Намазда көңүл-дитин коюунун ыкмалары • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Намазда көңүл-дитин коюунун ыкмалары

Убада Кылынган Мессия жана Махдий – Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам)дын 2-халифасы Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) намазга кунт коюп, көңул-дитин буруп намаз аткаруунун кээ бир абдан пайдалуу жана кызыктуу ыкмаларынан сөз кылган, аларды назарыңыздарга сунуш кылуу бактысына ээ болуудабыз. Намаз аткарган учурда ар кандай ой-кыялдар келип, намазы бузула турган ар бир момун-мусулман аларды пайдаланып, Алла тааланын алдына жыгылып, Анын ыраазычылыгына татыктуу болоор деген үмүттөбүз.

Азирети Мырза Башируддин Махмуд Ахмад (разияллааху анху) мындай деп айтат:

«Азыр намазда кандай дит коюу мүмкүн экендиги жөнүндө айтып берем. Бул жөнүндө ар дайым көптөгөн адамдар сурашат. Бүгүн анын ыкмаларын айтып берем. Айрым ыкмалар ушундай: аларды силер колдоносуңар, бирок чындыгында алардан пайда албайсыңар. Ал эми (аларды) ишке сала турган адамдар сөзсүз пайда алышса керек. Негизинен шарият көңүл-дитти коюу үчүн намаздын ичинде эле айрым эреже-мыйзамдарды айтып койгон, бирок билбегендиги үчүн көпчүлүк адамдар алардан пайда көрө алышпайт. Андан тышкары жалпы адамдар билбеген жана аларды ишке ашырбаган кээ бир башка ыкмаларды да айтып берем. Чындыгында болсо, аларга амал кылуу менен намазда көңүл-дитти кармаш мүмкүн. Биринчи түрдөгү ыкмаларды айтып берүүдөн мурда мен төмөнкүлөрдү айтмакчымын: Алла таала адамда ушундай бир касиетти жараткан: качан адам баласы кандайдыр бир нерсени колдонуп жаткан учурда, аны (пайдалануу) менен бирдикте анын пайдалары жөнүндө ойлоп барса жана буга ишенсе, анда ал чоң пайдаларды алат. Европада Сандо аттуу дене тарбиясынын мугалими өткөн экен. Ал киши мындай деп жазат: «Чың-ден-соолук жана күч-кубат үчүн дене тарбияга катышкыла, бирок аны менен бирдикте: «Колдорубуз менен булчуңдарыбыз бакубат болуп барууда», – деп да ойлонуп бара бергиле. Чындыгында эле дене тарбия менен колдор бакубат болот, бирок качан ал денеге кандай таасир тийгизээрине ой жүгүртүп, денелик тарбияга катышса, анда ушул таасирди кабыл алууга денеси дагы көбүрөөк даяр болуп калат. Эгер мына ушул нерсени ойлобосо, анда көптөгөн таасир текке кетип калат жана пайдасы салыштырмалуу дагы азайып калат.

Биринчи ыкмасы

Ислам шарияты да көңүл-дитти кармап туруу үчүн айрым эреже-мыйзамдарды белгилеген: алардын арасындагы биринчи эреже-мыйзам-бул – даарат. Намаз аткара турган ар бир адам (даарат) алууга аргасыз болот. Мында төмөндөгүдөй даанышмандык бар: адамдын ой-кыялдарын жана сезим-туйгуларын башка адамдарга жеткирүү үчүн Алла таала жараткан кээ бир жол-жоболордун арасындагы бири – бул булчуңдар курамы. Алар аркылуу адамдын ой-кыялдарынын жана сезим-туйгуларынын таасири башка нерселерге өтөт жана ал кандайдыр бир жол катары болот. Мына ошондон улам гана Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Аятул-Курсий деген аятты окуп, өз денесине үйлөчү. Бул жөн жерден эле болчу беле? Жок, такыр андай эмес. Жок, негизинен, ой-кыялдардын таасири булчуңдар аркылуу, үн аркылуу, сүйлөө аркылуу ой-кыялдарга өтөт. Демек, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) ушул үч эле ыкманы топтоп алчу эле. Аятул-Курсий деген аятты окуп, анан колдоруна үйлөчү, анан колдору менен бүтүн денесине сүйкөп алчу. Кыскасы, (адамдын) үнү, булчуңдары, көрүү жана үйлөө жөндөмдөрү ж.б. ойлорду тышка чыгаруунун куралдары. Ошондуктан, дем салуу да такыба-саалих адамдардан далилденген. Демек, булчуңдар аркылуу ойлор (тышка) чыгат жана чаржайт болуп кетет, ошон үчүн аларды кармап туруу үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) даарат алууга буюрган. Ой-кыялдардын чыгуусунун чоң-чоң борборлору – бул кол-буттар жана ооз болгондуктан, тажрыйбалар кылынгандай, аларга суу куюлганда, алардан чыгып жаткан ойлор агымы токтоп калат жана ойлордун чыгуусу токтойт. Бул кандайдыр бир далилденген маселе. Даараттан көздөлгөн максат-мүдөөлөрдүн бири ошол дагы. Дааратта бир топ башка даанышмандыктар да бар. Бул дагы ошолордун бири: ушинтип ойлор агымы токтоп калат. Качан ал токтогондо, кандайдыр бир рахат насип этилип, адамдын көңүл-дити туруктуу бойдон калат. Демек, көңүл-дитти кармоо үчүн даарат дагы кандайдыр бир мыкты даражадагы курал. Бирок даарат алганыңарда, биз чаржайт ойлорду токтотуу үчүн ушундай кылып жатабыз деген нерсени да ойлогула, качан ошондой кылсаңар, анда намаздан кандайдыр бир рахат аласыңар жана ой-кыялдар көңүл-дитиңерди чаржайт кыла албай калат.

Экинчи ыкмасы

Көңүл-дитти бөлүндүрбөөнүн экинчи ыкмасы – бул Ислам шарияты мечитте намаз окууга буйрук кылгандыгы. Адамдын ушундай өзгөчөлүгү бар: ал кандайдыр бир нерсени көргөндө, анын ою андан башкасына өтөт. Мисалы, бир адам Зайд менен көрүшкөндө, андан анын уулу Бакр жөнүндө дагы сурайт. Бакр анын алдында турбаган болсо да, бирок Зайдды көрүп эле, Бакр да анын оюна түшүп кетет. Демек, адам мээсинин түзүлүшү мына ушундай: кандайдыр бир нерсе анын көз алдына келгенде, ага тиешеси бар башка нерселер дагы анын оюна түшүп кетет. Демек, эгерде адам намаз менен кандайдыр бир өзгөчө алакасы жок бир жерде намаз аткарса, анда кандайдыр бир өзгөчө нерсе анын оюна келбейт, ал эми качан күнү-түнү Алла таалага ибадат кылына турган жайда, Алла тааланын үйү деп аталуучу жайда намаз аткарса, анда ага сөзсүз төмөндөгүдөй ой келет: мен Алланын ибадаты үчүн салынган ушул жерде Алла тааланын маңдайында турган экенмин жана чын жүрөктөн ага баш ийип, моюн сунуу мага парз болуп саналат. Мына ошон үчүн Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: мусулмандар өз үйлөрүндө намаз аткаруу үчүн кандайдыр бир өзгөчө жайды белгилеп коюулары керек. Намаз аткарып жатканыңарда, бул Алла таалага сыйынуучу жайы деген ой келсин деп ал жерде намаз аткаруудан башка бир дагы иш жасалбасын. Силердин араңардагы кээ бир адамдардын жүрөктөрүндө мечитке барып да ошондой ой келбеген болушу мүмкүн. Бирок эми мечитке барып намаз аткаруунун даанышмандыгы айкындашкан соң ушул ой менен намаз аткарганы мечитке барганыңарда, силердин ойлоруңар дароо токтоп калат жана бейпилдик насип этилет.

Үчүнчү ыкмасы

Үчүнчү ыкмасы: Кыбыла жакка жүздөнүү жөнүндөгү буйрук дагы көңүл-дитин каратууга өтө эле жардамчы болот. Улуу Меккеде бир топ өзгөчөлүктөр бар. Ал жерде бир адам (Азирети Ибраахийм (алайхиссалаам) өзүнүн жубайы менен баласын тамак-аш жана суусуз, кандайдыр бир эл-жайсыз, эч бир кароосуз болгону Алланын буйругунун негизинде калтырган эле. Ал киши ушул ишти Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн кылгандыктан, Алла таала анын тукумун ушунчалык өстүргөн: асмандагы жылдыздар сыяктуу аларды санап болбойт. Анан анын тукумунда бир канча пайгамбарлар төрөлүшкөн. Акыры бүтүн ааламга Пайгамбар болуп келген инсан (Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы ошонун эле тукумунан болгон. Демек, качан бирөө Мекке жакка жүздөнүп намаз үчүн турса, ошондой эле ал жакка жүздөнүп намаз окууга эмнеге айтылгандыгы деген даанышмандыкты да билсе, анда ага дароо Азирети Исмааийл (алайхиссалаам)дын окуясынын таасири болот жана адамдын көңүл-дити бул нерсеге бурулат: кайсы Кудайга ибадат кылуу үчүн мен турган болсом, Ал өтө эле чоң салтанат жана кудурет Ээси. Качан ага мына ушундай ой келсе, анда анын чаржайт ойлору жоголуп кетет, ошондой эле ал киши Алла тааланын айбаты жана Жалалы менен басмырланып кетет.

Төртүнчү ыкмасы

Төртүнчү ыкмасы: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) азанды белгилеген. Качан көтөрүңкү үн менен {اَللهُ اَكْبَرُ} Аллааху Акабар, Аллааху Акбар (Алла баарынан да Улук) деп айтылганда, ошол эле маалда намаз башталып калбаса да, бирок намаз аткаруучулар мындай деп кулактандырылышат: силер жакшылап ойлоп туруп, намаз аткарганы келгиле, анткени силер өтө бийик салтанаттын Ээси – Алланын алдына барышыңар керек. Демек, качан кимдир бирөө азанды укса, ага Алла тааланын бийиктигинин жана салтанаттуулугунун өзгөчө айбаты түшөт жана анын себебинен анын көңүл-дити намазда болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) азан шайтанды качыруу үчүн айтылат деп айткан. Хадисте мындай деп кезигет: азан чакырылганда, шайтан алыска качып кетет. Кыскасы, качан кимдир бирөө азанда баян этилген маани-мазмундун максат-мүдөөсү Алла тааланын айбатына жана кудуреттүүлүгүнө көңүл бурулсун деген нерсени көздөсө, анда анын даанышмандуулугун да эстеп калат. Бүгүн ушул даанышмандуулукту угуп алгандар качан азанды угушканда, бул нерсени эстеп калышат. Качан эстеп калышканда, анын таасири да болот. Мыйзам-эреже да ушул: качан бир ой келгенде, башка ойлор качат. Демек, качан Алла тааланын бийиктиги жана кудуреттүүлүгү деген ойлор пайда болгондо, башка ойлор жоголуп кетет жана көңүл-дит ошол жакка каратылат.

Бешинчи ыкмасы

Бешинчи ыкмасы – бул коомат. Ал дагы (адамдын) көңүлүн Алла тааланын бийиктигине жана салтанатына каратат. Азанда кандай даанышмандык бар экендиги айтылган болсо, мында (кооматта) дагы дал ошондой (даанышмандык) бар. Коомат жөнүндө дагы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат: анын добушу менен шайтан качып кетет. Мунун мааниси да ушул: аны менен азгыруулар жоголуп, көңүл-дит Алла таала жакка каратылат.

Алтынчы ыкмасы

Алтынчы ыкмасы – бул сап тартуучулук. Денелик тартиптүүлүгү ой-пикирлерде да кандайдыр бир тартиптүүлүктү жаратып коёт жана алардын чаржайт болуусуна жол бербейт. Денелик жактан сап тартылганда, ички толкундануулар дагы бир жипке тизилет. Ошондо ал көрүнүш кандай айбаттуураак болуп кетет: бардык адамдар унчукпай, жымжырт болуп, падышалардын Падышасынын алдына турган болушат. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: саптарды оңдогула, антпесе силердин жүрөктөрүңөр кыйшайып кетет. Түз тартылган саптын кандай таасири болот? Ушундай таасири болот: сырткы нерсе ички нерсеге өз таасирин тийгизет. Ошондуктан, эгерде сыртынан байкалуучу тартиптүүлүк болбосо, анда ички тартиптүүлүк дагы таасирленип калат.

Жетинчи ыкмасы

Жетинчи ыкмасы: бул намаз аткаруунун ниети. Анткени качан адам баласы өз напсисине: «Мен баланча жумушту аткаруу үчүн турмакчымын», – деп айтып койгондо, анын көңүл-дити да ошол эле жакта болот. Ниет ушул имамдын аркасында мынчалык рекет намазды Кааба жакка жүздөнүп аткармакчымын ж.б. дегенди билдирбейт. Жок, ичинен эле намаз аткарууга ниет кылуу керек. Бир киши тууралуу мындай деп айтылат: ал ниет кылууга ушунчалык шыктанган болчу, эгер ал арткы сапта туруп: «Ушул имам-хатибдин аркасында туруп», – деп ниет кылганда, ошондо ага: «Мен имам-хатибдин аркасында эмесмин го, менин алдымда кандайдыр бир башка адам турат», – деген ой келчү, анан ал киши алдыга чыгып: «Ушул иамам-хатибдин аркасында», – деп койчу, анан: «Мен азыр деле имам-хатибдин аркасында эмесмин», – деп шек саначу, ошон үчүн ал имам-хатибдин аркасында туруп калат, ага колун тийгизип: «Ушул имам-хатибдин аркасында», – деп айтчу.

Мына ушул сыяктуу азгырууларга азгырылган адамдар дагы жаңылышка жол коюшат, анын натыйжасы өтө эле жаман чыгат. Ниеттен көрө бул нерсе балээ-кырсык болгондой көрүнөт. Негизинен, жүрөктүн ниети болот. Ал эми кээ бир адамдар (намазга) турушканда, эмне кылышмакчы экенин да билишпейт. Качан ушул маселени түшүнүп алсаңар, ошол эле замат силердин ичиңерде Алла тааладан коркуу сезими пайда боло баштайт, качан Алла тааладан коркуу сезими пайда болуп калса, анда көңүл-дит да жыйылат.

Сегизинчи ыкмасы

Сегизинчи ыкмасы: жамаат болуп намаз аткаруу. Ошентип, намаз окуп жатканда, Алла тааланын бийиктигине көңүл бургузуучу сөздөр имам-хатиб тарабынан адамдын кулагына куюлат. Кайдыгер болуп кеткен жана ойлорго чалдыгып калган адамдарга түрткү болот. Мисалы, Аллааху Акбар деп айтылганда, тим эле мындай кулактандырылат: карагыла, сак болуп тургула, силер маңдайында турмакчы болгон Зат абдан улуу. Анан анын турганына бир аз убакыт өтүп, анын көңүлүндө ар түрдүү ойлор келе баштаганда, имам-хатиб кайрадан көтөрүңкү үн менен Аллааху Акбар (Алла баарынан да улук) деп айтат. Анан адам бир аз кайдыгер боло баштаганда,

самиъаллааху ли-ман хамидах

самиъаллааху ли-ман хамидах

деген үн анын кулагына салынат. Тактап айтканда, Алла таалага мактоо-алкоо айтуучу бирөөнүн айткандарын угат жана кабыл кылат. Ушинтип, анын көңүлү бул жакка бургузулат: эгерде бир аз пайда алмакчы болсоңор, анда Алла таалага мактоо-алкоо айткыла, антпесе жөндөн жөн убагыңар текке кетет. Кыскасы, имам-хатиб улам-улам намазда тургандардын көңүлүн бургузат жана кулактандырып турат. Мына ошондон улам гана имам-хатиб намазда тургандардан абзел болот. Анткени, алар: «Силер баарынан да улук Падышанын алдында турган экенсиңер, ошон үчүн сак болуп тургула», – деп аларды кайра-кайра кулактандырат.

Тогузунчу ыкмасы

Тогузунчу ыкмасы: намаз аткарууга бир эле ахвал белгиленген эмес, тескерисинче ар кандай ахвалдар кезигет. Эгерде кимдир бирөө намаз окуп жатканда, кайдыгер болуп калса же ою башка жакка кетип калса, анда анын Рукуга жана Саждага баруусу анын көңүл-дитин намазга каратып коёт. Мейли бирөө адат катары эле Руку кылсын же Саждага барсын. Ошентсе да, кыймыл-аракет ушундай нерсе: кайдыгер адамды да сак кылып коёт. Башка диндердин ибадаттарында андай нерсе жок, бул Ислам дининин гана өзгөчөлүгү.

Онунчу ыкмасы

Онунчу ыкмасы: парыздардан мурун жана кийин сүннөт намазын окуу. Табияттын эреже-мыйзамы ушудай: качан кандайдыр бир иш аткарылмакчы болсо, анын бир аз таасири ал аткарыла электе ачыкка чыгат жана бир азы ал аткарылгандан кийин ачыкка чыгат. Мисалы, күн чыгып жаткан маалда, ал али чыга электе эле жарык тарап кетет, ошондой эле ал баткандан кийин да бир аз убакытка чейин жарык кетпей турат. Ал эми (кайсы жумуш адамдын) тилектерине жараша аткарылса же андан кандайдыр бир рахат табылса же анын аткарылбоосунда зыян келүү коркунучу болсо, башка жумуштарга салыштырмалуу анда аз таасир болот жана аны басмырлап кетет. Мисалга, эгерде бир киши кандайдыр бир өзгөчө пайдасы көрүнбөгөн бир жумушту жасап жаткан болсо, жана андан кийин ал киши кандайдыр бир өзгөчө пайдасы көрүнчүдөй бир жумушту жасай турган болсо, же анын аткарылбоосунда кандайдыр бир коркунуч бар болсо же ал жумуш анын тилектерине ылайык болсо, анда ал киши алектенип турган жумушту жасап жаткан кезде дагы ошол башка жумуш жөнүндөгү ойлор эле басмырлап турат жана көңүл-дити ошол жакка эле болот. Мисалы, бир кызматкер кеңсе жумушун аткарып жатат, ошондо эгерде ал киши кеңседен бошогон соң өзүнүн кандайдыр бир жеке жана маанилүү жумушун жасоо ниетинде болсо, анда кеңсе убактысы бүтүшүнөн бир-эки саат мурун эле анын ойлору ошол жакка болуп калат. Эгерде кеңсе жумуштарынын арасында кандайдыр бир маанилүү жумуш анын көңүлүн өзүнө тартууга себепчи болсо, анда кеңседен бошоп, жол аралыгында дагы жана бир аз мөөнөткө чейин үйдө дагы анын ою ошол эле жакта болот. Анан бир аздан кийин анын ойлору ал азыр алектенген жумуштар жакка бурулат. Мына ушул эле даанышмандыктан улам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) парыз намаздарынан мурун жана кийин сүннөт намаздарын белгилеп койгон. Анткени, эгерде намаз аткарыла электе кандайдыр бир ойлор болсо, алар парыздарга залал келтирбесин, тескерисичне сүннөттөрдү аткарып жатканда аларды басмырлап, адам канааттанып калсын, анан парыздар жакка толук кандуу көңүл буруп алсын. Кудум ошондой парыздардан кийин да сүннөттөрдү белгилеп койгон, анткени эгер намаздан кийин кандайдыр бир зарыл жумуш болсо, парыз намазы бүтө электе ал жөнүндөгү ойлор көңүлдө пайда болуп, намазды бузбасын, тескерисинче адам бейпилдик менен намазды аткарып алсын. Себеби, жогоруда мен айткандай, жалпысынан, адам биринчи жумушту бүтүрүп, экинчи жумушту баштоо ниетинде болгон учурда эле ойлор келип, аны кыйнайт. Качан адам мен али бошой элекмин, сүннөттөрдү да аткаруум керек деп ойлосо, анда анын ойлору басмырланып турат. Бул – сүннөттөрдү белгилөөдө көздөлгөн даанышмандыктардын арасындагы өтө чоң даанышмандык. Ошентип, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) убакыттардын алмашып тургандыгына ылайык сүннөттөрдү да белгилеген. Пешин намазынын убактысы башка жумуштар менен катуу алектенүү убактысы болгондугу үчүн намазга чейин төрт же эки сүннөттү жана эки же төрт сүннөттү намаздан кийин белгилеп койгон. Башкача сөздөр менен айтканда, парыз намазын коргоо үчүн бул эки жоокерди дайындап койду, ал учурда келмекчи ойлорду кайтарсын деп. Дигер намазынан мурун кандайдыр бир сүннөттөрдү белгилеген жок, ал эми нафыл намазын койгон, бирөө окуса, окусун, окубаса, окубасын. Мунун төмөндөгүдөй себеби, дигер намазы маалында бир жактан адам башка жумуштардан бошоп калат; экинчиден, ал бардык жумуштарды бүтүрүүчү убактысы болгондуктан ал убакытта бир аз гана намазды койгон. Бирок дигер намазынан кийин шам намазына чейин зикир чалууну эле койгон. Жогоруда мен айтып өткөндөй, шам намазынан мурун сүннөт намазын белгилебегендигинин себеби, ошондо убакыт өтө эле тар болот. Ооба, андан кийин эки сүннөттү белгилеген. Себеби, жалпысынан, шам намазынан кийин тамак ичилет жана ушул сыяктуу башка жумуштар болот. Бул сүннөттөр жумуштар жөнүндөгү ойлордон парыздарды коргойт. Куптан намазынан мурун сүннөттөрдү койгон эмес, себеби ал намаздан мурун жалпысынан адам аткара турган жумуштардын таасири көпкө созулбайт. Ал эми нафыл намазын койгон, эгер бирөө кааласа жана керек болсо, окуп алсын деп. Бирок куптандан кийинки убакыт уктоо убактысы болот жана күндөлүк бардык жумуштардан кийин адамдын табигаты эс алууну каалайт, ошон үчүн куптан намазынан кийин эки сүннөт жана үч витрди белгилеген, ал эми витр намазын жарым түндөн кийин окуса да болот.

Багымдат намазынан мурун эки сүннөт коюлган экен, себеби уйкудан тургандыктан намазда кандайдыр бир кайдыгерлик болбосун. Ал сүннөттөр кайдыгерлик жана уйкуга таандык ойлорду токтотуп коёт. Намаздан кийин сүннөттөрдү белгилеген жок, анткени күн чыкканга чекйинки убакыт аралыгында кандайдыр бир өзгөчө жумуш болбойт, ооба зикир чалууну койгон. Кыскасы, ушул куралдарды шарият намазда көңүл-дитин кармоо үчүн намазга байланыштырып койгон. Бирок аларды түшүнүүгө адам аракет жасаган соң гана алардан пайда алуу мүмкүн. Силер алар менен таанышып, алардан пайда алууңар үчүн гана мен аларды айтып бергенмин. Иншаа′Аллах (Кудай буюрса) ушул даанышмандыктарды эске тутуп, аларга амал кыла турган адамдар сөзсүз пайда алышат. Баса, бул нерсени эсиңерге катуу сактагыла, кудум адам денесинин муундары сыяктуу эле намазда тик туруу, Руку, Сажда, ж.б.ларда айтылуучу сөздөр – бул намаздын муундары. Ал муундарда айтылуучу сөздөргө өзгөчө көңүл буруу керек. Эгерде ушундай кылынса, анда намаз өтө бекем болуп калат, антпесе «кулап» кетет.

Эми намазга көңүл-дитин каратуунун намаз шарттарына кирбеген, шарият дагы аларды намаздын бөлүгү катары белгилебеген ыкмаларын айтып берем. Эгерде бирөө ушул ыкмаларга амал кылса, анда көңүл-дитин намазга каратууга болот.

Он биринчи ыкмасы

Он биринчи ыкмасы: эгер намазды аткарып жатканыңарда, көңүл-дитиңер бөлүнүп кетсе, анда (намаз) сөздөрүн акырын-акырын айткыла. Адам мээсинин түзүлүшү ушундай: кайсы нерсени улам-улам ага киргизилсе, аны ал дароо өзүнүн алдына алып келет. Ал эми кээде эле анын алдына келген нерсени араң эле өзүнүн алдына алып келет. Мисалга, эгерде Зайд деген кишини ар күнү көрсөк, анда аны ойлогондо, анын келбети дароо адамдын алдына пайда болуп калат. Бирок эгерде аны кээде эле көрсөк, анда анын атын уккандан же атагандан бир аз убакыттан кийин анын сөлөкөтү адамдын оюна келет, ал да бүтүндөй тунук болбойт. Анан дагы байкагыла, бала чагында адам үйрөнгөн тилдеги кайсы бир атаманы сүйлөгөндө же аны укканда, анын сөздөрү менен кошо мааниси да анын оюна келип калат. Мисалы, эгерде суу деген сөздү ойлосо, анда кандайдыр бир тыныгуусуз суунун акыйкаты да анын оюна келип калат же эгерде ал киши бирөөдөн нан деген сөздү укса, анда дароо нандын мааниси да анын оюна келип калат. Ал эми чет тилди адам жакшылап өздөштүрмөйүнчө андай ахвал жүз бербейт, тескерисинче сөздөрдү уккандан кийин анчалык убакыттан кийин анын мааниси адамдын оюна келет. Маселен, англис тилин үйрөнүүчү балдар англис тилиндеги толук кандуу адистер болмоюнча алар өз китебинен «cat» сөзүн окушканда, ал сөздүн акыйкаты алардын оюна келбейт, ал эми «мышык» деген сөз айтылганда, ал айбандын сүрөтү дароо анын оюна келип калат.

Мына ушул эле себептен араб тилинде сүйлөөчү адамдардан башка жалпы мусулмандар араб тилин билбегендиги себептүү намазда көпчүлүк адамдардын көңүл-дити башка жакка бөлүнүп кетет. Анткени анын маанилери да адамдын оюнда бар болгондуктан гана көңүл-дити жайында боло алат. Бирок араб тилин билбегендиги үчүн (адамдар) ал сөздөрдү окуп жатышканда, аны менен кошо алардын маанилери алардын оюна келбейт, тескерисинче анын мааниси менен сөздөрүнүн орду алмашып калат. Мисалы, бир адам

Иййаака наъбуду

Иййаака наъбуду

деген сөздөрдү айтканда, ал сүйлөмдүн мааниси анын оюна келбейт, тескерисинче

Ар-Рахмаанир-Рахийм

Ар-Рахмаанир-Рахийм

же

Маалики йаумиддийн

Маалики йаумиддийн

деген сөздөрдүн мааниси келип жаткан болот, натыйжада толук кандуу көңүл-дити болбой калат жана намаздан толук кандуу пайда дагы насип этилбейт. Ошондуктан, араб тилин жакшы билбей, кудум эне тилиндегидей анын сөздөрү менен кошо маанилерин да элестетүү кудуреттүүлүгүнө ээ болбогон адамдар намаз аткара башташканда кайсы бир сүйлөмдү окуп жатышкан болсо, анын мааниси да оюна келмейинче алдыга жылышпасын. Мисалы,

Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахийм

Бисмиллаахир-Рахмаанир-Рахийм

деген сөздөрдү окушканда, анын мааниси жакшылап оюна келмейинче

Ал-Хамдулилллаахи Раббил-ааламийн

Ал-Хамдулилллаахи Раббил-ааламийн

деп айтышпасын. Жана ушул аяттын мааниси оюна келмейинче

Ар-Рахмаанир-Рахийм

Ар-Рахмаанир-Рахийм

деп айтышпасын. Эгерде ушул бардык аяттар жөнүндө адамдар ошондой кылбаса, анда алардын тилинен чыгуучу сөздөрү башкача болот, ал эми оюна маанилери башкача келип жаткан болот. Натыйжада, ойлору чаржайт болот. Ойлору чаржайт болсо, анда көңүл-дити жайында боло албайт. Эгерде араб тилин билген адамдар да бат-бат окуй беришсе, ошондо анын маанилери алардын оюна дароо келип калса дагы, бирок жүрөгүнө сиңдирүү мүмкүнчүлүгү аларга табылбайт. Ошондуктан, алар да Курани каримди акырын-акырын окуп тыныгып, алдыга чыгуулары керек.

Курани каримди окууда эле ошондой кылуу зарыл болбостон, тескерисинче насаат сөздөрүн айтып, кайрылуу жасаганда дагы ошондой кылуу керек. Бир жолу Азирети Абу Хурайра (разияллааху анху) бат-бат жана басым жасап, хадис айтып берип жатканда, Азирети Айша (разияллааху анхаа): «Ал ким жана эмне кылып жатат?» – деп сураган. Ал киши өз атын айтып, мен Сүйүктүү Пайгамбарабыз Мухаммад(сав)дын хадисин айтып жатам деп айтты. Азирети Айша (разияллааху анхаа): «Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) дагы мына ушундай сүйлөшөт беле?» – деп айткан. Муну угуп, ал киши (Абу Хурайра) унучукпай калды. Кыскасы, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын төмөндөгүдой сүннөтү бар: ал (саллаллааху алайхи ва саллам) Курани каримди окууда эле эмес, тескерисинче жалпы насаат сөздөрүн айтканда дагы жайбаракат сүйлөчү. Демек, көңүл-дитиңерди каратуу үчүн силер дагы ушул буйрук жана сүннөткө амал кылгыла. Ушинтип, көңүл-дитиңер мыкты ыкмада жайында болот. Атнкени, тилиңерде башка нерсе, дилиңерде башка нерсе дегендик тартипсиздик да болбойт.

Он экинчи ыкмасы

Он экинчи ыкмасы Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) айтып берген ыкма. Бирок ал боюнча көпчүлүк адамдар жалкоолонушат. Ал ыкма мындай: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) кимдир бирөө намаз аткаруу үчүн турганда, өз көздөрүн сажда кыла турган жерге каратсын деп айткан. Кээ бир ушундай адамдар бар: алар (намазга) турушканда, көздөрүн жумуп алышат. Алар: «Ушинтип, көңүл-дитибиз бөлүнбөйт», – деп ойлошот. Негизинен, көңүл-дити көздөрүн ачып туруу менен туруктуу боло алат. Мына ушундан улам Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) турганда, Сажда кылына турган жайга кароо керек деп айткан. Азирети Шахаабуддин Сахиб Сухарвардий өзүнүн «Аваарифул-Муаариф» аттуу китебинде мындай деп жазат: «Руку ахвалында эки буттун ортосуна кароо керек». Менин назарым да бул бүтүндөй дурус. Мына ушундай кылуу менен көздөргө да пайда болот жана жалынып-жалбаруу маанайы да көбүрөөк пайда болот. Назарды чектетүүдө төмөндөгүдөй бир чоң даанышмандуулук бар. Алла таала адамды жаратканда, ага ушундай нерсени тартуулаган: кайсы бир убакытта анын кандайдыр бир сезүү жөндөмдүүлүгү иштеп жаткан болсо, башка сезүү жөндөмдөрү иштебей калат. Мисалы, көздөр катуу алектенип турган убакытта кулактар сезбей калат. Ошентип, көздөр бүтүн күчү менен кандайдыр бир нерсени көрүү менен алектенген убакытта эгерде кимдир бирөө аны чакырса, ага угулбайт жана кулактар толук кандуу кайсы бир үндү угуу менен алек болсо, анда мурундун жыттоо сезими бекер болуп кетет. Кудум ошондой мурун бүтүн күчү менен кандайдыр бир жыпар жытты жыттоо менен алектенген болсо, анда кулактар жана көздөр өз ишин аткарбай калат. Демек, кандайдыр бир сезим өз иши менен алектенип, өзүнүн туу чокусуна жетсе, анда башка сезимдер иштебей калат. Ал эми качан бардык сезимдер бекер болуп, бири дагы өз иши менен алектенбеген болсо, анда ар кандай ойлордун толкунданып кетүүсү деген кемчилик пайда болуп кетет. Мунун себеби да ушул: качан кайсы бир сезим иштеп жаткан болсо, анда башка сезүү жөндөидөрүнө таандык ойлор келбейт. Мунун себеби, ал сезүү жөндөмү башка ойлордун келүүсүнө жол бербейт. Демек, намаз окуп жатканда, көздөр өз ишин аткарып, кароо менен алектенгенде, ар кыл ойлор келбейт. Бул нерсе бүгүнкү күндө бир медициналык тажрыйба аркылуу маалым болгон, бирок карагыла, ушул медициналык даанышмандуулукту эсепке алып, бүгүнкү күндөн бир миң үч жүз жыл мурун Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намаз окуп жатканда көздөрдү ачык коюп турууга буюрган экен. Анан ал (саллаллааху алайхи ва саллам) кайсы сезүү жөндөмдүүлүгү иштей баштаганда, адам баласы ар кандай ойлордон сактанып калат» деген нерсени дагы эсепке алган. Эгерде жыттоо сезимин пайдаланылса, анда а дегенде жыпар жытты уюштуруу зарыл болмок. Дагы жыттоо сезимин чектөөгө болбойт. Намазга катышуучу ар кандай адамдар же жанынан өтүүчү адамдар эгерде бир канча жыпар жыттарды колдонушканда, анда көңүл-дит туруктуу болуудан көрө ар кандай жыпар жыттын айынан бир жактан экинчи жакка айланып турмак. Жыттоо сезими сыяктуу эле угуу жөндөмүн да чектөөгө болбойт. Тагыраак айтканда, өзү каалаган кепти угуу жана өзү каалаган сөздү угуудан баш тартуу адамдын өз колунда эмес, тескерисинче бир убакытта канчалык көп үндөр көтөрүлсө, алардын баарын угууга адам мажбур болот. Ал гана эмес, эгерде бир канча үндөр кокусунан көтөрүлсө, анда алар бардык үндөрдү угушат же эч нерсени такыр угушпайт. Ал эми жогорудагы жөндөмдөргө караганда, көздөр адамдын өз ыктыярында болот, аларды бир жерге кармай алат, ошондой эле көрүүнү өзү каалабаган нерседен адам өз көзүн оңой эле алып коё алат жана өзү көрмөкчү болгон нерсеге өз көзүн жеңил гана кармап тура алат. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Алла тааланын көрсөтмөсүнүн негизинде намазда көңүл-дитин каратуу үчун ушул эле жөндөмдүүлүктү тандап: «Намазда өз назарыңарды Сажда жакка караткыла», – деп буюрган, бирок аны менен бирге Сажда деген жерде кандайдыр бир кооз көрүнүш болбош керек, тескерисинче бирдей көрүнүш болушу керек деп да буюрган. Качан момун-мусулман өз көзүн Сажда деген жерге кармап турса, ошондо биринчиден Сажда деген ой анын жүргөгүн жеңип алып, аны ибадат деген ойго алектендирип турат; экинчиден, мыйзам-эрежеге ылайык бүтүндөй токтотулуучу же бүтүндөй көз карандысыз болуучу башка бардык жөндөмдөр токтотулат; үчүнчүдөн, анын төмөндөгүдөй пайдасы болот: ой-пикирлерди кыймылга келтирүүчү факторлор тышкы эле болот жана тышкы факторлордон адам баласы жөндөмдөр аркылуу гана кабардар болот, демек, көздөр ишке салынгандыгы үчүн башка жөндөмдөр кайсы бир даражада жок болуп кетет жана көздөрдүн алдында намаздан башка кандайдыр бир ойду жарата турган нерсе болбогондугунан намаз аткаруу адамдын көңүл-дити намаз жакка эле болот. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан төмөндөгүдөй нерсе далилденген экен: бир жолу сүрөтү бар бир парда ал (саллаллааху алайхи ва саллам) намаз аткара турган жайына илингенде, ал (саллаллааху алайхи ва саллам) аны менен көңүл-дит бөлүнөт деп аны алдырып салган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) үммөтүнүн пайдасы үчүн ушундай буюрган.

Он үчүнчү ыкмасы

Он үчүнчү ыкмасы: жогоруда мен айткандай, кимдир бирөө намаз аткарганы турганда, ага ой-ниет кылып турсун, кудум ушундай ал киши намазда кандайдыр бир ой келүүсүнө жол бербейм деп бекем ой-ниет кылсын. Жалпысынан, ой келүүгө жол бербөө керектигин ар бир адам билет, бирок эски нерсени адам унутуп калат. Ошондуктан, качан намаз үчүн турса, ал убакытта намазда башка кандайдыр бир ой келүүсүнө жол бербейм деп эстеп алсын.

Он төртүнчү ыкмасы

Он төртүнчү ыкмасы: качан момун-мусулман имам-хатибдин аркасында намаз аткаруу үчүн турса, ошондо имам-хатибдин кырааты (Куран окуусу) аны ойготот жана сак кылат. Бишкача сөздөр менен айтканда, имам-хатиб аны коргоп жаткан болот. (Мындан имам-хатибдин артында намаз окуу канчалык зарыл экендигин байкоого болот). Ал эми кимдир бирөө жалгыз намаз аткармакчы болгондо, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам), ардактуу сахаабалар (разияллааху анхум) жана улуу даражадагы суфийлер амал кылып келген төмөндөгүдөй мыкты нерсеге амал кылсын: айрыкча Алла тааладан коркуу маанайын жаратуучу кээ бир аяттарды улам-улам кайталасын. Мисалы, «Ал-Фаатиха» сүрөөсүн окуп жатканда,

иййаака наъбуду ва иййака настаъийн

иййаака наъбуду ва иййака настаъийн

(Сага гана ибадат кылабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз) деген бөлүгүн улам-улам кайталасын, а түгүл эгерде анын напсиси ал же бул ойлорго кабылган болсо дагы, ал напсиси: «Мен тилимен Алла таалага кулу жана пендеси экенин билдирүүдөмүн, ал эми иш жүзүндө ары-бери качып жүрүүдөмүн», – деп уялып кетсин.

Он бешинчи ыкмасы

Он бешинчи ыкмасы: ушул ыкманы мен ой-ниети узакка туруктуу бойдон кала албай турган адамдарга айтып берем. Кудум бир жаш бала бир аздан кийин сүткө муктаж болгондой эле, себеби ал узак убакытка ачкачылыкка чыдай албайт жана бир эле убакытта тамакты сиңдире албайт, кээ бир адамдар тез-тез тирөөчкө муктаж болушат. Алар ушундай кылуулары керек: алар Рукуга чейин кандайдыр бир ой келүүсүнө жол бербейбиз, анан Рукуга барганыбызда, тик турууга чейин кандайдыр бир ой келүүсүнө жол бербейбиз деп ниет кылышсын. Кудум ушундай ар бир жаңы ахвалга (кыймылга) өтүшкөндө, жаңыдан ниет кылышсын. Бул аркылуу аларга ушундай күч-кубат насип этилет: аны менен алардын чаржайт болгон ойлору жоюлуп кетет.

Он алтынчы ыкмасы

Он алтынчы ыкмасы: эгерде адам баласы ойлордун каршысында жыгылып кетсе, анда аны тынч коюшпайт, бирок эгерде күрөшсө жана өтүүгө такыр жол бербейм деп айтса, анда (ойлор) токтоп калат.

Демек, ой-кыялдарга каршы катуу күрөшүү керек. Качан кандайдыр бир ой келмекчи болсо, анда аларды дароо токтотуу керек. Мисалы, эгер кимдир бирөөгө менин уулум кесел, азыр ал кандай ахвалда болушу мүмкүн деген ой келмекчи болсо, ошондо дароо эгерде ушул ойду көңүлгө келтирсем, балам айыгып кетпейт, эгерде ойлобосом, ал көбүрөөк да ооруп калбайт, ошон үчүн муну ойлобойм деп аны токтотуп койсун. Ушинтип, ар бир маселеде ошондой кылсын, а түгүл мына ошондой ой-кыялдарды жеңип алууга жетишип калсын.

Он жетинчи ыкмасы

Он жетинчи ыкмасы: качан үйдө Нафыл намазы аткарылса, ошондо үн кулактарга чейин жетчүдөй даражада көтөрүңкү үн менен кыраат кылуу керек. Мунун төмөнкүдөй пайдасы болот: кулактарды эч бир нерсе менен бекитүү мүмкүн болбогондуктан, бир аз болсо да, иштей беришет жана үн менен да зикир чалууга көңүл бурушат. Ушул ыкмага көбүнчө шам маалындагы намазда амал кылуу керек, себеби күндүзү кандайдыр бир ызы-чуу болот жана эгерде кулактардан иш алынса, анда пайда көрүүнүн ордуна кээде көңүл-диттин бөлүнүү коркунучу болот.

Он сегизинчи ыкмасы

Он сегизинчи ыкмасы: ушул ыкма төмөндөгүдөй (терең) даанышмандуулукка негизделген: жаңы ой ар дайым жаңы кыймыл-аракеттен пайда болот. Намазда аткарыла турган кыймыл-аракеттер ибадат үчүн кылынат, ошон үчун аларда ибадат кылуу деген ой гана пайда болот, ошондуктан алардан кандайдыр бир зыян келбейт. Ал эми башка кыймыл-аракеттердин натыйжасында көңүл-дит бөлүнүп кетет. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) зарыл кыймыл-аракеттен башка намаз окуп жатканда, эч бир кыймыл-аракетти жасабаш керек деп айткан. Чындыгында, керексиз кыймыл-аракетти жасоо менен көңүл-дит бөлүнүп чаржайт болуп кетет. Мисалы, кимдир бирөө жөндөн-жөн пальтого колун тийгизсе, кол тийгизгенде, ага бул пальто эскирип калды, жаңы пальто тиктирүү керек деген ой келет. Анын үстүнө ага айлык-маянам өтө эле аз болсо, пальто үчүн акча кайдан табылат деген ой келет. Андан кийин айлык-маяна алганыма да анча убакыт өтүп кетти деген ой келет. Анан эгер айлык-маянасы жетекчисинин катасынын айынан кечигип калган болсо, анда өз жетекчисин жемелейт. Анан аны менен мындай кылам, тигиндей кылам деген өңдүү ой-кыялдарга эле чөгүп кете берет. Ушинтип кыла берип

Ассалааму алайкум ва рахматуллаах

Ассалааму алайкум ва рахматуллаах

(силерге Алланын тынчтыгы жана рахматы болсун) деген үн угулуп, ал да салам айтып коёт. Демек, жаңы кыймыл-аракет жаңы-жаңы ойду жаратып койгондуктан Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) намаз аткарып жатканда кандайдыр бир жаңы кыймыл-аракетти жасабаш керек деп айткан. А түгүл эгерде Сажда кылына турган жайда таштар турган болсо, аларды дагы алып салбоо керек, эгерде аябай кыйнаса, анда бир эле жолу алуу керек деп айткан. Кыскасы, намаз окуп жатканда мына ушул сыяктуу кыймыл-аракеттерден бүтүндөй абайлоо керек.

Он тогузунчу ыкмасы

Он тогузунчу ыкмасы: Кыям (тик туруу), Руку жана Сажда ахвалында өз түрүн бакубат бойдон кармоо керек. Тагыраак айтканда, качан турганда, бакубат жана сергек болуп турсун. Бир бутуна оор басып, экинчи бутун бош коюусу дурус эмес. Анткени, адам жалкоолонгондо, душман жеңип алат. Андан тышкары сырткы сергектиктин ички сергектикке да таасири болот. Ошондуктан, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) бардык кыймыл-аракеттерде сак болуу керек деп буюрган.

Жыйырманчы ыкмасы

Жыйырманчы ыкмасы: кээ бир суфийлер бул (ыкма боюнча) да чектен чыгышкан. Мен чектен чыгууну жактырбасам дагы, бирок момун-мусулман мындан пайда алса болот.

Жунайд Багдадий деген бир өтө улуу инсан болуп өткөн. Өтө ыкыластуу жана Алла тааладан коркуучу Шиблий аттуу бир шакирти болчу. Ал киши бир облустун губернатору болчу. Бир жолу падышанын алдына барганда, кандайдыр бир чоң кызматты аткарган бир сардарга анын көзүнчө белек катары бир тон (чепкен) берилген. Ал сардар бир аз грип болуп калгандыктан, анын мурдунан суу агып кетти. Ал кол аарчыны алып барууну эстен чыгарып койгон. Падышанын назарынан жашынып, ошол эле тон менен мурдун тазалап алды. Падыша көрүп калды жана ачууланып: «Биз тартуулаган тонду ушундай сыйладыңбы?» -деп айтты. Шиблий ичинен Алла тааладан катуу кооптонуп жүргөндүгүнөн бул окуя анын жүрөгүнө ушунчалык катуу таасир эткен: эс-учун жоготуп салды. Качан өзүнө келгенде, мен губернатор деген кызматтан өз каалоом менен кеттим деди. Падыша себебин сураганда, мындай деп жооп берген: «Сиз ага тон берген элеңиз, аны ал киши урматсыз кылган, натыйжада ага ушунчалык ачууланып калдыңыз. Алла таала болсо, мага чексиз белектерди тартуулаган, эгерде мен аларды урматсыз кылып, аларга шүгүрчүлүк кылбасам, анда мага канчалык жаза берилиши мүмкүн? Андан кийин ал киши Жунайд (рахимахулла)нын алдына барып, мени өзүңүзгө шакирт кылып алыңыз деди. Ал мындай деп жооп берген: мен сени шакирттигиме албайм, сен губернатор болуп кызмат кылгансың, ошол ахвалда сен Алла тааланын жаратылышына ар кандай зулумдуктарды кылган болушуң керек. Ал киши мунун кандайдыр бир «дабасы» да барбы деп сураган. Жунайд (рахимахулла) мындай деп айткан: сен өзүң губернатор болуп жүргөн аймакка барып, ар бир үйдү кыдырып, адамдарга эгерде менден кимдир бирөө зулумдук көргөн болсо, ал менден өчүн алсын деп айткын. Ошентип, ал киши дал ошондой кылган.

Ал киши жөнүндө мындай деп жазылган: ал киши Нафыл намазын аткарганда, денесинде кандайдыр бир жалкоолук бар экенин сезгенде же анын көңүл-дитин башка жакка бөлүүчү ой-кыялдар көңүлүнө келгенин байкаганда, таякчаны алып өз денесин сабалап баштачу, а түгүл таякчасы сынып кетчү, анан кайрадан намазын уланта берчү. Башында талдын бутактарын жанында коюп алчу. Бул өтө опураңдоочулук. Менин пикиримче, Ислам дини муну жактырбайт. Бирок бул анын напсисине таандык мамиле болгондуктан, мен ага сын-пикирди билдирбейм. Менин назарымда напсиге жаза берүүнүн төмөнкүдөй ыкмасы бар: эгерде кайсы бир рекетте кандайдыр бир ой пайда болгондо, кайсы сөздөрдү окуганда, ошол ой пайда болоорун байкоо керек. Бул нерсе аныкталгандан кийин кайрадан ошол эле жерден окуй баштасын. Мына ушундай кылуу менен (адамдын) напсиси бул киши Алла таала жакка эле ооп кетүүдө жана мага кулак салбайт деп көргөндө, «бүлүк салуудан» тыйылып калат жана бейпилдик насип этилет.

Жыйырма биринчи ыкмасы

Жыйырма биринчи ыкмасы: бир жактан бул ыкма өтө эле чоң жана өтө эле жардам берүүчү.

анил-лагви муъризуун

анил-лагви муъризуун

момун-мусулмандар курулай иштерди жасашпайт (23:4). Курулай ой-кыялдарга адаттанган бирөөлөрдүн көңүлүнө эле намаз аткарган убакытта башка ой-кыялдар келет. Бирок эгерде алар биринчи күндөн эле тартып, ушул сыяктуу ойлор келүүсүнө жол беришсе, анда ойлордун чаржайт болуусу деген ахвал эч качан туш келбейт. Бирок көпчүлүк адамдар кудум Шейх Чилий сыяктуу ошондой ойлорго эле кабылып турушат. Негизинен, анын кандайдыр бир пайдасы болбойт. Негизи жок жана акыйкаты болбогон ойлорго кабылууга өз напсисине такыр уруксат бербеш керек. Ооба, пайдасы бар жана башкаларга пайда келтирүүчү нерселер жөнүндө ойлосо, зыяны жок. Айрыкча мурун болуп өткөн маселелер жөнүндө ойлонуудан эмне пайдасы бар. Алар тууралуу ойлонуу өтө алыскы даражадагы билимсиздик.

Бул ачык-айкын нерсе, адамдык жөндөмдөрдү кайсы жакка ишке койсок, алар ошол эле жакка жүздөнүп калат. Демек, качан кимдир бирөө өзүнүн мээсин акылсыз ой-кыялдар менен алектендирсе, анда ал киши акылга сыярлык маселелер жөнүндө ойлонууга жөндөмсүз болуп кетет. Ошондуктан, өз мээсин курулай ой-кыялдардан кайтарып, мыкты жана пайдасы бар ой-кыялдарга алектендирүү керек. Качан мына ушундай аракет жасалганда, адамдын табиаты ар дайым пайдасы бар маселерге жүздөнүп турат. Кандайдыр бир нерсе менен алектенген ахвалда ой-кыялдарын башка жакка буруу пайдалуу эмес, тескерисинче ал курулай нерсе, а эгерде Алла таала кааласа, анда бул башка кеп. Демек, өз мээсин пайдасы бар нерселер жөнүндө ойлонууга адаттандырган адамдын көңүл-дити намазда такыр бөлүнбөйт.

Жыйырма экинчи ыкмасы

Жыйырма экинчи ыкмасы: бул дагы өтө бийик салтанаттуу жана руханийликтин туу чокусуна жеткирүүчү ыкма. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дан «эхсан» деген эмне деп суралган. Ал (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айткан:

ан таъбудаллааха кааннака тарааху фа-иллам такун тарааху фа-иннаху йараака. («Сахих Бухарий», Китаабул-иймаан)

ан таъбудаллааха кааннака тарааху фа-иллам такун тарааху фа-иннаху йараака. («Сахих Бухарий», Китаабул-иймаан)

Пенде кудум Алла тааланы көрүп тургандай, Ага ибадат кылсын же эч болбогондо Алла таала мени көрүүдө деген ой көңүлүндө болсун. Демек, силер намаз аткарганы турганыңарда, кудум ушундай элестеткиле. Башкача сөздөр менен айтканда, биз Алла тааланын алдында турган экенбиз жана Ал бизге көрүнүүдө, кандайдыр бир көрүнүштө эмес, тескерисинче Өзүнүн айбаттуулугу жана бийиктиги менен деп ойлонуп тургула. Ошентип, Алла тааланын бийиктүүлүгү жана кудуреттүүлүгү адамдын жүрөгүнө жайгашып алат жана адамдын напсиси азыр кандайдыр бир курулай аракетти жасабашым керек деп түшүнүп алат. Анан эгерде Алла тааланы көрө албасаңар, анда эч болбогондо Алла таала мени көрүүдө жана көңүлүмдө бар ой-кыялдардын баарын окуп жатат деп бекем ишенгиле. Адам баласы менин тилим

ал-хамдулиллаах

ал-хамдулиллаах

(бардык мактоо-алкоо Аллага гана таандык) деген сөздөрдү айтып жаткан учурда жүрөгүм дагы

ал-хамдулиллаах

ал-хамдулиллаах

деп айтып жатабы же кандайдыр бир башка ой-кыял менен алектенгенби деп байкап көрсүн. Эгер жүрөгү кандайдыр бир башка нерсе менен алектенген болсо, аны жемеге алсын жана аны өз тилине кошуп алсын. Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) мындай деп айтат: эгерде пенде өз напсиси менен сүйлөшпөгөн эки рекет намазды эле окуса, анын бүтүн күнөөлөрү кечирилет. Эми ой жүргүртүп көргүлө, ар дайым мына ушул эле маанай насип этилген адам канчалык чоң артыкчылыкка жетишет. Демек, намазда Алла таала жакка көңүл-дитин каратуу кандайдыр бир жөнөкөй нерсе эмес. Андан тышкары мен болгону Алла тааланын берешендиги жана ай-көлдүүлүгү менен силерге айтып берген ыкмаларды да жөнөкөй нерсе деп ойлобогула, тескерисинче аларга толук бойдон амал кылгыла. Билип койгула, эгер (аларга) амал кылсаңар, анда өтө эле көп кут-берекелерге жетишесиңер.

Намаз аяктаганда

Ассалааму алайкум

Ассалааму алайкум

деп айтылат. Анда дагы ажайып-таң каларлык ишаарат бар жана анда көңүл-дитин каратууга адамдын көңүлү бургузулган. Карагыла, кимдир бирөө бир жерден келген учурда

Ассалааму алайкум

Ассалааму алайкум

деп айтылат. Намазды бүтүргөн убакытта качан момун-мусулман

Ассалааму алайкум

Ассалааму алайкум ва рахматуллаахи

деп айтканда, башкача сөздөр менен ал киши мен Алла тааланын алдына кулчулгумду билдиргени барган элем, эми ал жерден кайтып келдим, ошондой силер үчүн тынчтык жана рахмат алып келдим деп айтат. Бирок ал киши бүтүн убакыт ал жерде болгондуктан, мындан анын руху Алла тааланын босогосунда жыгылган эле жана ал киши ибадатка ушунчалык киришип кеткен, башкача сөздөр менен айтканда бул дүйнөдөн кайып болчу деген маанини чыгарууга болот. Кыскасы, намаз аяктаганда

Ассалааму алайкум

Ассалааму алайкум ва рахматуллаахи

деп айтуу төмөнкүлөрдү далилдейт: момун-мулсулман сак болуп, өз намазын коргоосу керек, анткени ал убакытта ал киши Алла тааланын алдына турган болот. Ошондуктан, Алла таала да мындай деп айткан:

ва хум алаа салаатихим юхаафизуун (6:93)

ва хум алаа салаатихим юхаафизуун (6:93)

Момун-мусулмандын өзгөчөлүгү: алар өз намаздарын жакшылап коргошот. Тагыраак айтканда, шайтан алардын намаздарын бузмакчы болот, бирок алар анын чабуулдарынан аны (намаз) жакшылап сакташат. Демек, ар бир адам өз намазын коргоосу керек жана намаз аткарганы турганда, мен Алла тааланын алдына кирип кеттим деп ойлосун, ошондой эле намазын бүтүркөндө, мен силер үчүн тынчтык алып келдим деп өзүнүн оң жана сол жагында турган адамдарга куш кабар берсин. Ал эми эгерде бирөө Алла тааланын алдына барбаса, тескерисинче өзүнүн ой-кыялдары менен эле алектенип турса, ал киши ойлонуусу керек, ал

Ассалааму алайкум ва рахматуллаахи

Ассалааму алайкум ва рахматуллаахи

деп айтканда, эмне деген жалганды сүйлөйт жана адамдарга мен Алла тааланын алдынан келүүдөмүн деп айтат, а чындыгында болсо, ал барбаган болчу. Демек, силер өз намазыңарды жакшылап коргоого аракеттенүүңөр керек, ошондой эле силерди Алла тааладан алыстатууга аракеттенип жүргөн шайтанга каршы жакшылап күрөшүүңөр керек. Билип койгула, эгерде силер бүтүн намаз бою да аны менен күрөшүп турсаңар жана анын алдында жыгылбасаңар, анда Алла таала силерди Өзүнүн алдында эле эсептейт. Ал эми эгерде жыгылып калсаңар, анда Алла таала дагы силердин колуңарды таштап салат. Демек, силер баары бир күрөшүп турууңар керек. Эгерде ушундай кылсаңар, анда акыр аягында силер ийгиликтүү болуп кетесиңер. («Зикр-э-Илаахий», «Анваарул-Улуум», 3-том, 517-533-бет)

Share via