Курман айтта курмандык чалууга тиешелүү маселелер • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Курман айтта курмандык чалууга тиешелүү маселелер

ажылык намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу айт курман курмадык мал айбан жаныбар союу эт майрам

Курмандык кылуу парызбы же сүннөтпү?

Бир топ хадистерден маалым болгондой, курмандыкка чалына турган айбанды багып же сатып алып курман кылууга күчү жеткен ар бир адам сөзсүз курмандык кылуусу керек. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Мединадагы жашоосунда мединалык жашоосунун башталгыч күндөрү өтө оор экендигине карабай, ар жыл курмандык кылган.

Курман айт орозосу

Курман айт күнү курмандыкка чалынган айбандын этин жешке чейин орозо тутуу жагымдуу Нафл ибадаты болуп саналат жана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ага амал кылып турган, аны аткарган адамга сооп болот, бирок аны аткара албаган адамга күнөө болбойт. Азирети Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссалаам) дагы ушул сүннөткө амал кылып турган. (17-январь, 1941-жылдагы «Ал-Фазл» газетасынан кыскартылып алынды, 4-бет)

Түрдүү маселелер

  • Зул-Хижжа айынын тогузунчусунун Багымдат намазынан баштап, он үчүнчүсүнүн Аср намазына чейин ар бир парыз намазы бүткөн соӊ төмөндөгүдөй зикирлерди (Такбийрлерди) чалып туруу керек:
  • اَللّٰہُ اَکْبَرُ اَللّٰہُ اَکْبَرُ لَا اِلَہَ اِلَّاللّٰہُ وَاللّٰہُ اَکْبَرُ اَللّٰہُ اَکْبَرُ وَلِلّٰہِ الْحَمْد
  • Аллааху Акбар, Аллааху Акбар, Лаа Илааха Иллаллааху Валлааху Акбар, Аллааху Акбар Ва Лиллаахил-Хамд

Ушул Такбийрлерди үч жолу көтөрүӊкү үн менен окуу жагымдуу амал болуп саналат.

  • Онунчу күнү күн бир аз көтөрүлгөндөн кийин эки рекет айт намазын жамаат болуп аткаруу керек.
  • Намаз окугандан кийин курмандык кылуу керек. Курмандык кылуу убактысы айт намзынан кийин башталат жана он экинчисинде бүтөт, ал эми кээ бирөөлөрдүн пикиринче он үчүнчүсүнүн Аср намазына чейин болот.
  • Курмандык үчүн төө, уй, кой жана эчкини сойсо болот. Ханафий уламалардын назарында койлор жана топоздорду да союуга болот. Төө беш жашар, уй үч жашар, эчки жана кой эки жашар болушу керек. Курмандыкка чалына турган ушул айбандар чолок, сокур, бир көздүү (бир көзү жок), өтө арык, кулагы кесилген жана оорукчан болбошу керек. Мүйүзү сынган да болбошу керек. Ал эми бычылган же бычылган эмес малдын экөөсү теӊ жарай берет.
  • Уй жана төө жети адам тарабынан союлса болот.
  • Курмандык кылуу – бул Суннати Муаккадах[1] деп эсептелинет. Курмандыкка күчү жеткен адам албетте курмандык кылуусу зарыл.
  • Курмандыкка чалынган айбандын этин өзү пайдаланса деле болот, садага кылса деле болот.
  • Эгерде эки жашар кочкор же теке табылбаса, анда бир жашар да боло берет. Кой (куйругу бар кой) бир жылдык болбосо, деле болот.
  • Курмандыкка ниети барлар Зил-Хижжанын биринен тартып, курмандык кылмайынча чачтарын алдырбоолору керек. Бул маселеге биздин Жамаатыбыз өзгөчө көӊүл буруусу керек, себеби жалпы адамдар ушул сүннөттү аткарбай коюшкан. (Кадияндагы «Ал-Фазл» газетасы, 22-сентябарь, 1917-жыл)
  • Курмандыкка бычылган жана бычылбаган жаныбарларды, экөөсүн теӊ сойсо болот. (Абу Давуд, Китаабуз-Захая, Баабу маа юстахаббу миназ-Захая)
  • Алла Тааланын алдына сунуш кылына турган жаныбарларда эч кандай айып-кемчилик болбошу керек. (Абу Давуд, Китаабуз-Захая)
  • Курмандыкка союла турган жаныбарда айып-кемчилик болбошу керек: мисалы, чолок, оорукчан, мүйүзү сынган болбосун, тактап айтканда мүйүзү такыр эле сынган болбошу зарыл. Эгерде үстүӊкү кабыгы сынып, бирок өзөгү жакшы болсо, анда ал боло берет. Кулагы кесилбеген болушу керек, бирок эгерде кулагы бир аз кесилген болсо, анда ал боло берет. (Хутбаат-э-Махмуд, 2-том, 73-бет)

Курмандыкка чалынган малдын этинин бөлүктөрү

Азирети Халифатул-Масийхир-Раабиъ (рахимахулла)нын фатвасы бул: курмандыкка чалынган жаныбардын этинин үчтөн бирин өзүӊөргө калтыргыла, калган эки бөлүгүн кедейлерге, муктаж болгондорго жана тууган-туушкандарыӊарга бөлүштүргүлө. Бул так сүннөткө ылайык. (Хутбаатэ-Тахир Ийдайндан кыскартылып алынган, 649-651-бет)

Сойгондо дуба окуу керекпи?

Курмандыкка мал союу учурунда дубаларды окуу сүннөт болуп саналат жана ушул темада ар кандай хадистер бар. Мисалы, хадисте мындай деп кезигет:

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) курмандыкка чалына турган малды союп жатканда, Аллахтын ысымын алып, Такбийр деп айтчу. (Бухарий, КитаабулАзахий, БаабутТакбийри индазЗабхи)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз курмандыгын сойгондо, Бисмиллаахи Валлааху Акбар (Аллахтын аты менен жана Аллах баарынан Улуу) деп окучу. (Муслим, Китаабус-Сайд ваз-Забайх)

Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) өз курмандыгын сойгондо, Бисмиллаахи Аллаахумма такаббал мин Мухаммадин (Аллахтын аты менен, эй, Аллах! Муну Мухаммад тарабынан кабыл кылгын) деп окучу. (Муслим, Китаабус-Сайд ваз-Забайх, Баабу Истихбаабут-Захиййати… ват-Тасмияти ват-Такбийри)

Башкалар тарабынан курмандык кылса болобу?

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Көпчүлүк адамдар жакыр болушат, ошондуктан эч ким курмандыкка чалуудан куру-жалак калбасын деген нерсени эсебине алып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) салты боюнча, өз үммөтүнүн кедейлеринин атынан да бир курмандыкты чалчу. Бул ыкмага ылайык менин эрежем бул: өз Жамаатымдагы кедейлердин атынан бир курмандыкты чалып коём». («Ал-Фазл» газетасы, 1922-жылдын 17-августу)

[1] Аткарууга баса белгиленип атйылган сүннөт.

Share via