Ахмадия Мусулман Жамааты • Ахмадия Мусулман Жамааты
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

НЕГИЗДӨӨЧҮСҮ

           Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам Ахмад (алайхиссалаам). Ал киши Ислам календары боюнча он үчүнчү хижра кылымдын акыры жана он төртүнчү кылымдын башында мындай деп билдирүү жасаган: мен Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын үммөтү бир миң төрт жүз жылдан бери күтүп жаткан Масийх жана Махдиймин, менин келүү максатым – бул дүйнөдө Ислам динин кайрадан жеңишке чыгаруу.

КЕЛҮҮСҮНҮН МАКСАТЫ

Ал (алайхиссалаам) бул нерсени ачык-айкын айткан: Ислам Алла тааланын акыркы дини, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) Хаатамун-Набиййин (пайгамбарлардын мөөрү) жана Курани карим эң акыркы шарият китеби, анда кандайдыр бир өзгөрүү болушу мүмкүн эмес. Убада кылынган Масийх жана Махдийдин максат-мүдөөсү чындыгында мусулмандарды кайрадан Ислам динине туруктуу кылуу жана ыйманды жүрөктөрдө кайрадан жандандыруу. Ал (алайхиссалаам) мындай деп айткан: Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)ды ээрчүү жана берекесинин аркасынан гана Алла таала мага ушул даражаны тартуулады.

МАСИЙХТЫН ОКШОШТУГУ

           Ушул билдирүү менен бирге ал (алайхиссалаам) Курани карим, Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) хадистери жана үммөттөгү ишенимдүү уламаларынын сөздөрүнүн негизинде төмөндөгүдөй нерсени далилдеген: Израил уулдарына жөнөтүлгөн Азирети Ыйса (алайхиссалаам) асманда тирүү болбостон, каза тапкан жана Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам) үммөтүнө келе турган элчи бир топ жактардан Азирети Ыйса (алайхиссалаам)га окшогондуктан өтмө-каймана мааниде ага Масийх деген наам ыйгарылган, кудум кандайдыр бир жоомартты Хаатам Тай жана өтө баатыр адамды арстан дейшкендей.

МАСИЙХ ЖАНА МАХДИЙ БИР ЭЛЕ ИНСАН

           Ал (алайхиссалаам) Масийх менен Махдий бир эле инсандын эки наамы бар экенин далилдеген. Бул жөнүндөгү Курани каримде шилтеме катары жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам) хадистеринде кененирээк айтылган, ошондой эле үммөт уламаларына Алла таала ачкан белгилердин баары ал (алайхиссалаам)дын доорунда жана ал (алайхиссалаам)дын өзүндө орундалууда.

КҮТҮЛҮҮСҮ ЖАНА ЧЫГУУСУ

           Он үчүнчү кылымдын акырында ушул белгилер биринин артынан бири орундалып жаткан жана бүтүн Ислам ааламы ал Убада кылынган инсанды аябай эле күтүп жаткан. Ал (алайхиссалаам) 1882-жылы Алла тааладан вахий-аян алып, Алла таала тарабынан дайындалганын билдирген жана Ислам динин жактап, бардык жалган диндерге каршы, айрыкча христиан динине каршы калемдик жана руханий жихадды баштаган, натыйжада ал доордогу уламалар мындай деп моюнуна алышкан: Ислам динине бир миң үч жүз жылдын ичинде бирөө дагы ушунчалык кызмат кылган эмес жана ал (алайхиссалаам)ды жеңишке жеткен генерал деп аташкан.

ЖАМААТТЫН НЕГИЗДЕЛҮҮСҮ

 1889-жылдын 23-мартында ал (алайхиссалаам) Жамаатты негиздеп, алдын ала кабарларга ылайык ага «Ахмадия Мусулман Жамааты» деп ат койгон. Анын алгачкы мүчөлөрү кырк адам болчу, азыр анын саны миллиондогон.

ЖЫШААНДАР

           Алла таала ал (алайхиссалаам)ды колдоп, өзгөчө асмандык жана жердик жышаандарды көрсөткөн, алардын арасынды өзгөчө 1894-жылы тутулган ай менен күн жана 1902-жылы жүз берген чума оорусу деген жышаандар өзгөчө көңүл чордонунда, алар жөнүндө Алла таала тарабынан жөнөтүлгөн китептерде сөз кылынган. Ал (алайхиссалаам) билдирүү жасаган соң алдын ала кабарларга ылайык ага катуу каршылык көрсөтүлгөн жана ал (алайхиссалаам) менен ал (алайхиссалаам)дын Жамааты катуу сыноолордон өтүүгө аргасыз болгон, бирок ал акырындап көздөлгөн максаты жакка алгалай берген жана азыр дүйнөдөгү 207 мамлекетте Ахмадия Мусулман Жамаатынын күчтүү тармактары пайда болгон.

 АХМАДИЯ ХАЛИФАЛЫГЫ

           Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам Ахмад 1835-жылдын 13-февралында (14-Шаваал, 1250-хижра жылы) Кадиянда жарык дүйнөгө келген жана 1908-жылдын 26-майында (24-Рабиъус-Сааний, 1326-хижра жылы) дүйнө менен коштошкон. Ал (алайхиссалаам)дан кийин Ахмадия Мусулман Жамаатында халифалык курамы башталган. 1947-жылы Индия-Пакистан бөлүнгөн соң Ахмадия Мусулман Жамааты Пакистандагы Рабвах шаарын өзүнө борбор кылган.

БИРИККЕН КООМ

           Азыр Ахмадия Мусулман Жамаатынын бешинчи халифасы Азирети Мырза Масрур Ахмад, ал киши Лондондо жашап, ал жерден Ислам динин жайылтуу иштеринин баарына көзөмөлдүк кылууда. Ал кишинин жума кутбасы жана башка маанилүү кайрылуулары спутник аркылуу бүтүн дүйнөдө көрсөтүлөт жана угузулат. Ахмадия Мусулман Жамааты аркылуу бардык улуттар, аймактар жана доорлордун адамдары бириккен коомго айланышууда.

КЫЗМАТТАРЫ

           Ахмадия Мусулман Жамааты Ислам динине кылган улуу салтанаттуу кызматтарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:

  • 100дөн ашуун тилдерде Курани карим жана Пайгамбар (саллаллааху алайхи ва саллам)дын хадистерин басып чыгаргандыгы;
  • Жер жүзүндө миңдеген мечиттерди салгандыгы, Испанияда 700 жылдын кийин салынган биринчи мечит жана Австралия континентиндеги биринчи мечит дагы ошолор катарында турат.
  • Кыйынчылыктарга кабылган адамдар үчүн башталган кененирээк долбоорлор, буга ооруканалар, мектептер, колледждер, жакырлар үчүн үйлөр жана мезгилдик гуманитардык жардамдар кирет.
  • Босния, Индия жана Кашмирдеги зулумдукка учураган мусулмандар үчүн чоң суммадагы акча жана башка жардамдар.
  • Ислам ааламынын кадыр-баркын көтөргөндүгү, эгемендүүлүккө жетишүү максатында башталган кыймылдарга жардам бергендиги, айрыкча Пакистан кыймылына кылган баа жеткис кызматтары; мусулмандардын илимий, ахлактык, таалим-тарбиялык жана финансылык деңгээлин көтөрүүгө жан талашып аракеттенгендиги, өздөрүндө кектик жок мусулман жолбашчылар дагы бул нерсени моюнуна алышкан, алар берген ошол бааларын топтосок, көлөмдүү бир китепке айланып калмак.

 БАЙЪАТ ШАРТТАРЫ

           Ахмадиянын кабары жеке адам катары дагы, жалпы адамдар катары дагы Ислам жана Ислам ааламы үчүн жашоо кабары. Кайсы бир адам аткарып, Ахмадия Мусулман Жамаатына мүчө болуп кире турган шарттар жогорудагы ой-пикирге жарык далил болуп саналат. Алардын кыскача мазмуну төмөндөгүдөй:

  • Ширктен (башкаларды Алла таалага шерик кылуу) сактануу.
  • Жалганчылык, зына ж.б. жаманчылыктардан сактануу.
  • Беш маал намаз жана Тахажжуд намазын аткаруу, салаваат айтуу, Алла тааладан кечирим суроо жана Алла таалага мактоо-алкоо айтуу.
  • Алла тааланын жаратылышына зыян келтирбөө.
  • Алла таалага туруктуу болуу жана Анын ыраачылыгына ыраазы болуу.
  • Курани каримдин таалимдерин аткаруу.
  • Текеберлик жана өзүмчүлдүктөн абайлоо.
  • Динди дүйнөдөн жогору коюу.
  • Жаратылышка боорукер болуу.
  • Имам Махдий (алайхиссалаам) менен тыгыз байланышуу.

Жогорудагы шарттарда даана көрүнгөндөй, Ахмадия кандайдыр бир жаңы дин жана шариятты сунуштабайт. Ал шарттар Курани карим жана хадистердин корутундусу катары алынган. Ахмадия Мусулман Жамаатынын келимеси, ыйман тиректери, Ислам тиректери ж.б. принциптүү маселелери мусулман үммөтү аткаргандардын өзү эле.

ЧАКЫРУУ (ДААВАТ)

Эгер Ахмадия Мусулман Жамаатынын негиздөөчүсү Азирети Мырза Гулам Ахмаддын билдирүүсү чынчыл болсо, анда Алла таала тарабынан дайындалган инсандын үнүнө кулак салып, Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алайхи ва саллам)дын осуятына ылайык Имам Махдий (алайхиссалаам)га байъат берүү ар бир мусулманга важип жана парз. Биз силерди чын жүрөктөн ушул билдирүүнү Курани каримдин негизинде текшерип көрүүңөргө чакырабыз. Баарынан да аша чаап Алла таала силерди туура жолго багыттап, акыйкат жолун көрсөтсүн деп Алла таалага дуба кылгыла. Аамийн.

Share via