Кошуналар менен жакшы мамиледе болуу

Азирети ибни Умар (разияллааху анху) жана Азирети Айша (разияллааху анхаа) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Жабрааийл кошуналар менен жакшы мамиледе болуума дайыма мага насаат кылып турду. А түгүл ал аны мураскерлер сабына кошуп коет деп ойлодум».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Кимде-ким Алла таала жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, тактап айтканда, чыныгы момун болсо, ал кошунасына жамандык кылбасын. Кимде-ким Алла таала жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, ал өз коногун сыйласын. Кимде-ким Алла таала жана акырет күнүнө ыйман келтирсе, ал жакшы жана такыба сөздү сүйлөсүн же унчукпасын».
Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканын рабаят этет:
«Кудайга касам! Ал момун эмес. Кудайга касам, ал момун эмес. Кудайга касам, ал момун эмес». Андан: «Эй, Алланын Пайгамбары! Ким момун эмес?» – деп суралды. Ал зат (саллаллааху алайхи ва саллам): «Кимдин кошунасы анын жаманчылыктары жана кокуску «чабуулдарынан» аман болбосо», – деп жооп берди».