Текеберлик

Азирети Абдулла бин Масъуд (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Жүрөгүндө кенедей дагы текеберлик болгон бирөө бейишке кирбейт. Бир киши: «Эй, Алланын Пайгамбары! Адам баласы өзүнө жакшы кийим жана жакшы бут кийим болушун каалайт», – деп сурады. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай айтты: «Алла таала – сулуу жана сулуулукту жактырат. Чынында, адамдын акыйкатты четке кагуусу, адамдарды кемсинтүүсү жана жаман мамиле кылуусу – бул текеберлик».