Кийим-кечек • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну
Намаз сыйынуу ибадат азан дуба дин ыйман мусулман момун хадис куран

Кийим кечек

Азирети Хузайфа (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

«Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) жибек жана жибек кездеме кийүүнү бизге тыюу салган. Ошондой эле алтын жана күмүш идиштеринде тамактанууну да тыюу салган эле. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Булар бул дүйнөдө башкалар үчүн, ал эми акыретте силер үчүн болот», – деп айтты».

Кийим кечек

Азирети Абу Саңийд Худрий (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет:

«Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) жаңы кийим кийгенде, селде, көйнөк же жамынчы деп атын атоочу. Анан мындай айтчу: «Эй, Раббим! Мактоо-алкоо Сага гана таандык. Сен гана ушул кийимди мага кийдирдиң. Мен ушул кийим пайдасын Сенден сураймын. Кайсы максат үчүн бул кийим даяр кылынган болсо, анын жакшылыгын да сураймын. Ошондой эле ушул кийимдин зыянынан жана кайсы максат үчүн бул даярдалган болсо, анын жаманчылыгынан Сенин паанаңды гана сураймын».

Share via