Зикир чалуунун пайдалары
Убада кылынган Масийх жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) зикир чалуунун кээ бир жакшы жана кызыктуу пайдаларынан сөз кылган, аларды назарыңыздарга сунуш кылуу бактысына ээ болуудабыз. Бардык момун-мусулмандар ушул макаладан жемиштүү пайдаланып, зикир чалууга адаттанып, Алла тааланын ыраазычылыгына татыктуу болоор деген үмүттөбүз.
Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:
«Азыр мен силерге зикир чалуунун кээ бир пайдаларын айтып берем.
Биринчи пайдасы
Зикир чалуунун пайдаларынын эң улуусу: Алла тааланын ыраазычылыгы насип этилет. Бул кандайдыр бир жөн эле жакшылык, ошон үчүн башка (изги) иштер сыңары аны менен дагы Алла таала ыраазы болот деп ойлобош керек, тескерисинче аны менен өзгөчө ыраазы болот, себеби кайсы бир иш канчалык жакшы болсо, анын сыйлыгы да ошончолук жакшы берилет. Зикир чалуу жөнүндө Алла таала Курани каримде мындай деп айтат:
Баарынан да улуу сыйлык – бул Алла тааланын ыраазычылыгы. {اَكْبَرُ} «Акбардын» (улуунун) сыйлыгы дагы {اَصْغَرُ} «Асгар» (кичуу) эмес, {اَكْبَرُ} «Акбар» (улуу) болгондуктан ошол эки «Акбар» (Улуу) {رِضْوَانُ اللَّهِ} ризваануллаах (Алланын ыраазычылыгы) кайсы нерсенин куну катары берилерин айтып койгон. Зикир чалуунун (сыйлыгы) кун катары (берилет). Ушул аятта Алла таала башка сыйлыктардан сөз кылгандан кийин
деп {رِضْوَانُ} «ризваан» (ыраазычылык) кандайдыр бир жаңы жана баарынан улуу нерсе экенин айткан. Чындыгында, пендеге Алла тааланын ыраазы болуусу эле ал үчүн эң улуу белек. Ушул улук сыйлыкка жетишүү үчүн Алла таала мындай деп айтып койгон: эгерде Алла тааланы эскерсеңер, анда экинчи {اَكْبَرُ} «Акбар» (улуу) болгон {رِضْوَانُ اللَّهِ} «ризваануллаах» (Алланын ыраазычылыгы) силерге берилет.
Экинчи пайдасы
Экинчи пайдасы бул: жүрөк бейпилдиги насип этилет. Мисалы, Алла таала мындай деп айтат:
жүрөктөр зикир чалуу менен бейпилдик табат. Эмнеге? Себеби, адам баласын кандайдыр бир балээ-кырсык басып: «Эми, эмне кылам?» – деп ойлонуп, анан анда тынчсыздануу ахвалы пайда болот. Эгерде ал киши ар бир балээ-кырсыктын жана кыйынчылыктын дабасы бар деп бекем ишенсе, анда ал сар-санаа болбойт. Демек, качан бирөө Алланы эскерсе (зикир чалса) жана Алла таала чексиз кудуреттерге ээ, Ал ар кандай кыйынчылыктардан куткарат деп ишенсе, анда анын жүрөгү мындай деп айтат: ушундай Раббим бар болгондон кийин кандайдыр бир балээ-кырсыктан сар-санаа болуунун кажети жок, Ал Өзү мындан куткарат деп, анан ал жүрөк бейпилдигине ээ болот.
Үчүнчү пайдасы
Үчүнчү пайдасы бул: зикир чала турган адамды Алла таала Өзүнө дос кылып алат жана ушул дүйнөдө эле аны Өзү эстеп турат:
эй, пенделерим! Силер Мени эстегиле, Мен силерди эстейм (2:153). Алла тааланын эстөөсү ушул: Өзү менен барлашууну насип кылат. Дүйнөдө падышалар бирөөнү эстетишкенде, ал адамды өзүнүн ак сарайына чакыртат. Алла таала да дал ошондой кылат.
Төртүчү пайдасы
Төртүчү пайдасы бул: Алла тааланы эскерүү адамды жаманчылыктардан кайтарат. Мисалы, Алла таала Курани каримде мындай деп айтат:
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)га Алла таала мындай деп айткан: сага Алла берген Китепти адамдарга окуп бер жана намазды аткар, намаз бузукулуктардан жана жаманчылыктардан кайтарат. Алланы эскерүү өтө чоң нерсе жана силер баяндап жатканыңарды Алла жакшы билет (29:46). Жогоруда мен айтып өткөндөй, намаз дагы {ذِکْرُاللَّہِ} «зикруллаах» (Алланы эскерүү) болуп саналат. Мындан Алланы эскерүү бузукулуктардан жана жаманчылыктардан кайтаруучу экендиги далилденди. Эмнеге? Себеби, Алланы эскерүү өтө эле салмактуу болгондуктан, ал нерсе шайтанды башка уруп өлтүрүп салат жана ал жаманчылыктарга үндөбөй калат.
Бешинчи пайдасы
Бешинчи пайдасы бул: адамдын жүрөгү бакубат болуп, күрөшүү күч-кубаты пайда болот, адам жеңилүүгө дуушар болбойт, тескерисинче күрөшүүгө бекем болот. Мисалы, Алла таала мындай деп айтат:
эй, мусулмандар! Качан кандайдыр бир күчкө каршы күрөшкө чыксаңар жана ал күчтүү болсо, анда Алланы көп-көп эскере баштагыла, анын натыйжасында душмандарыңардын буттары тайгаланып кетет жана силер аны жеңип аласыңар (8:46).
Алтынчы пайдасы
Алтынчы пайдасы бул: зикир чалуучу адам өзүнүн алдына койгон ар бир максатында ийгиликке жетишет, бирок ал үчүн чын жүрөктөн зикир чалуу деген шарты бар. Жогоруда зикир чалуунун бешинчи пайдасын айтып бергенимде, келтирген аяттан дагы түшүнсө болот. Алла таала мындай деп айтат:
ийгиликке жетишүүңөр үчүн Алланы көп-көп эстегиле (8:46).
Жетинчи пайдасы
Жетинчи пайдасы бул: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: кыямат күнү жети адамдын үстүндө Алланын көлөкөсү болот, алардын арасында зикир чалуучу адам да болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат: ал ушунчалык коркунучтуу күн болот: бардык пайгамбарлар (ал күндөн) коркушат жана ал күнү Алла таала мурун эч качан ачууланбагандай катуу ачууланат, себеби, баардык ээн баштар (шайтандар) Анын алдына алып келинишет. Күн аябай жакындайт. Мына ушундай ахвалда Алланын (мээримдүүлүк) көлөкөсүнүн астында болгон адам канчалык бактылуу болорун билүүгө болот.
Сегизинчи пайдасы
Сегизинчи пайдасы бул: зикир чалуучулардын дубасы кабыл болот. Курани каримде кезигүүчү дубалардан мурун зикир, тактап айтканда, тасбех (Алланы улуктоо) жана Тахмийд (Аллага мактоо-алкоо айтуу) деген сөздөр кезигет. Эң алгачкы «Ал-Фаатиха» сүрөөсү деген дубаны
деген сөздөр менен баштаган жана
деген сөздөрдү ортого койгон, бул (сөздөрдүн) жарымы Алла таалага жана жарымы пендеге таандык. Анан
деп айткан. Бул – дуба. Ошентип, Алла таала биринчи иретте зикирди койгон, андан кийин дубаны койгон. Дүйнөдө дагы биз байкагандай, качан кайсы бир кайырчы бирөөнүн алдына барганда, а дегенде ага мактоо-алкоо айтат, анан өз каалоосун сурайт. Ошентип, адам Алла тааланын алдына барганда, а дегенде ал Алла тааланын кудуреттүүлүгүн жана өзүнүн алсыздыгын моюнуна алыш керек.
Азирети Юнус (алайхиссалаам) дагы өз жөнүндө мына ушундай деп дуба сураган:
А дегенде Алла таалага мактоо-алкоо айткан, анан өз ахвалын баян кылган. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы мындай деп айтат:
Алла таала мындай деп айтат: Мени эскерип турган бирөөгө (Менден дуба) сурап турган бирөөдөн көбүрөөк тартуулайм. Бул хадис дуба сурабаш керек деген маанини билдирбейт, анткени {اُمُّ الْقُرْان} «Уммул-Кураан» (Курандын энеси) эсептелинүүчү «Ал-Фаатиха» сүрөөсүндө зикир чалуу менен бирге дуба да кезигет, андан тышкары Курани каримде жана хадистерде толтура дубалар үйрөтүлгөн. Жок, анын мааниси мындай: зикир чалбай туруп, болгону дуба сураган адамдан көрө дуба суроодон тышкары зикир дагы чалган, дубанын убактысынан сактап, зикир чалууга да убакыт сарптаган адамга көбүрөөк берилет.
Тогузунчу пайдасы
Тогузунчу пайдасы бул: күнөөлөр кечирилет. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: кимде-ким Алланы улуктаса, Ага мактоо-алкоо жана таспех айтса, анын күнөөлөрү деңиздин көбүгүнө барабар болсо дагы кечирилет.
Онунчу пайдасы
Онунчу пайдасы бул: акылы курч, өткүр болот. Зикир чалуучу адамга ушундай терең илим-билимдер жана ой-пикирлер ачылат: ал өзү да айран-таң калат. Алла таала мындай деп айтат:
жер менен асмандын жаралуусунда жана күн менен түндүн алмашуусунда көптөгөн белгилер бар, бирок акылы бар адамдар үчүн гана. Анан мындай деп айткан: Алла тааланы эскерүү менен алектенип, Анын иштерине ой жүгүртүү менен алектенип туруучулар акыл-парасат ээлери болушат (3:191-192).
Он биринчи пайдасы
Он биринчи пайдасы бул: такыбалуулук пайда болот. Хадисте мындай деп кезигет:
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла тааланын мындай дегенин айтып берет: Менин пендем ичинен Мени эскергенде, Мен дагы аны ичимен эстейм. Мисалы, адам баласы
эй, Алла! Сен тазасың деп айтканда, Алла таала дагы ал пенде жөнүндө: «Сага да тазалык насип этсин», – деп айтат. Анан качан Алла таала ошондой айтса, анда ошол тазалык (ал пендеге) насип этилип калат. Анан мындай деп айтат: качан Менин пендем адамдардын арасында Мени эстегенде, Мен андан да жакшыраак пенделердин арасында аны эстейм. Тагыраак айтканда, такыбалар жана жакшы пенделердин арасында аны көтөрөм жана дүйнө анын такыба экенин кабыл кылат.
Он экинчи пайдасы
Он экинчи пайдасы бул: сүйүү-махабат өсөт. Адамдын жаратылышында ушундай мыйзам-эреже бар: кайсы нерсе менен ар дайым алака-байланышта болсо, аны сүйүп калат. А түгүл адам өзү жашаган айыл же шаарды да сүйүп калат. Демек, качан пенде эртели-кеч жана ар бир учурда Алла таааланы эскерип, Анын атын тилге алганда, акырындап Алла тааланын сүйүүсү анын жүрөгүндө өсүп-өнүгүп кетет.
Булар мен кыскача баяндап берген Алланы эскерүүнүн (зикир чалуунун) пайдалары. Алла таала силерге дагы, мага дагы алардан пайдаланууга күч-кубат берсин деп дуба кылам. Аамийн». («Зикр-э-Илаахий», «Анваарул-Улуум», 3-том, 534-538-бет)