Коштошуу ажылыктагы кутба • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Коштошуу ажылыктагы кутба

Намаз

Ажылык

Ажылык

Сулайман бин Амар Аль-Ахвас атасынан мындай деп рабаят этет: «Атам Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) менен бирге коштошуу ажылыгына катышкан эле. Ушул учурда Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла таалага мактоо айткан соң бир топ насаат кылып, сахаабалардан: «Эң урматтуу күн кайсы?» – деп сурады. Рабаятчынын айтымында, адамдар: «Эй, Алланын Пайгамбары! Улуу ажылык күнү эң урматтуу күн», – деп жооп кылышты. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай айтты: «Албетте, силердин каныңар, мал-мүлкүңөр жана ызаатыңар кудум ушул урматтуу күн, шаар жана ай сыяктуу эле урматтуу. Кулак салгыла! Кандайдыр бир акысыздык кылуучу өзүнөн башка эч кимге акысыздык кылбайт. Ошондуктан, эч бир ата уулуна же эч бир уул атасына акысыздык кылбасын.

Дагы кулак салгыла! Мусулман мусулмандын бир тууганы. Ошондуктан, эч бир мусулман үчүн тууганынын бир нерсесин алуусу дурус жана адал эмес. Ооба, эгер анын өзү бир нерсе берсе, анда бул башка кеп.

Дагы уккула! Мен наадандык доордогу бардык сүткорлукту (процент) жок кыламын. Албетте, түпкү мал-мүлкүңөр силердики болот. Силер да аксыздык кылбайсыңар, силерге да акысыздык кылынбайт. Бирок мен Абдул Мутталиб уулу Аббаастын бардык сүткорлуктарын (түпкү мал-мүлкү менен чогуу) жок кыламын. Дагы уккула! Бүгүндөн тартып наадандык доордогу бардык кандардын куну да кечирилди. Эң алгач мен наадандык доордо өлтүрүлгөн абам Абдул Мутталиб уулу Хааристин өчүн кечиремин. Хаарис ымыркай кезинде эле Бану Лайистин Хузайл уруусунун колунан өлтүрүлгөн эле. Билип койгула, аялдарга жакшы мамиле кылгыла, алар силердин карамагыңарда болушат. Алардын үстүндө силердин эч бир эрк-ыктыярыңар жок. Ооба, эгер алар ачыктан-ачык абийирсиздик кылса, анда бул башка кеп. Эгер алар (аялдар) ошондой кылышса, анда алардын төшөктөрүн бөлүп койгула жана денелик жаза бергиле. Ал жаза айынан алардын денесинде эч кандай так болбошу керек (жеңил гана жаза болушу керек). Эгер алар силерге кулак сала башташса, анда аларга каршы кандайдыр бир жол (шылтоо) издебегиле.

Дагы кулак салгыла! Силердин аялдарыңарга карата болгон укуктарыңардай эле алардын силерге карата укуктары бар. Силердин аялдарыңарга карата болгон укуктарыңар төмөнкү: алар силерге жакпаган адамдар үчүн өз үйлөрүн жасалгалабасын жана силерге жакпаган адамдарга үйлөрүңөргө кирүү үчүн уруксат бербесин. Кулак салгыла! Алардын силерге карата болгон укугу төмөнкүдөй: алардын кийим-кечек жана жеп ичүүлөрү боюнча аларга жакшы мамиле кылгыла».

Share via