Амр бил-маъруф жана нахий анил-мункар (жакшылыкка үгүттөө жана жаманчылыктан кайтаруу)
Азирети Хузайфа (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Менин жаным карамагында болгон Кудайга касам! Силер жакшылыкка буюргула жана жаманчылыктан кайтаргыла, болбосо Алла таала силерге катуу азап берүүсү мүмкүн. Ошондо силер дуба кыласыңар, бирок алар (дубалар) кабыл алынбайт».
Азирети Нуъмаан бин Башийр (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят кылат:
«Алла тааланын чек араларын эсепке алган бирөө менен аларды бузган бирөөнүн мисалы бир кемеден жай алуу максатында кара көтөн таштаган адамдарга окшош. Кээ бирлерге үстүңкү кабаттан орун берилди, айрымдарына астыңкы кабаттан жай берилди. Астыңкы кабаттагылар үстүңкү кабаттан өтүп суу алууга аргасыз болчу. Анан алар: «Биз жөн жерден үстүңкү кабаттагыларды кыйнап жатабыз. Келгиле, биз астыңкы кабатты тешип, андан суу алалы», – деп ойлошту. Эми, эгер үстүңкү кабаттагылар аларды ушул акмакчылыктан кайтарышпаса, анда алардын баары чөгүп кетишет, эгер аларды жаманчылыктан кайтарышса, анда алардын баары аман калышат».
Азирети Сахл бин Саъд (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын Азирети Али (разияллааху анху)га төмөнкү насаатты айтканын рабаят этет: «Эгер Алла таала сен аркылуу бир адамды туура жолго салып койсо, бул – сен үчүн асыл тукумдуу кызыл төөлөрдөн жакшыраак белек». (Араптарда кызыл төө абдан баалуу мал-мүлк эсептелчү).
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Кимдир бирөөнү туура жолго чакыра турган бирөө ага (жакшылыкка) амал кылган адамдар ээлеген соопко тете соопко ээ болот жана алардын сообунан эч нерсе кемитилбейт. Кимдир бирөөнү адашуу жана жаманчылыкка чакыра турган адам дагы ошол жаман иш кылган адам ээлеген күнөөгө тең күнөөгө ээ болот жана анын (күнөө жасаган) күнөөсүнөн эч нерсе кемитилбейт».
Азирети Анас (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Адамдарга жеңилдиктерди жараткыла, аларга оорчулуктарды пайда кылбагыла. Ошондой эле куш кабар бергиле, аларды үмүтсүз кылбагыла».