Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар
Чектеш темалардын мазмуну

Эң жакшы зикир – Алланы эскерүү

Жихад Согуш

Зикир чалуу

Азирети Жаабир (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Эң жакшы зикир – «Лаа илааха иллаллаах»[1] жана эң мыкты дуба – «Аль-Хамдулиллаах».[2]

Зикир чалуу

Азирети Абу Муса Ашъарий (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: «Алла Тааланы эске ала турган киши менен Алланы эске албай жүргөн кишинин мисалы тирүү менен өлүк адамдын мисалына окшош».

«Муслимдин» рабаяты боюнча Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтканы кезигет: «Кайсы үйдө Алланы эске алышса жана кайсы үйдө Алланы эске алышпаса, алардын мисалы тирүү менен өлүк мисалына окшойт».

Зикир чалуу

Азирети Абу Муса (разияллааху анху) мындай деп рабаят этет: «Бир жолу Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) менен чогуу жолго чыктык. Адамдар көтөрүңкү үн менен Такбийр[3] айта башташты. (Ошондо) Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам): «Эй, адамдар! Орточо жолду тандагыла. Силер уга албаган жана ар бир жайда жок бирөөгө кайрылып жаткан жоксуңар. Силер өзүңөргө жакын жана силер менен бирге турган Кудайга кайрылып жатасыңар», – деп айтты».

Зикир чалуу

Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху)нун рабаяты боюнча, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

«Алла Тааланын кээ бир улуу мартабалуу периштелери Алла Тааланы зикир кылуу жыйындарына чогула турган адамдарды кыдырып жүрүшөт. Алар (периштелер) Алланы зикир кылуу менен алек жыйындардын бирөөсүн көргөндө, өз канаттарын аларга жайып, ошондой жыйындарга катышып кетишет. Алар бири-биринин үстүндө ушундай учуп турган болушат: а түгүл жер менен ылдыйкы асмандын ортосундагы бүткүл боштук аларга (периштелер) толуп кетет.

(Бул – Алла Тааланын чексиз мээримдүүлүгүнүн метафоралык-өтмө маанидеги сүрөттөлүшү. Муну сөзмө-сөз түшүнбөш керек. (Котормочу)

Адамдар ушул жыйындан туруп кетишкенде, периштелер дагы асманга кайтып кетишет. Ошондо, Алла Таала алардан (периштелерден): «Кайдан келдиңер?» – деп сурайт. (Чынында, Ал кандай окуя болгонун жакшы билет). Алар (периштелер): «Биз Сага мактоо-алкоо айтып жаткан, Сени улуктап жаткан, Сенин жалгыздыгыңды даңазалап жаткан, Сага мактоо айтып жаткан жана Сенден дуба сурап жаткан кээ бир пенделериңдин алдынан келдик. Ошондо, Алла Таала: «Алар дубада Менден эмнени сурап жатышкан эле?» – деп сурайт. Ошондо, периштелер: «Алар Сенден Сенин бейишиңди сурап жатышкан эле», – деп жооп беришет. Алла Таала алардан: «Алар Менин бейишимди көрүшкөнбү?» – деп сурайт. Периштелер мындай жооп беришет: «Жок! Эй, Раббибиз! Алар Сенин бейишиңди көрүшкөн эмес». Ошондо, Алла Таала дароо суроо узатат: «Эгер алар Менин бейишимди көрүшкөндө, анда эмнени сурашмак?» Периштелер өз жообун улантып жатып: «Алар Сенин паанаңды сурап жатышат», – деп айтышат. Алла Таала: «Алар кайсы нерседен Менин паанамды сурашат?» – деп сурайт. Периштелер: «От азабыңдан», – деп жооп беришет. Ошондо, Алла Таала: «Алар от азабымды көрүшкөнбү?» – деп сурайт. Периштелер: «Жок! Алар от азабыңды көрүшкөн эмес», – деп жооп беришет. Ошондо Алла Таала: «Эгер алар от азабымды көрүшкөндө эмне болмок?» – деп айтат. Периштелер: «Сенин кечиримиңди сурашат». Алла Таала: «Алар Менден сураган нерсенин баарын аларга бердим. Алар Менден сураган паанамды да аларга бердим», – деп айтат. Ошондо, периштелер: «Эй, Раббибиз! Алардын арасында бир өтө күнөөкөр киши да бар болчу. Ал ошол (жыйындын) жанынан өтүп баратып, бир нече көз ирмемче алардын жанында отуруп калган эле», – деп айтышат. Алла Таала: «Аны дагы кечирдим. Алар Менин мээримим жана ырайымыма ушунчалык татыктуу адамдар: алардын жыйынына катышкан бирөө дагы Менин кечиримдүүлүгүмөн куру калбайт».


[1] {لَا إِلَهَ إِلَّا اللَّهُ}  Котормосу: Алладан башка эч кандай кудай жок.

[2] {الْحَمْدُ لِلَّهِ}: Бардык мактоо-алкоо Алла Таалага гана таандык.

[3] Аллааху Акбар (Алла баарынан улук).

Send this to a friend