Маврикийдеги Ахмадий мусулмандардын тарыхый жолугушуусу
Эң Мээримдүү (жана) Эң Ырайымдуу Алланын ысымы менен
Алладан башка сыйынууга татыктуу эч ким жок, Мухаммад Алланын Элчиси
Убада кылынган Масийх жана Махдий,
Азирети Мырза Гулам Ахмад (ас)га ишенүүчү мусулмандар

Маврикийдеги Ахмадий мусулмандардын тарыхый жолугушуусу

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Маврикий

Маврикийдеги Улуттук Мажлис-э-Амила жана Жардамчы Уюмдар Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы менен Виртуалдык Жолугушуу урматына ээ болушту

«Маврикийдеги ар бир Ахмадий мусулман биздин Жамаатыбыздын, өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнүн жана жалпы коомдун байлыгы болушу керек», – Азирети Мырза Масрур Ахмад

2020-жылдын 25-октябрында Маврикийдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук Мажлис-э-Амиласы Ахмадия Мусулман Жамаатынын Дүйнөлүк Башчысы, Бешинчи Халифа, Азирети Мырза Масрур Ахмад менен виртуалдык расмий жолугушуу жана көрүшүү бактысына ээ болду.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Маврикий

Ошондой эле, Мажлис Ансаруллах (Аксакалдар Ассоциациясы), Мажлис Худдамул Ахмадия (Жаштар Ассоциациясы) жана Лажна Имамиллах (Аялдар Ассоциациясы) сыяктуу көмөкчү уюмдардын Улуттук Мажлис-э-Амиласы да катышты.

Ал Азирети Тилфорддогу Исламабадда жайгашкан кеңсесинен жыйналышты алып барды, ал эми Амила мүчөлөрү Маврикийдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын Улуттук штабы катары кызмат кылган Роз-Хиллдеги «Дарус-Салам» мечитинен кошулушту.

Жетимиш беш мүнөттүк жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук Амиланын мүчөлөрү өздөрүнүн бөлүмдөрү жөнүндө отчёт берип, бир катар маселелер боюнча Ал Азиретинин багыттоосун жана көрсөтмөлөрүн алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Амиланын ар кандай мүчөлөрүнө кайрылып жатып, Ал Азирети акыркы маалыматтарды сактоо, ошондой эле алдыга коюлган максаттарды жана милдеттерди белгилөө маанилүү экендигин айтты.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Маврикий

Улуттук Амиланын бир мүчөсүнө кайрылып жатып, Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Эч кандай максатсыз кантип ийгиликке жете аласыз? Кантип өнүгө аласыз? Максаттарыңыз так болушу керек жана өзүңүз үчүн жооп беришиңиз керек. Болбосо, сизде кандайдыр бир максат жок болсо, анда бул жалкоолуктан башка эч нерсеге алып келбейт».

Ал Азирети жаш Ахмадий мусулмандар үчүн Ахмадия Мусулман Жамаатынын миссиясына чын жүрөктөн кызмат кылып, Аллах Таала үчүн чын ыкластан кызмат кылуу маанилүү экендигин айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад Мажлис Худдамул Ахмадиянын Улуттук Садрына (Президентине) кайрылып мындай деди:

«Мажлис Худдамул Ахмадия Ислам таалимдерин жайылтууда жана Убада кылынган Масийх жана Махдий (алайхиссаллам)дын кабарын алыска жана кеӊири жеткирүүдө алдыңкы сапта турушу керек. Ар бир чөйрөдө Ахмадий мусулман жаштары алдыңкы орунга чыгышы керек, анткени сиздер Ахмадия Мусулман Жамаатынын келечеги болгон жана алдыда чоң жоопкерчиликтер жүктөлгөн адамдарсыӊар».

Ал Азирети Улуттук Умур-э-Ама бөлүмү жумушка орношо албай кыйналып жаткан Ахмадий мусулмандарга жардам берүү жана жетектөө зарылдыгы жөнүндө дагы сүйлөдү.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Жумушсуз Ахмадий мусулмандарга жардам берүү үчүн атайын план түзүлүшү керек. Кыйынчылыктарга туш болуп, жумуш таап, үйбүлөсүн бакканга мүмкүнчүлүк алышы үчүн, аларды багыттоого аракет кылууӊар керек. Силердин максатыңар Маврикийдеги ар бир Ахмадий мусулман Ахмадия Мусулман Жамаатына жана өздөрүнүн үйбүлөлөрүнө, негизи эле жалпы коомчулукка пайда алып келе тургандай багыт берүүӊөр керек».

Ал Азирети Улуттук Умур-Харижа (Тышкы иштер) бөлүмүнүн милдети тышкы карым-катыштарды, саясатчылар менен болгон байланышты өнүктүрүү жана Исламдын чыныгы окууларынын коомго жайылышын камсыз кылуу, ошондой эле ар кайсы ишенимдеги адамдардын ортосундагы тоскоолдуктарды жоюу болуп саналат деди.

намаз мечит сыйынуу ислам ибадат дин ыйман мусулман такыба нафл парыз куран хадис мухаммад пайгамбар халифа халифат имам хатиб бишкек ош жалалабад рамазан орозо ыйык ай ысыккөл баткен нарын жалалабад аалым алай ноокат чуй сүйүү махабат кыргызстан кыргызча токтогол китеп Лондон Англия парк таалим тарбия окуу коронавирус ковид-19 айт курман орозо майрам Англия Лондон Жыйын аял аялдар айым айымдар Маврикий

Мындан тышкары, Ал Азирети Мажлис Амиланын ар бир мүчөсү, ар бир деңгээлде, Ыйык Куранды үйрөтүү же башкаларга Ислам динин кабарын жеткирүү үчүн жыл сайын эки же үч жума убакыт бөлүшү керектигин айтты.

Жолугушуу аяктайын деп калганда, Ал Азирети Маврикийдеги Ахмадия Мусулман Жамаатынын ийгиликтүү болушун тилеп, келечекте жардамчы уюмдар менен өзүнчө жолугушууларды өткөрөрүн айтты.

Азирети Мырза Масрур Ахмад мындай деди:

«Бүгүнкү жолугушууда көпчүлүк убакыт Маврикийдин Улуттук Амиласы менен талкуулоодо өттү. Ошондуктан, Лажна Имамиллах, Худдамул Ахмадия жана Ансаруллах сыяктуу көмөкчү уюмдар, эгерде алар талап кылышса, мени менен өзүнчө жолугушууларды өткөрө алышат жана бул жааттагы биринчи укук Лажна Имамиллахтын мүчөлөрүнө таандык. Ошого карабастан, бүгүнкү талкууланган пункттардын көпчүлүгү көмөкчү уюмдарга пайдалуу болот, ошондуктан алар өз ишин ошого жараша өркүндөтүүгө аракет кылышы керек. Мажлис-э-Амиланын бардык мүчөлөрүнүн, ар бир деңгээлде, өз бөлүмдөрүнүн максаттарын билүүсү жана ар бир максатты эң мыкты деңгээлде аткарууга умтулушу шарт. Аллах Таала сиздерге жардам берип, Ахмадия Мусулман Жамаатына эң мыкты кызмат кылууга мүмкүнчүлүк берсин. Аамийн».

Аягы

Чектеш темалардын мазмуну
Share via