Күчтүүлөр алсыздарга таяныч болуулары керек • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Күчтүүлөр алсыздарга таяныч болуулары керек

Мырза Гулам Ахмад

Күчтүүлөр алсыздарга таяныч болмоюнча эч бир жамаат жамаат боло албайт

Алла Тааланын ахлактары

 Мына ушул эле себептен Алла Таала «Ал-Фатиха» сүрөөсүн (бизге) берген жана «Раббул-Ааламийн» (бардык ааламдардын Раббиси) деген эң биринчи сыпаты анын ичинде баян этилген, ал бардык жаратылгандарды өз ичине камтыган. Ошол сыяктуу, момун-мусулмандын боорукердик майданы ушунчалык кең болушу керек, ага бардык жаныбарлар, канаттуулар жана бардык жан-жаныбарлар кирип кетсин. Андан кийин «Рахмаан» (Эң Мээримдүү) деген экинчи сыпатын баяндаган, ал бизге бардык тирүү жандыктарга өзгөчө боорукердик менен мамиле кылуубуз керектигин үйрөтөт, андан кийин «Рахийм» (Эң Ырайымдуу) деген сыпатта өз түрүндөгүлөргө боорукердик кылуу сабагы бар. Кыскасы, «Ал-Фатиха» сүрөсүндө баяндалган Алла Тааланын сыпаттарын Алла Тааланын ахлактары десек болот, алардан адам баласы үлүш алуусу керек. Башкача айтканда, эгер адам жакшы абалда болсо, анда өзүнүн түрүндөгүлөргө мүмкүн болушунча боорукердик менен мамиле кылуусу керек. Эгер башка адам анын тууганы же сүйүктүүсү болсо, ким гана болбосун, андан жийиркенип, ага чоочун адамдай мамиле кылбасын. Жок, анын силерге болгон укуктарына кам көргүлө. Эгер ал бирөөгө жакын тууганы болсо, эгерде анын кандайдыр бир акысы болсо, анда аны жакшылап аткарышы керек.

 Эң улуу адепахлактар

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушунчалык улуу адеп-ахлактарын көрсөткөн, эки жүздүү адамдын чыныгы мусулман болгон уулун ойлоп, ошол (эки жүздүү)нүн жаназа намазын окуп, жада калса өзүнүн куттуу көйнөгүн да (кепин катары) ага берген. Адеп-ахлакты оңдоо – бул өтө оор иш. Адам баласы өзүн-өзү изилдеп турмайынча, мындай оңдоо болбойт. Тилдин адеп-ахлаксыздыктары кастыктарды жаратып жиберет, ошон үчүн өз тилиңерди ар дайым көзөмөлдөп турушуңар керек. Карагыла, адам баласы өзүнө камкор деп эсептеген адамга эч ким душмандык кыла албайт. Андай болсо, өзүнө өзү ырайым кылбай, өз жанын тобокелге салган адам кандай гана акылсыз, себеби ал өз жөндөмдөрүнөн жакшы иш албайт жана адеп-ахлактык күч-кубаттарын жөнгө салбайт. Баардык адамдарга жумшактык жана сылык-сыпаа менен мамиле жасоо керек. Ал эми Ахмадия Мусулман Жамааты, башкача айтканда Ислам дининен ачык чыгып, тилдей турган жана коркунучтуу кастыкты кыла турган адамдардын мамилеси башкача. Мисалы, сахаабалар кыйынчылыктарга дуушар болуп, кээ бир туугандарынын Исламга акарат келтиргенин угуп, алар менен болгон бекем байланыштарына карабастан, Исламды жогору коюуга аргасыз болушкан. Атасы баласын өлтүргөн же уулу атасын өлтүргөн окуялар да болбой койгон эмес. Демек, даража-мартабаларды эсепке алуу керек.

Эгер даража-мартабаларды эсепке албасаң, анда зындык болуп каласың

Исламга катуу душман болгон бир адам бар. Ал Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды мазактайт, ага карата жийиркенүү жана жек көрүүнү көрсөтүү керекпи же жокпу. Бирок, эгер бир адам өзүнүн иш-аракеттеринде жалкоо болсо, анын күнөөсүн кечирүү керек жана аны менен болгон алака-байланышың өзгөрбөшү керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ачыктан-ачык душман болгондор менен достошкон эмес, тескерисинче, Абу Жахлдын башы кесилгенде, сажда кылган. Ал эми Азирети Хамза сыяктуу тууганын согушта өлтүргөн Вахшийдин мусулман болгонуна карабастан, сен менин көзүмө көрүнбөчү деп суранган, анткени ал окуя ал (саллаллааху алайхи ва саллам)дын эсине түшүп калган. Ошентип, дос менен душманды толук айырмалап алып, анан аларга даража-деңгээлине жараша жакшылык кылуу керек.

Алсыз бир туугандарыңардын жүгүн көтөргүлө

Чындыгында, Жамааттын ичиндеги бардык адамдар бирдей деңгээлде болушпайт. Буудай себилгенде, бардык үрөндөрү бирдей өнүгүп чыгабы? Көптөгөн дан эгиндери текке кетип, айрымдарын канаттуулар жеп коёт. Кээ бирлери мындан башка себептер менен жемиш бербей калат. Кыскасы, алардын арасындагы күчтүүлөрдү эч ким текке кетире албайт. Алла Таала үчүн даярдалган жамаат дагы эгин талаа сыяктуу болот. Ошондуктан ушул принцип боюнча ал өсүп-өнүгүүсү керек. Демек, алсыз бир туугандарга жардам берип, аларга күч-кубат берүү эрежеси болушу керек. Бул кандай ыӊгайсыз нерсе, эки бир тууган бар, алардын бири сүзүүнү билет, экинчиси билбейт. Ошондо экинчисин сууга чөгүп кетүүсүнөн сактап калууга биринчиси милдеттүү эмеспи же чөгүп кетүүсүнө жол берүүсү керекпи? Аны сууга чөгүп кетүүдөн сактап калуу анын милдети болуп саналат. Ошон үчүн Ыйык Куранда мындай деп кезигет:تَعَاوَنُوْا عَلَى الْبِرِّ وَ التَّقْوٰى ۔ المائدۃ :3Алсыз бир туугандарыӊардын жүгүн көтөргүлө. Практикалык, ыймандык жана финасылык алсыздыктарында дагы аларга шерик болгула. Денелик алсыздыктарын дагы айыктыргыла. Күчтүүлөр алсыздарга таяныч болмоюнча эч бир жамаат жамаат боло албайт. Бул үчүн алардын айып-кемчиликтерин бекитип-жашыруу деген жол бар. Сахабаларга жаңы мусулман болгондордун алсыз жактарын карап, аларга ачууланбагыла деген таалим үйрөтүлгөн болчу, анткени силер дагы кудум ушундай алсыз элеӊер. Ошол сыяктуу эле, улуу кичүүсүнө кызмат кылып, сүйүү-мээримдүүлүк жана жумшактык менен мамиле кылышы керек. Карагыла, бири-бирин жеп жаткан, төртөө чогулуп отурганда, жакыр бир тууганын ушактай баштаган жана айып издей турган, алсыз жана жакыр бир туугандарын акаарат келтирип, аларга акаарат жана жек көрүү көзү менен карай турган жамаат чыныгы жамаат боло албайт. Эч качан андай болбошу керек. Тескерисинче, сүйүү жана берекелерди алып келүүчү биримдик жана ынтымак болушу керек, ынтымакта дагы күч кошулат. Майда-барат себептерден пикир келишпестик чыгып кетээрин көрүп турам, натыйжада ар бир иш-аракетибизди күзөтүп турган каршылаштарыбыз майда-барат нерселерди гезиттерге чоӊ нерсе кылып жарыялап, элди адаштырышат. Эгерде ички алсыздыктарыбыз жок болсо, анда мындай макалаларды жарыялоого жана ушундай кабарларды жарыялоо менен адамдарды алдоого эч ким батына бериши мүмкүн эмес. Эмнеге моралдык күчтөрдү кеңейтүү керек деп айтылбайт. Боорукердик, сүйүү, кечиримдүүлүк жана мээримдүүлүк жалпыланып, бардык адаттардан көрө кайрымдуулукка, боорукердикке жана кечиримдүүлүккө басым жасалганда гана ошондой болот. Көӊүлүн калтыруу жана кайгы-мууңга себеп боло турган майда-чүйдө нерселер үчүн катуу жоопкерчиликке тартпоо керек. Бул жерде медресе бар, басмакана бар, бирок булар биздин чыныгы максатыбызбы же алар чыныгы иштер жана максаттар үчүн кызматчы катары болушабы? Бул балдар окуп, илим-билим алып, кызмат кылып же китеп сатышы керекпи? Булар (түпкү эмес) кошумча максаттарыбыз, алар менен эмне ишибиз бар? Булар эӊ башталгыч иштер гана. Медресе иштей берсе дагы, жыйырма жыл бою Алигарх колледжинин абалына жете албайт. Эгер Алла Таала кааласа, аны бир көз ирмемде Алигарх колледжинен да чоңураак кылуусу мүмкүн, бул башка маселе, бирок бул маселеге бүт жөндөмдөрүбүздү жана күчүбүздү сарптоонун кажети жок». (Малфузаат, 3-том, 345-348-бет)

Share via