Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчигендигинен болгон
  62. Ар кандай жагдайда да баш ийүү зарыл
  63. Ким жамаат мүчөсү эсептелет?
  64. Өз ара тууганчылык жана сүйүү пайда кылгыла, ошондой эле Кудай Таала менен чыныгы алакаңарды орноткула
  65. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)дын колунда байъат кылуунун эки пайдасы
  66. Ушул доордогу бекем чеп – Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалам)
  67. Айрым окуялар
  68. Силерге куш кабар болсун! Эми силер дайыма «Маъруф» чечимдердин астындасыңар
  69. «Маъруф боюнча баш ийүүнүн» даанышмандыктан турган чечмеси жана түшүндүрмөсү
  70. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссаллам) аркылуу жүз берген руханий ыңкылап
  71. Ширктен оолак болуу
  72. Кызуу кандуулукка берилбөө
  73. Намаздарды калтырбай окуу жана Тахажжуд намазына берилүү
  74. Кызуу кандуулукту басуу
  75. Кээ бир окуялардын уландысы
  76. Оорчулукта жана молчулукта Алла Таалага бекем бойдон калуу
  77. Сабырдуулуктун теңдеши жок үлгүсү
  78. (Маанисиз) каада-салттардан оолак болгула
  79. Тамеки тартуунун зыяндуу таасирлери
  80. Лотерея адал эмес
  81. Ичимдиктин арамдыгы
  82. Курани Каримди сүйүү
  83. Карапайымдуулук жана жөнөкөйлүк
  84. Текеберчиликтен оолак болуу
  85. Динди дүйнөдөн жогору коюу
  86. Адамзатка кызмат кылуу жана чын ыкыластуулук жана ыймандуулук боюнча теңдеши жок үлгүлөр
  87. Ахмадий дарыгерлер өздөрүн динге арнасын
  88. Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) менен теңдеши жок тууганчылыкты түзүү
  89. Жамаатка чын ыкылас менен берилгендердин балдарынын милдети
  90. Жаттардын (акыйкатты) моюнуна алгандыгы
Чектеш темалардын мазмуну

Ушул аятта Алла Таала мындай айтат: бир туугандарыңар, жакын тууган-туушкандарыңар, тааныш-билиштериңер жана кошуналарыңарга жакшы мамиле кылганыңар жана аларга боорукер болмок тургай, эгер алар силердин жардамыңарга муктаж болсо, аларга жардам бергиле жана колдон келишинче аларга пайда келтиргиле. Ал тургай, эгер силер билбеген (тааныбаган) жана туугандыгыңар же алака-байланышыңар да болбогон, силер убактылуу учурашкан кошуналарыңар болсо, эгер алар дагы силердин боорукерлигиңер жана жардамыңарга муктаж болсо, колдон келишинче аларга да сөзсүз пайда келтиргиле. Мындан Исламдын көркөм чөйрөсү түзүлөт. Эгер адамзатка боорукер болуу жана Алла Тааланын макулугуна пайда келтирүү өңдүү сыпат жана касиетти өзүңөрдө жарата алсаңар жана «бул жакшылыктан кийинки Ихсан[1] деген даражага кирет, Ихсан болсо, сыйлыкты күтпөстөн кылынат, Ихсанды адам баласы Алла Таала үчүн гана кылат» деген ой менен жарата алсаңар, анда ушундай көркөм чөйрө түзүлөт: анда эр-катындын ортосунда да жаңжал чыкпайт, кайнене-келиндин ортосунда да чыр-чатак болбойт, бир туугандар да өз ара жаңжалдашпайт, кошуна кошунасы менен урушпайт. Ар ким башкаларга жакшы мамиле кылып жаткан болот. Анын укугун чын ыкылас менен орундатып жаткан болот. Алла Тааланын сүйүүсү жана ыраазычылыгына татыктуу болуу үчүн гана ага амал кылып жаткан болот. Акыркы күндөрдөгү чөйрөдө бул нерсе мурдагыдан да олуттуу болуп калды. Мындай айтты: эгер ошондой кылбасаңар, анда текебер деп аталасыңар, текеберликти Алла Таала жактырган эмес. Текеберлик баардык бүлүктөрдү чыгара турган илдет. … Жетинчи шартта бул кеңири баяндалып берилген, ошол үчүн ушул жерде текеберлик тууралуу тереңирээк айтып берүүнүн кажети жок. Кыскасы, Алла Тааланын назарында сүйүктүү болушуңар жана эки дүйнөдө ийгиликке жетишиңер үчүн пенделерге боорукер болгула. Бири-бириңерге кыла турган Ихсаныңарды чын ыклас менен кылгыла, милдет кылуу үчүн эмес.

Алла Таала Курани Каримде мындай дейт:وَیُطۡعِمُوۡنَ الطَّعَامَ عَلٰی حُبِّہٖ مِسۡکِیۡنًا وَّیَتِیۡمًا وَّاَسِیۡرًاКотормосу: Алар Ага (Алла) болгон сүйүүсүнөн кембагалдарга, жетимдерге жана туткундарга тамак беришет. («Ад-Дахр» сүрөөсү: 9)

Мунун бир мааниси – алар өздөрү да муктаж болушат, бирок ага карабай, болгону Алла Тааланын сүйүүсүнө татыктуу болуу үчүн муктаж адамдарга көңүл бурушат, өздөрү ачка болуп, аларды тамактандырышат. Кимдир бирөөгө беришсе, анын муктаждыгын да кандыра албаган, анын ачкалыгын да жок кыла албаган сараңдардай болушпайт. Тескерисинче колунан келишинче көмөк көрсөтүшөт жана мунун баарын жакшылыкка ээ болуу жана Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн гана кылышат. Эч качан милдет кылып жасашпайт. Мунун дагы бир мааниси – алар муктаж болгон нерсени аларга беришет, тагыраак айтканда, өздөрүнө жаккан нерсени, өздөрүнө да керек нерсени беришет. Дагы Алла Тааланын «өзүңөр жактыра турган нерселериңерди гана Алла жолунда бергиле» деген буйругун эске тутушат. Кээ бир адамдар өздөрүнүн муктаж туугандарына жардам беришет, бирок милдет кылып беришет, андай болбош керек. Ал тургай, кээ бирлер ушундай кызык табиятка ээ болушат: белек берип жаткандарда да өздөрү колдонуп жаткан нерселер же кийимдеринен беришет. Ошондой адамдар өз туугандарынын сый-урматын да эсепке алуулары керек. Эгер мүмкүнчүлүгү болбосо, бербегени жакшыраак, же: «Бул – мен колдонгон нерсем, эгер жактырсаңыз, анда берейин», – деп берсе болот. Дагы кээ бирөөлөр мындай деп жазышат: биз бир-эки эле кийген кийимдерди кедей-жакыр кыздардын тойлоруна бермекчибиз. Ал кийим кичине болуп калды же кандайдыр бир себептен биз колдоно албадык. Бул жөнүндө ачык-даана айтып коёюн: ошондой буюмдар Лажна[2] аркылуу же Худдаамул-Ахмадия[3] өңдүү уюмдар аркылуу берилсе да, же жекече берилсе да, ушул уюмдарга да ошондой айтылат: эгер ошондой адамдар буюмдарын беришсе, кедей-жакырлардын сый-урматын эсепке алуулары керек. Колдонууга такыр болбогон, так түшкөн, тер жыттанган кийимдерди берүүгө болбойт. Кедей-муктаж адамдын да сый-урматы, абийири бар, аны да эсепке алуу зарыл. Эгер ошондой кийимдерди берсеңер, жуудуруп, тазалатып жана оңдотуп бериш керек. Мен айтып өткөндөй, Лажна сыяктуу уюмдарыбыз дагы кийим берсе, ошол бериле турган адамдарга: «Булар – колдонулган оокаттар», – деп ачык-айкын айтып коюу керек. Натыйжасында, ала турган киши чын жүрөктөн алсын. Ар кимдин сый-урматы, абийири бар. Мен айтып өткөндөй, аны абдан көп эсепке алып, жакшы көңүл буруу лаазым.

Азирет Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) «ва йутъимуунат таъаама аълаа хуббихий мискийнан ва йатийман ва асийран» деген аятты чечмелеп жатып мындай дейт:

«… Билип койгула, Алла Таала жакшылыкты абдан жактырат жана Анын макулугуна боорукер болууңарды каалайт. Эгер Ал жаманчылыкты жактырганда, жаманчылык кылууга басым жасайт эле, Алла (Аруу жана Ыйык) ошондой нерседен таза… Демек, силер – мени менен байланышкандар! Билип койгула, ар бир адамга, мейли кандай диндеги адам болбосун, боорукер болгула жана бөлбөстөн ар бир адамга жакшылык кылгыла, анткени Курани Каримдин таалими дал ошондой:وَیُطۡعِمُوۡنَ الطَّعَامَ عَلٰی حُبِّہٖ مِسۡکِیۡنًا وَّیَتِیۡمًا وَّاَسِیۡرًاАл келген туткундардын көбү каапырлар болчу. Эми карагыла, Исламдын боорукерлиги канчалык жогору турат. Менин оюмча, адеп-ахлак боюнча жетик таалим Исламдан башка эч кимге насип болгон эмес. Менин ден-соолугум бир аз чыңалса, адеп-ахлак жөнүндөгү таалим туурасында бир түбөлүк китепче жазамын. Анткени, мен: «Менин ойлогонум ачыкка чыксын жана ал менин Жамаатым үчүн жетик таалим болсун жана анын ичинде Алла Тааланын ыраазычылыгына жетүү жолдору көрсөтүлүп берилсин», – деп каалаймын. Ар күнү баланча мындай иш кылды, түкүнчө тигиндей кылды деп көрүп жана угуп, мен абдан сар-санаа тартамын. Менин табиятым ошондой иштерге ыраазы болбойт. Мен Жамаатты алигиче тамтуң баскан бала сыяктуу көрөмүн. Бирок Алла Таала ушул Жамаатты жетик кылып коёт деп ишенемин. Ошондуктан, Алла Таала Өз мээримин төксүн деп силер дагы

аракет, иш-чара, Мужаахада жана дубалар менен алектенип тургула, себеби Анын мээримдүүлүгүсүз эч бир иш болбойт. Анын берешендиги болгондо, баардык жолдорду ачып коёт». («Малфузаат», жаңы басылыш, 4-том, 218-219-беттер)

Алла Тааланын берешендиги менен Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын ыйык таасири жана анын таалимине амал кылуу менен ал (алайхиссалаам) кабатыр болгон көптөгөн илдеттерден Жамаат тазаланып калган эле. Алла Тааланын мээрими менен көпчүлүк бөлүгү алардан толук бойдон тазаланган, (бүгүн да) таза. Бирок биздин ошол убакыт, ошол доордон алыстап кеткен сайын чөйрөдөгү айрым жаманчылыктар менен шайтан чабуул жасап турат. Ошол үчүн Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) кыжаалат болгон ошол жаманчылыктардан сактанууга анын таалимине ылайыктуу иш-чара жана дуба аркылуу Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын Жамаатын дайыма жетик бойдон кармап турсун үчүн Алла Тааланын берешендигин сурап туруу керек. Эми, бул жөнүндө бир нече хадистерди ортого таштаймын.

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Алла азза ва жалл[4] кыямат күнү мындай дейт: «Эй, адамзат! Мен ооруган элем, сен Мени көргөнү келбедиң». Пенде: «Эй, Раббим! Сен бүтүн ааламдын Раббиси болсоң, мен кантип Сени көргөнү барат элем?» – деп жооп кылат. Алла Таала: «Менин баланча пендемдин ооруганын укпадың беле, ошондо сен аны көргөнү барган жоксуң. Сен билчү эмес белең, эгер сен аны көргөнү барганыңда, Мени анын жанында табат элең», – деп айтат. «Эй, адамзат! Мен сенден тамак сураганмын, сен Мага тамак бербедиң». Ошондо, адамзат: «Эй, Раббим! Сен бүтүн ааламдардын Раббиси болгонуңдан соң мен Сени кантип тамактандырат элем?» – деп жооп берет. Алла Таала: «Менин баланча пендем сенден тамак сураганын эстедиңби, ошондо сен аны тамактандырган жоксуң. Сен билбейсиңби, эгер сен аны тамактандырганыңда, анын сыйлыгын Менден алат элең», – деп айтат. «Эй, адамзат! Мен сенден суу сураган элем, бирок сен Мага суу бербедиң». Адамзат: «Эй, Раббим! Сен гана бүтүн ааламдардын Раббиси болсоң, мен кандайча Сага суу берет элем?» – деп айтат. Ошондо, Алла Таала: «Сенден Менин баланча пендем суу сураган эле, бирок сен ага суу ичирген жоксуң. Эгер сен ага суу ичиргениңде, анын сыйлыгын Менден алат элең», – деп айтат». («Сахих Муслим», Китаабул-Бирри вас-Силах, Баабу фазли иядатул-Марийз)

Дагы бир рабаят кезигет. Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Баардык макулуктар Алла Тааланын бала-чакасы. Ошондуктан, Алла Таала Өзүнүн макулуктарынын арасынан Анын бала-чакасына (макулуктарына) жакшы мамиле кыла турган жана муктаждыктарын кандыра турган бирөөнү абдан жактырат». («Мишкаатул-Масаабийх», Китаабул-Адааб, Баабуш-Шафкати вар-Рахмату алал-Халк)

Дагы бир рабаят кезигет. Азирети Али (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Бир мусулмандын башка бир мусулманга алты укугу бар: 1) Ал аны менен жолукканда «Ассалааму Алайкум»[5], – деп айтсын;

2) Ал чүчкүргөндө «Йархамукалла»[6], – деп айтсын;

3) Ал ооруганда, аны көргөнү барсын»;

Кээ бир адамдар Алла Тааланын берешендиги менен жакшы адатка ээ болушат: алар өздөрү көңүл буруп, бейтапканаларга барышат жана ооруган адамдарды көрүшөт, мейли тааныш киши болсун, мейли бейтааныш болсун. Алар үчүн мөмө-жемиш жана гүл алып барышат. Бул адамзатка кызмат кылуунун абдан жакшы жолу.

4) Ал аны чакырганда, анын өзүнө жооп кайтарсын;

5) Ал каза тапканда, анын жаназасына барсын;

6) Өзүнө жаккан нерсени ага да кааласын жана анын жоктугунда анын жакшылыгын тилесин». («Сунан ад-Даармий», Китаабул-Истизаан, Баабу фий хаккил-Муслиму алал-Муслим)

Дагы бир рабаят кезигет: Азирети Абдулла бин Умар (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят эткен: «Өз ара көрө албастык кылбагыла. Бири-бириңерге зыян келтирүү үчүн мелдешүү жолу менен бааларды жогорулатпагыла. Өз ара кек сактабагыла, бири-бириңерден жүз бурбагыла, тагыраак айтканда, алакаңарды үзбөгүлө. Бирөөңөр соодалашып жатканда, башкаңар анын соодасын бузбагыла, тескерисинче Алла Тааланын пенделери (жана) өз ара ага-ини болуп жашагыла. Мусулман бир тууганына зулумдук кылбайт, аны кордобойт, аны уят кылбайт же кемсинтпейт». Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) өз көкүрөгүнө ишаарат кылып мындай деди: «Такыба – бул жерде». Ушул сөздөрдү ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үч жолу кайталады, анан мындай деди: «Адамзаттын бактысыздыгы үчүн анын мусулман тууганын кемсинтүүсү эле жетиштүү (далил). Ар бир мусулмандын каны, мал-мүлкү жана аброю башка мусулманга тыюу салынган жана урматтуу». («Сахих Муслим», Китаабул-Бирри вас-Силах, Баабу тахрийми зулмул-Муслими ва хузлаху)

Дагы бир рабаят кезигет. Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят эткен: «Кимде-ким бир мусулмандын дүйнөлүк кыжаалатын жана оорчулугун алып салса, Алла Таала кыямат күнү анын тынчсызданууларын жана кыйынчылыктарын андан алыстатат. Кимде-ким кандайдыр бир оорчулукка кабылган (чалдыккан) бирөөгө бейпилдик тартууласа, ага жеңилдик жаратса, Алла Таала акыретте ага жеңилдиктерди жаратат. Кимде-ким бир мусулмандын кемчилигин бекитсе, Алла Таала акыретте анын күнөөлөрүн бекитет. Өз тууганына жардам берүүгө даяр турган пендеге Алла Таала көмөк көрсөтүүгө даяр турат. Илим-билим алуу үчүн чыккан адамга Алла Таала бейиш жолун ыңгайлуу (жеңил) кылып коёт. Алла Тааланын үйлөрүнүн биринде отуруп, Алла Тааланын Китебин окуй турган жана аны окутуу-үйрөтүү иштери менен алектенип турган адамдарга Алла Таала бейпилдик жана канааттануу түшүрөт. Алла Тааланын рахматы аларды каптап турат жана периштелер аларды курчап турушат. Алла Таала аларды Өзүнө жакын пенделер катары эстеп турат. Иш-аракеттенүүдө жалкоолонгон бирөөнүн илээндилигин анын тукуму жана үй-бүлөсү жоё албайт. Тагыраак айтканда, ал үй-бүлөсүнө таянып бейишке кире албайт». («Сахих Муслим», Китаабуз-Зикр, Баабу фазлил-Ижтимааъ аълаа тилааватил-Куран ва ъалаз-Зикр)

Бул (хадистин) башында төмөнкүдөй нерселер баяндалган: адамдардын укуктарын орундатуу төмөнкүчө болот: силер туугандарыңардын бейпилсиздиги жана кыйынчылыктарын алып салгыла, Алла Таала кыямат күнү силерге ошондой мээримдүүлүк менен мамиле кылат жана силердин тынсызданууңар жана кыйынчылыктарыңарды алып салат. Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) бизге чоң марттык кылган. Мындай айтты: эгер силерди Алла Таала Өз кечиримдүүлүк кездемесине ороп алышын кааласаңар, анда колдон келишинче тынчсызданган, кыйынчылыкка чалдыккан жана колунда жокторго жеңилдик түзгүлө, Алла Таала силерге мээримдүүлүк менен мамиле кылат. Өз туугандарыңардын кемчилигин бекиткиле, алардын катасын кармап, жар салып жүрбөгүлө. Силер билбейсиңер, силерде эчен кемчиликтер жана айыптар бар, акырет күнү ага жооп беришиңер мүмкүн. Эгер силер ушул дүйнөдө туугандарыңардын кемчиликтерин жашырсаңар, алардын каталарын көрүп, жар салуудан көрө, аларга боорукер болуп, аларга насаат кылууга аракет кылсаңар, Алла Таала дагы силердин каталыктарыңарды жашырат. Адамдардын мына ушул укуктарын орундатсаңар, анда Алла Тааланын берешендигине ээ болосуңар.

Хадисте дагы мындай кезигет: Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын: «Садага берүүдөн мал-дүнүйө кемибейт. Кимдир бирөөнүн каталарын кечире турган адамга Алла Таала дагы көбүрөөк сый-урмат тартуулайт. Кимдир бирөөнүн каталарын кечирип коюу менен адамзат урматсыз болуп калбайт», – деп айтканын рабаят эткен. («Муснад Ахмад бин Ханбал», 2-том, 235-бет)

Анан Азирети Абдулла бин Амар (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет: «Ырайым кылуучуларга Рахмаан Кудайы ырайым кылат. Силер жердегилерге ырайым кылгыла, асмандагы Зат силерге ырайым кылат». («Сунан Абу Давуд», Китаабул-Адаб, Баабу фир-Рахмах)

Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам) мындай айтат:

«Жакшылап билгиле, Алла Тааланын эки буйругу бар: биринчиси – Зат боюнча да, сыпаттар боюнча да, ибадаттар боюнча да Ага эч кимди, эч нерсени шерик кылбагыла; экинчиси – адамзатка боорукер болгула. Бир туугандарыңар жана тууган-туушкандарыңарга гана жакшылык кылуу Ихсан эмес, тескерисинче ким болбосун, кандай адам болбосун, Алла Тааланын макулугунан ким болбосун, (ага жакшылык кылгыла). Анын хинду же христиан экенине карабагыла. Мен силерге айтып коёюн: Алла Таала силердин ынсабыңарды өзүңөр кылууңарды каалабайт, Ал аны Өз колуна алды. Силер канчалык көп жумшак-мээримдүү болсоңор, канчалык карапайым жана элпек-ийилүүчү болсоңор, Алла Таала силерге ошончолук ыраазы болот. Өз душмандарыңардын ишин Алла Таалага тапшырып койгула. Кыямат жакындап калды, душман силерге берип жаткан азап-тозоктордон чоочубагыла. Мен билемин: али силер алардын колунан дагы абдан көп жапа чегесиңер. Анткени, маданият алкагынан чыгып кеткен адамдардын тили кандайдыр бир көпүрөнү талкалап, атылып чыккан сел сыяктуу иштейт. Демек, ыймандуу адам өз тилин абайлоосу керек». («Малфузаат», 9-том, 164-165-беттер)

Дагы мындай деп айтат:

«Билип койгула, эки түрдүү укук бар: бири Алланын укугу, экинчиси пенделердин укугу. Алланын укугун орундатууда да бай-дөөлөттүүлөр кыйналып кетишет, текеберлик жана өзүмчүлдүк аларды куру калтырып коёт. Маселен: намаз окуп жатканда бир кедей-муктаж адамдын жанында туруу аларга жакпайт. Аны өз жанына отургуза алышпайт. Ошентип, алар Алла Тааланын укугунан куру калышат. Анткени, мечиттер чындыгында Байтул-Масаакийн[7] болот. Аларга баруудан алар (байлар) арданышат. Ошентип, алар пенделер укугуна таандык өзгөчө кызматтарга катыша алышпайт. Кедей-муктаж адам ар кандай кызматка даяр болуп турат. Ал буттарды укалай алат. Суу ташып, кир жууйт, а түгүл акыр-чикирди таштап келүүгө туура келсе да, арданбайт. Бирок, бай-дөөлөттүүлөр ошондой иштерден арданышат. Ошентип, андан да куру калышат. Кыскасы, бай-дөөлөттүү болгондук да бир топ жакшылыктарга бөгөт болуп алат. Ошол себептүү, хадисте мындай кезигет: кедей-муктаждар беш жүз жыл эрте бейишке кирип кетишет». («Малфузаат», жаңы басылыш, 3-том, 368-бет)

Дагы мындай деп айтат:

«Ырас, макулукка боорукер болуу ушундай нерсе: эгер адамзат аны таштап койсо жана андан алыстап кете берсе, анда акырындык менен ал жапайы болуп кетет. Инсандын адамкерчилиги ушуну эле талап кылат: ал качанга чейин башка тууганына мээримдүүлүк, жакшылык жана Ихсан кылып турса, ошол убакытка чейин ал инсан деп аталат. Бул иште эч кандай бөлүү-айырма жок. Саъдий: «Бани адам аъзааи-э-йик дигаранд»[8], – деп айткандай.

Билип койгула, менимче, боорукерлик алкагы абдан чоң. Кандайдыр бир коом жана жеке адамды бөлбөш керек. Мен азыркы күндөгү наадандар сыяктуу өз боорукерчилигиңерди мусулмандарга гана чектеп койгула деп айтпаймын. Жок, мен мындай деп айтамын: «Силер Алла Тааланын бардык макулугуна боорукер болгула, мейли бирөө хинди болсун, мейли мусулман болсун, же башка бирөө болсун». Мен боорукерликти өз коомуна эле чектеп коюуну каалай турган адамдардын кептерин жактырбаймын». («Малфузаат», жаңы басылыш, 4-том, 216-217-беттер)

Дагы мындай деп айтат:

«Кыскасы, адамзатка мээримдүү жана боорукер болуу абдан чоң ибадат. Бул – Алла Тааланын ыраазычылыгына татыктуу болуунун зор унаа-куралы. Бирок мен байкап жүргөндөй, ушул маселеде абдан чоң алсыздык көрсөтүлөт. Башкаларды кемсинтишет. Аларга көңүл буруп, кандайдыр бир балээ-кырсык жана оорчулукта көмөк көрсөтүү тургай, аларды шылдыңдашат. Кедей-муктаждарга жакшы мамиле кылбай, тескерисинче, аларды кемсинте тургандардын өздөрү ошондой балээ-кырсыкка кирептер болбосун деп мен коркомун. Алла Таала берешендик-марттык кылгандар ушундайча шүгүрчүлүк кылуулары керек: Анын макулугуна мээримдүүлүк жана жакшылык менен мамиле кылсын, Алла Таала тартуулаган берешендигине текеберленбесин жана жапайылардай кедей-муктаждарды эзбесин». («Малфузаат», жаңы басылыш, 4-том, 438-439-беттер).

Ал (алайхиссалаам) мындай деп айтат:

«Курани каримде ата-энелер, бала-чака жана башка тууган-туушкандар жана кедей-муктаждардын баяндалган укуктары башка бир китепте да жазылган», – деп ойлобоймун. Алла Таала мындай айтат:وَاعۡبُدُوا اللّٰہَ وَلَا تُشۡرِکُوۡا بِہٖ شَیۡئًا وَّبِالۡوَالِدَیۡنِ اِحۡسَانًا وَّبِذِی الۡقُرۡبٰی وَالۡیَتٰمٰی وَالۡمَسٰکِیۡنِ وَالۡجَارِ ذِی الۡقُرۡبٰی وَالۡجَارِ الۡجُنُبِ وَالصَّاحِبِ بِالۡجَنۡۢبِ وَابۡنِ السَّبِیۡلِ ۙ وَمَا مَلَکَتۡ اَیۡمَانُکُمۡ ؕ اِنَّ اللّٰہَ لَا یُحِبُّ مَنۡ کَانَ مُخۡتَالًا فَخُوۡرَا Силер Алла Таалага сыйынгыла жана эч нерсени Ага шерик кылбагыла. Ата-энеңерге да жакшылык кылгыла, жакын тууган-туушкандарга да жакшылык кылгыла (ушул сүйлөмгө бала-чака, бир тууган жана жакын-алыскы баардык туугандар кирет). Дагы мындай айтты: жетимдерге да жакшылык кылгыла, кедей муктаждарга да. Ошондой эле тууган кошуналарга да, жат кошуналарга да, жумуштагы кесиптештерге да, сапарлаштарга да, намаздагы шериктерге да, дин илимин үйрөнүүдөгү досторго да, мусапырларга да жана карамагыңардагы жандыктарга да – алардын баарына жакшылык кылгыла. Башкаларга ырайым кылбаган текебер жана мактанчаак бирөөнү Алла Таала Өзүнө дос кылбайт». («Руханий хазаайин», 23-том, «Чашма-э-Маърифат», 208-209-беттер)

Бул жөнүндө Азирети Халифатул-Масийхил-Аввал (разияллааху анху)[9] мындай деп айтат:

«Тамактандыруунун мүдөө-максаты ушундай болушу керек:اِنَّا نَخَافُ مِنۡ رَّبِّنَا یَوۡمًا عَبُوۡسًا قَمۡطَرِیۡرًاБиз Кудайыбыздан «Абус» жана «камтарийр» болгон күндөн коркобуз. («Ад-Дахр» сүрөөсү: 11). «Абус» жана «камтарийр» узундукка айтылат. Тагыраак айтканда, кыямат күнү оор жана узун болот. Ачкаларга көмөк көрсөтүү жолу менен Алла Таала каатчылыктын оордугунан жана узундугунан куткарат. Натыйжасы мындай болот:فَوَقٰہُمُ اللّٰہُ شَرَّ ذٰلِکَ الۡیَوۡمِ وَلَقّٰہُمۡ نَضۡرَۃً وَّسُرُوۡرًاАлла Таала ошол күндүн жаманчылыгынан сактап алат жана ушул сактоочулук да кубаныч жана жагымдуулук тартуулайт. («Ад-Дахр» сүрөөсү: 12)

Мен кайталап айтамын: билип койгула, ушул күндөрдө кедей-муктаждар жана ачкаларга көмөк көрсөтүү жолу менен каатчылык күндөрүнүн оорчулугунан сактанып каласыңар. Алла Таала дүйнөлүк сый-урматтарга ээ болууга жасап жаткан иш аракеттердей түбөлүк сый-урмат жана ырахатка да аракеттенүү жолунда мага да, силерге да күч-кубат насип этсин. Амийн». («Хакаайикул-Фуркаан», 4-том, 290-291-беттер)

Бул Ахмадия Жамаатынын эле өзгөчөлүгү: колунан келишинче адамзатка кызмат кылуу иштерине активдүү катышат жана колунда бар мүмкүнчүлүгүнө жараша, мүмкүн болушунча адамдарга, адамзатка кызмат кылат, жеке адам катары дагы, Жамаат катары дагы. Жамаат мүчөлөрү да колдон келишинче, ачарчылыкты жоюуга, кедей-муктаждарды даарылоого, окуу-тарбия иштерине, жакыр адамдардын тойлоруна Жамаат системасы астында көмөккө катышып, Байъат убадасын орундатышат жана аткарууну каалашат. Алла Таала бизди өздөрүнүн ашыкча азык-түлүктөрүн текке кетирип, ысырап кыла турган коомдор жана бийликтердей болуудан сактасын. Алардын саясый кызыкчылыктары жана максат-мүдөөлөрү байланышпагандыктан алар аны оор ахвалда жашап жаткан адамдарга сарп кылышпайт. Же алар толук бойдон алардын ар бир сөзүн кабыл кылышпайт жана алардын буйругуна баш ийүүгө даяр эмес. Анан жаза катары ошондой коомдор ачкалык жана жылаңачтык менен азап чектирилет. Алла Таала Ахмадия Жамаатына мурдагыдан да көбүрөөк адамзатка кызмат кылуу мүмкүнчүлүгүн насип этсин.

Ушул жерде дагы бир нерсе айтмакчымын: колдон келишинче, Жамаат өз деңгээлинде адамзатка кызмат жасап жатат. Адамзатка кызмат кылуу максатында Алла Таала Жамааттагы чын ыкыластуу адамдарга күч-кубат берет, алар ири суммадагы акчаларды беришет, аны менен адамзатка кызмат кылынат. Алла Тааланын берешендиги менен Африкада да, Рабвах[10] жана Кадиянда[11] да өмүрлөрүн динге арнап койгон даарыгерлер жана мугалимдер иштеп жатышат. Бирок, мен ар бир Ахмадий даарыгер, ар бир Ахмадий мугалим, ар бир Ахмадий адвокат жана кандай гана кесипке ээ болбосун, адамзатка кызмат кыла ала турган, кедей-муктаждарга көмөк көрсөтө ала турган ар бир Ахмадийге айтамын: дайыма кедей-муктаж адамдарга көмөк көрсөтүүгө аракет кылгыла. Натыйжада, Алла Таала силердин мал-дүнүйөңөр жана бала-чакаңарга мурдагыдан да көбүрөөк берекелер берет. Иншааллаах! Эгер силер: «Биз ушул доордогу Имамга Байъат убадасын бердик, аны орундатуу бизге парыз», – деп ниет коюп, ушул кызматты аткарып жаткан болсоңор, анда силер кармоо мүмкүн болбогон даражада Алла Тааланын берешендиктери жана берекелеринин жамгыр жаап жатканына күбө болосуңар.

[1] «Жакшылык кылуу» дегенди билдирет. Бирөөгө анын акысынан да көбүрөөк кайрымдуулук кылуу.

[2] Ахмадия Мусулман Жамаатынын он беш жаштан өйдөкү аялдардын уюму «Лажна Имааиллаах» (Алланын (аял) кызматчылары) деп аталат.

[3] Ахмадия Мусулман Жамаатынын он беш жаштан тартып, кырк жашка чейинки жигиттердин уюму. «Ахмадия Мусулман Жамаатынын кызматчылары» дегенди билдирет.

[4] Эң Ардактуу жана Эң Улук.

[5] Сизге тынчтык болсун.

[6] Сага Алла Таала ырайым кылсын.

[7] Кедей-муктаждардын үйлөрү.

[8] Адамдар өз ара дене мүчөлөрү сыяктуу.

[9] Азирети Масийхи Мавъуд (алайхиссалаам)дын биринчи халифасы – Азирети Мавлана Нуруддин (разияллааху анху).

[10] Пакистанда жайгашкан Эларалык Ахмадия Мусулман Жамаатынын борбору.

[11] Индиянын Пенжаб аттуу штатында жайгашкан Эларалык Ахмадия Мусулман Жамаатынын түбөлүк борбору.

Share via